Коомдук-саясый гезит
№20, 18.03.08-ж.

Меймансап
Форум





Эски жайыт
Турсам өлөсүңөр!
"Атамекен" партиясынын Бишкек-Чүй аймактары боюнча конференциясы өттү. Партия лидери Өмүрбек Текебаев, экс-чиновник, азыркы "атамекенчи" Накен Касиев партия мүчөлөрү менен күзүндө өтө турган жергиликтүү шайлоолорго катышуу, андан арбын орунга ээ болуу жөнүндө маселени талкуулашты. Ошондой эле өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча иш-чарасын сынга алышып, эгер энергетика тармагы менчикке өтө турган болсо, радикалдык кадамдарга бара тургандыктарын да билдиришти.

Мэриянын "мээрими"
Майрамбы?
Анда май чайна!
Бишкек мэриясы Нооруз майрамынын шаан-шөкөт, үлпөтүнө 1 миллион 280 миң сом бөлдү. Алатоо аянты, мэрия имараты, филармония сырты жасалгаланмак экен. Шаар кызматы 16-мартта шамал жулуп кеткен көрнөк-жарнактар үчүн дагы 400 миң сом бөлбөсөңөр, Нооруз чыныгы майрамга айланбайт деп турат.

Эски тост эстен кетпейт
Тойгонбаев китеп той берип атат
Кыргыз бийлиги "бүт Кыргызстандын күйөбаласы" Адил Тойгонбаевди издеп торго түшүрүүнүн амалын таппай атканда, ал өз Атамекени - Казакстанда "Технология мечты" деген китебинин бетачар тоюн өткөрүп жиберди. Ал китепте экономика илиминин кандидаты Казакстандын келечегине кеңири ой чаргытат экен. Кыргызстан 4, Каркыра, 8 пансионат берсе да Казакстан Тойгонбаевди бербейт имиш дешет, иш көзүн тааныгандар.

Өлбө, Леонид Ильич!
Нан болсо ыр да болот
Бишкектин Ленин райакими Марс Саккараев Акөргө, Акордо конуштарынын жашоочулары менен жолугушуп, мындан ары жер участогун бөлүүгө мораторий жасарын, кабанак иттерди аттырарын, участкалык милийсаларга велосипед сатып берерин билдирди. Андан кийин 24-март эсине түштүбү, келгиле ыркесени жаңыча өткөрүп, жаңыча идея менен жашайлы, - деди аким. Нан кымбаттаган сайын, ырдагысы келген аким, элди жок дегенде ушинтип алаксытайын десе керек.

Сот парады
"Де- Факто" кайрадан деминде
Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев "Де- Факто" гезити кадыр-баркыма доо кетирди деп гезиттен 1 млн. макаланын авторунан 500 миң сом талап кылып, Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Кечээ сот акең арызды карап, аны кайра 28-мартка жылдырды. Себеби бүдөмүк.

Аттан түш, баатыр!
Турсунбек Акунду ким аласалдырды?
Азыркы Акыйкатчы, андагы Аксы окуясынын каарманы Турсунбек Акун "элдик сот" ишине катышкан жок. "Аксыга барууга мага эч ким тыюу салган жок, болгону Акыйкатчы институтунда иш көп болуп баралбадым" деди Турсунбек Акун. Ал эми Жалалабат облусунун губернатору Кошбай Масиров, милийса органы "сотко" катышпай эле коюңуз маанисинде Акыйкатчыга кеңеш берген, анткени акимиат жергиликтүү эл ага сөз бербөөнү суранып атканын кабарлаганда Турсунбек Акун райондон чыгып кетти маанисинде билдирди.

Эми кайдан?..
Дагы бир кыргыз өлтүрүлдү
Москва облусунун Ивантеевка шаарчасында Таалайбек Койчуманов деген 22 жаштагы өзгөндүк жигит өлтүрүлдү. Окуя жумадан ишембиге оогон түнү болгон. Таалайбекти белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Азыр тергөө иштери жүрүүдө. Кыргызстандын элчилиги анын сөөгүн жеткирүүгө жардам көрсөтүүдө.

Иттартыш
Элдик сот Урманаевди урматтады
Аксы районунда өткөн элдик сот мындан бир нече жыл мурдагы каргашалуу окуяга күнөкөр деп чакырылган 41 кишинин баарын айыптап чыкты. Бир гана курун мойнуна алып, аксылыктардын сотуна келген мурдагы Жалалабат губернатору Султан Урманаевди урматтап, актап чыгышты. Ошентип, Султан аке расмий сотто күнөөлөнсө да, Аксы сотунда да акталып, абийири тазаланды сыяктанат.

Советтик соода
Кыларга -иш,
саларга - куш
Советтик мезгилде комиссия түзүүнү партия маселени будамайлоого пайдаланчу. Анын сыңары азыркы парламент документтердин мыйзамдуу-мыйзамсыздыгын чечип берүүнүн ордуна "жеринен көрөбүздү" кесип кылып алды. Казак-кыргыз чегара чатагы боюнча да 22 кишиден турган парламенттик комиссия түзүлүп, ал "Карьер", "Кайнар", "Көксай" участкалары менен "таанышуу" үчүн жүрүп кетти. Маселе сиздин пайдага чечилбешин бөрктөй көрүң.

Карын доспу, ачкарын доспу?
"Жаңы Кыргызстан"
ак жолдон адашты
Партия парламент шайлоосунун жыйынтыктарын расмий жарыялоону талап кылып, БШКга кайрылуу жолдогонун түштүк аймак лидери Керим Макеев "Азаттыкка" кабарлады. Алардын пикиринде шайлоо, айрыкча Ош аймагында опсуз бурмалоолор менен өткөн. "Жаңы Кыргызстан" кимге таандык экендигин бүт журт билет. Бул Үсөн аке Сыдыков ак жолдон эле эмес, Акүйдөн да адашканын каңкуулабайбы?

"Мен ишенбейм!"
Сүйүүгөбү, милийсагабы?
Кечээ жаштардын аталган кыймылынын он бештей мүчөсү Жогорку Кеңештин алдына башына койдун, уйдун маскаларын кийип акция өткөрүп жаткан. Биринчимай район милийсалары алардын колдорун толгоп, машинелерине жүктөп кетти.

Апкаарыба!
Талантың ташыса, "Агымга" кир
Анткени "Агым" гезити ашкан таланттарга конкурс жарыялоодо. Жашы, билими, жынысы анчалык мааниге ээ эмес. Компьютер билсе, андан жакшы, билбесе, мындан жакшы - кабинетинде турат, бат эле үйрөнүп алат. Эң негизгиси, кашка чымыны ойгонсун, башка чымыны заманбап ойлонсун. Айлык, калемакы маселесинен кабатыр болбосун, ал жаатынан "Агымга" теңелген гезит аз же жок.
Кабарлашкыла! Тел: 66-55-48, 66-58-42.

"Агым-пресс"




 

Кулкуну куураган ачендик
"Бишкек-Москва" поездинин начальниги поезддин узатуучусунан 1500 сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Узатуучу болуп иштеген аялдын айтымында, начальник аны рейске кошкондугу үчүн дайыма пара алып келген. Кезектеги сумманы алып жатканда ал ички иштер бөлүмүнүн кызмат абалы боюнча кылмыштар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Жулунганында шек бар эле
Ош шаарынын бир жашоочусу оюн клубунун администраторун өлтүрүүгө аракет кылгандыгы жана мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү үчүн айыпталууда. 23 жаштагы жигит Макаров тапанчасы, бычагы менен оюн клубунун администраторуна жулунуп, өлтүрүүнү көздөгөн. Агрессивдүү жигит кийинки күнү дагы башка клубда чаң салып атканда колго түшүрүлгөн.

Бечара энеси эми кантет?
Ал эми Панфилов районунан "атасын өлтүргөн" деген шек менен 24 жаштагы жигиттин колуна милийсалар кишен салышты. Көрсө, атасы энесин сабап жатканда, жигит энесине болушуп, атасын өлтүрүп алган экен. Кийин болор иш болду деп, энеси өлүктү райондон алыс темир жол тарапка алып барып, көмүүгө жардам берген. Азыр өлүк кайра казылып, моргго жеткирилип, кылмыш иши козголду.

Көп узаткан жок
Чүй облусунан ?47 түзөтүү колониясынын медсестрасын өлтүргөн деп шектелген адам кармалды. Эске салсак, медсестра өз үйүндө, февраль айында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышкер аны балта менен чаап өлтүргөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тиги сурак берүүдө.

Мыйзамсыз балык аш болбойт
Ысыккөлдө мыйзамсыз түрдө балык кармап жаткан эки адам кармалды. Экөө Чоң-Өрүктү айылында эки километр торду салып отурушкан. Аларга соң суммада айып салынат, же кылмыш иши козголот.

Аскер САКЫБАЕВА















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan