Коомдук-саясый гезит
№20, 18.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Сессия сүртүмдөрү

Спикердин чөнтөгү эме-ес, фонду!
Өткөн парламент жыйыны жалпысынан ратификация, президенттин кайчы пикирлерине макулдук билдирүү жана төрага фондун бекитүүгө арналды. Ортодо аялдардын декреттик эсалуусу үч жылга узартылып, социалдык камсыздоо боюнча долбоор биринчи окууда кабыл алынды. Мындан ары билим туурасында документтер тийиштүү министрликте эмес, ГАИРТте даярдалып, сакталмак болду.
КМШ арасында кабыл алынган "Адам сатууга каршы күрөштүн 2007-2010-жылкы программасы боюнча чечимин" ратификациялоо маалында төрага орунбасары
К.Исабеков дүйнөдө курал-жарак жана баңгизаттан кийинки эң кирешелүү "бизнеске" айланган адам сатуу боюнча Кыргызстан экспорттук гана эмес, транзиттик "милдетти" аткарып жатканын белгиледи.
Бул жолку жыйында кызуу талкууну ЖК төрагасынын фондун бекитүү маселеси жаратты. Буга спикердин кызыл тили себепчи болуп кетти өңдөнөт. Анткени, ал маселени жарыялоодо эле: "Каражат Мадумаровдун же Мадумаровдун атасынын чөнтөгүнө кетпейт" деп баштады. ШОСтун парламенттик штаб-квартирасын Чолпонатада ачуу демилгесинен улам, социал-демократтар спикердин "качан болбосун жаңы бийликтин артыкчылыгы катары ШОСту мисал кылганын" сынга алышты. Төраганы "Мадумаров менин коргоомо муктаж эмес" деп кайра-кайра кайталай И.Жунусов коргоого алды. Жыйынтыгында, депутаттар 69 добуш менен бюджети 5 млн. 600 миң сомду түзгөн ЖК төрагасынын фондун бекитип беришти. Бирок, "анын 20 пайызы балдар үйлөрүнө которулсун" деген Б.Бешимовдун сунушун негедир парламентарийлер четке какты. Ал эми фондду тескей турган комиссия курамында кимдер болоруна кызыккан депутаттарга Адахан Кимсанбаевич аппаратка "ким каалаганы кирсин" деген тапшырмасы менен жооп кылды.

Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Сөз атасы өлбөсүн!

Жаңыруу, жаңылануунун жолу
Урматтуу Кыргызстан эли!
Жашоого көрк берип, жандүй-нөгө жаңылануунун үрөнүн сепкен көктөмдү ала келген, бүт ааламда мезгилдин жаңылануу, жашылдануусун тартуулаган 21-март - Улуттун улуу күнү болгон Нооруз майрамы менен куттуктайм!
Жаз, Нооруз майрамын биздин ата-бабалар эчен доорлордон бери улуу майрам деп белгилешип, жандүйнөнүн жаңылануусу, үйбүлөлүк очокко кут түшүүсү, ынтымак, кечиримдүүлүктүн майрамы катары кабылдашкан.
Эми биз да бул ары улуу, ары ыйык күндү өлкөбүздүн өсүшү, жашообуздун жакшырышы, маанайыбыздын ачык, шаттуу болуусу, ынтымагыбыздын бекемделиши катары кабылдап, биргеликте алдыдагы улуу максаттарга аруу тилектерден коюу менен майрамдоону салт, милдет кылуубуз абзел экени айкын.
Нооруздун мааниси - жаңыруу, жаңылануу экенин эске алсак, анда биз да жаңыруунун, жаңылануунун жолуна түшүп, ар күнүбүздү ушул Нооруз майрамын майрамдагандай маанайда өткөрөлү. Келгиле, агайын-туугандар, ак калпак кыргыз эли бул күндү ынтымак-ырашкерчиликте өткөрүп, кечиримдүүлүктүн, аруу тилектердин күнү экенин дагы бир ирет тастыктайлы.
Алатоо койнундагы акдил, меймандос калкым, сиздердин мартабалуу майрамыңыздардын алдында баардыгыңыздардын денсоолугуңуздарга саламаттык, иштериңиздерге албан ийгилик, өмүрүңүздөргө бакубат жашоо каалап, жаз гүлүндөй жайнаган назик көңүлүңүздөр эчкачан чөкпөй, шайыр өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин.
Ардайым элибиз арбир күнүн майрамдагыдай өткөрсүн. Бар болгула, кыргызстандыктар!
Дагы бир ирет - майрамыңыздар менен!

Жогорку Кеңеш депутаты
Абдирейим КУЛБАЕВ ®




  Өпөң-чычаң

24-мартта эмне болгон жана эмне болот?
2005-жылдын 24-мартында эмне окуя болгонун жана алдыда келаткан 24-марттан эмнени күтүүгө болорун сурап, белгилүү саясат таануучу Нур Омаровго кайрылдык.

- Нур мырза, 2005-жылдын 24-мартында революция болдубу же төңкөрүшпү?
- Кыргызстан үчүн 2005-жылдын 24-мартында тарых үчүн чоң саясый окуя болгон. Ошол эле учурда азыр бул окуяны чыныгы элдик революция болгон деп айтууга эрте. Анткени, ошо кезде революцияга артылган ой-максаттар эмгиче ишке аша элек. Элдин андан күткөнү акталган жок, тескерисинче, анын пайдасын өлкөнүн жетекчилигинин аз эле бөлүгү көрдү. Ошон үчүн 2005-жылдын 24-марты Кыргызстан үчүн чоң окуя, бирок элдик революция деңгээлине жеткен жок. Азыр бул күндү календарда атайын кызыл кылып белгилөө да туура эмес.
- Алдыдагы 24-мартта оппозициядан эмне күтүүгө болот?
- Эч нерсе күтүүгө болбойт. Оппозиция лидерлери буга чейин өз ойлорун ачык айтышты. Азыр алар негизги көңүлдү 29-мартта боло турган курултайга бурушуп, ошого даярданышууда. Ошо курултайда балким алар 24-марттагы окуя боюнча жыйынтык чыгарып, баа бериши мүмкүн.
- Оппозиция лидери Азимбек Бекназаров азыркы президентти кетирүүгө демилге көтөрүп атат. Ал өз максатына качан жетиши мүмкүн жана бул эмнеге алып келет?
- Менимче мындан эчтеке чыкпайт, себеби азыр оппозицияда кырдаалга реалдуу таасир бере турган рычаг жок. Албетте, алар таасир көрсөтүүгө аракет жасашат. Бирок 2005-жылдын 24-мартынын алдындагыдай ресурстар азыр жок. Ошон үчүн азыр илең-салаң саясат жүрүп, өзара бири-бирин күнөөлөгөндөн ары кеталышпайт.
Бирок, мен бир жыл мурда эле айткандай, бардыгы социалдык-экономикалык абалга байланыштуу. Эгер азыркыдай болуп, абал мындан ары да начарлай берсе, бул социалдык жарылууга алып келип, ошондо гана оппозиция аны өз максатына пайдаланышы мүмкүн.
Аскер САКЫБАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan