![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №20, 18.03.08-ж. |
Меймансап Форум Жандырмак Тазалануудан башка арга жок Аксы окуясы түштүк элинин эле эмес, жалпы кыргызды кыйнаган кеселге айланып баратат. Жылдан-жылга дарты ырбап, коомчулукту чочутат. Баарынан да аны улам ырбатып жатышканы жаман болууда. Керкисинде да, кемигинде да дегендей, же бийлик бир жактуу чечимге келип, жапа чеккендер менен тил табыша албай, же курман болгондордун жакындары, урук-тууганы кегин унута алышпай, аларды улам көкүткөндөр чыгып, тараптар ушундай бир туңгуюкка кептелди. Андан кантип чыгышты азырынча эч ким так айта да албайт. Бирок, таптакыр эле чыга албаган туңгуюк болбойт эмеспи. Кеп андан чыгышты чындап каалоодо, анан аракетте. Адал ишти туу тутуп, Аксы каргашасынан чындап чыгууга аракеттин жоктугу ушул абалга алып келип отурганы жашыруун эмес. Бул дарттын ырбап кетишине дегеле эгемендик алгандан берки бийлик адамдарынын былыктары, мамлекеттин, элдин байлыгына суук колдорун салгандарды, далай каргашалуу, зоболоңдуу окуяларга от койгондорду жазаламак турсун, азыркыга дейре ээн-эркин, дагы саясатка, мамлекеттин ишине аралашып жүргөнү коомчулуктун жанын кашайтат. "Кыңыр иш кырк жылдан кийин да билинет", "Колуң менен жасаганды мойнуң менен тартасың" деген накыл кептерди оюнчук көрүп, убагында көпкөндөр эми айласын таппай турушат. Жөн гана турбастан, өзү менен кошо элди, коомду чатакташтырып, кагыштырып, эптеп жаздан аман калыштын гана камында. Ушундайда мамлекеттин мамлекеттиги, бийликтин бийликтиги билинет эмеспи. Бирок, мамлекеттүүлүк ошол мамлекеттин жооптуу кызматтарында тургандар чындап мамлекет үчүн иштегенде гана бутуна тура алаары айкын нерсе. Ал эми азыр мамлекеттик кызматта көбүнчө карабашынын камы, жеке көрпенделик менен жашагандар, "мамлекеттик кызматкер" деген бийик наамдан айлангырлар толуп алышкан шартта алардан жакшылыкты, анан, мамлекеттин, элдин чындап өркүндөп-өнүгүшүн күтүүгө болобу? Кечээ Кербенде башталган элдик соттун келип чыгышынын түпкү себеби дал ушунда. Аксы каргашасы чындыгында бийликте, мамлекеттик кызматта тургандардын жогорудагыдай жүрүм-турумунан, пейилинен улам чыкканы анык. Эгерде расмий бийлик өлкөдө чыныгы мыйзамдуулук өкүмдүк кылсын десе, ошол алкы бузуктарды, мамлекеттик бийликти менчик чарбасына, үйбүлөсүнүн, жакындарынын, урук-туугандарынын чүрүшкөн арам оокатына айлантып алгандарды чындап жазалашы керектиги Азимбек Бекназаров канкакшап айтпаса деле акыры болуучу нерсе. Ошондо гана коом тазаланат, эл тынчыйт, экономика, калган нерсенин баары жүрө баштайт. Муну эң сонун билип турган расмий бийлик ошого бара албай жатпайбы. Барайын десе арасындагылардын көбүнүн колу-буту тушалуу, былыктарга аралашып калган. "Мен таза болсом, сен таза болсоң, анан коом да таза болот" деп ыраматылык Исхак Раззаков бекеринен айтпаптыр. Аксы окуясынын айланасындагы азыркы ызы-чуу, саясатташкан нааразылык, тараптардын аягы жок чатагы "чындык ийилет, бирок сынбайт" деген дагы бир лакаптын да калыстыгынын ырастамасы болуп отурат. Ушундан улам, Исхак аксакалдын жогоруда айткандарына кошумча катары мамлекеттик кызматтагыларга кыргыздын жана башка элдердин турмуш чындыгынан алынган даанышман макал-ылакаптары менен жашап жана иштегиле деген жөнөкөй кепти айткым келет. Болгону ушул. Мамлекеттик кызматтын башты ооруткан башка деле эч нерсеси жок. Орустарда "Гениальное - очень просто" деп бекеринен айтылбагандыр. Муну Акүйдөгү мамлекеттик кызматта 14 жылга жакын иштеп, көргөн-билгендеримден улам айтамын. Кыскасы, дал Акүйдөгүлөр эрктүү, адал, жүрөктүү болушканда гана мамлекет тынчыйт, өлкө өнүгүп өсөт. Дагы бир чындыкты айтсак, Өкмөт үйүндө отургандар төмөндөн келген былыктарга, кутуруп-чакчаңдагандарга, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендерге дайыма эле туруштук бере алышпайт. Кыргызчылык кылып коюшат, ал эми ушундай кыргызчылыктын кесепетин бүткүл коом тартып отурат. Мамлекеттик кызматкерлерге ар дайым, ар нерседе Сталиндей, ал тургай керек болсо, Гитлердей мерес болууга туура келет. Себеби, же мамлекет болушубуз же кыргызчылыктын ашаткысын ашап жүрө беришибиз керек болуп калды. Аксыдагы элдик сот ага келүүчү саясатчылардын, мамлекеттик кызматчылардын тизмесин жарыялаптыр. Бул тизмеге удаа борборубуздагы Ататүрк паркынан мыйзамсыз жер алган чиновниктердин тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып калды. Арасында мен жакшы билген кишилер, журналист кесиптештер да жүрөт. Ал тизмедеги мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу көбү мурдагылар экен. Кээ бири бийликке ашкере жагынып, абийирин саткандар, ал эми айрымдары бийлик десе Акүйдү гана түшүнүп, баеолугу менен булганып калгандар десе болот. Аталган эки тизмедегилердин төркүнү байкаган кишиге бирдей эле. Дал ушинтип, мамлекеттик кызматтарга туруп алышып, мыйзамсыз жоруктарга баргандардын, машташкандардын, элге чындыкты айтпай, бийликтин гана чоорун тарткандардын кылыктары коомду Аксы каргашасына, анан 24-марттагы жарылууга алып келип отурат. Чындыгында А.Бекназаров баштаган ревкомдун иши бийликтеги эстүү инсандарга тазаланууга, Аксыдагыдай каргашага дагы барбоого жол ачып жатат десек болот. Албетте, ревкомдогулардын, дегеле оппозициядагылардын баары тең байманасы бай, жалаң адал жашаган жана иштеген чыныгы инсандар дешке болбойт. Оппозицияга жеке таламдарынан, дегеле бийликке болгон эзелки кегинен улам кирип алгандар аз эмес. Андыктан, саясатчыларды, бийликтеги жана бийликте эмес инсандарды шарттуу түрдө гана "бийлик" же "оппозиция" деп бөлүп коюу таптакыр туура эмес деп ойлойбуз. Президент К.Бакиев Аксыдагы элдик сот алдында абийирим таза деди. Жалпысынан тазадыр, бирок, ошол учурда иштин баарын орун басары Н.Танаевге жүктөп салып, курортко эс алып кетип калганы да белгилүү. Мурдагы президент А.Акаев Аксы боюнча өз күнөөсүн мойнуна алгандан тажабайт. Анткени менен өлкөнү ушундай каргашадан баштап, Өкмөт үйүндөгү карапайым кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч келтиргенге чейин алып келген талап-тоноого, талкалоого башкы күнөкөр экендигин, жеке өзүнүн да, Кыргызстандын да өзү кашыктап жыйган демократиялык кадыр-баркын бир күндө төгүп салганын кантебиз? Ток этери, азыркы бийлик мурдагы бийликти иритип, бүгүн да мамлекеттин байлыктарына, өлкөнүн маанилүү тармактарынын кирешесине суук колун салып келаткандардан, ошол тармактарды ичинен бузуп-жарып, анан менчиктештире коюу аркылуу кутулуп кетүүнү ачыктан-ачык көздөгөндөрдөн арылмайынча, коомдогу чыңалуу улана берет жана акыры 24-марттан да чоң жарылуу келип чыгышы толук ыктымал. Садырбек ЧЕРИКОВ Аксы окуясы боюнча "элдик сот" өтүүдө. Бул фактыга кандай карайсыз? Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер: - Ал окуя болгон маалда мен чет жакта элем. Мындай кадам айла жоктун оокаты да. Канча жылдан бери эл акыйкатка жете албай келет. Болгондо да алты жигитинен айрылган элдин көксөөсү күнөөкөрлөр өз жазасын алгандан кийин сууйт. Албетте, Аксы окуясына азыркы бийликте отурган айрым адамдардын тиешеси бар. Ошондуктан бул иш аягына чыкпай атпайбы. Илим КАРЫПБЕКОВ, "Медиа өкүлдөр" институтунун директору: - Ачыгын айтканда, "элдик сот" мыйзамсыз, эчкандай юридикалык күчкө ээ эмес. Бул иш-чараны өткөрүп аткан саясатчылардын адаттагыдай эле оюну. Аксы окуясын саясый курал катары колдонушууда. Акаев учурунда, андан кийинки чыккан чечимдер жалпыбызга белгилүү. Сот процессин аягына чейин күтүшүбүз керек. Күнөөлүүлөр өз жазасын алар мезгил келер. Убагында Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп турду. Аксы окуясын ошондо аягына чыгарса болмок. Не дегенде, колунда бардык шарттар бар болчу. Кызматтан кеткенден кийин ал ишти териштиргенге мүмкүнчүлүк берген жок деп чыкты. Эмне себептен бийликте жүргөндө ачыгын айткан жок? Чындап эле ошондой болсо, элге ачыгын айтып, кызматынан кетип калса болот эле го? Бекназаров өзүн юристмин деп жүрөт. Эгерде, соттун чечимине нааразы болсо, алар туура эмес иш кылып атса, тергөө процессине жардам бербейби… Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ, саясат таануучу: - "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" деп айткан экен айласы кеткен бир кыргыз. Анынсыңарындай, аксылыктар мамлекеттик тергөө, сот органдарынын ишине канааттанбай, атургай нааразы болуп, минтип "элдик сот" өткөрүп атышат. Ошондуктан, мындай иш-чараны нааразычылык, каршылык акциясы катары баалашыбыз керек. Бул акциянын демилгечилери аксылыктар болгону менен, аны бүт кыргыз эли колдойт. Аксы окуясы болгон учурда Акүйдө отурган адамдардын айрымдары азыр деле бийликте жүрүшөт. Албетте, мындай болгондон кийин бул иш аягына чыкпайт. "Элдик соттун" бүтүмү саясый гана баа берип, укуктук күчкө ээ болбойт. Султан ЖУМАГУЛОВ, Би-Би-Си радиосунун журналисти: - "Элдик сот" деген жок башмыйзамда. Бирок, Конституцияда жазылбаган жандүйнө, абийир деген мыйзамдар бар эмеспи. Буга эчким тыюу салалбайт. Мамлекет аксылыктардын талабын аткара албагандан кийин, айла жок ушундай кадамга барышты. Толуп-болуп турган жигиттеринен айрылган элдин көксүүнү суубай атат. Саламат СУЛТАНОВ, Бишкек шаарынын тургуну: - Азырынча "элдик сотто" кандай чечим кабыл алганы билинелек. Убагы келгенде бул окуяга тарых өз баасын берет. Менин жеке пикиримде, бул иш аягына чыкпайт го... Аксы окуясына тиешеси бар айрым адамдар бийликте отурушат. Өзүнүн кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар экенин моюнга алыш үчүн да саясый эрк керек. Мындай кадамга барышабы же жокпу, айтыш кыйын. Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|