Коомдук-саясый гезит
№22, 28.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жаңырык

Рубрика төрүндө - "МКД" тобу. Бул команданы башкалардан айырмалап турган нерсе - алардын шоу дүйнөсүнө болгон олуттуу мамилеси. Топтун жигиттери шоу-бизнеске алгач кадам таштаган күндөн тарта профессионалдуулукка умтулуп келишет. Учурда "МКД" тобу казак шоу дүйнөсүнө башбагып турган кези.
"МКД": "Кыргызстанда шоу-бизнес жок"
Анатолий: - Колубуздан эмне келерин Кыргызстанда далилдей алган соң, казак эстрадасына башбагып турабыз. Эгер максат орундалып, Казакстанды да ыр менен багынта алсак, андан ары Россияга чыгуу ниетибиз бар.
- Бөтөн жердеги алгачкы жетишкендиктериңер жаман эмес. "Супер стар KZ" сынагындагы ийгилигиңден кабардарбыз.
- Аталган конкурс коңшу мамлекеттин башкы музыкалык долбоору. Жалпы 17 миң катышуучу катышкан. Алардын ичинен төртүнчү орунга татыдым.
Төлөн: - Бир жылдан ашуун убакыт сахнага чыккан жокпуз. Окуубузду аяктадык, жеке иштер менен алек болдук. Ал ортодо Толик ушул сынакка катышып келди. Албетте, Толикке казак продюсерлерден көп сунуштар түшкөн. Бирок, биз канча жылдан бери бир жүрөбүз. Ал "МКДнын" атын өчүргүсү келбеди. Былтыркы жылдын аягынан тарта көбүнчө Алматыда болуп, "APM" студиясы менен иштешип атабыз. Бул студияда Дильназ Ахмадиева, "101" тобу өңдүү мыктылар ыр жаздырышат экен.
- Эки өлкөнүн шоу-бизнесин салыштыра аласыңарбы?
Анатолий: - Бизде шоу-бизнес жок. Казакстанда жаңыдан бутуна туруп, бекемдеп келатат. Эгер ырдай албайсыңбы, анда сага эстрадада орун жок. А бизде баары мүмкүн. Моделсиңби, бийчисиңби, ырдагың келсе ырдай бересиң. Эч ким унчукпайт. Атургай жеке концерт деп 50 ырчыны мейманга чакырып, концерт берип, акча да таап аласың. Казакстанда мындайга жол берилбейт.
Төлөн: - Ал жакта акча да чоң роль ойнойт. Бир эле ырды жаздыруу, эгер өзүңө таандык эмес ыр болсо, 2-3 миң долларга чыгат. Клип эң аз дегенде 20 миң долларга тартылат. Бирок, сапаты албетте, баасына жараша.
- Казакстандан продюсер таптыңарбы же мурдагы салтыңарды улап, өзүңөрчө эле иштейсиңерби?
Төлөн: - Бизди казак жергесинде таанытууга аракетин да, каражатын да жумшай турган продюсерлерден көп сунуштар түшүп атат. Азырынча эч кандай чечим кабыл алалекпиз. Бишкекке көптөн бери убада кылып келаткан жеке концерттин даярдыгы үчүн келгенбиз. Экинчи ири кадам таштар алдындагы мекендеш элден алчу бата десек болот. Кудай буюрса, май айына белгилеп турабыз.
Анатолий: - Рекламаларда гана эмес, чындап жеке ыр кече өткөрөбүз, ал эми меймандарыбыз аз санда гана - эң жакын сахналаш досторубуз болот. Кыргыз, орус жана англис тилдериндеги ырларыбыз жаңырмакчы.
- Эмнеликтен казак шоусуна басым жасап турасыңар?
Төлөн: - Биз казак ырчылары аталуу ниетинде бараткан жокпуз, Казакстандан ары Россияга чыгууну максат коюп келебиз.
Анатолий: - Алматыда биз эч качан Кыргызстандан келгенибизди жашырбайбыз. Тескерисинче, тарыхыбыздан кеп салып беребиз. Тилекке каршы, бизде "мени эң бай казак продюсери кызматташууга чакырды. Мен патриотмун, ошол себептен баш тарттым" дешет. Мунун баары өздөрү ойлоп тапкан пиар. Ал эми биз Казакстанга кадам таштап турганыбыздын себеби, Казакстанда мүмкүнчүлүк көп. Бул жашыруун эмес.
Төлөн: - Мисалы, Светлана Назаренко Кыргызстанда мурда бааланчу эмес. Качан гана ал ири шоу дүйнөсүнө аралашканда гана "бул биздин ырчы" деп сыйлап-баалап калдык. Ал эми биз жетишкен ийгилик менен токтоп калгыбыз жок, мындан ары да чыгармачыл өсүш болуш керек. Мурда биз ырчылыкка хобби катары гана карап келсек, былтыртан тарта билек түрүнө кириштик.
Анатолий: - Алматыда бир топ концерттерге катыштык. Ноорузда Алматы аянтына да чакырышты. Акырындап өзүбүз максат кылган багытта баратабыз.
Төлөн: - Кыргызстанда иш баштаганыбызда да биз эч кимден көмөк алган эмеспиз. Алматы шоусунда да эч кимибиз жок. Бирок, максатты чоң койгонбуз. Аны сөзсүз аткарабыз. Биз шоуда эч качан каражат табууга басым жасаган эмеспиз, бизге башынан сапат - башкы талап.
Анатолий: - Биз кыргыз шоусунан алыстабайбыз. Бишкекке келип, радиостанцияларга улам жаңы жаралган ырларыбызды таштап, концерт берип турууга убакыт табабыз.
Төлөн: - Колун сунуп, кызматташууга чакырган продюсерлерге биз тараптан коюлган талап ушул - Алматыда да, Бишкекте да чыгармачылык ишмердигибизди жүргүзөбүз.
- Казак шоу-бизнесинде канча кармаласыңар?
Анатолий: - Эки-үч жыл деп пландап турабыз. Казакстандын 80 пайызына таанылганда Россияга багыт алабыз.
Төлөн: - Ырларыбызды угуп гана тим калбастан, казак калкы эмгектерибизди жактырып, жаттап калгыдай абалга жеткибиз келет. Казакстанга толук негиздешкенден кийин гана экинчи максатыбыздын аткарылышына киришебиз.
Айнагүл САПАРБЕК кызы




  MegaCom түйүнүнө жаңы коддун киргизилиши

2008-жылдын 26-мартынан баштап MegaCom компаниясы өзүнүн абоненттерине жаңы
0 550 кодун колдонууга киргизип жатат.

"Жаңы коддун киргизилиши - бул компаниянын интенсивдүү өнүгүүсүндөгү жасаган дагы бир кадамы, - деп белгилейт "БиМоКом Лтд" ЖЧКнын коммерциялык директору Александр Ходырев, - бүгүнкү күнү MegaCom абоненттеринин саны 750 миңден ашып, өз өсүүсүн токтобостон улантууда. Абоненттик базанын мындан да өсүп-өрчүшү үчүн номердик сыйымдуулугун кеңейтүү керек, мына ушуга байланыштуу биз кошумча код киргизүүнү чечтик".
0 550 коду 0 555 коду менен чогуу пайдаланыла берет. MegaCom түйүнүнүн ичинде номерди терүү шарттары өзгөрүүсүз калууда - телефон чалууда же SMS билдирүүлөрүн жөнөтүүдө MegaCom абонентинин номери 0 555 хххххх же 0 550 хххххх форматында терилиши керек. Бул жерде хххххх - телефон чалынып жаткан абоненттин номери.
0 550 коду менен башталган номерлердин бардыгы "түз эмес" деп эсептелинет, башкача айтканда, катталган байланыш операторлорунун абоненттери ("Кыргызтелеком", Saima Telecom, SapatCom) 0 550 коду менен башталган MegaCom абонентинин номерине телефон чалган учурда өзүнүн оператору белгилеген бааларга ылайык төлөшөт.
0 550 коду менен башталган номерлердин ээлери үчүн чыккан, кирген жана дареги жаңыртылган чакыруулардын бардыгы MegaCom абоненти тандаган тарифтик планына ылайык тарифтелинип турат.




MegaCom: өз келечегиңди танда!
MegaCom компаниясынын күнү-түнү иштөөчү сурап-билүү маалымат кызматынын телефондору: MegaCom абоненттери үчүн - *500, башка түйүндөрдүн пайдалануучулары үчүн - (0555) 50 00 00
Толук маалымат: www.megacom.kg сайтында













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan