Бүлдүзөр тиши тийген жер
"Бийлик төбөлдөрү карапайым калкка гана короз"
"Үңкүр да болсо, үйүм болсун"
- дейт кыргыз. Ал эми ошол үңкүрдөй үйгө да жетпей аткан кыргыз саны арбын. Турмуш шартка байланыштуу айылдан борбор калааны көздөй агылып келаткан замандаштарыбыздын саны күн санап көбөйүүдө. Жыйынтыгында эчбир шарты жок, шаар көркүн бузган жаңы конуштар пайда болду. Айрым адамдар жерди басып алып, өздөрү каалагандай үй салып жиберген. Мындай өнөкөт март ыңкылабынан кийин күч алганын кантип танабыз. Өткөн жылы өзүмбилемдик менен жер басып алып, үй салып жибергендердин эмгеги талаага кетти. Себеби, мамлекет тарабынан мыйзамсыз
жерге салынган үйлөр түртүлүп салынган эле. Мындай тагдырга Төмөнкү Аларча айылындагы Акбосого жаңы конушунун айрым тургундары туш болгон. Биз аталган аймакта болуп, чакан репортаж уюштуруп кайттык.
"Согуштан" кийин
Шаардын чет жагында жайгашканына карабай, бул аймакка көп маршруткалар каттайт экен. Акбосогонун кире бериш жеринде жайгашкан көпүрө бар. Ошол көпүрөнүн эки жагында тең мыйзамсыз салынган 112 үй (болжол менен) түрттүрүлгөн. Алгач көргөн адамдын жүрөгү опколжуй түшөт. Дегеним, көзалдыма согуштан кийинки айылдын абалы тартылгансыды. Бир үйдү тургузуу үчүн канчалаган карапайым адамдын эмгеги кетти дейсиң. Баарынан да жебей-ичпей чогулткан акчаларычы. Учурда үйлөрүнөн айрылгандар бирөөлөрдүкүндө квартиралап баш калкалап жүрүшөт. Айрымдары бир бөлмөлүү кепе салып алышып, кыштан өлбөстүктүн күнүн көрүп чыгышкан.
Биз үйүнөн айрылган айрым адамдарды сөзгө тарттык. Өзүн Кубан деп тааныштырган байке сүрөткө түшүүдөн баш тартты.
Кубан:
"180 миң сомго зыян тарттым"
- Былтыр 6 сотых жерди бирөөдөн 60 миң сомго сатып алып, үй тургузгам. Былтыр орозо маалында эптеп салган үйүмдү түрттүрүп кетишти. Жалпы жонунан 180 миң сом зыян тарттым.
- Бул жерге үй салууга уруксат берилген эмес да. Силердин иш-аракетиңер мыйзамсыз болуп атпайбы?
- Карапайым адамдарга келгенделе мыйзам иштеп калат. Бир тоок уурдаганы үчүн соттолуп кеткендер толтура. Ал эми миллиондордун "башын" жуткандар соттолбой-этпейле басып жүрбөйбү. Ататүрк паркын мисалга алалы. Ал аймакка жалаң байлар особняк салып алышыптыр деп угабыз. Эмне үчүн алардыкын сүздүргөнгө бийликтин күчү жетпейт?
Кабыл Разаков,
Ош шаарынан:
"Өлбөгөн жерде калышабыз"
- Болжол менен 1 миллион 800 миң сом чыгым болдук. Биз турган жер көпүрөнүн оң жагы, жалпысынан 97 үй курулган эле. Наркы өйүздө 15 үй салынган. Эртең орозо башталат деген күнү сүздүрүп кетишпедиби. Эмгегибиз талаага кетти. Көпчүлүгүбүздүн үй-жайыбыз жок. Кыштан өлбө жаным, өлбөлөп чыктык. Биз көргөн кордукту ит көрбөсүн.
- Мындан ары эмне кылайын деген оюңар бар?
- Үйлөрүнөн айрылган адамдарды чогултуп атабыз. Кайрадан үй салуу үчүн.
- Жаңы салынган үйлөрдү кайрадан түрттүрүп койсо, не кыласыңар?
- Өлбөгөн жерде калабыз. Биз оюнчук эмеспиз да. Былтыр чыдадык. Эми андай окуя кайталанбайт. Эгерде, ушул жерде байлардын особняктары курулган болсо, эчким келип түрттүрө алмак эмес. Ушундай теңсиздик бизди өтө намыстантты. Өз жериңде жашап атып укугуңдун тебеленгенине арданат экенсиң, өзүңдү экинчи сорттогу адамдай сезип.
Мына ушундай, окурман. Президент былтыркы жылы каттамын өзгөртүп, Ататүрк паркына күтүүсүз сапар алган эле. Анда парк территориясына тиешелүү аймакка мыйзамсыз салынган дворецтерди көрүп таң калган жайы бар. Мындай "беспределге" күбө болгон ажо тиешелүү адамдарга эртерек чара көргүлө маанисинде буйрук берген. Бирок, ушул күнгө чейин жыйынтык бололек. Бизде ушундай, "крышасы" барларга эчкимдин тиши өтпөйт. Карапайым калкка гана "короз" боло калат, азыркы бийлик төбөлдөрү...
Нурканбек КЕРИМБАЕВ