"Неудобный" суроого "удобный" жооп

Эки же андан көп аял. "Адилеттин" тамыры. Кыргызча билгендерге кошумча акы
Сиздердин 2008-жылдын 22-февралында "Агым" гезити аркылуу Адилет министри Марат Кайыповго узаткан "неудобный" сурооңуздарга төмөндөгүчө жооп беребиз.
Кыргыз Республикасында көп аял алууну киргизүүнү көп жолу аракет кылуу жаатында
Кыргыз Республикасында Адилет министри катары, мен тараптан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда жоопкерчилик караган, 153-беренесин алып салуу боюнча маселе көтөрүлгөндүгүн белгилеп кетем, себеби менин оюм боюнча, бул жоосун эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалана турган, оор кылмышка жатпайт.
<…> айтылган норма Кыргыз ССРи Советтер Союзунун курамында болгондон бери бар экендигин белгилеп кетким келет. Арийне ушул норма тандамал мүнөзгө ээ болучу жана ушундай жоопкерчилик мусулман союздун республикаларына карата гана каралган. Мындайча айтканда, Москвадан таңууланган, ойлоп чыккан кылмыш аракети эле.
Эки аял алуу жаатында жалпысынан айтсак, бир же бир нече аял менен никелешүү мүмкүнчүлүгү рационалдуу сунуш деп ойлойм, анткени бүгүн бир нече аял менен жашыруун жашаган эркектерге жашырынбастан ачыкка чыгып, мыйзамдуу негизде калган жубайларына ортодогу балдарды биргелешип тарбиялоодо материалдык колдоо көрсөтүүгө жана жашоо-турмуш жагдайларын түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгүн бермек. Андан тышкары ушундай мыйзам аялга жубайлык жана энелик укуктарын коргоого, анын ичинде, сот органдарында коргоого, эркектерди балдарды биргелешип тарбиялоого жана багууга мажбурлап тартууга, ошондой эле мурас маселелери боюнча өзүнүн жана ортодогу балдардын укуктарын коргоого шарт түзмөк.

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин кыргызча аталышы жаатында
Ушул жааттан Сиздердин көңүлдү "юстиция" деген сөздүн тамыры латын сөзүндө "Жастис" англис тилинен орус тилине "справедливость" деп которуларына бургум келет. Жогоруда айтылгандарга таянуу менен, расмий тилде "Министерство юстиции Кыргызской Республики" деп аталган мамлекеттик органдын аталышы, менин оюмча, мамлекеттик тилге "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги" деп которулганы туура.
Муну мен министр болуп келгенге чейин эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил комиссиясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги жөнүндө Жобону бекиткен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын жарлыгынын баштапкы редакциясында мамлекеттик тилде так ушундай аталышты камтыган болучу, атап айтканда, "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги" деген аталышты камтыган. Адилет министри деп мен эл алдында ант бергемин, ошондуктан антымды бузуп юстиция деп айта албайм. Антымдын расмий нускасын жөнөтүп койдум далил катары.

"Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз республикасынын Мыйзамы жаатында
Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгеси боюнча иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2007-жылдын 10-октябрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга келип түшкөндөн кийин ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине ал боюнча укуктук корутунду алуу үчүн жөнөтүлгөн.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги аталган Мыйзамды укуктук экспертизадан өткөрүп, 2007-жылдын 13-ноябрында ?02-1/9126 корутундусун берген. Ал корутундуда Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин аталган Мыйзамда орун алган карама-каршылыктарга карата болгон сунуштары чагылдырылган.
Ошол эле мезгилде, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги "Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуунун зарылдыгы жоктугу же максатка ылайыксыздыгы жөнүндө корутунду берген эмес. Бул сурооңуздар жалаага окшоп жатат. Ошондуктан ким адилет министрлигин күнөөлөгөнүн айтып коюңуздар "агымчылар".

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзө алган кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөөлөр жаатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы ?612 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги жөнүндө Жобонун12-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Адилет министри министрликтин тутумунун кызматкерлерин акчалай сыйлоо укугуна ээ.
Ушул чара кызматкерлердин ишин акчалай сыйлоо мүнөзүндө болгондуктан бул Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзө албаган кызматкерлеринин укуктарын эч кандай бузбайт.
Ошону менен бирге, белгилеп кетебиз, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери, ченемдик укуктук актылары жана башка чечимдери мамлекеттик тилде кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат. Мамлекеттик тилдеги документ түпнуска болуп эсептелет.
Мындан тышкары аталган Мыйзамдын 14-беренесине ылайык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

Публикага чыгуулар жаатында
Жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирүүлөрүм жаатында айтсак, алар маалыматтык гана мүнөзгө ээ, Адилет министрлигинин иши жөнүндө коомдун кеңири чөйрөсүнө жеткирүү максатын гана көздөйт.
Министрдин орунбасары Б.Бекиев

Редакциядан
Министрдинби, министрликтинби, же орунбасар министрдин жообубу, айтор чыгынып жооп бергениңиздерге ыракмат. Жоопту болор-болбос кыскартуу менен жарыялаганыбызга кечирим сурайбыз. Кыскарган саптар биздин суроого түз тиешеси жок, көпчүлүккө белгилүү маалымат экен. Жооптун орфография, пунктуациясы сакталды. Бул ашыра сыйлык алып жатканы менен министрликте кыргыз тилинин абалы анчалык деле суктанарлык эместигин эскертет.
Арийне, министр да, министрлик да биз берген суроо тамырын так кармай албагандай таасир калтырат. Айталы, биз эки же андан көп аял алуу маселесин Кыргызстан жараны катары козгоого толук укугуңуз бар, а юстиция министри катарычы деген мааниде маселе койгонбуз. Не дегенде, юстиция министрлиги аракеттеги б.а., ЖК кабыл алып, өлкө президенти бекиткен мыйзамдарды жарыя талкууга айландырып, анын туура же туура эместигинен күмөн саноого эмес, аны көздүн карегиндей сактап, аткарууга милдеткер деген түшүнүктөбүз. Ошондой эле юстиция министри тигил тараптын дагы, бул тараптын дагы саясый таламын талашпаган, коргобогон калыс позиция тутууга тийиш деп эсептейбиз. Тилекке каршы, биздин министрдин аркандай талаш-тартышта Акүй саясатын гана актап-жактаган бир жактуу позициясы антип айттырбайт. Жооптогу ал "Адилет министрлигинин иши жөнүндө" маалымат дегени, албетте, күлкүдөн башка эчнерсе чакырбайт. Юстиция министрлигинин негизги багыты, биздин оюбузча, коомду укуктук жактан агартуу, укук маданиятын калыптандырууга багытталса болмок. Идея жүзүндө. Ал жаатынан алгылыктуу аракет байкалбайт.
Туура, "юстиция" орус тилине сөзмө-сөз "справедливость" деп которулат. А эмне үчүн Россия "Министерство справедливости" деп которуп албайт. Анткени анын сөзмө-сөз котормосунан башка да семантикалык маани-маңызы бар. Энциклопедия сөздүгүн караңыз: "1) Правосудие; 2) система судебных учреждений; судебное ведомство". Байкап атасызбы, бардыгы сот адилеттигине, мамлекеттин сот иштерине байланган, jus - укук деген сөз. Ал эми "соту" түшкөн "адилет" деген сөз баарыдан мурда социалдык моралдык принцип менен норма маанисине жакын экендигин казак-кыргыз дардаңпоз "патриоттору" эске албаганы өкүнүчтүү.
Ал эми "Кайрылман статусу" тууралуу бизге кайрылган Өзбекстандан келген кандашыбыздын аты-жөнүн ачпай койгонубуз оң. Анткени куугун-сүргүнгө каламбы деп коркот экен.