Коомдук-саясый гезит
№15, 29.02.08-ж.

Меймансап
Форум




Даниядан сапар карытып келген Европа Санта-Клаустар ассоциациясынын президенти Роберт Росланд кызматын 20 жылдан бери өтөйт. Айтымында, Санта инсан эмес, ар бир адамдын жүрөгүндө жашаган жакшы жомок. Улуттар арасындагы биримдикке, кайрымдуулукка, боорукерликке үгүттөйт. Ал эми ирандык Хаджи Нооруз кышкы жаңы жылды эмес, жаз келишин жар салган, бизде да илгертен майрамдалган Нооруз майрамында келет. Хаджи Фируз да элдин бейкутчулугун жана тынчтыкты тилек кылат.
Ташкул Ата рух ордосу, Karven Four Seasons клубундай меймандос жерлерден кийин Борбор Азиядагы эң мыкты Каракол тоолуу лыжа базасына жөнөдүк. 3000 метр бийиктен ылдый жактагы Ысыккөлдүн көрүнүшү не деген керемет! Ал жердеги лыжа, сноуборд тепкен эс алуучулардын катышуусунда "Кыргызстан - туризм өлкөсү", "Кыргызстан - Санта-Клаус жери" деген бренди жайылтуу максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Аяз Ата меймандар алдына байыркы мамонттор менен тең жашап келаткан топоз менен келди. Мекенибизде тынчтык жана бейкутчулук орноп, кышкы туризм өнүгө берүүсүн тилек кылып, желим шарлардан куралган Санта-Клаус асманга учурулду.
Россиянын Вологда областынан келишкен Туризм комитетинин жетекчиси Плеханов Юрий Николаевич, губернатордун кеңешчиси Белов Валерий Николаевич жана Туризм комитетинин башкы кеңешчиси Памятов Олег Владимировичтер өз тажрыйбаларынан бөлүштү.
Мындан сегиз жыл мурда "Великий Устюг - родина Деда Мороза" долбоорун башташканда каршы көзкараштар, сын пикирлер болуптур. Бүгүнкү күндө Дед Мороздун резиденциясына жана жалпы Вологда областына жылына бир миллиондон ашуун туристтер каттап турат экен. Ал тургай, 2014-жылы Сочидеги кышкы олимпиаданын символу катары Дед Мороз кабыл алынган. Долбоор социалдык максатта башталып, экономика түптөөчү секторго өттү. Кыргызстанда болсо кеңири мүмкүнчүлүктөр бар, болгону аларды туура пайдалана билүү менен талыкпаган эмгек жумшообуз калды. Премьер-министр Чудинов Игорь Витальевич чет элдик меймандарды кабыл алып, биздин долбоорго эларалык коомчулук колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Кышкы каармандар балдар менен баарлашпай кете алышкан жок. Бишкектеги 4 жашка чейинки балдар үчүн атайы балдар үйүндө болушуп, аларга жаңы жылдык белектерин берип, оюндарды ойношуп, бактылуу балалык жана бакубат келечек тилешти.
"Кыргызстан - Санта-Клаус жери" биринчи кышкы фестивалынын соңунда иш-чара ийгиликтүү өткөнү тууралуу резолюция кабыл алынды. Келерки жылы фестиваль "Планета келечеги - балдардын кыялында" девизи алдында өтмөкчү.
Нуржан АЛЫМКАНОВА


 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


Пакистан. Өткөн жылдын октябрь айында Карачи калаасында оппозициянын лидери Бхуттого кол салуу болгон эле. Жардырылган бомбадан оппозициячыл айым аман калганы менен, 150гө жакын адам бейажал кеткен. Ушул жуманын башында Кары Сайфулла Ахтар бул ишке күнөөлүү деп шектелип, Лахор шаарында кармалды. Мындай маалыматты ички иштер министри Хамид Наваз таратты. Эскерте кетсек, Беназир Бхуттого декабрь айында дагы бир жолу кол салуу болуп, каза тапкан.
Чехия. Сентябрь айынан баштап бул өлкөнүн жарандары Америкага визасыз каттай алышат. Себеби, эки өлкө ортосунда визасыз каттоо тууралуу кол коюлду. Эскерте кетсек, мурдагы коммунисттик өлкөлөрдүн ичинен Словения АКШ менен визасыз режимге биринчилерден болуп өткөн.
Түркия. Шаршемби күнү Түркиянын расмий өкүлү Багдадда болуп, Ирактын жетекчилери менен жолугушту. 26-февралда Багдад Түркиянын Түндүк Ирактагы күрт козголоңчуларына каршы аскердик операциясын айыптаган эле. Өткөн жумада башталган операция маалында түрк аскерлери 150дөн ашуун күрт жикчилин жок кылган деген маалыматтар бар. Ушу тапта 2000ге чукул түрк аскери Ирактагы куралдуу кампанияга катышууда.
Армения. Шейшембиде Еревандагы башкы аянтта чогулган миңдеген адамдарга кайрылып, Саркисян оппозициячылар менен коалициялык өкмөт түзүү ниети бар экенин билдирди. Ал эми, "Эркиндик" аянтында шайлоодо жеңилген экс-президент Левон Тер-Петросяндын тарапкерлери 7 күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө.
Таиланд. 17 айдан бери өз өлкөсүнө биринчи жолу кайтып келаткан Таксин Чинават өткөн жумада аэропорттон полицейлер тарабынан кармалды. Ал мурда өлкөнүн премьер-министрлик кызматын аркалап келген. Камактан 268,5 миң доллар күрөөгө коюп, эркиндикке чыкты. Ал буга чейин коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп келген эле. Буга чейин ал Улуу Британияда жашап, "Манчестер Сити" футбол клубун 82 миллион стерлинг фунтка сатып алганы маалым. Таиландка кайтып келген Таксин мырза саясат менен алектенбей тургандыгын жарыя кылды. Ошого карабастан, крестьяндар арасында анын аброю өтө жогорку деңгээлде турат.
Грузия. Кечээ грузин эли оппозициядагы миллиардер саясатчы Бадри Патаркацишвили менен коштошту. Коштошуу аземи "Аркадий" резиденциясында болуп, миңдеген адамдар катышты. Британ эксперттери Бадринин өлүмүнүн себебин изилдеп, официалдуу жыйынтыгын жарыя кылалек.
WWW булактарынан даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan