Шай-шай-шайгөлөк
Кимден үлгү алып,
кимге карай түздөнөбүз?
Ошентип аялдар канча жылдан бери какшап айтып келаткан мүдөөсүнө жетип, парламентке 23 аял квота менен депутат болуп шайланды. Парламенттин иштегенине эки ай болду. Бирок эл ушу кезге чейин Ч.Баекова, Р.Отунбаевадан башка аялдарды айрып тааный элек. Дегеле, "Акжолдун" тизмесине кокусунан кошулуп, же таасирдүү бирөөнүн балдызы, карындашы, аялы болуп, депутаттык креслого отуруп калышкан "бактылуулар" да көп экен. Ошондой "бактылуунун" бири Бишкек шаардык мэринин аялы дешет. Палатанын заседаниесинде бир да жолу ооз ачпаганы үчүн журналисттер ага ылакап ат да коюп алышыптыр. Аял депутаттардын эң жашы "акжолчу" Динара Молдошеваны биздин коомго жаңылык алып келүүчү заманбап жаштардан го деп жүрсөк, күйөөсүн Боршайком мүчөлүгүнө түрткөндөн башка эч нерсесин көрсөтө элек. Кыязы, артындагы агаларынан үлгү алып жатса керек.
Ал эми Чолпон Баекова өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Баекова Конституциялык соттун төрайымы болуп турган 2007-жылы Консоттун кворуму жок болуп, бир да иш же арыздануу каралбаптыр. Башкача айтканда, толук бир жыл Конституциялык сот иштеген эмес. Бирок бизге окшогон салык төлөөчүлөрдүн эсебинен чоң-чоң айлыктарды эмне үчүн алып турушканын Баекова мылтык такасаң да айтпайт болуш керек. Мындан да эң кызыгы, Конституциялык соттун бар экендиги өлкөдө демократиянын бар экендигинен кабар берет, дегеле Конституциялык соттун турушу акча менен ченелбейт. Мына Италиянын Конституциялык соту 25 жыл бою бир да ишти карабаптыр, бирок бир да италиялык анын кереги бар же жок деп шектенбейт деген Баекованын пикиринен кийин, аны аял эмес эле темир го деп ойлойт экенсиң. Италия деген бай өлкө, Консотун 25 эмес, 100 жыл бекер кармаса да жарашат, а биздин өчөйгөн бюджет төрагасы, тогуз мүчөсү, башка толуп аткан канцелярдык кызматкерлери бар, эл үчүн пайда-батасы жок килейген мекемени көтөрө алабы деген суроо эчкачан башына келбесе керек.
Аскар Акаев тээ илгери эле Конституциялык соттун башына кимди коюуну жакшы билген. Тагдыр чечээр учурда ушул эле Баекова Акаевди эчен жолу суу кечирген. Бул боюнча Баековага суроо берилсе эле бүттү, ал бронза масканы бетке тартат да, мисирейип отура берет. Бийликтеги аялдын бирден-бир күчтүү куралы - унчукпоо экенин далай жолу далилдеп, ордунан ыргып кетпей келатат. Саясатка аралашкысы келген кыз-келиндер Баекованын ушундай ишинен үлгү алабы?
Демек, Консоттун башында аял турса, сааты чыкканда ал сөзсүз биз айтканды жасайт деген ой азыркы бийликте да бекем экени көрүнүп турат. Башка күн түшкөн учурда аял бийликтин гана каалаганын жасай турганын Боршайком өткөн парламентке болгон шайлоодо көргөздү. Ушундан улам бийлик аялдарды пайдаланыш үчүн гана керектүү креслолорго отургузат тура деген ой келет.
Эми кеп төркүнүнө кайра келсек, азыр аялдар бийликте кудая шүгүр. Парламенттеги 23 аялдан сырткары үч министр, Консоттун, Жогорку соттун, Боршайкомдун төрагалары аялдар. Бирок булардын саны биз күткөндөй сапатка жооп береби? Аткаруу бийлигиндеги, мыйзам чыгаруу бутагындагы аялдардын кимисинин учурга ылайык, заманбап билими бар? 70-жылдардагы советтик жогорку окуу жайын сырттан окуган эмес, азыркы чет элдик окуу жайлардан канчасы билимин жогорулатып, же билим алган? Азыркы жаштар, жаш кыздар кимдерден үлгү алып, кимге карап түздөнсө болот? Депутат болуп отурушкан аялдардын жетимиш пайызынын четтил билгенди биякка кой, компьютер менен иштей аларынан шегим бар. Коомду алдыга жылдыруу үчүн бийликте отургандар анын алдында жүрүүсү зарыл. Капитализмди беттеп бараткандан кийин анын табиятын, өнүгүү мыйзамын, алдыңкы технологияларын мыкты билгендер гана өлкөнү ошол жолго салалат. Муну менен эмне айткым келет? Нарындан же Баткенден кокусунан депутат болуп калган мейли мугалим, же врач аялдарга караганда, батыш же чыгыш өлкөлөрүнүн алдыңкы окуу жайларын бүтүрүшкөн, заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн, эки-үч четтилди билген кыз-келиндер көбүрөөк пайда келтирмек.
Башка өлкөлөрдө, өзгөчө батышта феминисттик, жөн да эмес, радикалдык феминисттик көзкараштагы аялдар парламентке келишип, аялдар үчүн көп иштерди жасашууда. Биздин парламентке аялдар келерин укканда, бейөкмөт сектордо иштеп жатышкан кыз-келиндер келет го деген үмүт болду эле, азыр эми кимдер келгенин көрүп жатабыз. Бейөкмөт сектордо иштегендердин көпчүлүгү кыз-келиндер экени белгилүү. Четтилдерди билип, азыркы технологияны, долбоор жазганды мыкты өздөштүргөндөр. Булардын бир кемчилиги - кыргыз менталитетин, тилин жакшы билбегендиги. Бишкектеги эларалык уюмдар менен иш алып барышып, аздыр-көптүр элге жарыгын тийгизгендер да ушулар.
Азыркы парламентте отурган аялдардын ичинен харизмасы бар, лидер боло турган жарк эткен инсан байкалбайт. Же партия жетекчилигинен коркушабы, партия сызыгынан бери баш салыша элек. Ошентсе да, квота менен болсо да аялдардын бийликте мындан ары кармалып калуусу үчүн жакшы шанс берилди. Болгону ошону колдон чыгарбай, бир чети эркектердин колундагы куурчак болуп кала бербей, өз алдынчалуулукка өтүп, аялдардын саясый клубун түзүүгө убакыт келди.
Аскер САКЫБАЕВА