Майкечен маек

Тайырбек САРПАШЕВ, "Туран" партиясынын лидери:
"Саясат таяке-жээн, классташ, жакын туугандар аралашканда бузулат"
Тайырбек мырза кыргыз саясатында өз орду бар инсандардын бири. Кетментөбөлүк шайлоочуларынын колдоосунун аркасында эки чакырылышта депутат шайланган. Анын кандай иштегенине эл тараза. Депутат кезинде айрыкча энергетика тармагына басым жасап, өз оюн тайманбай ачык айтып келди. Учурда аткарып аткан иштери, келечек пландары жөнүндө "Агымга" маек курду.

- Акыркы мезгилде үнүңүз чыкпай кетти. Эмне иш менен алектенип атасыз? Деги саясаттан кетейин деген оюңуз жокпу?
- Убагында делегация менен чет жактарга көп чыкчубуз. Ошондо тилден көп аксадым. Тилди тереңирек үйрөнбөсө болбойт экен. Муктаждыктан улам чет тилдерин үйрөнүп атам. Мындан сырткары, негизги кесибим болгон бизнести өнүктүрөйүн деген пландарым бар. Үнүбүз чыкпай калсале, саясаттан кетти деш туура эмес. Партиябыздын ишин улантып атабыз. Буйруса, эмки шайлоодо жеңишке жетебиз деген ойдомун.
- Шайлоо демекчи, парламенттен "Туран" партиясы орун ала албай, утулуп калды. Үгүт иштери жүрүп аткан маалда партия лидерлери бийлик менен сүйлөшүүгө барды, жок дегенде беш орун алат деген кеп тараган эле. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Шайлоонун өтүшү кыска убакытка белгиленип калбадыбы. Шайлоо кампаниясы башталганга чейин жана андан кийинки 40 күндүн ичинде биз көп иштерди жасаганга жетиштик. Түзүлгөнүнө 15-16 жыл болгон партияларды басып өттүк. "Туран" күчтүү улуттук идеологиясы бар программанын алкагында шайлоого аттанган. Жок дегенде дагы 20 күн болгондо, жыйынтык таптакыр башкача болот эле… Чындап эле бийлик менен "соодалашууга" барган болсок, анда парламенттен орун албайт белек. Ошондуктан, бул болбогон сөз. Учурдан пайдаланып, бизди колдогон жалпы кыргызстандык шайлоочуларыма силердин гезит аркылуу ыраазычылык билдирем.
- Жеңилүү ызасы оңой эмес. Дегеним, көп жылдан бери депутат болуп жүрүп, анан бир күнү эле парламентке келбей калганыңызды кандай кабылдадыңыз?
- Саясатта бул менин биринчи утулушум эмес. 1995-жылы шайлоого катышып, атаандашыма жеңилип калгам. Андан кийин эки жолу катары менен депутаттык мандатка ээ болдум. Адам саясый күрөшкө аттанып атканда, сөзсүз эле утам дебеш керек. Утулганга да даяр болушу абзел. Ар бир утулууда адам өзүнүн кетирген катачылыктарын дагы бир жолку күрөштө кайталабаганга аракет кылат. Кызматтан көтөрүлгөндө бой көтөрүп, түшүп калганда корунуп калуу - сыяктуу сапаттардан алысмын. Кандайдыр бир кызматка жетпей калуу мен үчүн трагедия эмес. Бүгүн утулсаң, эртең жеңишке жетесиң. Жашоонун мыйзамы ушундай.
- "Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет" деген накыл кеп бар эмеспи. Анынсыңарындай, кызматта жүргөндө жеке кызыкчылыктары үчүн мамиле кылган жарма достор көп болот. Деги эле саясый утулуудан кийин ким дос, ким кас экенин билдиңизби?
- Белгилүү акын Эсенгул Ибраевдин:
"Тайызга таш ыргытпа, терең чөкпөйт,
Ташбоорго жүрөк эзген кебиң өтпөйт.
Кеменгер кең акылын жайган менен,
Кемчонтой тар дүйнөгө салып өлчөйт" деген 4 сап ыры мага аябай жагат. Адамдын кандай экенин сыртынан билбейсиң да. Убагында санаалаш болуп, азыр тескери бурулуп кеткен адамдар болот экен. Мен аларга таарынбайм.
Дегеле адамдын мансабына, байлыгына карап дос болуу туура эмес. Жакында мен бирөө менен ушул тема боюнча маектештим. Ал айтат, убагында сени менен жакшы мамиледе жүргөн жакын досуң карабай кетти го деп. Мен ага: "Анын дос болбой калганы мен үчүн трагедия эмес, өзүнө" деп жооп бердим. Жандүйнө, абийир сындуу баалуулуктардан айрылып, бийликтин артынан чуркап, жүзүн жоготуп, марионеткага айланган адамдарды карап отуруп зээниң кейийт. Эми алардын колунан андан башка кандай жумуш келмек эле.
- Саясатты "сасык" дүйнө катары кабылдайт эмеспизби. Саясатчы катары, бул тармакка сиздин оюңуз кандай?
- Саясатты тар дүйнө, балит чөйрө деген туура эмес түшүнүк. Тескерисинче, саясый дүйнөгө таза эмес адамдар кирип алып, кутун учурушат. А чындай келгенде, саясат көп окуганды, илим-билимди, жеке принциптерди, руханий баалуулуктарды талап кылат. Саясат качан булганат? Таяке-жээн, классташ, курсташ, жакын туугандарынды аралаштырганда.
- Саясатчылардын ичинен кимди кумир тутасыз?
- Мурда саясый кумирим болгон. Бирок, азыр жок. Андан көңүлүм калган.
- Тамеки, аракка кандайсыз? Бош убактыңызда сауна, казинолорго барып эс аласызбы?
- Ушул кезге чейин тамеки менен аракка жакындай элекмин. Бош убактым өтө аз болот. Жекшемби күндөрү кол телефонумду өчүрөм, мени эчким таппайт. Эң биринчи эс алганым ошол. Бош убактымды үйбүлөмдүн, балдарымдын кашында өткөрөм. Кээде тоого чыгабыз. Китеп окуу мен үчүн жакшы эс алуу. Азарттык оюндарга барбайм жана барган эмесмин.
- Үйбүлө болгондон кийин казан-аяк кагышат эмеспи. Мындайда кимиңиздер биринчи кечирим сурап, компромисске барасыздар?
- Андай учурлар бизде чанда болот. Он жылдан бери бири-бирибизге түшүнүү менен жашап келебиз. Көп жаш үйбүлөлөр материалдык каражаттын жетишсиздигинен чыр-чатакка барышат. Бизде финансылык проблема дээрлик болгон жок.
- Кетирген катачылыктарды эстеп, өкүнгөн учурларыңыз болду беле?
- Эчкачан өткөн ишке өкүнбөйм. Адам келечегин ойлоп жашашы керек. Өкүнгөндүн ордуна кетирген катачылыгын оңдоп, алдыга умтулса гана жакшы жыйынтык болот. Өкүнүп, тагдырына таарынып жатып алгандан не пайда?
Маектешкен
Нурканбек КЕРИМБАЕВ