![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №21, 21.03.08-ж. |
Меймансап Форум Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин төрагасы: "Колуңдан келген "ишке белсен" (Уландысы. Башы 5-бетте) - Акаев учуру менен азыркы замандын айырмасы дале алыстай элек го? - Аны сиз менден жакшы билип турасыз. "Кой үстүнө торгой жумурткалады" дегенден алысмын, кээ бир мамлекеттерди карасаңыз, эчен-эчен жылдардан кийин гана телчигип, бутуна туруп келатат. Кыргызстан дагы өзүнүн ордун эларалык аренада таанып, ээлеп баштагандыкта. Мына биздин депутаттар унчукпай калды деп атасыз. Канча жолу сын айтып атат. Чыныгы атуул: жаманды жашырып, өз үйүнөн чыгарбайт. Жакшыны ашырат. Биз Казакстанга суктанабыз, экономикасы мыкты, бай жашайт деп. Мындан 10 жыл мурдагы Казакстанды карап көргүлөчү. Ошол мезгилде алардын духу күчтүү болгон. Бүгүнкүдөй өнүгүүгө жетебиз дешкен. Бизде, бешөөсү ушундай болобуз десе, 15и жатып алып, койчу деп кол шилтеп турушат. Артка кылчайып көрөлү. 14 жылдын ичинде канча трактор келген Кыргызстанга? Канча айыл өкмөтүнө машина берилген? Канча айылдык ооруканалар тез жардам машинасы менен камсыз болду? Кыргыз жоокер офицерлеринин канчасы квартирага ээ болгон эле? 16 квартира гана алган. Эки жылдын ичинде 184 кыргыз жоокерлеринин офицерлери квартира менен камсыз болуп атат. Канча ички иштер кызматкерлерине үй курулуп баштады? Үч жылдан бери үйлөр курулуп башталбадыбы. - Акаев учурунда жакшыны жашырып, жаманды ашырган элеңиз... - Акаев кезинде, сиз журналист кесиптешим катарында билсеңиз, мен дайым баштаганда мүмкүн мыкты атадыр, мүмкүн мыкты окумуштуудур, мүмкүн мыкты жардыр деп туруп баштачумун. Андан кийин кетирген кемчиликтерин тизмектеп берчүмүн. Азыр фамилиясы аталганда эле шыбап баштап атпайбы. Адилеттүүлүк деген да болуш керек да. Анан сөз эркиндиги деп атпайбызбы. Кыргызстандан өткөн сөз эркиндиги жок. "Ырчы менен элчиге өлүм жок" дейт. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" дейт. Демократиянын туу чокусун ата-бабаларыбыз сактап келген. Ошону менен эле бирге жоопкерчилигин да айтып койгон. "Туяктан мүдүрүлгөн турат, ооздон мүдүрүлгөн турбайт" деп. "Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө". "Сөз - атылган ок" дейт. Кайра кайтпайт. Ошон үчүн эркиндикти канчалык берсең, жоопкерчилигиңди кошо бил дегендикке жатат. Бул эки устаранын ортосунда жүрүү дегендикке жатат. Оң жакка кыйшайсаң да, сол жакка кыйшайсаң да кесилесиң. Түптүз, аппак жол менен басып жүр деген сөз да. Демократия Англиядан, АКШдан башталган деп атпайбызбы. Эч кандай. Мен ошол делегаттар менен жолугушканда айтам: "Кыргыздар миңдеген жылдар мурун сөз эркиндигин ушинтип бийик көтөрүп койгон" деп. - Адахан Кимсанбаевич, бийликти муштум менен башкарганды жакшы көрөсүзбү, же идея мененби? - Бул өтө оор суроо. Ошол идеяга баш ийип, ошол идея менен сугарылган коом болсо, мындан өткөн жол жок. Эгер, кандайдыр бир ошол идеалдуу деңгээлге жеткенге чейин мамлекет күчтүү болуп, мыйзамдар так иштеп турган болсо, анда өзүн-өзү актайт деп эсептейм. Тарыхты карайлычы. Сталин, Андропов жөнүндө эмнелерди гана айтпадык. Мына Путин жөнүндө эмнелерди айтпады. Талкаланып келаткан Россияны Конституция, мыйзамдын күчү менен күчтөнтүп, белсентип, бутуна тургузду. Ошол кезде кайсы идея менен башкарды Путин? Мыйзам, мамлекеттүүлүк менен башкарды. - Демек, мыйзам - бул идея? - Эң чоң идея - коом идеалдуу болуп, Сократ, Платон айткан деңгээлге жеткенге чейин бир гана идеология - бул мыйзамдуулук. Жакшыбы, жаманбы, мыйзам. - Демек, сиз бирөөгө муш көтөргөндү каалабайсыз? - Муш көтөрүү - алсыздык. - Сындасак муш көтөрбөйт экенсиз да. - Ой, сындабаган дагы эмнеңер калды. Мен жөнүндө сын макала чыкканда сизге чалдымбы? Жок. - Оппозицияга кандай баа бересиз? - Оппозиция деп эч качан оозуман чыкпайт. Мен оппонент деп айтам. Ар кандай көзкараш болушу керек. Оппоненттер менен бийликтин ортосунда идеалдуу мамиле качан болот? Коом социалдык-маданий деңгээли өтө жогорку тепкичке жеткенде. - Бийликтен кеткендер оппозицияга барып кошулуп алат. Анан шыбамай башталат. Кызмат берсе мактай баштайт. Бул биздин саясатчылардын туруксуздугу го. Сиз кантесиз? - Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушул үчүн мен сизге терең ыраазымын. "Мени кызматтан алсаңар, оппозицияга барып кошулуп алам" деп коркутушат. Айланайын, кошулчу. Мына ушундай багыт менен президенттин колун дагы, бутун дагы байлап келишти. Коркутуп, үркүтүү менен. Ал эми ортодо иш аябай жабыр тартты да. Президентти өтө эле аша чаап мактап атат деп ойлобоңуз. Анын чыдамкайлыгына, сабырдуулугуна баа берүүбүз абзел. Ачык айталы, эгерде жашыраак, курчураак киши болсо, ары же бери кылып салмак, туурабы? Болбосо эмне деген гана сөздөр, сүрөттөр чыкпады. Баарына чыдап отуруп, ушу күнгө жетти. Баарын мезгил таразалап, тарых өз ордуна койот деген принципти тутунуп, адилеттүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип коюшубуз керек. - Аксы чуусу качан тыйылат? - 50 жыл мурда болуп өткөн окуяларга мына бүгүн баа берилип атканын Россиянын телеканалдарынан көрүп атпайбызбы. Мезгил өткөн сайын баалуулуктар өзгөрө берет. Мына Македонскийге баа берип атат. Ошол сыяктуу тарыхтын таразасында, адамдын өзүнүн абийирине коюш керек. Олуя эмесмин. Бул күнөөлүү, тиги ак деп айта албайм. Кудай өзү андан сактасын. Ар бир айткан сөзгө жоопкерчиликти тарта билишибиз керек. Ошол мезгилдеги жалпы система аябай күнөөлүү болгон. Системанын камчысын чаап жүргөн азаматтардын ичинен өкүнүп жүргөндөрү да бар. Бирок, ошол жасаган ишине ушул күнгө чейин кечирим сурабаган азаматтар да бар. Алардын абийиринде болсун. - Эркин диктофон. - Омар Хаямдын жакшы сөзү бар да. "Счастлив тот, кто познал закон этой жизни и смирился судьбой" деген. Будданын да мындай сөзү бар: "Умерьте свое желание, ваше страдание исчезнет" дейт. Кыргызча айтканда, "Колуңдан келген ишке белсен, колуңдан келбесе, азабын тартпа" дейт. Себеби, колуңдан келбеген иш болсо өзүңдү да, башканы да азапка саласың да. Менин каалоом, кылымдарды карытып келген касиеттүү кыргыз эчкачан өзүнүн сынын-сыпатын берген эмес. Жалпы элдин атынан сүйлөгөнүбүздү токтотушубуз керек. Эл менен биз башка планетада жашап өткөн жокпуз. Эл менен бат-бат кездешип жүрөм. Президент да элдин арасында. Министрлер дагы элдин арасында, оппоненттерибиз дагы элдин арасында. Элдин пикирин да эске алып койбойлубу. Дээрлик Кыргызстандын 65%ын кыдырып келдим. Элдин президентке болгон талабы - камчысын алып, бекем тартип орнотсун. Бейбаш болуп кеткендерге чара колдонсун. Мен биримдикти, аманчылыкты гана тилейм. - Маек курганыңызга ыракмат, ишиңиз илгери болсун! Керим АЙДАРОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|