Коомдук-саясый гезит
№22, 28.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  BITEL жана MOBI балдар үйүнө жемиш багын белек кылды

Жаз жаңыртып келген Нооруз майрамына карата BITEL жана MOBI соода маркаларында кызмат көрсөткөн Sky Mobile компаниясы Ысык-Ата районунун Киршелк айылындагы "Келечек" балдар үйүнө (толук аты - балдарга жана үйбүлөгө жардам көрсөтүүчү "Келечек" Борбору) Нооруз күнү кайрымдуулук акциясын өткөрдү.
Мейманга келген апалар салт боюнча арча түтөтүп аластап, карыялар балдарга, тарбиячыларына жана демөөрчүлөргө ак батасын беришти. Расмий ачылышта Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Сардарбекова Заря Таштанбековна балдарды куттуктап, Sky Mobile компаниясына ыраазычылык билдирди:
- Жаш балдарга азыр үйбүлөдөгүдөй шартта жакшы тарбия, билим берсек, келечекте мыкты инсандар өсүп чыгат. Кароосуз калган, жетишпеген үйбүлөдөгү балдарды чогултуп, колубуздан келгендин баарын жасап атабыз. Биздин борбордо 4 төн 14 жашка чейинки балдар тарбияланат. Кыргызстан боюнча биринчи эксперименталдык долбоор. BITEL жана MOBI соода маркалары менен элге кызмат көрсөткөн Sky Mobile компаниясынын кайрымдуулугу үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Үйбүлөдө белгилегенден да кызыктуу майрам уюштуруп, балдар менен кошо өсүп жетилчү жемиш багын тартуу кылганыңарга чоң ыракмат! Ушундай боорукер компаниялар иш алпарып турганда , биздин балдарыбыздын кең келечегине ишеним зор.
Sky Mobile компаниясы уюштурган чакан майрамдык концерттен кийин балдар, тарбиячылар жана демөөрчүлөр биригип 37 көчөт тигишти. Алардын арасынан чие быйыл, алма менен алмурут, алча кийинки жылы түшүм бере баштайт. Өз колдору менен отургузган бактарына суктана карап, балдар Нооруз салты боюнча сүмөлөктөн даам сызууга өтүштү. Майрамдык күн толугу менен балдардын көңүлүн ачууга арналды. Балдар кызыга катышкан оюндарда MOBI соода маркасындагы белектер таратылды.
Долбоордун менеджери Ринат Юсуповдун айтымында, Sky Mobile компаниясы ушул сыяктуу акцияларды салт боюнча жылыга өткөрүп, социалдык жана маданий демөөрчүлүккө жылына 2 миллион сомго чейин сарптайт. Келечекте Кыргызстандагы ар бир балдар үйүнө даректүү жардам тийгизүү пландары бар. Ноорузга арналган жемиш багын отургузуу салтанаты балдарды табият менен мамиле түзүп, дарактар чоңойгондо витаминдүү түшүм алышса деген тилекти көздөйт.
Аталган акция негизинен BITEL жана MOBI түйүн ресурстарынын техникалык модернизация иштеринин аякташына жана "Менин желем 1" жазгы тарифинин чыгышына арналат. 1,5 млн. абоненттин ишенимин актап келаткан BITEL жана MOBI соода маркалары он жылдан ашуун убакыттан бери эл арасында эң популярдуу уюлдук байланыш. Мыкты тарифтер жана уюлдук байланыш тартуулоо менен катар Sky Mobile компаниясы балдарга жана жетишпеген турмуш кечирген калк катмарына үзбөй кам көрүп, маданият, билим берүү жана спортту өнүктүрүү жана колдоо акцияларын да өткөрө бермекчи.




  UNIQUM - жаз-жай 2008

Күзгүгө каранчы:
эх, кандай сулуусуң!
Маданият, искусство, мода, сулуулук - планета боюнча жазгы маршын улантууда. Классикалык жана заманбап искусство фестивалдары, мода жумалыгы, көргөзмөлөр биздин Бишкекте да жүрүп жатат. Жаңылануу мезгилинин илебинде уюштурулган иш-чаралар турмушка да жаңылык киргизүүдө.

Белгилүү стилист-имиджмейкер Замира Молдошева өзүнүнү |Z| Fashion брендин концептуалдуу имидж-көргөзмө иретинде тушоосун кести.. Бишкектин көрүүчүлөрү үчүн жаңы деңгээл, мода көргөзүүгө көнүмүштөн башкача мамиле 2007-жылкы көргөзмөдөн кескин айырмалады.
Меймандар подиум жана орундуктар сахнага орнотулганына, алып баруучунун ордуна чоң экрандуу плазмалык экрандар жандооч катары коюлганына, музыка жана жарыктын маанайга таасирин түздөн-түз сезип, жагымдуу таң калып отурушту.
Креативдүү ойлор күнүмдүк жашоодогу бардык учурларга ылайык чач жасалгалар, ага кошуп кийим, аксессуарлар подиумдагы моделдердин ар биринде чагылдырылган.
- Биз бул сезондо "патриотизмди" модага киргизүүнү туура таптык. Аксессуарлар катары Кыргызстан желегинде берилген түндүктүн элеси, бир убакта патриотизмдин белгиси болгон пионердик галстук, элдик дружинниктер тагынышкан кызыл колбелгилер колдонулду. UNIQUM - кайталангыс, уникалдуу деген маанини билдирет эмеспи, биздин стилисттер жараткан ар бир моделдин бейнеси да кайталангыс. Чач жасалгасы жана макияж менен эле чектелбестен, толугу менен кийген кийим, бут кийимине чейин, ал тургай моделдин подиумда барткандагы маанайына чейин көрүчүүлөргө жеткирүүгө аракет кылдык, - деп Замира Молдошева өз ою менен бөлүштү.
Кече биздин калкка жаңы сиңип келаткан "after party" (англ. майрамдын уландысы) джаз музыкасынын коштоосундагы фуршет менен аяктады.

Бетти даярдаган
Нуржан АЛЫМКАНОВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan