Майкечен маек

Султан РАЕВ, маданият жана маалымат министри:
"Дегеле мушташкан эркек эмесмин"
- Сизде кызганыч сезими барбы? Дегеним, жеңебизди кандай учурда кызганасыз?
- Жеңенди кызганбайм десем, калп айткан болуп калам. Өзүңдүн сүйүктүү өмүрлүк жарың, балдарындын энесин кызганасың да. Ошол кызганыч деген нерсенин ичинде сүйүү жашайт. Кандай мезгилде кызганам… Кызгануу сезимин үйбүлөнүн түркүгү катары баалайм. Сүйүү сезими болбосо, эмнеге кызганат элең?
- Ал эми жеңебиз сизди кызганабы?
- Кызгануу аялдын стихиясы да. Ал менден ашкан кызганчаак. Албетте кызганат…
- Балким, кызганууга жүйөөлү себептери бардыр?
- Кызганычка шарт түзбөгөнгө аракет кылам (күлүп). Аялдардын жаратылышы ушундай болот экен. Алардын кызганганы сөзүнөн байкалат. Үйгө кечигип барып калсаң, каерде жүргөнүңдү сурайт. Анан бир жерде болгонуңду айтасың. Дагы тактап сураганда, мурдагы сөзүңдөн жаңылып, башка жерди айтып алышың мүмкүн. Ошентип атып эле кантип кармалып калганыңды билбей каласың.
- Сизди чакырган жерге кечигип, же унутуп келбей калат дешет.
- Ачыгын айтканда, кечигип да калам… Себеби, өмүрүмдө саат тагынган эмесмин. Азыр да колумда саат жок, ишенбесең кара (билегин көрсөтүп). Эч качан саат жебесинин кулу болгум келбейт. Иш столумда эки саат турат, алар да иштебейт. Менде мезгил токтоп турат. Мезгилге көзкаранды болгум келбейт. Саат өмүрдүн өтүп баратканын дагы бир жолу эскертип койот да.
Илгери гезитте иштеп жүргөнүмдө генерал Кутуев алтын саат белек кылган. Бир жумага жетпей эле ал саатым токтоп калды. Такыр жүрбөй койсо болобу. Андан кийин Татарстанга барганда премьер-министр саат белек кылды. Анда да бир жумага жетпей иштебей калды. Мен алган сааттардын баары тең токтоп калат.
Албетте, министр болгондон кийин убакытка так болуш керек. Азыр ар нерсеге өтө такмын. Чакырган жерге убагында барам, себеби аларды сыйлаш керек. Барбасам болбойт. Кызматтык этиканы сакташ керек да. Анын үстүнө күттүргөн аябай жаман. - Тамеки чекпейт экенсиз, аракка табитиңиз кандай?
- Жакын досторум: "Менин бир күндө ичкенимди, Султан бир жылда ичет" деп калышат. Аракты кээде элүү граммдын тегерегинде ичип койом. Көп ичпейм. Аллергиям бар, дароо эле кызарып кетем.
- "Эркек болсоң шок бол…" демекчи, өмүрүңүздө чыр салып, мушташып көрдүңүз беле? "Султан палван" деген каймана атыңыз да бар эле…
- Дегеле мушташкан эркек эмесмин. Эгерде, бирөө мушташам деп кол сала турган болсо, татыктуу жооп бералам. Мактанбай эле койойун, студенттик кезде төрт адам менен кармашып, жыга койгон жагым бар.
Спортко жакынмын. Классикалык күрөш менен машыккам убагында. Студенттик кезде мелдештерге катышып, экинчи орунга ээ болгом. Бирок, бирөөгө катылып көргөн эмесмин, катылбайм дагы.
- Жогорку кызматта отурган көпчүлүк чиновниктердин жашоосун коррупциясыз элестете албай калбадыкбы. Дегеним, сиз дагы бирөөгө пара берип, же болбосо бирөөдөн акча алдыңыз беле?
- Ачыгын айтайын, эчкимден акча сураган эмесмин, албайм дагы.
- Саясатчылардын көпчүлүгүнүн бизнеси, кафе-ресторандары бар. Сиздин да жеке бизнесиңиз бардыр? Болсо, ал кандай бизнес?
- Арким өзүнүн колунан келген ишти жасашы абзел. 90-жылдары коммерция кылуу модага айланып кетпеди беле. Ошол кезде жубайым экөөбүз да элди туурап, айлыкты карап отура бербейли деген максатта камок сатып алып, кайнимди иштетип койдук. Сатканыбыз нан. Күнүгө тапкан пайдабыз 7-8 сомдун тегерегинде. Бир жума ушундай болду. Көп өтпөй эле шаардык текшерүүдөн келип, 500 сом штраф салып койсо болобу. Иштеткенибизге аз эле болгонун айтсак, түшүнбөй коюшту. Айла жок, штрафты төлөдүк. Камокту болсо саттык дароо эле. Ошондон кийин бизнеске аралашканыбыз жок. Колубуздан келбейт экен.
- Жалгыз айлыкты карап жашайт турбайсыздарбы?
- Ооба, айлыкка иштейбиз. Андан сырткары чыгармаларым чыгып турат. Жакында Англиянын Би-Би-Си радиосунан пьесам кетти. Дүйнө жүзү боюнча жети автордун чыгармасы эң мыкты деп табылыптыр. Ошонун ичинде менин чыгармам да бар экен. Чоң суммадагы гонорар алдым.
- Сыйлыгыңыз кут болсун! Илимпоздордун маалыматына таянсак, болбоду дегенде адам 16 жолу калп айтат экен. А сизчи?
- Калп айтпайм деген адам өзү биринчи калпычы! Улуу атабыз Лениндин: "Жумуштун кызыкчылыгы үчүн калп айтса болот", - деп айтканы бар. Жалган айтуунун да белгилүү бир дозасын билиш керек да, жөндөн жөн эле соктура бербей. Бүгүн калп айтып, кырдаалдан чыгып кетсек, каалайбызбы-каалабайбызбы Жараткандын алдында кантип калп айтабыз? Адамдын ички абийиринде - Жараткандын сурагы турат.
- Аткаминерлер көбүнчө сауна, казиного барып убакыт өткөрүшөт эмеспи. А сизчи?
- Бош убактымды китеп окуп, жакшы кино көрүп өткөрөм. Тоолорго барып, басып жүргөндү жакшы көрөм. Тилекке каршы, бош убакыт көп боло бербейт. Көп убакыт болбойт дегендин өзү да туура эмес. Убакыт табышыбыз керек. Себеби, биз мезгилдин эле агымына түшүп алып, убакыттын кулу боло беребиз. Мезгилдин чыныгы табиятын, баалуулугун сезбей калабыз. Мен жаратылышка чыкканда, аны менен сүйлөшкөндөй болом. Суунун шаркыраганы, сыдырым желдин соккону, табият сулуулугу мага бирнерсени айтып тургансыйт.
- Достукка кандайсыз? Саясатчылардын арасынан ким менен жакшы мамиледесиз?
- Досчулукту саясат аркылуу күтпөйм. Досчулук биринчи кезекте адамгерчилик аркылуу болушу керек. Адамгерчилик аркылуу табылганы - түбөлүктүү дос болот. Албетте, жакын досторум көп. Биринин атын айтып, экинчилерин капа кылгым келбейт.

Маектешкен Нурканбек КЕРИМБАЕВ