"Агым", 28.01.08 - 13-бет: Сандан санга...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Бытпылдык

Ачылалек сандыкта...
Пауло Коэльо
Башка бирөөнүн Тагдырына кийлигишип жүрүп отурган адам, эчкачан өзүнүн Тагдыры менен жашай албайт.
***
Менин жандүйнөмдө дайыма жарыгын чачып күн турат!
***
Бир жолу болуп өткөн нерсе, кайра эчкачан кайталанбашы мүмкүн. Бирок, эки жолу болуп өткөн нерсе, үчүнчү жолу да кайталанышынан шек санабаса болот.
***
Көзкараш - жандүйнөнүн күчүн көргөзөт.
***
Өзүндө Кудайды сактап жүргөн адам - бактылуу адам!
***
Өз тагдыр жолу менен бараткан адамга - жүрөгү жардамчы.
***
Жандүйнө ааламдагы баардык нерседе бар. Ташта, өсүмдүктө, жаныбарда, жадагалса ойдо да жандүйнө жашайт.



Жанмаанай
Өмүр кышы
Кыштын ушул суугунда күрмөсүн кийбей башына илип алган орус аял "Вива-а, Виктория-я..." деп Киркоровдун ырын бакыра ырдап, колу-буттарын сербеңдетип бийлеп, граммдап арак сатчу дүкөнчөгө кирип кетти. "Эже, кандайсыз, бир сом бериңизчи? Ыракмат, сизди Кудай колдосун" деген бала мүнөз бой жеткен жигит болсо күнүгө ушул аймакты кыдырып, жашоочулардан бир сомдон чогултат. Таңатпай аярдамага келсем, бети аракка күйгөн, өтүгү айрылып бутуна араң илинген, пальтосу кир, жылаңбаш кыргыз келин эркек сөгүнбөгөн сөздөр менен сөгүнүп, күйөөсүн каргап жатат. Мастыгынан араң басып жүрсө да тамекисин дембе-дем соруп, үнүнүн бардыгынча кыйкырынганын койбойт. Сөзүнө караганда, күйөөсү Таластан алып келип, ушул жерге адаштырып таштап кетиптир. Иштен келип, көз байланган иңир кирген маалда таштанды челекти алыш үчүн балконго чыксам, так маңдайдан ызы-чуу угулду: мас күйөө 7-кабаттан секирем деп балкондун терезесинде асылып, келинчеги анын шымынан бекем тартып, "сен жакшысың, сен укмушсуң, сенсиз баарыбыз куурайбыз" өңдүү сөздөр менен алдап, жалынып, балдары аржактан чурулдап ыйлап, колдору жетсе да, жетпесе да алагүү атасын түшүргөнгө аракет кылып атышты. Аялынын сөздөрү моокумун кандырды бейм, тигил эчнерсе болбогондой акырын түшүп, ичкери кирип кетти. Жашоосу жанына баткан келин алакандары менен бетин баскан боюнча дубалга жөлөндү... Биринчи кабатка түшүп, таштанды төкчү жердин эшигин ача салсам, ичинен бир бомж ыргып тура калып, ансыз да араң турган жүрөгүмдү таптакыр түшүрүп салды.
Бул - биздин Тунгуч кичирайонунун бир күнү. Жер бетинде бул сыңары канча Тунгуч, өмүрүнөн каардуу кыш кетпеген канча пенде бар дейсиң...



Мода, мода, мода!
Эх, Валентино!
Дүйнөнүн эң атактууларын, эң сулууларын суктанта кийинткен италиялык Валентино Жогорку мода дүйнөсү менен коштошуп, эң акыркы коллекциясын Парижде тартуулады. Анын көргөзмөсүнө келген атактуулардын санын санап болбойт. "Валентино - бул бүтүндөй эпоха", "Анын модасы - кайталангыс!", "Бул көрүнүш - Голливуд айымдарынын эпохасы бүткөндүгүн билдирет", "Ал кайталангыс, ал аялзатын ушундай сүйөт!" дешти дүйнөлүк айымдар.
Валентино "мода жасайм" деп 13 жашында эле өзүнө бекем ишенип, 17 жашында моданын очогу Парижди багынтканы келген. Акыркы көргөзмөсү да дал ушул шаарда өткөнү бекеринен эмес. Мына, жарым кылымдан бери ааламга аты таанымал айымдар анын кийимдеринен ырахат алып келишти. Жалгыз Валентино гана Англия королевасына кандай кийиништи тартынбай сунуш кыла алат эле. Бүтүндөй мода дүйнөсү "улуу итальянец" деп атаган Валентино эми кайрымдуулук иштери менен алаксырын билдирди.



Сүйүүм менин кайып учкан куш болбой...
Сага
Каалгамды капыстан кактың. Ачтым.
Жүзүңдөгү жылдызың жанып, жарыгы жылуулук берди. Качантан бери карааныңа зар болуп келгенимди эми туйдум. Бирок, жүрөгүмдү ачпай коюуга эрким жетти. Эртеби-кечпи, бир күнү каалгамды "тарс" жаап кайрылбай кетериңди ойлоп, сенин жашооңдун бир бүктөмүндө "бирөөлөр" сымал калгым келбей, көкүрөктө турган бугума, сага деген сагынычыма карабай сүйүүнүн босогосунан өзүңдү узаттым да, Күнүмдүк менен Түбөлүктүн ортосундагы боз боштукка боюмду таштадым...




Балтил балалык
"Апа, мен карып кеттим"
Тургунбек уулу Айдар, 4 жашта
Апасы жаңы эле уулун сууга түшүрүп бүтүп, сүлгүгө ороп, бөлмөгө киргизип чыгып кетет да, бакырып ыйлаган уулуна кайра жүгүрүп келет.
- Эмне болду сага? - дейт таңгалган апасы. Анда Айдар таманын көргөзүп, колун жайып:
- Карачы, колум менен бутум карып кетти, - деген экен.




Андигидот
Кутурма
Итибайды ит каап
алат. Абалын
начар сезген ал доктурга жө-нөйт.
- Сизди капаланта турган болуп калдым. Кутурма оорусу менен ооруп калыпсыз, - дейт дарыгер.
Оорулуу шапа-шупа стол үстүндөгү барактардан бирди алып, шашкалактаган боюнча жаза баштайт. Доктур:
- Кое туруңуз, кайгырбаңыз, керээз жазууга али эрте, мен сизди сакайтам.
- Бул керээз эмес, - дейт кимдир бирөөгө жини келгендей тиги. - Сиз мени сакайтканга чейин кимдерди тиштешим керектигин тизмектеп жатам!




Дүйнөкүн
Сүйдүйнө. Франциянын болочок биринчи айымы Карла Бруни Испаниянын мырзалар журналына сүрөткө жылаңач түшүп берген. Денесинде кара бут кийим жана атыжок манжасындагы нике шакеги гана бар фотосессия журналдын февраль айындагы номуруна жарыяланмакчы. Бирок, редакциянын билдирүүсүндө, бул сүрөттөр топ-моделдин президент Саркози менен мамилеси байланышканга чейин эле тартылган. Ошентсе да, Франция президенти Карлага үйлөнүүдөн баш тарткысы жок.
Жиндүйнө. АКШнын Флорида штатындагы архитектуралык бюродо иштеген Мэри айым аны иштен кетиришээрин гезиттеги жарыядан шекшип, компания жети жылдан бери иштеп чыккан татаал проектилерди компьютерден өчүрүп салган. Жоготуунун жалпы суммасы 2,5 миллион долларды түзөт. Мэри бир суткадан кийин полиция колуна түштү. Компаниянын жетекчиси Хатчинстин айтымында, аны иштен кетирүү коркунучу жок болчу. Адис издөө жарыясы анын жубайынын компаниясына карата жарыяланган. Эми Хатчинс атайын адистерге оңбогондой акча төлөп, жоголгон маалыматтарын калыбына келтирүүдө.
Күйдүйнө. 31 жаштагы кытайлык Хуанг Чункайдын бетиндеги 15 килограммдык шишикти медиктер операция жолу менен алып ташташты. Шишик жигиттин сол көзүн, бетинин оң жаагын, кулагын таптакыр жаап салган. Ал эми сол кулагы ийнине "куюлуп" түшө баштаган. Анын бою араң гана 135 сантиметр келип, бетиндеги оордукту көтөрүп жүргөндөн улам катуу күч келип, омуртка оорусуна чалдыккан. Операция жасаган башкы хирургдун айтымында, Хуангдын денсоолугу азыр жайында. Анын биртууган агасы: "Бир жарым сааттык операция убагында иним үчүн катуу кайгырып, жаным жай албай койду. Бул шишик менен ал 30 жыл бою жашады. Эми болсо операциядан кийин аны көрүп, жүрөгүм ылдыйлады. Буга араң ишенип турам" дейт толкунданып.
Байдүйнө. Испаниянын Монтефрио кыштагынын тургуну "Евролотереядан" 76,6 миллион евро утуп алды. "Евролотерея" тиражы 2004-жылдын февралынан бери жумасайын Парижде өткөрүлөт. Анын билеттери Австрия, Бельгия, Великобритания, Ирландия, Испания, Люксембург, Португалия, Франция, Швейцарияда жүргүзүлөт. Лотерея билетинин баасы - эки евро. Эң чоң утушту - 115 миллион еврону 2005-жылы Ирландия жашоочусу Долорес МакНамара уткан.
Баеодүйнө. Британия королевасы Елизавета IIге эки бананды тартуулап Элизабет Хайд келип кетти. Аялдын түшүндүрүүсүндө, мындан 65 жыл мурун, Улуу атамекендик согуш учурунда ал жарадар болуп Лондондун госпиталында сиңдиси менен жатканда 4 жашта эле. Мына ошондо ал убактагы принцессалар Елизавета менен Маргарет королева энесин коштоп оорулууларды чогуу кыдырып, ал кезде чанда кездешчү колдорундагы банандарын Элизабет менен анын сиңдисине беришкен. 69 жаштагы Э.Хайд ошондон бери бул жакшылык жүрөгүндө сакталып келгенин ыраазычылык менен билдирип, өзүнүн бул кадамын "эми мен карызыман кутулдум" деп түшүндүрдү.

Бетти даярдаган Салтанат КЫДЫРМАЕВА