Коомдук-саясый гезит
№20, 18.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Прагадан сүйлөйбүз!

Амирбек Усманов:
"Чехтердин кыргыздарга окшош эмес жактары көп"
Маектешим 13 жылдан бери Прагада "Азаттыктын" журналисти. Чехия маданияты,
каада-салты, билим берүү системасынын бүгүнкү күндөгү акыбалы жөнүндө интернет аркылуу баарлаштык. Сөз арасында кыргыз журналистикасынын учурдагы акыбалы жөнүндө кеп кылууну да унуткан жокпуз.

- Амирбек мырза, алгач өзүңүз, үйбүлөңүз жөнүндө азыноолак кеп кыла кетсеңиз.
- Cанкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин бүткөндөн кийин эмгек жолумду Кыргыз Республикасынын Борбордук статистика башкармалыгында баштагам. Кийин Кыргыз телевидениесинде комментатор, "Алатоо" маалымат программасынын башредактору, саясый баяндамачы, коммерциялык бөлүмүнүн башчысы, вице- президент болуп иштедим. Анын арасында бир жыл "Заман Кыргызстан" гезитинде социалдык- экономикалык бөлүмдү жетектегем. Жубайым Зыйнагүл Санкт-Петербургдагы киноинженерлер институтун аяктаган. Азыр үйдүн туткасы. Чоң уулум Сейитбек - 22 жашта, Канаданын Торонто университетинин Коммерция факультетин аяктоодо. Кызым Саадат - 21де. Прагада Мейманкана менеджменти адистигинде окуйт. Кенже уулум Муктар - 6-класстын окуучусу.
- Кыргызстанда коррупцияга аралашкан чиновникке ММК далилдүү фактылар менен миң кайталаса да эчкандай реакция болбойт. Кылмыш жообуна тартылбайт. Дегеним, Чехияда ММК таасири кандай?
- Чехияда материал жарыялангандан мурда өтө терең журналисттик изилдөө жүргүзүлөт. Чиновник оңой менен танып кете албаган далилдер менен. Мисалы, былтыр Чех полициясынын президенти (Ички иштер министринен кийинки экинчи же үчүнчү адам) эртең менен кызматка келатып, машинесин 180 чакырым ылдамдыкка жеткире айдайт. Аны күнүмдүк нускасы жарым миллионго чейин жеткен өтө популярдуу "Млада фронт Днес" гезитинин фотокорреспонденти сүрөткө хронометражы менен кошо түшүрүп алган экен. Бул окуяны чехтер жабыла талкуулашты. Гезит:"Ушундай адам полициянын президенти боло алабы?" деген суроо менен карапайым адамдардан тартып, министрлер, атактуу артисттер, айтор, ар кимдин пикирин сурамжылады. Жол эрежесин өтө орой бузганы үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурап, өз ыктыяры менен балдар үйүнө 10 миң крон (500 долларга жакын акча) которду. Анан кара басып, беш күндөн кийин дагы жаңылып отурбайбы. Бул ирет саатына 130 чакырым ылдамдык менен жүрчү жерде 150нү басыптыр. Муну "МФД" кабарчылары гезитке чагылдырып, кайрадан талкууга койду. Гезит беттеринде, радио менен телеканалдарда полиция президентинин жол эрежесин бузганы бир айга жакын дембе-дем талкууланып жатты. Полиция президенти уяттуу киши экен, мындай шартта иштей албайм деп, өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Коомчулук ошондон кийин гана тынчыды. Бул мисалды чоюп айтып жатканым, бул Чехиянын, жалпы эле Батыштын маалымат каражаттарынын иштүү ыкмасы. Мамлекеттик кызмат адамдары болобу, менчик ишканалардын жетекчилери болобу, маалымат каражатындагы терс кабарга ошол замат жообун өздөрү же өкүлдөрү аркылуу билдиришет. Гезиттин же телерадионун кабары боюнча фискалдык органдардын, полициянын кылмыш ишин ачкан мисалдарын айта берсек толтура.
- Прагадагы телеканалдардын, радиолордун бүгүнкү күндөгү акыбалы кандай?
- Чехияда жалпы улуттук төрт- беш телеканал бар. Өкмөттүк телевидение ЧТ деп аталат. Менчиктер "Нова" жана "Прима". Өкмөттүк каналга караганда, жеке "Нова" бир кыйла популярдуу. Бул телеканалдар берген жаңылыктарды же материалдардын мазмунун карап отуруп, кайсынысы өкмөттүк, кайсынысы менчик экенин чехтер өздөрү деле айта алышпайт. Мен билгенден, өкмөттүк каналдын ишине не президент, не парламент түздөн-түз киришпейт. Ырас, анын 15 адамдан турган Байкоочулар кеңешин, башкы директорун парламент алты жылга дайындайт. Кеңештин беш мүчөсү ар эки жылда алмашып турат. Бул мөөнөттө аны өтө эле жүйөлүү себептерден, айталы, финансылык тартип бузуу же элге шерменде болгон бир иши болбосо, эч кимдин кызматтан алууга акысы жок.
Ошон үчүн Башдиректор мамлекеттик телевидениенин ишин мыйзам чегинде жүргүзүп, турмушта болгон окуяларды так чагылдырат. Журналисттер да кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн материал даярдаган болсо, кызматта көпкө турбайт.
ЧТ радиосунда да ушундай. Мурда чогуу иштешип кеткен таанышымдан силердин ишке өкмөт киришеби десем, азырынча менде андай маалыматым жок деди. Ал азыр коомдук ЧТ-6 радиосунда иштейт.
- Кыргызстандагы басылмалар менен Прагадагы гезиттердин ортосунда кандай айырмачылыктар бар? Өзүңүз жакшы билгендей, биздеги гезиттердин көпчүлүгү саясатташып кеткен. Экономика, медицина сыяктуу маанилүү тармактарды чагылдыргандары жокко эсе…
- Ооба, кыргыз гезиттери ашыкча саясатташып кеткендей таасир калтырат. Анан да бардык эле гезиттер 15-20 жыл мурда жок "төшөк" темасын тамтыгын чыгара орой, маданиятсыз жазып атышат. Менин үйбүлөм дайыма жазылып окуган "Млада фронт Днес" гезити жумасына алты жолу чыгат. Анын апта ичинде кошо келчү аялдарга, модага арналган атайын тиркемелери да бар. Ушул гезит бардык темага адистешкен. Жеке адамдын күнүмдүк турмушунда болчу жана жашоосу үчүн маанилүү бардык саясый, социалдык, экономикалык, маданий темаларды, анын ичинде кайсы автомобиль үнөмдүү, дүкөндөн сатып алган кайсы суу сапаттуу, кантип туура тамактануу керек экенин, кантип радиотехниканы тандаса болорун жана башка ушул сыяктуу бардык темаларды чагылдырып турат. Бул темалар ар бир адам үчүн жөнөкөй тилде жазылган. Ишемби күнкү санында, жазуучу, адабиятчы, сүрөтчүлөр менен кенен төрт баракка чейин маектер басылат. Мени алиге суктандырганы, 10 миллион калктуу Чехияда бир эмес, бир нече саясый-экономикалык, ошондой эле компьютерлер, видеотехника, курулуш, архитектура, автомобилдер, фото өнөрү, үйдүн ички мейкиндигин көркөмдүү пландоо, ландшафты же табигый чөйрөнү кооздоп дизайндоо, темир усталык, жыгач усталык, дыйканчылык, балык уулоо, мергенчилик боюнча беш-алтыдан журнал бар. Айтор, бир нерсенин артынан түшөм десең, ал боюнча да чех тилинде чыккан журналды табасың.
- Билим берүү тармагыбыз коррупцияга белчесинен баткан чагы. ЖОЖдордо пара бермей күндөн күнгө күчөп барат. Студенттердин көпчүлүгү билим албай эле, акчанын күчү менен дипломго ээ болуп аткандай. Чехияда билим берүү системасы кандай жолго коюлган? Жаштардын илим-билимге болгон мамилесичи?
- Эми паракорчулугу жок өлкө болбосо керек. Маселе, анын деңгээлинде. Мына, сен Кыргызстандын билим берүү тармагы парага белчесинен баткан деп жатасың. Анын себеби, бир жагынан экономикадагы абалга жана элдин аң- сезимине байланыштуу го… Окуу жайларда паракорлук бар дегенде, ал үчүн ким шарт түзүүдө деген суроону коюш керек. Мында эң биринчи кезекте азыркы окуу системасы жана андай системаны түзгөн адамдар жооптуу. Студент окубаса, сабакты билбей сынактан өтпөсө, эмне үчүн аны сүйрөш керек? Система дегенимдин жөнү бар. Эки балам университетте окуйт. Сөзүмдүн башында айтып кеткендей уулум Канаданын Торонто университетинде төртүнчү курста. Окуусу бекер эмес. Непада ал кайсы бир сабактан экзамен тапшыра албай кулап калса, жайкы каникул учурунда ошол сабагын кайра окуп, тапшырышы абзел. Ал сабак үчүн кайра акча төлөйсүң. Чыдасаң жана жөндөмүң жетсе оку, болбосо таштап кете бер. Эми Чехияны айтсак, университетте окууну каалаган бала мектептен жакшы окуп, гимназияга кириш керек. Эгер гимназияга жарабай калса, анда ал бала үчүн бекер билим берген мамлекеттик ЖОЖдун эшиги жабык. Начар окуган бала Прагадагы Карлов университетинен бир орунду кеминде 10-12 абитурент талашкан юридика факультетине же медицина факультетине, болбосо, Жогорку экономикалык университетке эч качан өтө албайт. Өтсө да аны бүтө албайт.
- Прагада жашоо-шарт бизге караганда жогору болсо керек?
- Чехияда, өзгөчө Прагада элдин жашоо-шарты жакшы. Ошон үчүн кыргыздар, өзбектер, армяндар, украиндер 4-5 миң доллардан төлөп, башын тобокелге салып, мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жолдор менен келип жатпайбы. Акыркы маалымат боюнча Чехияда орточо эмгек акы 23 435 крон, бул 1440 доллар. Прагада орточо айлык 1700 доллардан жогору.
- Чех элинин маданияты, салт-санаасы, жашоо өзгөчөлүгү жөнүндө да кеп козгоп берсеңиз. Биздикине окшош жактары бар бекен?
- Мен үчүн чехтердин кыргыздарга окшош жагынан көрө, окшош эмес жактары жөнүндө айтып берген оңой. Эң маанилүүсү, коңшуларың кечкисин саат тогуздан кийин музыканы бакырта коюп бийлеп же катуу сүйлөшүп тынчыңды албайт. Шаарда мектеп жашындагы 14-15 жашка чейинки балдар негизинен саат сегизде, кечиксе, тогузда төшөккө жатып калышат. Ошон үчүн кечкисин жаш балдарды көчөдөн сейрек көрөсүң. Мас болуп алып бөтөн бирөөлөргө тийишкен же өкүрүп-бакырып сөгүнгөн, жакалашып мушташып аткан адамдарды көчөдөн өтө аз жолуктурасың. Прагада түрдүү тилдеги мектептер бар. Ал мектептерде чехтердин да балдары окуйт. Анткен менен өз тилинде сүйлөй албаган чех жок. Алар өз тилин өтө урматташат.
- Кыргызстанга качан кайтып келейин деген оюңуз бар? Балким, мекениңизге келип, кыргыз гезиттерине окшошпогон жаңы үлгүдөгү басылма ачаттырсыз?
- Албетте, бешенеге жазган күнү Кыргызстанга үйбүлөм менен кайтып барам. Келгенде эмне иш кыларымды азырынча билбейм. Бирок, колумдан келсе жана мойнум жар берсе, акын Эгемберди Эрматов сыңары айылда жашап, шаарга каттап иштемекмин. Менимче, илимдүү- билимдүү кыргыздардын Бишкек менен Ошко топтолуп алганы туура эмес. Акын Кожогелди Кулуев Оштон Бишкекке кеткенде шаар бир кутун жоготту деп катуу өкүнгөм. Ал Ошто турганда чыгармачыл жаштардын адабият ийримин ачып, аларга поэзиянын алиппесин үйрөткөн. Ыр жыйнагын чыгарууга жардамдашкан. Азыр бул агартуучулук ишти ким аткарууда? Жалгыз Эрматов.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan