"Акжол" акыйкатка чакырат

Ибрагим Жунусов:
"49 жылдан кийин балдарыбыз бетке түкүрбөйбү?"
Бүгүн бизди бүтүн Кыргызстан карап турат. Ошол эле учурда оппозиция да парламент ушул келишимди өткөрсө, азыркы бийликти аңтара чабууга аз да болсо шыпаа болот эле деген ойдо алакан ушалоодо. Казакстан Көлгө төрт жылдыздуу, үч жылдыздуу отелдерди курса, биздин эл ошол жерде иштейт деп, биз ошого макул болуп жатабыз. Ал жакта да биздин кыргыздар казактардын колунда иштөөдө. Бул жерде алардын колуна иштеп берет деп макулдугубузду берип, ошого ыраазы болсок, анда биз коркоктун коркогу экенибизди көрсөтөбүз. Мына, Казакстан президентинин резиденциясына карап көрүңүздөр. Резиденция берилгенден мурда 7 метр ары жагында дубалы бар эле. Резиденцияны бүткөндөн кийин жанагы дубалды жолдун ортосуна чыгарып, тротуарды дагы жарым метр бул жакка коюп туруп орнотуп алышкан. Аны баардыгыңыздар көргөнсүздөр. Ошол жерде эл малын айдап кетип жатканда машина уруп кеткен адамдарга дагы эчким жооп берген жок. А биз уруксат берип жатабыз бүгүн дагы. 49 жылга берсек, бизде калат деп жатасыз урматтуу Турдумамбетов мырза. 49 жыл эмес, 9 жылга берсеңиз дагы кийин бул нерсени алалбайсыз. Мына Советабадды 25 жылга бергенбиз. Мен Советабадга чектеш жерде жашайм. Ошол жерде Карабагыш деген кыргыздын айылы калып калды. Советабадга курулган имараттар Кыргызстанга тиешелүү болчу. Азыр жер да, имараттар да Өзбекстандын карамагына өттү. 25 жылга берилген келишимдин бүткөндүгүнө 20 жыл болду. Бир сотых эмес, бир метр жерин бүгүнкү күндө алалбайбыз. Алганга күчүбүз жетпейт. Шахимарданды канча жылга бергенин эчким билбейт? Шахимардандын бир укум жерин да азыр алалбайбыз. Себеби, биз күчсүз мамлекетпиз. А бай мамлекет бүгүнкү күндө бизди башкарып, зекип турат. Биз ага өзүбүз уруксат берип, башыбызды ийип отурабыз. Мына, жөнөкөй эле мисал алып көрүңүз. Кошунаңыз бай болсо, жөнөкөй эле үйдө кошунаңыз менен сиз жашасаңыз, кошунаңыз бүгүн сиздин үйүңүздүн ичине, кечирип коюңуз, улуу сөздө уят жок, туалет курса, ушул туалет ушул жерде туруп турсун, жер сеники, туалет меники десе, сиз макул болосузбу?
А бүгүнкү күндө биз "хоп майли" деп колду көкүрөккө коюп Каркырадагы канча бир жүз гектир жерди, Көлдөгү 4 пансионатты бергенге макул болуп отурабыз. Буга кол коюлган деп жатасыз, урматтуу Турдумамбетов мырза. Ошол келишимди карасаңыз, өзгөрткөнгө уруксат деген жери бар. Туурабы? Өзгөрткөнгө уруксат, өзгөртөлү муну. Эгерде биз кол коюп койдук эле деп баардык нерсени бере берсек, эртеңки күнү бизди эл эмне дейт? Көл-эне силерди кечирбейт. Көл-эне кыргызды кечирбейт. Бүгүнкү күндө силер ушул нерсеге барып, ушул нерсеге макул боло турган болсоңуздар. Көл-эненин кусурунан өткөн кусур жок. Биз бүгүн буга макулдук бербешибиз керек. Анан эртең көрөм, оппозиция биринчи ушул нерсени айтат. Мына булар сатып жиберишти, "Акжол" партиясы дейт.
Өзбекстан эртең эле чыгат "Рахат" биздики, бизге бергиле деп. Эмне үчүн Казакстанга бердиңер, бизге бербейсиңер деп. Мына, чыкты бүгүн. Эртең аларга дагы беришибиз керек. Себеби, Советабадды дагы бергенбиз, Шахимарданды дагы бергенбиз. Эртең "Рахатты" беребиз. Бүрсүгүнү Бишкектин ортосундагы жерлерди өткөрүп беребиз. 49 жылдан кийин биздин балдарыбыз эмне дейт? 49 жыл мурда менин атам, менин апам ушул парламентте "Акжол" партиясынын атынан отурганда ошолор добуш берип өткөрүп койду эле деп биздин балдарыбыз дагы жер тиктери шексиз.
Туристтер деп жатасыздар. Туристтер келип жатат. 13 миллиард сом пайда алып келип жатат. Ушул 4 эле пансионатты бербей койсок, туристтер бизге келбей калабы? Ушул 4 пансионатты бербей койду деп бизге Россиядан туристтер келбей коебу?
Мына, Байкоңурду алалы. Советтер Союзунда курулган. Казакстан алып калды. А бүгүн Казакстан Россияга Байкоңурду мынча миллион, мынча миллиард төлөбөсөңөр, ракета учурбайсыңар деп жатат. А биз болсо бекерге бергенге даяр болуп отурабыз.
Эң жаман көргөн Акаевдин тушунда сатылбаган, Акаевдин тушунда парламенттен өткөнгө уруксат бербегенди, эмне үчүн бүгүн өткөрүшүбүз керек? Эмне үчүн биз жаман көрүнүшүбүз керек бүгүнкү күндө?
(Макала депутаттын "Акжол" фракция жыйынынында сүйлөгөн сөзүнүн негизинде даярдалды)