"Агым", 28.01.08 - 10-бет: Ажы сапар...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




  Ажы сапар

Тууганбай Абдиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти:
"Мухаммед пайгамбар 1,5 миң жыл мурда туризмди чечиптир"
- Тууганбай аба, ажылыгыңыз кабыл болсун!
- "Адамдын оозунда болсо, кудайдын кулагында" дегендей, тилегим кабыл болуп жетимиштен өткөндө Меккеге барып келдим. Менин таңгалганым, биз го самолет менен жыргап учуп барып келдик, илгеркилер жөө-жалаңдап кантип барышкан? Мекке менен Мединанын ортосу эле 650 чакырым экен, көпчүлүгү ошо ортодо эле кала беришкен окшойт. Мухаммед пайгамбар мындан бир жарым миң жыл мурда эле туризмди чечип койгон экен. Байкашымда, эли текши байлыкка тунган. Көзгө урунган айырма бул болду: биздин байлардын, чиновниктердин балдары мектепке барса кийимдин жакшысын, машиненин мыктысын минип өйдөсүнүп турушат го, аякта бардыгы бири-биринен айырмаланбай жүрүшөт. Жылыга миллиондогон адам ал жакка барып атса, өздөрү тейлеп үлгүрө алышпайт экен. Быйыл эле Сириядан жетимиш миң айдоочу келип акча таап кетсе, келгендерге тамак-аш жасап бергендер Бирма, Шри-Ланка, Индонезиядан келип иштегендер болду. Ошондо кайырчылар да, уурулар да аябай көп болот. Угушубузда, еврейлер аларды атайын жиберип, мусулмандарды жаманатты кылуу үчүн жасашат. Арабдар илим-билимге европалыктарча жок окшойт, бирок беш убак намаз окуп, ыйманды бекем кармашат. Айдоочулардын орточо айлыгы биздин акча менен эсептегенде 120 миң сомдой болот экен. Базарынын баары биздегидей эле кытайдын товары.
Ооруганыма карабай, жасай турган нерсенин бардыгын аткардым. Бүткөндөн кийин он литр замзам суу, күбөлүк берип, ажы болдуң дешет. Эли бир кылка окшош кийинишет. Биз ошолорду эле туурай бербей, өзүбүзгө керектүүсүн алсак болот. Аларда жылкынын эти арам делет, кыргыз жылкынын этин жебесе, өлүп калышы мүмкүн. Арабдарды туурашып, ак көйнөк-дамбалчан, баштарына чалма оронушуп, денесине чыккан жүндүн бардыгын саксайтып кое беришкен жаштарды түшүнбөйм.
- Меккеге барышыңызга кызыкдар адамдар болдубу?
- Бир топ убакыт мурда Токтогул районуна Сыймык Бейшекеевдин кайниси мечит куруп, ошонун ачылышына баргам. Сүйлөңүз дешкенинен оюмдагы бир топ нерселерди айттым. Беш маал намаз бул - гимнастика, беш убак жуунсаң - таза болосуң. Кыргыздын түбүнө арак жетпесе болду. Мени менен тең аксакалдардын сакал-муруту агарган менен ооздорунан арак буркурап тураарын, жанагы "жинди" тойлорду айттым. 400-500 кишини бир жерге жети-сегиз саат камап алышып, тост айт дешип арак ичиргенди "жинди" той деп коем. Мындан башка ыймансыздыктан келип чыккан нерселер жөнүндө айтып берсем, бир түрк жигит "он мечиттин имамынан бу кишинин сөзү артык экен" деп мени Меккеге алып барды.
- "Жинди" той дебатпайсызбы, тойлорду араксыз кантип өткөрсө болот?
- Мен арагы жок үч-төрт тойго катыштым. Той болот дегенде акындар, манасчылар айтышат экен, балбан күрөш, эңиш болду деп калышчу да илгеркилер тойдон келгенде. Азыр эми отуз-кыркы ортого чыгып алып, "Алайдан, Атбашыдан келсем, мага тост бербей койдуңар" деп таарынгандарды көрүп жүрбөйбүзбү. Сөз берсе, башындагылар эмнени айтышса, ошону эле кайталап атат. Сегиз саат бою каңкылдаган музыкадан же жаныңдагы адам менен тыңгылыктуу сүйлөшө албайсың. Бу "жинди" той эмей эмне?
Өткөн жылы жетимиш жылдыгымды белгилеп кече берейин десем, жолдошторум "бул кууланып атат, биздикин ичип алып, эми өзүнүкүндө бергиси жок" дебатышпайбы. Ушунча жылдан бери арактын пайдасын эмес, зыянын эле көрүп келатабыз. Мен да ичкем, мас болгом, бирок жаныңдагылардын ичип бузулганын, иштен куулганын, үйбүлө бузулганын көрүп арактын эч пайдасы жок экенине эчак көз жеткен. Арак жаш-карыны теңтуш кылып коет экен, мунун уят жагы канча...
Аккан суунун баарысы
Арак болуп калсачы.
Астындагы таштары
Тамак болуп калсачы.
Кытайлардын баарысы
Саяк болуп калсачы - деген учур небак өткөн.
Биринчи вице-премьердин атасы Рысбек Айдаралиев деген көсөм киши өткөн. Ал Таластын жогору жагындагы Каракол колхозунда башкарма болуп турганда, эртең менен радиодон беш мүнөт өзү сүйлөп, үйбүлөдө чайды, тамакты кандай идишке бериш керек, ошондон бери кийлигишип айтып турчу. Менин оюмча азыр да жетекчилер жөнөкөй жүрүм-турум маданиятынан тарта киришип, элдин аң-сезими үчүн өздөрү үлгү болбосо, биздин эл эл болуудан калып кетиши ыктымал. Айылда деле ичкен кишинин үйүндө гана оокат өтпөй калган, ичпегендер тырмалаңдап тың жашаганга аракет кылып жатышат.
- Кыргыздын жакшылыгы эле эмес, жамандыгы да азап эмеспи...
- Баягы жылдары Тяньшанда жазга маал кадырлуу бирөө өлүп, барып калдык. Сегиз бээ союшса, сегизи тең арык экен. Ушунча малды неге кырышты, түшүнбөдүм. Негизи кыргыз менен казактан башка элде өлүктө кан чыгарбайт. Бизде өлүккө малды эптеп таап келип союшуп, бери жактагылар кан жутуп отурушса, тияктан бирөөлөр саксаңдап чуркап "казысы канча чыкты?" деп атканын көрөсүң. Туугандарын кайгы басып отурса, бери жакта балчаңдап эт жеп, санжыра айтып отургандын эмнеси жакшы? Илгери алыстан келгендер айылда мейманкана, ашкана жок аргасыз түнөп калышчу. Бир үйдөн өлүк чыкса, тегерек-четтеги кошунанын бардыгы өлүккө келгендерге сөзсүз казан асып тейлемей эмеле чыкпадыбы. Өлүккө көп мал союп, атагын чыгаруу илгерки ак өпкө байлардан калган. "Манастагы" Көкөтөйдүн ашы атак чыгарыш үчүн жасалган да. Байлар өлсө көп мал союлуп, кедей өлсө жөн кала турган кылбай, ошону теңдеп коюшса жакшы болор эле. Өлүк менен тирик бири-бирине барабар.
- Меккеден Бишкекке келип түшкөндө кандай айырма көзгө урунду?
- Биз адамгерчилик, маданият жагынан көп артта экенбиз. Тигил жакта бырыйган- тырыйган машинелерди көп минишет экен, көрсө, бир машине келип эле бери жактагы бирөөнүкүн каңк дедире сүзсө, сүзгөн киши "сабыр, сабыр" деп ийилип коюп кетип калат, беркиси унчукпай кала берет экен...
Маектешкен Аскер САКЫБАЕВА




  Жеңил кол

Искак Исманов,
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн врачы:
"Түнкүсүн көчөдө калып, токмок жегендер көбөйүп кетти"
- Искак Калыкович, нейрохирургия бөлүмүндө көбүнчө кандай бейтаптар дарыланышат? Медициналык жабдыктар, аппараттардын сапаты кандай?
- Бизге автокырсыкка учурап, же болбосо машина коюп кеткен адамдар көп кайрылышат. Аварияга учураган адамдардын баш-мээси чайкалып, ички органдары жабыркап, дагы башкача жараланышат эмеспи. Ошондой эле биздин бөлүмгө түндө көчөдө калып токмок жеп, эс-учун жоготуп келгендер көбөйүп кетти. Бейтаптар кандай абалда келбесин, колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз. Ошолордун ичинен көбүнчө баш-мээсине доо кеткендердин саны көп. Өзүңөр жакшы билесиңер, мээ - өтө назик зат. Адамдын баш-мээсине операция жасоо үчүн микроскоп, заманбап жаңы техника керек. Ачыгын айтканда, операциялык бөлмөнүн жабдыктары эски, Союз кезиндеги медициналык аспаптар менен аргасыздан иш алып барабыз. Албетте, анча-мынча жаңы аспап алып атабыз. Бирок, ишибиз жакшы натыйжа бериши үчүн европалык стандартка жооп берген чыныгы нейрохирургиялык техника керек болуп турат.
- Жылына канча бейтапты кабыл аласыңар?
- Шаар ичиндеги транспорттун көбөйүшүнөн улам кырсыкка учурагандардын саны өсүүдө. Негизи кыш айларында аз болот, айына орто эсеп менен 60-70 адам келип түшөт. Жаз чыккандан баштап алардын саны эки эсеге көбөйөт. Орточо эсеп менен жылына 800-1200дүн тегерегинде жабыркаган кишилерди кабыл алабыз. А бөлүмүбүз 25 гана орунга негизделген.
- Кызык, ошончо орунга алардын баарын кантип батырасыңар?
- Эптеп жетишип атабыз. Айрым учурларда жарадарлар коридорго жатып калышат. Андан башка айла жок…
- Быйылкы жылы бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысы көбөйбөдүбү. Сизди айлык маянаңыз канааттандырабы?
- Ачыгын айтканда, башка кесиптегилерге салыштырмалуу айлык акыбыз өтө аз. Айрым медиктер жумуштан кийин башка "кесипте" иштеп кеткендери да бар. Кесипкөй кадрларыбыз үйбүлөсүн түзүктөп багалбагандыктан, чет жактарга жумуш издеп кетип калышты. Биздин айлык акыны кескин түрдө, жок дегенде 10 миң сомго чейин көтөрүп берсе жакшы болот эле. Себеби, калкынын денсоолугу таза мамлекет гана өнүгө алат. Денсоолугуң болбосо, жашоонун не кызыгы бар, кантип иштейсиң? Ошондуктан, биринчи кезекте медицина тармагына көңүл бурулса, калктын саламаттуулугу жогорулайт беле деген тилек.
- Айлык акыңар аз болсо, аргасыздан пара алганга барат экенсиңер да. Элде "медиктер паракор келишет, жеп-ичкичтер" деген кептер жок эмес.
- Ал жөн гана ушак болсо керек. Балким, айыгып чыккан адам өз көңүлүнөн чыгарып бирдеме берсе берип аткандыр… Карапайым калк бизге пара бермек тургай, өзүнүн дарысына тыңдап акча таба албайт. Көпчүлүгү акчасынын жоктугунан улам оорусу өтүшүп кеткенде, такыр эле жүрбөй калганда келишет. Бир казак кесиптешимдин: "Бизге келип көрүнгөн адамдардын баары эле акча бере берсе тепкенибиз "Жип", эс алганыбыз Сочи болуп кетпейт беле",- деп айтканы бар…
- Эс-акылын жоготуп, дайын-дареги белгисиз түшкөн адамдардын дарылануусу кандай болот?
- Андайларды биринчи кезекте реанимацияга жаткырабыз. Анын ким экенин изилдеп отурбай, алгачкы жардамды көрсөтүшүбүз керек. Бизде участкалык милиция бар, ал жакка кабарлайбыз. Теле, гезиттерге сүрөтү менен жарыя кылабыз. Айына он чакты адам ушундай абалда бизге келип түшөт. Көбүнчө 20-25 жаштын ортосундагы адамдар. Көпчүлүгүнүн жакындары табылып, алып кетишет.
- Криминалдык чөйрөдөн келип түшкөндөр болду беле?
- Ачыгын айтканда, Бишкекти криминал шаар деп атап койсок болот. Түнкү саат он бирден тартып токмок жегендер бизге келип түшө баштайт. Ошол маалда демалыш күнү болсо да өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып, такси менен келебиз. Сарсанаа болгонубуз - жабыркагандардын акыбалы. Ал эми криминалдык чөйрөдөн бизге келип түшкөнүн уга элекмин. Аны териштире турган органдар бар. Биздин максат - анын ким экенине карабай айыктырып чыгаруу.
- "Ажалга айла жок" деп коет эмеспи. Жабыркагандардын арасынан кайтыш болуп кеткен учурлары кездешеби?
- Жабыркагандарды канчалык сактап калайын десең да, өтө оор абалда түшкөндөрүн алдырып жиберген учурлар бар. Аварияга учурап, өпкө-жүрөгү эзилип, башына кан куюлуп, денесинин чоло жери калбаган адамды кантип сактайсың? Анан дарты өтүшүп кеткенде келишкендер көп дебедимби. Аларды аман алып калганга эч мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошондуктан кээ бири операция убагында, же болбосо реанимациядан көз жумат. Өткөн жылы тогуз адамды ажалдан сактай албай калдым…

Маектешкен Нурканбек КЕРИМБАЕВ










??.??