Фотоальбом
Арбир бактылуу көзирмем аңсезимде эмес, сүрөттө сакталып калганы жакшы. Сүрөт менен качанкы балалык, жаштык даамы келет. Жакшы күндөр эске түшүп, ошол кездеги сезимдер жүрөк аралап, көңүл көтөрөт. А биз сиз үчүн, окурман, белгилүү инсандардын сүрөттөрүн топтоп, сиздерге сунуштоого ниеткербиз. Бул ирет Арсен ӨМҮРАЛИЕВ атындагы Бишкек шаардык драма театрынын белдүү актрисаларынын бири - Динара АБДЫКАДЫРОВАнын фотоальбомун барактадык. Назар таштап коюңуз!
Динара АБДЫКАДЫРОВА театр босогосун алгач 1991-жылы аттаган. Кыргыз драма театрында үч жыл билим алды, ал эми театрга биротоло сүңгүшүнө Бообек Ибраевдин тарбиясы зор. Эки жыл иштеп, андан соң, Алматы шаарындагы Казак мамлекеттик Темирбек Жургенов атындагы театр жана кино институтун аяктап кайткан. Ошондон тарта ушул күнгө дейре Арсен ӨМҮРАЛИЕВ атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенип келет.
Алгач жараткан образы - Т.Абдымомуновдун "Жоробайдын жоруктары" драмасындагы Гүлдананын ролу
Жүрөгүнө эң жакын ролу: алгач жараткан образы
Ойногон ролдорунун саны - 20дай
Жараткысы келген образы: Томирис ханышанын, Курманжан датканын жана Ч.Айтматовдун Жамилясынын ролу
Актрисалык өнөрдөн сырткаркы таланты: ыр, испан жана чыгыш бийлерине болгон шыгы
Театрга мамилеси - "18 жашымдан бери театр деп жашап келем. Согуш маалында да Ташкентте кинолор тартылган эмеспи. Өлкөдө канчалык кыйынчылык болбосун, биздин милдет - элдин көңүлүн көтөрүү, маданиятын жогорулатуу. Биз театрга көңүл бурулбай калды деп мүңкүрөп калбай, милдетибизди аткара беребиз".
Туткан урааны: "Жашоо керемет!"