![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №20, 18.03.08-ж. |
Меймансап Форум Жолтикен Ойношуна өчөшүп, наристени өлтүрдү Аида менен Жекшендин үйбүлө куруп жашаганына он жыл болгон. Ортолорунда Кубаныч деген уулу бар. 2006-жылы, январь айында көпчүлүктүн шары менен акча таап, жакшы жашайлы деген кыязда Аида Москва шаарына иштегени кетет. Кичинекей уулун күйөөсүнө калтырып, ай сайын акча салып, телефон менен сүйлөшүп турчу. Арадан бир жыл өткөндө, 2007-жылы январь айында Кубанычты таянесинин үйүнө жеткирип берген Жекшен анда-санда чыга калчу курулуш иштеринде иштеп жүрчү. Аялы Аида Москвага кеткенден баштап, бул жактан Элмира деген аял менен көңүлдөш болуп, атүгүл аны менен чогуу жашай баштайт. Аиданын Москвадан салган акчаларын Жекшен бул жактан көңүлдөшү менен көңүл ачууга жумшайт. 2007-жылдын июнь айында Аида менен Жекшен телефондон сүйлөшүп атып, урушуп кетет. Алардын негизги урушу Аиданы эмне үчүн акчаны аз саласың деген Жекшендин жемеси эле. Арадан бир ай өткөндө, август айында Аида Москвадан келип, өзүнүн денсоолугун карап, дарыланат. Бул учурда Жекшен экөө чогуу жашабай калышкан. Уулу Кубаныч 1-класска барат деп анын камын көрүп, эжесинин үйүндө жашап жүрөт. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Жекшен Аидага келип, Кубанычты бетине кармап, уулубуз тирүүлөй жетим болуп калбасын деп кечирим сурайт. Аялдын жүрөгү назик болот эмеспи, эринин анын көзүнө чөп салып, башка аялдар менен жүргөнүн билсе да, ортодогу уулубуз атасыз өсүп калбасын деген кыязда аны кечирип, баягыдай бир бүтүн үйбүлөгө айланышат. Бир айга чукул чогуу жашап калышкан Аида менен Жекшен Москвага иштеп келүү планын курушат. 14-февраль күнү Жекшен Аида экөөнүн паспортторун, акчаларын көтөрүп, Москвага билет алуу үчүн кайнагасынын үйүнө келет. Ал жерге акчаны, документтерди таштап, өзү көңүлдөшү Элмиранын үйүнө жөнөйт. 22 же 24-февралда Аида менен Жекшендин Москвага кетерин уккан Элмира чыр салып, экөө урушуп кетет. Экөөнүн эрди-катынча чогуу жүргөндөрүнө бир жарым жылча болгон экен. "Мен сени Аида менен Москвага жибербейм! Кандай жол менен болсо да алып калам" деп кекенген Элмира Жекшенге тиш кайрыйт. Бул аялдын колунан эмне келет эле деген кыязда Жекшен кол шилтеп баса берет. Ошол каргашалуу 21-февраль күнү Аида менен Жекшендин уулу Кубаныч эртең менен мектепке кеткен боюнча кайрылып келбейт. Анын дайынсыз жоголгонуна тынчсызданган ата-энеси тааныштарынан, баланын досторунан сурашып, акыры милицияга кабар беришет. Баланы кимдер уурдап кетиши мүмкүн деген шектүүлөрдүн ичинде Жекшендин көңүлдөшү Элмира да бар эле. Аны суракка алганда Кубанычты көрбөгөндүгүн айтып, карганып да жиберет. 21-февралда кеткен Кубанычтын жансыз денесин 25-февралда Токмок шаарындагы автобекеттен табылат. Кийин, кичинекей Кубанычтын өлүмүнө себепкер Жекшендин көңүлдөшү Элмира экени анык болду. Москвага Жекшенди жибербей алып калуу максатында Элмира Кубаныч окуган мектепке барат. Анын мектептен чыгаар маалын күтүп, аңдып отурат. Эч нерседен капары жок Кубаныч мектептен чыгып келатканда Элмира аны алдап, өзү менен кошо Бишкекке алып келет. Буга чейин Элмираны атасы менен чогуу жүргөнүн анда-санда көрүп калчу Кубаныч андан чочулабай эле, ээрчип кете берет. Элмира аны шаардагы тааныштарынын улам биринин үйүнө алып барып камайт. Оозуна бир тоголок нан бербей, баланы ачка кармайт. Арадан төрт күн өткөндө Токмокто ызы-чуу салып, Кубанычты издеп жүргөн ата-энесине билмексен болуп жеткирип коюуну чечет. Кубанычтан ата-энең ким менен жүрдүң десе, эмне дейсиң деп сурайт. Элмира эже менен жүрдүм деп айтам деген Кубанычка жини келип, кылмышынын бетин жашыруу максатында балага күчтүү дарыларды берет. Чоң дозадагы күчтүү дарыларды ачкарын ичкен бала шалдырап, басалбай кыйналат. Ушинтип дары берип койсом, эс-акылын жоготуп ким менен жүргөнүн айталбай калат го деген ой менен Элмира Кубанычты Токмокко алып келип, дагы бир сыйра сурайт. Бирок, Элмира ойлогондой чыкпай, Кубанычтын акыл-эси ордунда экен. Автобекеттин жанындагы дарбазага баланы отургузуп, башка-көзгө койгулап, уруп, сабай баштайт. Ары-бери өткөндөр эс-учун улам жоготуп, кыйналып аткан баланы талма оорусу бар го деп ойлошот. Кубанычка кыжыры келген Элмира жини менен аны муунтуп, биротоло жантаслим кылат. Муунтуп аткан аялга Кубанычтын каршылык көрсөткөнгө да дарамети жетпейт. Баланы өлтүргөндөн кийин, аны ошол жердеги көлчүккө таштап, Элмира эчнерсе болбогондой Бишкекке кетет. Кубанычтын өлүмүн автобекетте иштегендер көрүшүп, дароо милицияга кабар беришет. Төрт-беш күндөн бери дайынсыз жоголгон Кубанычтын өлүгүн таануу максатында ата-энесин чакыртышат. Бул учурда өлгөн баланын денеси али сууй элек эле... Ошол жердеги күбөлөрдүн айтуусу менен Элмира дароо эле милициянын колуна түшөт. "Менин бул кылмышка тиешем жок!" деп карганып, какылдап күнөөнү мойнуна албай атып, акыры күбөлөрдүн жардамы менен кылмыштын бети ачылды. 1969-жылы Нарында төрөлгөн Кашкарова Элмира мурда да оор кылмышты жашыргандыгы үчүн сот жообуна тартылган экен. Өзүнүн 14 жана төрт жаштагы эки баласы бар. Азыр темир тордун ары жагында соттун чечимин күтүп отурат. Уулу Кубаныч жаңы жоголгондо Аида чырылдап, "ушул сенин ойношуң Элмиранын эле колунан келди окшойт, жүрөгүм сезип атат" деп ыйлаганда Жекшен: "Элмира да сен сыяктуу эне. Сен ойлогондой мыкаачы аял эмес. Баланын кандай экенин сенден жакшы билет. Андай жаман иштерге ал барбайт" деп көңүлдөшүнө болушуп, чаң жугузбай мактаган. Эми көңүлдөшүнүн колунан өлгөн баласын жоктоп, кимди күнөөлөрүн билбей башын мыкчып отурган кези. Ал эми Аида уулу Кубанычтын өмүрүн алган күндөшүнө наалат айтып, үнү Кудайга жетип зыркыроодо... Назгүл Калмамбетова Сандан санга: сериал Назгүл Калмамбетова Бейтаалай Замира чоң киши менен урушуп аткансып кичинекей Алтынбекке: - Жаагың сынгыр! Басасыңбы жаагыңды, же жокпу? Ыйлаба дейм! Азыр барчу болсом, өз колум менен өлтүрүп коем! Какшанган кандай бала эле! Өлүп кеткир десе! Ушуну багам деп куурамай болдум! Какшангырды каяктан багып алдым эле! Бул шүмшүктүн ушундайын билип, энеси таштап кетсе керек! - деп кыйкырып, каргап-шилеп берки бөлмөдө урушуп атканда сырттан Алмаз кирип келип калды. - Эмне болгон ызы-чуу?! Сенин кыйкырганың тээтиги көчөгө чейин угулуп атат!..- деген эринин үнүн уккан Замиранын өңү бузула түштү. Заматтын ортосунда жойпулана, эринин моюнуна асылып, эркелей: - Жаным, аябай чарчадым… Бала ыйлаак болуп кетти… Мага бир жардамчы алсаң жакшы болот эле. Эгерде ушинтип баланы жалгыз баксам, эрте эле карып кетем го, - деди. - Бала эмнеге ыйлап атат? Аны эмнеге карабай биякта жүрөсүң? - деп Алмаз уктоочу бөлмөнү көздөй басты. Эринин артынан кирген Замира актана: - Мен ашканада буламык жасап жүрсөм, жыгылып кетиптир. Сооротуп, керебетине жаткырып койгом. Ыйлабай жакшынакай эле турган, сен келатканда ыйлап кирди…-деди. Бала жаткан бөлмөгө кирген Алмаз кичинекей Алтынбектин канжалаган мурдун, жаагындагы беш манжанын кызарып калган тагын көрдү да, жини келип, артында актанып, какылдап сүйлөнүп келаткан аялын, ашата сөгүп, кыйкырып, урушуп ийди. Буга чейин эринен мындай жаман сөздөрдү угуп көрбөгөн Замира ызаланып, ага таарынып эшикти тарс жаап чыгып кетти. Керебеттеги бала Алмазды көрүп жакын адамы келгендей ага колун сунуп, эреркеп ого бетер ыйлап жиберди. Баланы көтөрүп оозгу үйгө чыкса, Замира кийимдерин кийип, кетем деп даярданып алган экен. - Эмне, кетейин деп атасыңбы?! Эгерде кете турган болсоң биротоло кет! Экинчи бул үйгө кайрылып келбейсиң! - деди Алмаз. Мен кетип калсам Алмаз артыман кетпе деп жалдырайт деп ойлоп алган Замира эринин азыркы түрпөтүн көрүп, анын чын ниетинен айтып атканын сезди. Жакшы эле эрин коркутуп, бир сыйра таарынып эки-үч күн кетип калайын деп ойлоп аткан Замира босогодо үйдөн чыгып кетээрин, же калып калаарын билбей эки анжы болуп туруп калды. Эгерде азыр сыртка чыгып кетсе, ошол боюнча бул үйгө кирбей калышы бештен белгилүү эле. Эри да айткан сөзүнөн кайтпаган, байлыгына чиренген неме эртең эле сүлкүлдөгөн жаш кызды киргизип алаары ажеп эмес болчу. Ушунча чыдаганга жараша, дагы чыдайын деп ойлоно, аргасыздан бут кийимин чечип, эри отурган бөлмөгө кирди: - Сен мени түшүнгүң келбейт… Ушул баланы кандай азап менен багып атканымды билбейсиң… Буга чейин бала багып көрбөсөм, мени деле аяп койсоң боло…- деп бышактап ыйлап, мүмкүн мурдагыдай эркелетип, оюмдагымды аткараар деп ойлоду. Бирок, Алмаз жанына келип ыйлап аткан аялына боору оорумак түгүл кыжыры келип, аны менен сүйлөшкүсү келбей, баланы көтөрүп ары басып кетти. Эгерде баланы дагы ушинтип ыйлатып, урушуп, сабап, карабай кое турган болсо, аны менен биротоло кол үзүшүп, ажырашаарын эскертти. Эринин сөзүн унчукпай угуп отурган Замира кичинекей Алтынбекке жини келе, азыр Алмаз кеткенде ага көргүлүктү гана көргөзбөсөм элеби деп чоң кишиге өчөшкөндөй ичинен кекенип атты. Алтынбек сооронуп, ыйлаганы басылып, алаксып ойноп калган кезде Алмаз аны Замирага берип, жумушка кетмекчи болду. Кичинекей бала Алмаздын колунан Замирага баргысы келбей чырылдап качып, ыйлап туруп алды. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|