Коркмазов кимдерди сындырууда...
Сокулук, Ысыката райондорунун тургундарынан Коркмазовдун үстүнөн арыз түшкөн. Депутат белгилүү адамдарга салык салганы боюнча. Бу боюнча айыл өкмөттөрү маалымдап, депутат Көркмазовдун кордук көрсөтүп атканын жашырышпады.

Динди жинге айлантканда
Сауд Арабияга, Меккеге бекер виза ачылары баарыбызга белгилүү. Бирок ошону да ортомчу кыргыз дин чиновниктери 700 доллардан сатканы белгилүү болду. Анын артында ошол кездеги "чоң" Тойгонбай Калматов турган. Динди да "жинге" айлантып, жеп-ичкендер тыйылбайт экен го...

М.Өмүракунов үчүнчү ажобу?
"Замандаштын" ойрондору Мухтар Өмүракуновду кыкеңдердин үчүнчү ханы болот деп ак кийизге көтөрүшүп, бата беришкен. Ошол демде "замандашчылар" удургушуп, Мухтар мырзаны ар тараптан сүрөп келатышат. 2010го деле аз калды, "чуркаган эмес, буюрган алат" дейт. Көрө жаталы.

Көзгө жеген Э.Рыспаев
Жогорку Кеңештин жаңы иш башкармасы Э.Рыспаев мурда президенттин иш башкармалыгынын замы болуп иштеген. Бүгүнкү күндө парламентке келгени эч кимге баш ийбеси боюнча төш кагып, бир гана ажонун сөзүн угамын маанисинде кыйын болууда. Мындай керооздук парламент карышкырларына жакпай калганбы, үч-төрт күн мурда вице-спикер Азиз Турсунбаевдин кабылдамасына Э.Рыспаев сопсоо эле кирип, кайра көзү "жайланып" чыгып атпайбы. Мындан ары Э.Рыспаев ажого баш ийеби, же спикергеби?..

Айыл өкмөтүн прокурор өлтүрдүбү?
Ысыккөлдүн Кумбел айыл өкмөт башчысы Догдурбай Алсейитов асынып өлгөн. Себеби, райондун прокурору Данияр Эркинбаев эки ай бою айыл өкмөтүн белгисиз иштер боюнча эзгени, жыйынтыгында өлүм менен бүткөнү өкүнүчтүү. Ушул ишке Башпрокуратура деле кызыгаттыр...

Ормоновдун ачуусу
У.Ормонов мурунку чакырылыштагы депутаттардын чет өлкөгө командировкалары ачык-айкын талкууланып, кимдин кайда барары палатада эле чечилчү, азыр болсо бүт жең ичинен чечилип, жетекчилердин "сүймөнчүк балдары" гана чет жерге тайраңдап кетишүүдө" деп нааразыланды.

125 миң долларды жеген эргулдар
Өткөн жылы "Исток-авиа" компаниясы ажылыкка ташуу аракетинде иш башташып, чогулган акчаны алгандан кийин кыкеңдерди көчүккө тээп, качып жоголушкан. Натыйжада 125 миң доллар талаага кеткен. Ушул маселеге аралашкан Нур уулу Досбол, Тойгонбай Калматов сыяктуу аткаминерлер ооздоруна талкан тыгышып, унчукпай отурушат. Же кылмыш козголмоюнча моюн толгой беришеби?