Коомдук-саясый гезит
№20, 18.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жаңырык

Бул ирет рубрика төрүндө - этно-эстрадалык багытта Кыргызстанды чет жерлерде таанытып келаткан НАЗМИ-САПАР дуэти жана жаш ырчылар катарында эмгеги, ийгилиги мактоого татырлык СЕМА.

Назми&Сапар:
"Патриот болуп баратабыз"
- Акыркы кезде силерди сыртта жүргөнүңөрдөн гана кабар алып калдык.
Назми: - Чындыгында эле ошондой болуп баратат. Ноорузга карата Кытайга жөнөгөнү турабыз. Ал жактагы мекендештерибиз чакырышкан. Бир нече шаарда алардын артисттери менен бир ай концерт коюп кайтабыз. 20-март туулган күнүм, бирок, жыл сайын жакындарымдан алыс, сыртта болуп калам. Бирок, Кудайга шүгүр дейм.
- Негедир кыргыз сахнасынан алыстап кеткендейсиңер. Же силерге сезилген жокпу?
Сапар: - Алгач, Түркиядагы фестивалга өлкөбүздүн атынан бардык. Россия күнүндө КМШ мамлекеттери куттуктап, анын ичинде Кыргызстандан министрлик бизди жөнөткөн. Екатеринбургдагы Кыргызстан маданият күндөрүндө делегация курамында да болдук. Быйыл июнда Хакасияда өтө турган түрк тилдүү өлкөлөрдүн "Абакан" фестивалына чакыруу алганбыз. Бирок, кайда жүрбөйлү, кыргыз сахнасын унутпайбыз. Кетип атканда ыр жаздырып, радиолорго берип кеткендей эле болобуз, телевидениеде кээ-кээде көрүнүп калабыз. Бирок, Кудайга шүгүр, кимдир бирөөгө нааразылык деле айтпайбыз. Кайда жүрбөйлү сагынабыз, кайтканга шашабыз, Кыргызстанга кайткыча алдыңдан чыккан арбир кыргыз менен ал-жай сурашып, баарлаша тургандай абалга жетесиң.
- Сырттагы сынактар силерге эмне берди?
Назми: - Эң биринчиден, патриоттуулукту күчөтөт экен. Мисалы, Түркия идеологиясы идеалдуу десек болот. Алар Ататүркүн ушундай сыймык менен атап, өздөрүн аябай көтөрөт. Бизди да жакшы кабыл алганы менен өздөрүнүн артисттери чыкканда кошо ырдап, кошо бийлеп, ушундай бир жыргашты. Фольклорду (!) жаштар укмуштай кабыл алды. Тилекке каршы, биздин жаштардын дагы деле фольклорго кызыгуусу жок. Түркияга мамлекет атынан кетип атабыз да, колубузда бир желек жок. Агездеги парламент депутаттарына кайрылсак, көбү кабыл албай да койгон. Арасынан жалгыз К.Карабеков үч желек, кыргыздын эстелик буюмдарын алперип, ал эми М.Эшимканов жол билетибизди Түркия элчилиги аркылуу чечип берген. Анда ушундай жаздын күнү эле. Нооруз күнү арбир мамлекет жармаңке өткөрмөк экен. Бизде депутат алперген эстелик буюмдардан башка эч нерсе жок, казактарды карасак, үстө-лүндө укмуш нерселер. Ага кошумча өлкөсү туурасында англис тилиндеги маалыматты жая ноутбук коюлган. Ошондо аябай жаман абалда болгон элек.
- Эларалык сынактар силердин багытыңарды да бургандай…
Сапар: - Мурда Назми экөөбүз тең эстрадалык попса жанрында келсек, азыр этно-эстралык багытка оодук. "Алтын фонддогу" ырларды алып чыгып, кайра иштеп, фольклор менен эстраданы айкалыштыруудабыз. Сыртта эстрада менен эч кимди таңгалдыра албайсың.
- Чыгармачылык го жайында экен, а жеке турмушта эмне жаңылык бар?
Назми: - Сапарды быйыл үйлөнтөбүз деп ата-энеси даярданып атат. Өз ичинен келечектеги колукту болчу кыздардын сынагын өткөрүүдө. Кээде мага да сынатат. "Өзүң жашайсың, өзүң танда" деп калам. Өзүм иш менен эле алекмин. Кудай буюрса, Юридикалык академияны быйыл аяктап атам. Диплом алсам, баш-отум менен юриспруденцияга кетсем деген тилегим бар.
- Чыгармачылыкчы?..
- Азыр менде чыны менен негизги нерсе - чыгармачылык. Бирок, өз кесибим менен кетсем, ырчылык экинчи планга өтөт. Хоббим катары калыптанып калат.
- Экөөңөрдү көпчүлүк жеке мамиледе деп санашат...
- Негедир көп адамдардан ушундай сөздөрдү угабыз. Башында баарына түшүндүрүп, актанчу элек. Эми унчукпай калдык. Сапар менен болгон достукка көз тийбесин деп калам.
Сапар: - Экөөбүз бир-бирибизге ушунчалык аяр, биртуугандардай мамиле жасайбыз. Сырдашабыз. Бир-бирибизден таптакыр жадабайбыз, тескерисинче эки күн көрүшпөй калсак, эки саат бизди эч ким бөлалбаса керек. Эки жыл көрүшпөгөндөй сөзүбүз бүтпөй калат. Дуэт үчүн бул эң жакшы нерсе. Дуэтибизге быйыл беш жыл болот, ушунча убакыт бирге кармалганыбыздын себеби - жеке мамиленин жоктугунан уламдыр.
Назми: - Дуэттин жакшы жери - эч качан жалгыз болбойсуң, жаныңда дайым жөлөк болчу бирөө бар. Таарынсак да кайра табышабыз. Мен бат жазылам, Сапар бир аз мүнөзүн көрсөтөт. Бирок, кайра эле бир-бирибизди сагынып, бир-бирибизге күйүп турабыз. Сапар жашынан Айчүрөк эжеден жакшы тарбия алып, көп нерсени үйрөнгөн. Мен Бек байке менен иштештим, бирок, шоу дүйнөдө үйрөнөлек нерсе көп эле. Азыр бири-бирибизди толуктап турабыз.



СЕМА:
"Элди эч качан алдай албасымды билем"
- Эмнеге "СЕМА" тобунун активдүүлүгү акыркы мезгилде басаңдап, сахнада жалгыз өзүңдү гана көрүп келебиз…
- Негизи эки жыл ичинде биздин топ ийгиликтүү иштеди. Бирок, курамыбыздагы кыздар: "Биз турмуш куруп кетсек, кийин сага кыйын болуп калат, ошондуктан, азыр кетели" дешти. Алардын ачык айтканына ыраазы болдум. Былтыр Көлдө жүрсөк, казактар сунуштары менен келишкен. Алардын сунушу менен иним Жанарбек Алматыга иштеп кетти. Андай сунуш мага да түшкөн, келишим боюнча Алматыда жашап, Бишкек сахнасын унутушум керек экен. Ошондуктан баш тарткам, бирок, иниме жолтоо болбоюн дедим. Ал кайткандан кийин кайрадан "Сема" тобунун ишин уланта беребиз.
- Казакстанда Жанарбек кайсы өлкөнүн атынан иш алпарууда?
- Ал музыкант катары гана клубда иштеп жүрөт. Агалыгыма салып калтырып койсом деле болмок. Бирок, биртууган болсо да, арбир адамдын өз жолу бар. Кудайга шүгүр, иши жакшы, аз убакыттын ичинде машине алды. Эгер ырдай турган болсо, Кыргызстандын гана атынан чыгат.
- Анда Кундуз менен дует ырдап чыкканыңды жалгызсыраганыңдан улам десек болот турбайбы…
- Ал экөөбүз аткарган "90Х60Х90" ыры бир жыл мурда эле жазылган. Мүчө-келбети ылайык келген ырчы кыз табалбай жүрүп, акыры Кундузга концерттердин биринде кезигип, чогуу ырдоону сунуштадым. Кудайга шүгүр, элге ыраазымын, жакшы кабыл алды. Түркчө вариантынан көрө кыргызчасын көп угушат. Демек, тийиштүү деңгээлде жаралган десек болот.
- Акыркы кезде сенин репертуарыңдан котормо ырларды көп укчу болдук
- Аны танбайм, репертуарыбызда которулган ырлар да бар. Көбүнчө аларды жаш күйөрмандарга багыттайбыз. Ошону менен бирге өздүк чыгармаларыбыз да заманбап стилге салынып, бирок улуттук колорит сакталган эски кайрыктар да жок эмес. "Сема" тобу универсал болууну максат кылат. Жаштар менен кошо улуу муунду да унут калтырбашыбыз керек. Элди канткен күндө да алдай албайсың. Мисалы, былтыр жайда иштен эсалганым көп болду эле, ал дароо чыгармачылыгыма чагылды. "Иштесең, тиштейсиң" деген бар эмеспи. Бирок, запас топтоп келипмин, азыр түшүмүн көрүп атам.
- Чыгармачылыгыңда эмне өзгөрүү бар?
- Үйдө студия ачып алгам. Өзүбүзгө гана эмес, досторго да ыр жазып, аранжировка жасап дегендей. Айтор, үйүңдө студия турса, жөн туралбай калат экенсиң. Кичине илхом келсе эле, ишке киресиң. Жакындан бери Ноорузга карата Ош, Жалалабат жана өз айлымда өтө турган концерт алдында жаңы альбом чыгаруу менен алек болдум. Заманбап стилде жаңыча жаңырган эски чыгармалар, ал эми басымдуу бөлүгү - жаштар стилиндеги ырлар. Күзгө жакын бүт Кыргызстанга турне жасайын деп турам.
- А жеке жашооң кантип атат?
- Кудайга шүгүр, баары сонун. Көбүнчө иш менен алекмин. Кечке компьютерде олтуруп чарчагандыктан, кээде шаар четине чыгып эсалам. Жаратылышта бышырылган шишкебек аябай жагат. Жаратылыштын адамга ушунчалык чоң күч, дем берерине өткөн жайда "Кайып булак" тасмасына тартылып жүрүп билдим. Бишкекте мен "Калашниковду" такап ойготсо да, таңкы алтыда турмак эмесмин. Сарычелекте суткасына 14-15 саат иштесек да, кайра эртең менен аябай жеңил ойгонуп калчубуз.
- Айткандай, актерлук өзүңдө кандай сапаттарды жаратты?
- Биринчиден, жоопкерчилик. Себеби, ал кино, кичинекей бир клип эмес. Бирок, эч кыйынчылык тарткан жокмун. Себеби, баары достор. Кинодо көп нерсе сен менен кошо тартылган адамдардан жана режиссердон көзкаранды экен. 20 күн 20 мүнөт сымал кандай өткөнү билинбей калды.
- Мындан кийин киного чакырышса, баш тартпай, роль тандабай макулдук берет экенсиң да…
- Жакында ошол фильмдин режиссеру Р.Жабировдун дагы бир тасмасы тартылганы турат. Ага да чакырылдым. Башта биз элге жандүйнөбүздү ыр менен ачып берүүгө баш оорутуп жүрсөк, кинодо бүт жандүйнөң, денең толук аракетте болушу керек экенин түшүндүм. Кандай ролго чакырылсам да, алгач режиссерго карап чечим кабыл алмак болушум керек. "Кайып булак" тасмасынан кийин "Сема жаман бала экен, ошол үчүн баары каза тапты" дегендерди угуп, жаман болсом да ролду жеткире аткарган турбаймынбы деп ойлодум. Бирок, чыныгы турмушта мен тасмадагы каарманымдан караманча башкачамын, аябай аккөңүл, кыргыздын ырым-жырымдарына ишенген адаммын.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Келаткан жума күнү, 21-мартта окуйсуздар

"Агымдын" мырзасы, келечекте адвокат болгусу келген Жекшенбек уулу Төрөгелди кабарлайт:
l Элчи Кубан Мамбеталиев Осмонакун Ибраимовго эмнесин көрсөттү?
l Бильярдчы Каныбек Сагынбаев Евразия чемпионатында неге жеңилди?
l Түрмөдөгү сырдуу өлүм.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan