Алтынботко
Кубанычбек Исабеков, ЖК депутаты:
"Центерра- Голдду" сотко берем!"
- Кубанычбек Сатындиевич, "Кумтөр" маселесин кайра козгоп жатыпсыз...
- Мунун себеби, өз байлыгыбызга өзүбүз ээ болбой жаткандыгыбызда болуп жатпайбы. Алгачкы келишим "Кумтөрдүн" продукциясынын 67%ы бизге, 33%ы канадалыктарга тийиштүү болуш керек эле. Бирок эмнегедир ортодогу шылуундардын айынан биз 15%га гана ээлик кылып, калганы Канадага кетүүдө.
- Кечиресиз, өткөн жылдын август айында келишим биз тарапка 31% үлүштүн негизинде чечилди эле го?
- Эми бул арга кеткендеги иш болгон. Болбосо биз толугу менен 92-жылдагы келишимге ээ болушубуз керек. Мына азыр менин колумда Канада банкынын анализи турат. Анда биз тарап 69%ына ээ экендигибиз жазылган. Эмне үчүн биз муну мыйзамдаштырып, ачыкка чыгарууга болбойт? "Кумтөрдү" бүгүнкү күндө иштетип жаткандар мыйзамсыз иштешүүдө. Аларга мындай шартты биздин кайсы бир белдүү чоңдорубуз түзүп берген. Мисалы, Танаев учурунда жанагы 15% пайда болуп жатпайбы. Бирок бул эч кандай парламентте ратификацияланган эмес. Анан кайдан мыйзамдуу болот?
- Эгер мыйзамдуу ишке өтсө, тагырагы 67% бизге тийиштүү болсо, кирешенин суммасы канча болорун тактай алдыңызбы?
- Алтындын баасы түшүп кетпей, тескерисинче, көтөрүлө турган нерсе. 92-жылдан бери канча эсе өскөнү жалпыга маалым. Эгер учурда Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд.доллар деп чочулап жатсак, биз 67%га Кумтөрдөн ээ болгондо бир жылдык кирешебиз жөнөкөй эле эсептегенде 7,5 млрд. доллар болот экен. Эми өзүңөр карап көргүлө. Колдо турган өз мүмкүнчүлүгүбүздү кимдер пайдаланып, анысы аз келгенсип, зыянга учуратып жатышат.
- Кандай зыянга?
- Эң олуттуусу - экологиялык маселелер. Буга али эчким көңүл бура элек. Эгер келечегибизди ойлой турган болсок, бул биз үчүн өтө кооптуу жагдай жаратууда. Эң жөнөкөйүнө келсек, жол маселеси абдан жаман абалда. Биздин жолдор 30, 40 тонналык КамАЗдарга ылайыкталган эмес. Асфальты да, анын астындагы төшөгүчү да жука. Азыр ал жолдор талкаланган. Жолдун боюндагы 7-8 айылдын үйлөрү жарылып, айрымдары колдонууга, жашоого жараксыз абалда турат. Фундаменттери чөгүп, дубалдары кыйшайып калды. Мунун эч бирине көңүл бурулган жок. Мыйзам боюнча алар айылдарды айланып өтүүгө жол курушу керек эле. А тургай 10700 гектар жерди ээлеп отурушат да, 12 жылда араң 7000 доллар салык төгүшкөн. Бул жерде мыйзамдан четтегенди айтасыз, унутуп калышкан. Дагы бир эң олуттуу маселе - жумушчулардын укугунун бирдей эместиги. Биздин атуулдардан 1800 адам ал жерде эмгектенет. Алар тараптан болгону жүздөй адам. Айлык акыларына келсек, асман-жердей айырма бар. Бул адам укугун тебелегендик. Бул жерде биздин өкмөттүн да күнөөсү көп. Эсеп палатасы менен Башпрокуратурада Жогорку Кеңештин 94 токтому турат. Ошон үчүн бүгүн кайра жаңы токтом көтөрүп чыгып жатабыз. Башкасын койдук, цианид төгүлгөндө элге төлөнчү компенсацияны биздин өкмөт мойнуна алган. Машина Кумтөрдүкү болсо, цианид Кумтөрдүкү болсо, анан эмнеге биздин өкмөт төлөшү керек. Бул жерде чоң оюндар жүрөт. Мыйзамсыз эле лицензияларды бере беришкен. Ошон үчүн азырынча Жогорку Кеңеш ратификация кылбай туруп, мыйзамсыз иштерди текшерип көрүшү керек. Мен бул маселенин аягына чыгам. Мыйзам негизинде баарына барам. Бул иш үчүн керек болсо кызмат, кресло, баарынан баш тартам. Учурда Центерра-Голдду сотко берүүгө даярданып жатам.
- Биз тараптан Кумтөрдү иштетүүчүлөргө мыйзамсыз шарт түзүп бергендерди жоопко тартууга азыркы бийликтин күчү жетеби?
- Жоопко тартыш керек деген мыйзам чыгаруу палатасынын чечими төрт жылдан бери аткарылган эмес. Азыркы токтомдун долбоорун сунуштап жатканда мен дагы бир жолу ушул сунушту киргизип жатам. Башпрокуратура иш козгоп туруп, буларды жоопко тартышы керек. Эгер бийликтин каалоосу болсо күчү жетет.
- Сизди парламент колдошуна ишеним барбы?
- Мен ишенем, парламент колдоп беришине. Анын ичинде "Акжол" партиясы колдоп берет деп ишенем. Себеби, "Акжол" элдик партия, элдин кызыкчылыгын колдойт. Мен президентке ишенем. Дагы бир жолу колдойт деп. Анткени мыйзамдар турат, фактылар турат.
Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ