Коомдук-саясый гезит
№20, 18.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Айназиктин аксандык

Махабат дартына чалдыкпаган ким бар.
Баарыбыз кабылабыз. Окурман, эгер сүйүүдөн
баш айланып, бактыңыз ашып турса да,
арзыганыңыздан айрылып, кайгыга чөгүп же качанкы
бир сезим жүрөк кыйнап, унутулбай жүрсө, же
жаңыдан сүйүүгө кабылып, көкүрөгүңүзгө батыралбай
жатсаңыз, а балким жалгызсырап, сүйүүгө суусап да турсаңыз, "Агымдын" Айназиги бугуңузду бөлүшкөнгө дайым даяр. Кайгылуу болсун, мейли, күлкүлүү болсун, айтор, окуялуу сүйүү баяндары үчүн аксандык ап-ачык!

Бир күн кезигербиз...
...Эмнегедир ушул күндөрү сени көп ойлочу болдум. Унутайын деген сайын элесиң көз алдымдан кетпейт. Мен армандуу махабатка жолуккандаймын. Эмнеден жаздым билбейм. Сени түшүнүүгө аракет кылып, сен үчүн бардык нерсеге макул болбодум беле.
... Ошол күнкү кезигүү акыркы экенин билгенимде, жаныңдан жылбай, ошол күндү толук сен менен бирге өткөрбөйт белем. Эмне мынча кеч кезиктиң. Таптакыр жолумдан чыкпай, жок дегенде ошол күнү үмүт жандырып, бөтөнчө мамиле жасабай койсоң болмок. Кадимки тааныштардай мамиле кылганыңда мен мынчалык кыйналмак эмесмин. Чынын айтсам, сени мен ошол кезигүүдөн соң, жакын көрүп, ал эми ошондо айткандарың, мамилең жүрөк түпкүрүнөн орун алган.
"Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" дегендей, бир күн болбосо бир күн экөөбүз жолугарбыз. Бирок ошол жолугушуу экөөбүз үчүн тең кеч болуп калабы деп корком. Мейли кайда, ким менен жүрсөң да, аман бол. Сага эч качан жамандык каалабайм. Сенин амандыгың - мен үчүн эң чоң бакыт. Сен деп жанган жүрөк-төгү үмүттү өчүргүм да жок.
Билбеймин кимдер менен жүргөнүңдү,
Билбеймин кимге карап күлгөнүңдү.
Бир кудай төбөбүздө калыс турат,
Билемин жалгыз сени сүйөрүмдү.

Назгүл, Жалалабат
Бактыбыз бүтүн, жаным!
Бүгүн мени бөтөнчө бакытка бөлөдүң. Мен ата болдум. Аярлап сүйгөн асыл жарым, ыраазымын сага! Ыраазымын кудайга! Көптөн күткөн наристе тартуу кылдың. Ата-энемдин, дос-туугандын "Жолуңду бошот, ажыраш" деген сөзүнө кирип, колумдан чыгарып жибербегениме тобо кылдым. Экөөбүз ар күнү Кудайдан тилеп, бата кылган сайын сураганыбыз орундалды. Мындан алты жыл мурун сага ак жоолук салынтып, колуңа шакек таккан күндөн да таттуу, андан да ыйык сезилип турат мага бүгүн. Эми экөөбүздүн бактыбыз бүтүн, эч ким бизге тоскоол эмес.
Кыздуу болдук, эмкиде сөзсүз уул төрөлөт. Кызыбызга ааламда жок ысым бергим келип турат, жаным. Ушунча таттуу сезим беле, ата-эне болуу. Таптакыр тааныш эмес сезим кайдадыр алып учуп, бактымды сөз менен жеткиралбай жатам. Сүйүнүчтөн көзүмө жаш тегеренди. Ыракмат сага, Алия! Мурда мага үйдө жалгыз ыйык сен болсоң, эми сага кызым кошулду. Колдон келишинче, кудуретимдин жетишинче, экөөңөрдү өмүр бою сыйлап, барктап алам.
Алмаз, Бишкек шаары
Каттарды төмөнкү дарек боюнча: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, "Агым" гезитинин "Айназиктин аксандык" рубрикасына же aynazik01@yandex.ru электрондук почтасына жөнөтсөңүз болот.




 

Ушу-саньда
Кыргызстандык спортчулар ушу боюнча Иранда өткөн "Персия-2008" кубогу турниринде эки медаль утуп алышты. Бул иш - чарага 20 өлкөнүн спортчусу катышкан. Жердештерибиз Рустам Эшенкулов менен Бекболсун дю-таолу, Улан Эралиев менен Нурстан Толтоев саньшоу боюнча күч сынашты. Финалдык беттеште Япония, Франция жана Польшадан барган спортсмендерди артка калтырып Рустам Эшенкулов коло медаль тагынса, Нурстан мырза алтындан кийинки орунга татыктуу болду.

Дзюдо
15-16-мартта Алмата шаарында өткөн лицензияланган турнирде кыргызстандык спортчулар натыйжалуу ийгилик көрсөтө алган жок. Дегеним, Казакстанга өлкөбүздүн намысын коргоо үчүн 12 спорт чебери аттанган эле. Бул мелдеште эки гана жердешибиз байгелүү орундарды камсыз кылганга жетишишти. Эркектер арасында өткөн таймашта Данил Бабаев коло медаль тагынса, ал эми Елена Проскурова (70 кг салмакка чейин) экинчи орунду ээледи.

Фехтование
Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде бирнече тепкичке жогорулады. Швецияда болуп өткөн эларалык "Гран при" турниринин жыйынтыгынын негизинде эркектерибиз 28ден 24-позицияга, аялдардан түзүлгөн курама команда 25тен 20-позицияга көтөрүлгөнү маалым болду.

Бокс
Эларалык турнир Астана шаарында ишемби күнү башталды. Учурда кыргызстандык 8 мушкер атаандаштары менен былчылдашып аткан чагы. Ошол 8 спорт чеберинин ысымдарын атай кетсек: Салиев Гиесидин, Ильясов Дамирбек, Бакиров Залкар, Таласбаев Асылбек, Мадаминов Акматали, Хабиров Давран, Каприпов Руслан жана Борбашев Чынгыз. Ошол эле маалда, жекшемби күндөн тартып 20-мартка чейин Борбор Азиядагы мамлекеттердин дене тарбия жана туризм агенттигинин башчыларынын жолугушуусу пландалган. Бул иш-чарага кетчү 253199 сомду Өкмөт алдындагы дене тарбия, спорт, жаштар иши жана өспүрүмдөрдү коргоо мамлекеттик агенттиги мойнуна алган. Айтмакчы, аталган турнир элдик революция күнү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылат.

Орус бильярды
Спорттун бул түрүнөн өткөн "Гран-при Евразия-2008" турниринде жердешибиз Каныбек Сагынбаев үчүнчү орунду ээледи. Чейрек финалда Каныбек мырза Грузиядан келген Паата Хмаладзе менен кездешип, 6:3 эсебинде утуп алган эле. Бирок, жарым финалга чыккан кыргыз спортчусу дүйнөнүн көп жолку чемпиону, 22 жаштагы украиналык Артем Моисеенкого туш келип, жеңилип калды. Баш байгени түрдүү версиялар боюнча дүйнө чемпиону Евгений Сталев алды.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan