![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №20, 18.03.08-ж. |
Меймансап Форум Киноэрөөл Замир Эралиев: "Мылтык эмес, пулемет көтөрүп коргонсоңор болмок..." Эрнест Абдыжапаров: "Чыр чыкпай турган жерден чыкты" - Эрнест мырза, эмне үчүн Замир Эралиев "Кыргызкино" улуттук концернге жетекчи болор замат эле нааразычылык билдирүүдөн баштадыңыздар? Адегенде жаңы жетекчинин кантип иштегенин көрүп, билип, ошого жараша тыянак чыгарса болот беле? Э.А.: - Биринчиден, биз Замир Эралиевге каршы чыккан эмеспиз деп таккесе айтам. Болгону "Кинокараван" деген ураан менен киночуларды, Кыргызстанды кыдыртып, кино көрсөтүп жүргөн кезде, кеңешпей туруп эле Замир Эралиевди дайындап коюшту. Бизге бул түшүнүксүз болуп калды. Кайтып келгенде Замир Эралиевге телефон чалып айттым, "Замир байке, биздин ортобуздагы мамилебиз ошол боюнча калсын, бирок, мен сиздин бул орунга дайындалганыңызга каршы чыгам. Менин позициям ушундай", деп. Эркекче сүйлөштүк. Ошондон улам, аягы чырга айланып кетти. Баарын ортого салып, эмне себептен мурунку президент кызматтан алынды, эмне себептен Замир Эралиев дайындалды, ушуну билели деген эле далалат болчу. - А сиз буга кандай дейсиз? З. Э.: - Мен эмне дейин, эч нерсе дебейм. - Сизди бул орунга тааныш аркылуу келген деп атпайбы, оппозицияңыз? З. Э.: - Ким экен ошол таанышым? Мен билбейм, кимди айтып атышат. Анда, Эрнест сен айтчы, ошол тааныштарымды. Ал таанышым Курманбек Салиевич Бакиев болушу мүмкүн. Революцияга чейин мен дайыма ал кишинин жанында болдум. Себеби, Жалалабат окуясы башталганда, мен ошол жерге барып, съемка баштагам. Ал кишини өтө кыйын кырдаалдарда көрүп, чоң баа бердим. Мисалы, Ленин Октябрь революциясы башталарда "Эртең кеч болот, кечээ эрте болчу, бүгүн революцияны башташ керек" деген ой менен келген Германиядан. Артында чоң күчтөр болгон, Германиянын буржуазиясы укмуш акчаларды берген. Ошону менен революцияны ишке ашырган. Ал эми Бакиев артындагы карапайым эли, туугандары, анча-мынча жолдоштору, аны колдогон кишилери менен эле революция жасады. Ошолордун арасында мен да болдум. Мен ошого кубанам. Революциядан кийин Болот Шамшиев (кинорежиссер, президенттин азыркы кеңешчиси - Н.К.) менден сурап калды, кино тармагын башкарып бербейсиңби маанисинде. Мен таң калып, эмне үчүн мени тандадыңыз десем, баары эле жетектейт элек деп жүгүрүп атат деп Шамил Жапаров, Бакыт Карагулов" дагы эки-үч режиссердун атын атады. Анан мен ойлодум, кызык, мен алардан кем бекемин, кой, документимди берип көрөйүн деп. Бирок, ошондо Болот Шамшиевден "уят болуп калбаймынбы, тигилер өтүп кетип, мен өтпөй калып" деп сурагам. Ал коркпо, андай болбойт деген. Болот Шамшиев атактуу киши, ал кезде президенттин кеңешчиси да эмес болчу. Ошентип, менин кандидатурам өтүп кетиптир. Анан "А" дегенден кийин "Б" деш керек, мейли деп иштей баштадым. Мен ушул орунду алайын деп чуркап, буга чейин иштеген президенттерди бир да жолу жамандап, буларга окшоп арыз жазуу оюма да келчү эмес. Кызмат ушул кишиге буюргандан кийин мейли, колунан келгенче иштесин деп ойлочумун. Мисалы, Эрнест деле бир күндүн ичинде режиссер болуп чыга келиптирби. Алгачкы фильмдерин көрсөтүп атканда мен колго чаптымбы? Колуман келгенче колдоп, же сындап, жолун көрсөтчүмүн. Киши бирдеме кылайын деп аракеттенип атканда колго урган туура эмес. Антип олтурса ал киши эч качан өспөйт. Тескерисинче, адегенде колдош керек. Булар мени колдогон жок. Мен ошого кээде ичимен капа болом. Колдосо кыргыз киносунун иши мүмкүн мындан да жакшы болот беле. - Эрнест мырза, сиздин Замир мырзага кандай дооматтарыңыз бар? Э. А.: - Менин эч кандай дооматым жок. Негизи, принцибимде кишини, атүгүл бирөөнүн тасмасын да сындабайм. Азыркы саясат менен ишим да жок. Мен өзүмдүн оокатымды кылып атам. Анан ынтымакташып, чогуу иштешели деген ниетим бар. Болгону, биздин чырыбыз көп гезиттерде жазылып кетти. "Эрнест мылтык көтөрүп, мени атам, киностудияга киргизбейм" деп атат деген фразаны тактап коюшум керек. Чынын айтканда, Замир байке кызматка келгенден кийин бир жыл айланса деле чыр-чатактар көбөйүп, кино процесси токтоп калды. Биз ыр-чыр менен баткакка белден батып, элге шерменде боло баштадык. Ошондуктан, шайлоо кылып, ар ким программасын ортого алып чыгып, конкурстук негизде ушул орунга шайланса деген далалат пайда болду. Ал иш жүзүнө ашпай калды. Ошондо бир жолу чогулуш жасадык, Замир Эралиев келген жок. Ага чейин келгенде деле тил табыша албай койгонбуз. Анан ошондо курдаштарыма, катарлаштарыма кайрылдым да "Эми бир жыл болду, бул кишини алалбайт экенбиз, бул факт. Кинобуз токтоп турат, биргелешип максат коюп, келишим түзбөйлүбү, ар ким өзүнүн милдетин, укугун ортого салып, кеңешип алдыга жылбайлыбы" деп сунуштадым. "Замир Эралиевдин өзүнүн милдети бар. Ал эми киностудиянын өзүнүн милдети бар. Ал өзүнө акча табат, кино тартат, ошентип эле тил табышып кетебиз. Эгерде бизге кийлигишип, кино тарттырбай, киностудияны ээлеп, чакчалакейин чыгара турган болсо, анда коргонолу. Мына, мен биринчилерден болуп мылтык менен болсо да коргоном" деп тамашалагам акырында. Мына эми ошону… З. Э.: - Ошентип коргонсоңор болмок экен, мылтык эмес, пулеметту көтөрүп... (күлдү). Аябай күлкүлүү болмок... Эрнест Замир Эралиев качан келет, качан атам деп күтүп олтурса … Э. А.: - Мына, Замир байке дагы эле түшүнгөн жок, мен эмнени айтайын дегенимди. Себеби, мен ошол сөзүм менен биримдикке, келишимге келели деп чакыргам. Ошентем деп катарлаштарыма жаман көрүндүм. Ошол эле замат бирөө Замир байкеге: "Эрнест Абдыжапаров азыр эле колума мылтык алып коргонуп, сизди киностудияга киргизбейм деп атат" деп ташып барыптыр. Экөөбүздүн мамилебиз ошондон бузулду. Анан ошондо "бириңер өлүп, бириңер калгыла, эмне болсоңор ошо болгула" деп айттым да, арыз жазып союздан (киночулар уюму - Н.К.) чыгып кеттим. Азыр тигилерге да, буларга да кошулбайм, өзүмчө эркин жүргөн режиссермун. - Азыр сиздердин жеке мамиле-ңиздер кандай? Байкашыма караганда кучакташып, өбүшүп учураштыңыздар… Э. А.: - Экөөбүздүн мамилебиз жакшы эле. Биздики профессионалдык эле келишпестик деп эсептейм. Мамилебиз эчкачан бузулган эмес. Биздин мамилебиз 35 жылдан бери жакшы. З. Э.: - Биз Эрнест экөөбүз эки еврейге окшошпуз. Еврейлер элдин көзүнчө аябай урушуп, тытышышат. Ал эми үйүндө чай ичип кобурашып эзилишет. Бирок, албетте, мамиле мурункудай болбой калды. Мисалы, Эрнесттин баласынын атын мен койгом. Чоңойгондо баласына велосипед белекке бергем. Эрнест айтсынчы азыр, баласына дагы ким велосипед бериптир. Мен Сергей Герасимовдун (орус совет кинорежиссеру - Н.К.) тарбиясын алгам. Улуу кинорежиссердон көп нерсени үйрөндүк. Улуу киши кызматта да улуу, айкөл болуш керек. Мисалы, мага ким канча сын айтса, мен ошого ыраазымын. Юруслан Тойчубеков деген досум бар, ага барып, ушунча убакыттын ичинде мен кандай кемчиликтерди кетирдим, кандай туура эмес иштерди жасадым, кандай туура эмес сөз айттым ушуларды айтып берчи, мүмкүн мен байкабай калышым ыктымал, жакшы жолго салганга аракет кылайын деп сурадым. Мен буларга деле ошентип айттым… Э. А.: - Мени топторго кошпой жүрүңүзчү… (күлдү) З. Э.: - Эми башкаларына дегеним да… Мени чогулушка чакырганда: "Балдар, ушул жерде баарыңар чогулуп отурасыңар, кана, айткылачы, кимиңерге мен жаман сөз айттым? Кимиңердин фильмиңерди же жумушуңарды тартып алдым? Кимиңерди сөгүп, уруштум?" десем, эчкимиси ордунан турган жок. Ошондо айттым: "Бириңерди сөкпөсөм, эчкимден жумуш тартып албасам, бирөөңөргө жамандык кылбасам, анда силер эмнеге мынчалык каршысыңар? Мен силер киного келелекте, кээ бирөөңөр төрөлөлекте киного келгем. Силердин араңарда бирөө атайылап бузуп, мүмкүн акча-тыйындарын да берип аткандыр, ошонүчүн каршыгып аткандырсыңар" деп… - Сиз айтып аткандай өзүңүз шектенген адам барбы, ошолордун арасында? З. Э.: - Эми Актан менен Тынай да(Актан Арым Кубат, кинорежиссер, Тынай Ибрагимов "Кыргызфильм" киностудиясынын мурдагы директору - Н.К. ) . Атүгүл Тынай мага атырылып атканда айткам: "Тынай, айтчы, мен сага эмне жамандык кылдым? Экөөбүз фильм тартып жүрдүк. Кыйынчылыкты бирге көрдүк" деп. 1987-жылы бир документалдуу фильм тартабыз дегенде куугунтукка алышкан. Ошондо Тынай туруштук көрсөтүп, жанымда турган. Тынайга азыр да ыраазымын. 1999-жылы жанагы концепцияны, кыргыз киносунун моделин баарыбыз түзгөнбүз. Актандын ага деңгээли жетпейт, ачык эле айтып коеюн. Элүүдөй киши күнү - түнү болбосо да, бир жумада эки жолу эки-үч саат чогулуп сүйлөшчүбүз. Ошонун башында Александр Коротенко (киночулар уюмунун ошо кездеги жооптуу катчысы - Н.К.) турган. Ошондо жакшы ойлорду, сунуштарды иргеп, жолдорду издегенбиз, моделди тапканбыз. Бирок, ошондо модель, теоретикалык жагы бүткөндө Коротенко ставканы Актанга койгон. Мен ошондо Актанга айткам: "Саша Коротенко киночуларды бөлүп атат, кел, экөөбүз биргелешип, кандидатураны коелу, анан биргелешип иштейли дегем. Актан болбой койгон. Өзүнөн башка алты кишини тандаган, арасында Эрнест деле бар болчу. Мен Коротенконун бетине эле элдин көзүнчө айткам: "Сен оруссуң, бир күнү кетип каласың, кыргыздарды бөлүп атасың" деп. Ошондо ал да мага каршы чыккан. Мына, азыр, ошол айткан сөзүм чын чыкты. Кана, Коротенко? Бизди бөлдү, а өзү Украинада жүрөт. - Эрнест мырза, сиз бул сөзгө кошуласызбы? Э. А.: - Мен кошулам же кошулбайм дегим келбейт. Анткени биз азыр өткөн, былгыган нерселерди чукуган атат окшойбуз. Гезит аркылуу кайра ошонун баарына кайрылып, анан ага тиги жооп берип, митингдерге чыгып, жулмалашкандын эчкандай кажети жок. Мен комментарий бербей эле коеюн. Актан менен Тынайга карата айтылган сөздөргө өздөрү жооп беришсин. А менин жеке пикиримде - оюбузду эртеңки күнгө буруп, ошол жөнүндө сүйлөшсөк туура болот го дейм. - Замир Эралиевге карата кандай дооматыңыз, же кандайдыр бир сунуштарыңыз бар? Э. А.: - Азыркы учурда, киночулар уюмунда көп эле далалат байкалат, бирок жыйынтыгы чыкпай атат. Биринчи кезекте баарыбыз бир бүтүмгө келишибиз керек. Бул жерде тигил тарап же бул тарап деген жок. Алардын баарын чогултуп, бир той өткөрүшүбүз керек. Иштелчү иш көп. Кино жөнүндө жаңы закон сунуш кылышыбыз керек. Мамлекеттик жана жеке кинону өнүктүрө турган жолдорду табышыбыз зарыл. Бирок, ушул күнгө чейин ошонун баары жасалбай келатат. Эрөөлдү уюштурган Назгүл Калмамбетова Р.S. Кийинки санда Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" фильми кантип Ысыккөл кинофестивалынын "Күмүш түндүгүн" алганы, "арзан пирожкидей" болгон "Министрдин кызынын махабатына" эмне үчүн эл көп келери ж.б.тууралуу айтыштын уландысын окуйсуздар. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|