Коомдук-саясый гезит
№19, 14.03.08-ж.




  Сыраяк

Ташкул Керексизов шаман менен бакшынын сырын ачабы?
Мага Ташкул Жанузакович менен маектешкен жагат. Адамдын аурасы, табияты деген болот да.
Бу кишиден бир башкача сырды байкайм. Анын мазмуну да ушунда. Окурмандарга биздин ортодогу сырлардын чекесинен тартуу этели. Айтмакчы, Ташкул мырза Батышта китепке жазылып, телеберүүсүндө чыгып жүргөнүн укканым бар. Анүстүнө аякта шаманга да байлашат экен. Оозунан угалычы.
- Батышта мени шаман деп коюшат. Сага көрсөткөн китептерде, баягы Франциядан чагылдырган телеберүүдө да мени шаман деп белгилеп атышпайбы. Бул эми алардын баасы. А менин жайым башка.
- Олигарх дегендин негизги маанисин кандай кабылдайсыз? Сизге ушу бааны да берип жүрүшөт го?
- Олигархты латын сөзүнөн которсоң, бакшы дегенди туюндурат.
- Сиздин "Рух-Ордодо" да ушундай сырлар камтылса керек…
- Сырлары көп. Мисалы, Саякбай ата көздөрүн жуумп, оң колунун чыпалагы жерди карап турат. Бул "атаңдын көрү дүнүйө" деген кеп. Мында эгемендүүлүктүн 15 жылдагы башыбыздан өткөн ачуу-таттуусу бар…
- Сыйкыр дейсизби?
- Мен айтпай келдим да. Бакшыныкы сураган кишиге айтат, сурабаганга айтпайт. Бул - принцип.
- Сизди батыштыктар китепке жазып атышыптыр го…
- Мынабул Америкадан чыккан Библияны, анан жанагы Франциядан жарык көргөн китепти окубадыңбы, буларга "мени жазып койчу" деп акча төлөп аткан жокмун да. Өзүлөрү мени жазышып, китептерин берип атышпайбы. Ушулар боюнча силерге айтып, мактансам эмне болот? Барк кетет. Сен сурагандан кийин гана айтып атпайымбы.
- Сиз акчаны кайдан табасыз? Эчтекем жок дейсиз да, анан килейген "Аалам-Ордону" куруп атасыз.
- Бүт дүйнөдөн үйгө келген миңдеген коноктордун ичинен, мисалы, ону ааламдын мыйзамдарын, касиеттерин түшүнгөнү, сезгендери кездешет. Алар акчаны сыйлашат, кызганышат. Бирок биздин эл-жерди, Көлдү көрүп жандүйнөлөрү козголуп (өзгөчө бозүйдөн комуз күүлөрүн укканда), каражат жагынан жардам кылууга өзүлөрү умтулушат.
- "Аалам-Ордодон" да учкай кыстыра кетсеңиз?
- Манас, Шамбала, Умай эне, Адам ата - булар аалам мыйзамдары. Кыргыздын касиеттери. А жердеги Умай эне касиети менен сакталып турат. Бизде биримдик кетип, ынтымак-ырыс чачылуу коркунучунда эмеспи. Бардыгын акча чечкен мезгилдин апаатына кабылдык. Бул коркунучтуу. "Аалам-Ордо" жайгашкан жердин өзүндө, Ысыккөлдө, тоосунда ачылбаган сыры жатат. Убакыт келгенде баары түшүнөт.
- А неге жол боюна куруп атасыз?
- Жолдун боюна куруп атканым чоң олжо. Өткөн адамдардын ойун, ниетин оңдоп-түздөп турарын сезем. Ал эми а жерди көргөн адамдардын кулк-мүнөзү кандайча өзгөрөрүн убагында көрөлү.
- Тоого да курулуш пландап аттыңыз эле…
- Кудай буйурса, кийинки курулушум тоонун үстүнө жайгашат. Ал жер руханий дүйнөнүн ачкычы болот дебей турайынчы. Убакыт көрсөтсүн.
- "Аалам-Ордо" курулат деп баягы бир сүйлөшкөндө айттыңыз эле. Аткарып атасыз. Эми тоого Шамбала курасызбы?
- "Аалам-Ордо" сырларын сурагандарга түшүндүрүп, чоо-жайын айтып берсе болот. Бирок кийинки курула турган тоо үстүндөгү Шамбаланы түшүндүрүп айтып берүү мүмкүн эмес. Адамдар ички туюму, тазалыгы аркылуу бирдемени сезишет. А жерде үн угулат, музыка чыгат. Анан айкелдер, сүрөттөр, таштар жайгашат. Ар кайсы убакта, доорлордон бери касиети өзгөрүлө берет. Шамбаланын.
- Нострадамус боюнча эмне айталасыз?
- Ал оракул болгон.
- Толубай сынчычы?
- Ал бакшы.
- Шамандан бакшынын айырмасы эмнеде?
- Шаман дүйнөдөгү көп калктарда болгон. Алар белгилүү бир чөйрөгө, өзүнүн уруусуна кызмат кылган. А бакшы болсо аалам сырларын адамзатка ачып берген. Буга кенен ой жүгүртүү талап этилет. Кыскасы, шаман менен бакшынын айырмасы асман менен жердей…

Маектешкен Асланбек САРТБАЕВ














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan