Ташты тамчы бузат

Мухтар Өмүракунов, "Замандаш" партиясынын төрагасы:
"Адис эмес дипломаттар сыртты да ирите баштады"
- Мухтар Сүйүналиевич, акыркы кезде Россиядан каза тапкан кыргыздардын саны көбөйүүдө. Бизге белгилүү болгон маалыматтардан сырткары да өлүмдөр көп кездешпейби?
- Өткөн жылдын эсебинен алсак, Россияда 150дөн ашык адам кайтыш болуптур. Бул белгилүү болгондору. Бирок, сиз айткандай белгисиз өлүмдөр деле кездешет. Моргдо бир топ убакыт жатып калгандардын туугандары келбесе, бияктагыдай эле көөмп салышат. Ал эми негизинен алганда, болгон кырсыктардын 95% биздин диаспоралар аркылуу белгилүү болот. Анүстүнө чет жердеги кыргыздар бири-бирине кам көрүшүп, баштарына иш түшсө жердешчилик мамиледе каралашып турушканы бар.
- Өткөн айда Россиядагы кыргыздардын өлүмү коомчулукту чыңалтып койгондой...
- Январь айында төрт жигит скинхеддердин колунан каза тапканы өтө кейиштүү. Мындай фактылар өткөн жылдары деле катталган. Бирок мынчалык удаа болгон эмес. Биринчи кезекте ушул көйгөйлөр Россиянын улуттук кызыкчылыгына такалып, саясатчылар, чоң олигархтар ушундай уюмдарды каржылап, системалуу түрдө колдошот. Себеби, Россия орустардыкы болуш керек деген саясат. Кызыкчылыктары да ошол. Мисалы, алар өздөрүндө улутчулдукту күчөтүү менен КМШ өлкөлөрүндөгү улутчулдукту жандандырууга кызыкдар. Улутчулдар бөлөк улуттарга кысым көрсөтүп, өлтүрүп аткандан соң, жабыр тарткан улуттардын да мекенинде орустарга ошондой мамиле көрүлсө, Россия өз боорлорун чакырып алууга, орус тилдүүлөрдүн санын көбөйтөбүз деген кээ бир чала саясатчылардын ою. Менимче, мындай шартта улутка кам көрүү туура эмес. Алар өздөрүн бара-бара токтото албай калышып, катуу уюшкандан кийин бийлик талашуу саясатына да өтүп кетиши мүмкүн.
- Башка улуттардын бийлик өкүлдөрү менен биригип, скинхеддерге каршы чара көрсө болобу?
- Биз, "замандашчылар", бөлөк улуттардын диаспоралары менен сүйлөшүп, биргелешкен кайрылууларды жасап, татаалдашкан маселени чечүүгө аракет кылып атабыз. Скинхеддерден каза тапкан жалаң эле кыргыздар эмес, тажиктер, өзбектер, кавказдыктар, индустар, пакистандыктар жана башкалар. Бул эми орус эместерге каршы кордук көрсөтүү. Айрыкча борбордук Россия жактан мындай фактыларды көп кездештирүүгө болот. Мен жакында эле Новосибирск, Омск шаарларында болуп келдим. Аякта мындай көрүнүштөр жокко эсе.
- "Замандаш" ассоциациясы мекендештерине кандай жардамдарды көрүүдө? Мисалы, өлүм-житимдерде...
- Биздин жергиликтүү лидерлер кыргыздардын башына мүшкүл түшкөндө дайыма даяр. Кырсыкка кабылгандарды биякка жөнөтүү иштерин уюштурушат. Кыргыздарда дегеле өлгөн адамды туулуп-өскөн жерине коюу салты бар эмеспи. Муну жүрөгүбүзгө бекем орногон сезим десек да жаңылбайбыз. Улутубуздун ушундай өзгөчө салтын "Замандаш" ассоциациясынын лидерлери, өкүлдөрү да көңүлдөрүнө бекем түйүп, сырт жерден туура аракеттерди көрүшөт. Ал эми өзбектерде, же башка көпчүлүк улуттарды алсак, кай жерде каза болсо, ошол жерге сөөгүн жашыра беришет.
- Сиздер Россия менен кандай мамиле жүргүзөсүздөр, кыргыздардын кызыкчылыгын арттырууда демилгелер ишке ашабы?
- Албетте. "Замандаш" ассоциациясы көнүмүш иш катары эле Россиянын тиешелүү бийлик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүүдө. Башкасын айтпасак да, ушул эле Омскге барганымда шаардын жетекчилиги, базардын администрациясы менен жолуктук. Пенде деген ушундай экен: улутту бир адамдын жүзүнөн да таанышкандарын байкайм. Мисалы, Россиянын бир таасирдүү адамына пикирлеш болсом, сүйлөшүүдөн кийин ал кыргыздын жүзүн мен аркылуу таанып, мамилеси да биздин элге өзгөрөт. Жакшы маанисинде. Ошондуктан көптөгөн жолугушууларды уюштурууга кызыкдарбыз. Мындан сырткары, маданий оюн-зоокторду өткөрүүдөн калышпай, өзүбүздүн Нооруз, эгемендүүлүк майрамдарын белгилеп, бозүй тигүү менен кыргыздын салт-санаасын көрсөтүүгө аракет кылып, ошондой эле орустардын улуттук майрамына да теңата аралашуу иретинде демилге менен чыгабыз. Баягы 90-жылдары чаар сумка көтөргөн кыргыз эмес, бүгүн башка кыргыз экенин көрсөтүүгө күчүбүз жете баштады.
- Чет өлкөгө кеткен жумушчу кыргыздардын ички мүдөөлөрүн, себептерин кандайча айтасыз?
- Башкасына токтолбосок да, Россияга жылдан-жылга биздин мигранттар көбөйүп атат. Жазында дагы өрчүйт. Буга эки себеп бар: биринчиси экономикабыздын өспөгөнү болсо, экинчиси, Кыргызстандагы саясый абалдын кедеринен кеткени. Элде апатия, өткөн шайлоонун жүрүшүнөн кийин мекендештерибиздин жакшы жашоодон үмүтү азайгандай.
- Бир чети бул деле жакшыдыр...
- 90-жылдары Россия, Казакстанга колунда акчасы барлар, соода кылалам дегендер кетишчү. Азыр болсо жолго акча тапкандар барып, иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бир эсе бул деле жакшы, каражумушта иштесе да оокаттарын өткөзө башташты.
- Сөзүңүзгө аралжы, Россия, Казакстандагы Кыргызстандын элчиликтери, миграция комитетинин өкүлдөрү кандай иштерди жүргүзүүдө?
- Азыр элчиликтин, миграция комитетинин өкүлчүлүктөрү менен "Замандаш" ассоциациясынын башкы диаспораларынын мамилелери өзгөрүлдү. Мындан эки-үч жыл мурда жакшы кызматташып калдык элек. Бүгүн болсо ошол жакта иштеп жүргөн дипломаттар, чиновниктер элдин потенциалын өз кызыкчылыктарына пайдаланып калышты. Тилекке каршы, карапайым мекендештерибиздин эсебинен бизнес жасагысы келишет. Аларга көмөк көрсөтүүнүн ордуна, аркандай жолдор менен алкым тойгузуудан башканы ойлошпойт десең. Мына ушундай ыпластыктарга "Замандаш" ассоциациясы тоскоолдук кылып, "объективдүү иш болсун, элди кыйнабагыла" десек, айрым дипломаттар , бийликтин өкүлдөрү бизге катуу каршылыктарын көрсөтө башташты. Айласы кеткендери биздин диаспоранын лидерлерин жердешчиликке бөлүүгө жандалбасташып, Россияда жүрүшсө да регионализм илдетине катуу чалдыккандары арбыды. Элге жардам берүүнүн ордуна, аяктан да элди бузууга үндөп киришти. Негизинен профессионал эмес дипломаттар көбөйүп, сыртты да ирите баштадык. Бөлүнүү-жарылуу күч.
- Сиз бизнестен өсүп чыккансыз да. Мындай деңгээлге жетүүгө чейин атаандаштыктын коркутуп-үркүтүүлөрүн башыңыздан өткөзсөңүз керек...
- Мага бир жылдары кол салуу да болгон... Кийинки кездери көралбастык, бизнести тартып алууга аракеттерди байкап, ал бийликтеги адамдардын канына сиңип калганына көзүм жетти.
- Атаандаш жөнүндө айтсаңыз?
- Атаандаштык таза болсо өзүңдүн компанияң өнүккөнгө эң сонун өбөлгө түзүлөт. Мисалы, сен үй куруп атсаң, атаандаштык күчтүү жүрсө сапаттуу үй курууга бардык күчүңдү жумшайсың да. Күчтүү атаандаштык таза жолдо жүрсө дейт элем.
- Сиз бизнести да, саясатты да алып баратасыз. Экөөнүн кайсынысы көңүлгө жакын?
- Азыр мен үчүн приоритеттүүсү - "Замандаш" партиясы. Бияктагы кээбир бизнестеримди жыйыштырып, кыскартып койдум. Бияктан курулуш менен бир аз алектенип атабыз. Мага негизинен бизнес сферасы деле кызыктуу.
- Кыргыздын бир топ азаматтары байлыктарын чет өлкөгө чыгарып кетишүүдө. Бийлик тартып алат деп чочулап атышкандыр... Сиз дагыбы?
- Буга бир нече фактор бар. Чоң бизнесмендерди айтпасак да, базары барларды алсак, алар негизги кирешелерин биякта иштетпейт. Себеби, бизде экономика рыногу өнүккөн эмес. Мисалы, 100 миң доллар менен тапчу пайданы чет өлкөдөн алда канча жеңил, тез табасың. Кыргызстандан бизнесиң өсүп келди дейли, анан кандайдыр деңгээлге жеткенден кийин, акча айландырууга бияк тар болуп калат. Ошондуктан Эмират, Түркия, Россия, Казакстанда капиталын иштетип коюп, өздөрү бу жакта деле жүргөндөр бар.
- Анүстүнө биздеги салык саясатына да нааразы болгондор көп го...
- Туура, салык системасы өнүккөн эмес. Салык кодексин салыкчылар каалагандай бурат. Эгерде соттошо келсең, сотторго ишеним жок. Алар акыйкатты эмес, кызыкчылыкты коргойт. Ушул жагынан алганда мыйзамдуулуктун кадыр-баркын кетиришкен. Бизнесмендердин укугу тебеленет. Мыйзамдар чийки, анан калса толук кандуу да аткарылбайт. Эгерде бийлик чиновниктерине жакпай калсаң, артыңан кыйанаттык кылып башташат. Мен мурда эле бийликтин бизнесмендерге асыларын туйчумун. Ишенимдүүлүк жок. Ошон үчүн чет өлкөгө кеткендер да арбын. Менимче, биринчиси - экономикалык рыноктун жакшы өнүкпөгөнү, экинчиси - мыйзамдардын жеткиликтүү иштелбегенинен жана толук аткарылбагандыгынан кетип атышат.

Маектешкен
Асланбек САРТБАЕВ