"Агым", 28.01.08 - 12-бет: Сандан санга...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Сандан санга

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Орусча-кыргызчаны аралаштыра сүйлөгөн, акжуумал шаардык жигитти Алтынай бир көргөндө эле жактырып калды. Бирок, кеченин көркүн ачып, баардык кыздардын көңүл борборунда турган Данияр мени карамак беле деген ниетте, Алтынай бери жакта эч ким менен сүйлөшпөй тынч олтура берди. Аңгыча жай музыка башталып, кыз-жигиттер эки-экиден жупташа кучакташып бийлей баштады. Алтынайды эч ким бийге чакырган жок. Кечеде Данияр өздөрү жабышып аткан кыздардын улам бири менен бийлеп атып, капысынан ары жакта өзүнчө тынч олтурган Алтынайга көзү түштү. Музыка токтоор замат эле Данияр Алтынайдын жанына жетип келди.
- Сенин атың Алтынай беле?.. - деди ал.
- Ооба…
- А эмнеге бийлебей отурасың?
- Жөн эле… - сүрдөгөнүнөн Алтынайдын беттери албырып кызарып кетти.
- Жүр, анда экөөбүз бийлейли. Жанагы музыкага коюп койгулачы! - деди Данияр тигилерге кожоюндан бетер.
- Бийлебей эле коелучу… - деген Алтынай адегенде тарткынчыктап, уялып атты.
- Жок, экөөбүз бийлейбиз. Жүрү… - деп Данияр Алтынайдын ой-боюна койбой тургузду да, белинен кучактап, экөө жай музыканын каалгыган ыргагына ортого бийге түшүштү. Буга чейин эркек аттуулар белин кармамак түгүл, колун тийгизип көрбөгөн Алтынайга Даниярдын кучактап бийлегени абдан жагымдуу сезим калтырып атты. Анын кучагынан чыккысы келбей, өзүн ошол жердеги кыздардын ичинен эң бактылуу сезип турду. Анткени, Алтынай башка кыздардай болуп Даниярга өзү жабышкан жок да. Данияр Алтынайды өзү бийге чакырды. Жанатан Даниярды айланчыктап жүргөн кыздар Алтынайды жаман көздөрү менен карашып, аны жактырбай атышты.
Бий бүткөндөн кийин Данияр:
- Сен ничего экенсиң… - деп койду. Жигит менен бийлегенине эс-мас болуп, төбөсү көккө жетип, делөөрүп калган Алтынай анын бул сөзү кандай мааниде айтылганын түшүнгөн жок.
***
Ошол кече аяктаганча Данияр Алтынайдын жанына улам-улам келип, башкаларга караганда ага өзгөчө көңүл бөлүп атты. Алтынайдын бөлмөлөш курбусу Гүлнара да Даниярдын бир заматтын ортосунда башкача боло түшкөнүн байкады.
Түн ортосунда кече аяктап, ар кимиси өздөрүнүн жашаган жерине кетүүгө кам урушту. Жатакана түнкү саат 12де эле жабылып калчу. Ошондон улам Гүлнара менен Алтынай бара турган жери жок, кече болгон үйдө түнөп калууну чечишти. Жанатан үйүмө кетем деп даярданып аткан Данияр Алтынайдын калаарын билип, "анда мен деле эртең менен кетем" деп курткасын чечип, жайланып отуруп калды. Шынаарлап Алтынайдын жанынан чыкпай, аркайсыларды айтып ырсактап күлүп аткан Даниярды Гүлнара эмнегедир жактырбай отурду. Бир маалда, Данияр эшикке чыгып кеткенде Гүлнара Алтынайды карап:
- Шаардык балдар жаман болчу эле, абайласаңчы, эртеңки күнү ыйлап калба. Мага эмнегедир Данияр жакпай калды. Өтө эле шуулдаган бала экен. Анүстүнө ата-энесин бай деп атышат. Байдын балдары көпкөн, каалаганын жасаган эрке талтаң болушат. Данияр бул жерде бир да кыз менен чын ниети менен жүрбөйт. Биздей болгон карапайым, айылдык кыздарды ата-энеси ага алып берип коймок беле. Ар ким өзүнүн теңи менен жүрөт да, - деди.
- Койчу, менин деле башым бар го. Кантип эле Даниярга алданып, ыйлап калайын. Мен азыр эле Даниярга күйөөгө тийем деп аткансып сүйлөйсүң да. Кудай сактасын, Даниярга башкалардай болуп өзүм жабышкан жокмун, атүгүл аны караган да эмесмин. Өзү эле жаныман чыкпай атпайбы, - деди Алтынай.
- Мен сага эскертип атам, - деди Гүлнара.
Анткени менен Алтынай Даниярды тымызын сүйүп турган, ичинен. Гүлнаранын тигинтип айтып атканын Алтынай ичкүйдүлүктөн улам го деп ойлоду.
***
Конок үйдө жатып калгандар таң атканча уктабай, сүйлөшүп, каткырып күлүп отурушту. Таңга жуук гана ар кимиси жашаган жерлерин көздөй бет алышты.
- Мен бир күнү силердин жатаканаңарга барам, - Данияр үйүнө кетип баратып, Алтынай менен Гүлнаранын жашаган дарегин алып калды.
Жатаканасына келгенден тартып Алтынайдын оюнан Данияр такыр кетпей койду. Анын мүнөзүнүн өзгөрүп, ойлуу болуп калганын байкаган Гүлнара:
- Даниярды сүйүп калсаң керек, ээ? - деди тамаша-чыны аралаш.
- Анын эмнеси бар экен? Данияр кыздар сүйбөй турган жигитпи? Силер деле жигит күтүп, сүйлөшүп жүрбөйсүңөрбү. Эмне, мага болбойбу, же силерден менин бир жерим кемби? Эгер Данияр келип мага сөз айтса, макулдугумду берем. Ачыгын айтсам, ал мага аябай жагып калды, - деди Алтынай.




  Жанмаанай

Жамгыр
...Терезени тынымсыз черткилеген жамгыр!.. Жүрөктөгү кусалыктын бугун кетире нөшөрдөй төккөн жамгыр!.. Кандай кереметсиң?! Кандай табышмактуу, миң сырдуусуң?! Сенин дыбырттаган добушуңа канча ирет азгырылып, канча ирет делөөрүп, эмне максат менен кадам шилтегенимди сезбестен, сенин тунук тамчыларыңдын алдында эс-акылынан ажыраган адамча басып жүрдүм! Анан сени, сени менен болгон акыркы жолугушууну эстедим.
Андагы алтын мүнөттөр!..
Ошол жамгыр алдында
канча убакыт турдук экен? Чынын айтканда, мейли кылым болсо деле жамгыр алдында сени менен көл-шал болуп тура бергим келди... Денем үшүгөнү менен, жүрөгүм болкулдап, көөдөнүм ысып чыкты... Оюма эч нерсе келбеди. Ал эмес, сага бүт оюмду толугураак билдиргенге жарабадым. Сенин алдыңда алсыз болдум. Бирок, баарын байкап жаттым. Сенин кыймыл-аракетиң, айткан сөздөрүң, жүрөгүмдү куйкалаган чоктой ысык илебиң, баары, баары эсимде...
Сенин ошол күнкү турпатың эмнегедир мурдагыдан башкача. Ары ойлуу, ары табышмактуу коймолжун тарткан каректериң демейдегиден башкача - эсинен танып бараткан адамдын көздөрүнө окшоп коюланып, мени өзүнө тартты. Ошондогу сенин көздөрүңөн көп нерсени окуп алууга болот эле, бирок ага ашыкпадым... Азыр эми ошол керемет көздөрүңдөгү сырдуу табышмакты бир туруп чечсем, бир туруп эч качан акылым жетпечүдөй башым маң. Ал эми ак жамгырдан жашына бат-бат ирмелген кирпиктериңчи?!
Экөөбүз жамгыр алдында көпкө сүйлөштүк. Ары-бери өткөн адамдар экөөбүзгө бир эсе суктанып карашса, бир эсе таңкалгандай карап өтүп жатышты. А экөө-бүзгө жашоо-тиричилик убактылуу токтоп калгандай...
Жаныбызда өскөн дарактын бутагына конуп турган көгүчкөн гана экөөбүздөн көзүн албай, тиктеп турган өңдүү. Же биздин сөздөрүбүздү түшүнүп жатабы? Балким ал көгүчкөн экөөбүздүн ачыкка чыга албаган сезимибиздин коргоочу периштеси болуп жүрбөсүн?
Сен мага көп нерселерди сүйлөп берип жаттың. Эсимде калганы: "Ушунчалык берилүү менен бирөөнү сүйгүм келет!" дедиң. Жооп айтканга дараметим жетпеди. Ошондогу алсыздыгым...
...Акыры кетээр убактың болуп, сени аялдамага узатып бардым. Кетээр учуруңда эмнегедир сенин көңүлүң чөгө түшкөндөй болду. Мени болсо учу-кыйыры жок ой басты. Жүрөгүм кысылып, анан демимди ичиме катып, "Эми качан жолугабыз?" дедим. Азыр эле махабатка мас болуп турган көздөрүңдүн шамы өчүп, мени карап: "Балким эртең, же бир жылдан кийинби? Мүмкүн сен үйбүлөлүү болуп калганда жолугаарбыз" дедиң. Ушул сөзүң ичимди туз куйгандай ачыштырып жиберди. "Эмне үчүн?" деген суроо санаамды санга бөлүп салды. Үндөбөдүм. Жүрөгүм сыздап жатты. Жүзүмдөн нур кетип, селдейе түштүм.
Ошол учур, ошол жамгыр али да жүрөгүмдө. Терезеден жылгым келбейт. А жамгыр болсо шолоктоп ыйлайт. Терезени тынымсыз черткилеген жамгыр. Жүрөктөгү кусалыктын бугун кетире нөшөрдөй төккөн жамгыр. Ал эми сен - менин жамгырдагы махабатымсың!

Аскат МУСАБЕКОВ, Бишкек




  Жанирмем

Жайдак калганда…
Өткөн күндөрдүн да асыл барактары болот экен. Мен ал мүнөттөрдү тырышып эстебейин, өзүмдү ооруга салбайын десем да, аргасыздан көңүл чөккөн, кайгыга камалган ирмем-дерде шак эте мээге орнойт. Таяныч болго-нучу?.. Бир башкача да. Дүйнөм-дүн түркүгү сымал.
Жашоомдогу күтүүсүз күндөрдүн бири. Индиянын түштүгүндөгү Бангалор шаарындамын. Беш жылдыздуу мейманкана. 24-кабат. Бу сапарыбыздын адеттеги көрүнүшү: кечкисин бардан ичимдик ичип, бөлмөгө келип эсалмай... Мага ушул реклама жагып калды. Ажайып сулуу кыз дубалдарды аралай качат. Жигит кууйт. Экөө тең келишимдүү. Кызыгы, жигит мына жетем дегенде кыз жок болуп кетет. Дубалдар сиңирип алат, сыйкырын кара. Булардан бир нерсени байкадым: бири-бирине болгон аруулукту. Суктанганым да ошол...
Мындай суктануу качанга чейин созуларын ким билсин, аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылды. Ачсам, коңшу бөлмөдөгү өзбек турат. "Ичели" дейт. "Хоп" дедим. Ансыз да ичимде алагүү болуп аткан. Дароо эле бөлмөмдү жаап, тигинин комнатасына жөнөмөкчү болгонумда буттарым тушалды. Коридордон Нихатка көзүм байланды. Дароо эле эшикти ачып, ага жол көрсөттүм. Бөлмөгө кирдик. Жумшак жылмаюулар. Анан күтүүсүздөн эле колдорубуз кармашып калды. Мен ага бүт дүйнөмдөгү сыйымды, аяр мамилени жасаганга кириштим. Көздөрүбүз, дилибиз түшүнүштү. Ортобуздагы жумшак сезимдер бардык катуулукту жарып чыкмак. Биз жумшактыкты, назиктикти туу туттук. Табиятыбыздын окшоштугун кара. Экөөбүздү эч кандай күч токтото албады. Үнсүз аракеттер. Жүрөктөрдүн шыбырты. Дүкүлдөктөр. А эң оболу, бири-бирибизге өткөн кан-жаныбыздын тазалыгы болду. Биз сүйүндүк. Жандүйнөбүздүн майрам курганына...
Эстебейт элем, тикелей көңүл чөгүп, ким бирөөдөн ишеничим жалп өчкөндө алдастап атпайымбы... Турмушта салыштырат экенсиң башкаларды. Окшош мээримди, жандүйнө майрамын издеп. Өзгөчө көкүрөгүң жайдак калганда...
Самар А.