![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 28.03.08-ж. |
Меймансап Форум Талас таңшыйт! Бардык. Көрдүк. Келдик Таарынсаң Таласка бар… Кыргыз ушинтет. Биз эчкимге, эчнерсеге таарынбай-этпейле Манас бабабыздын жерине сапар алдык. Телевидениенин 5-каналынын журналисттери болуп. Талас элинин бүгүнкү күндөгү абалы, көйгөйлөрүн чагылдыруу максатында. Жол азабы - көр азабы Өтмөк ашуусунан өтсөң аргасыз ушундай дейсиң. Ал эми Жамбылды айланып барам десең, жол азабын эмес, көр азабын казак туугандар көрсөтөт. Намазыңды тескери окутат. Аргасыздан бардык зордук-зомбулуктарына чыдоого туура келет. Андан башка жол жок. Бул маселе боюнча журналисттер канча жолу жазды. Эчкандай реакция болгон жок. Баягыле шордуубай элдин шордуу "пейзажы". Жаңы жыл Кыргыз кай жерде болбосун майрамдын үстүнөн чыгат экен, эй! Дегеним, биз баргандын эртеси Талас жергесинде Нооруз майрамы "Жаштык" стадионунда өттү. 12 бозүй тигилиптир. Кадимки майрам шааниси. Облустун белдүү кызматкерлери куттуктоо айтып, ырлар ырдалып, бийлер бийленди дегендей. Мекемелер тиккен бозүйлөр арасында конкурс уюштурулду. Мындан сырткары, улак тартыш, ордо атмай, кыргыз күрөш сыяктуу улуттук оюндар болуп, жеңүүчүлөр татыктуу сыйлыкка ээ болду. Бир сөз менен айтканда, Нооруз майрамы Таласта жогорку деңгээлде белгиленди десем жаңылышпайм. "Акжол" ардайым алдыда Президент башында турган бул партия парламенттен басымдуу орунду ээлегени жалпыбызга маалым. Жыйынтыгында ич ачышып, жер тепкилеп чычалагандар да болбой койгон жок. Канчалык жерибейли, таарынбайлы, бирок, шайлоо маалында эл алдында берген убадаларын аткарып атканы айныгыс чындык экенине ушул сапарымда күбө болдум. Жаңылбасам, аталган партия Талас аймагынан аз добуш алган. Ошого карабастан, Нооруз майрамынын салтанатында "Ак Жол" партиясынын Талас областы боюнча координатору Эмилбек Абдыкадыров чыгып сөз сүйлөп, белек-бечкек тапшырды. Атай кетсек, Чатбазар айылындагы милиция бөлүмүнө бир компьютерди комплектиси менен белек кылды. Ошондой эле башка мекемелерге спорт тармагына керектүү буюмдар тапшырылды. Эл үчүн күйүп-бышымыш эткен башка партиялардын өкүлдөрү минтип шайлоочулары менен майрам убагында жолугушуп, белек-бечкек тартууламак тургай, жылуу сөз айтканын көрө да, уга да элекпиз. Чатбазардагы чатыраш "хайл" Айыл жергеси болгондуктан милиция бөлүмү жайгашкан имараттын эскилиги жетип, урап түшүү алдында турган. Бул маселеге Ички иштер министрлиги өзү көңүл буруп, жардам берип, 800 миң сомго капиталдык ремонт жасалыптыр. Учурда имараттын ичи европа стандартына ылайык десек болот. Алты бөлмөлүү. Мындан сырткары милиция кызматкерлери үчүн эки ат бөлүнүптүр. Бүгүнкү күндө ал жерде он кызыл шапкечен айыл элинин бейпилдиги үчүн кызмат кылууда. Дагы кошумча штат ачуу каралып жатат. Талас шаары Өтө чакан. Бул жерде өмүрү троллейбус жүрөт деген Жумгалга метро ачылыптыр дегендей кеп. Көчөсүндө үч светофор бар. Бишкектегидей жайнаган соода түйүндөрүн, кафе-ресторандарды, сауналарды жолуктура албайсың. Жолукса алдуубайлар менен малдуубайларга болбосо... Шаар ичи таза. Керектүү буюм-тайымдарга, тамак-ашка болгон баалар Бишкектегидей эле. Төөбурчак Таластыктардын болгон байлыгы ушул. Элдин басымдуу бөлүгү төөбурчак менен жан багышат. Баштагыдай кол менен эмес, техниканын жардамы менен түшүм жыйнайт. Бир учурда төөбурчакты эккен дыйкандардын күйгөн жайы бар. Эң арзан баада сатышып. Азыр андай эмес. Учурда жогорку сорттогуларынын бир килосу 50 сомго чейин жетет экен. Өпкө жок, бирок жүрөк бар Таластыктарды эл ушинтип тамашалап коет. Менин байкаганым, жүрөгү өтөле ашынып кетиптир. Жөнөкөй мисал. Машинабызга май куюп алалы деп бензин сатуучу жайга кайрылган элек. Бензин куя турган балдар-кыздар жок экен. Акчаңды кассада отурган айымга төлөп белгилүү өлчөмдө куясың да, кете бересиң. Бул чекеси. Стадиондон чыгып келатканыбызда кызымтал бирөө кызыл шапкеченди "калчылдатып" аткан экен. "Бир шишеге акча барбы?" деди беркиниси. "Жок эле" деп жооп берди милиция кызматкери. Антсе, "анда неге мени токтоттуң?" деп жарга такап атпайбы. Анан таластык эмес, кимге суктанасың? Шаар ичинде ылдамдыкты 100дөн түшүрбөй айдашат экен. Токтотуп, айып салайын деген МАИ кызматкерлерине көрсөтчү "жерин" көрсөтүп, ылдамдыкты огобетер жогорулатат. Кечки саат сегизден кийин көчөгө чыгуу кооптуу дешет жергиликтүү тургундар. Айрыкча сырттан келген меймандар үчүн. Андыктан, эсен-соо үйүңүзгө кайтайын десеңиз, караңгыда көчөгө чыкпашыңыз керек. Ат жалында маек Майрам маалында убакыттан пайдаланып Талас областынын айрым жетекчилерин чакан кепке тарттык. Бейшенбек Болотбеков, Талас облус мамадминистрация башчысы: "Баары мыкты, баары жайында" - Айыл чарбасына республика тарабынан көңүл бурулуп, жардам болуп атат. Колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жазгы талаа иштерин жакшы өткөрүп алалы деп максат койгонбуз. Ал эми эң башкы максаттарыбыздын бири - айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү. Ушул максатта индиялыктар менен картошкадан чипс чыгаруу боюнча, ошондой эле андан картошканын унун - пюре жасай турган чакан ишкана курууну сүйлөшүп койдук. Мындан сырткары, көптөн бери ишке кирбей келаткан кызылчаны кайра иштетүүнү колго алсакпы деп турабыз. Өзүңүздөр жакшы билгендей, Талас эли төөбурчак менен бир топ жылдан бери алектенип келет. Облустун алдында төөбурчак өстүргөн дыйкандар үчүн атайын чарба ачсакпы деген планыбызда бар. - Талас кен байлыктарга да бай. Кепти ушуга бурсак. - Туура айтасыз. Өнөржайды өнүктүрүү иштерин колго алуудабыз. Анын ичинен биринчи кезекте кен байлыктарды иштетүү. "Жерүйдү" өзүңүздөр жакшы билесиздер. Күмүш кенин өндүрүү боюнча иштер жүрүп атат. Жакында Балажондогу кремнийди иштетүү алдында турабыз. Киров суу сактагычына орточо кубаттуулугу 35 мегаваттка жете турган ГЭСтин курулушу башталмакчы. Эркин Турсункулов, Талас шаар мэри: "Көйгөйлүү маселелерибиз жетиштүү…" - Албетте, көйгөйү жок шаар, бир да аймак болбойт. Шаарыбыздын инфраструктурасын жолго коюу- эң башкы маселелердин бири. Учурда жол проблемасы бизди тынчсыздандырууда. 154 км. жол биздин Талас шаарынын балансында. Финансы министрлиги жана өзүбүздүн жергиликтүү бюджет аркылуу акча караштырып, жакынкы арада иш баштаганы турабыз. Бул маселени чечүүдө областын губернатору Бейшенбек Болотбекович чоң жардам көрсөтүүдө. Башкача айтканда, губернатор 3 миллион сом бөлдүрүп берди. - Өткөн жылды кандай өткөрдүңүздөр? - Эң башкысы, алдыга койгон пландарыбыз толугу менен аткарылды. Мына өзүңүздөр күбө болуп атасыздар, Талас элинин Нооруз майрамындагы маанайы абдан жакшы. Талас шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин баштаганы турабыз. Таласта аз эле убакыт болгонубузга байланыштуу көп жерди кыдыра албадык. Мени өтө кубантканы - Бишкектегидей жайнаган сойкуканалардын жоктугу болду. Болбосо, башка облустарда андай үйлөрдүн бар экенин кулагыбыз чалып эле жүрбөйбү. Балким Манас бабабыз жашап өткөн жердин ыйыктыгы мына ушунда болсо керек… Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|