![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 28.03.08-ж. |
Меймансап Форум Күлазык Кербен жолдон кеп кетет… Бул жомокту жазган кыз - Роза Хуснутдинова. Өзү Москва шаарында жашайт. Улуту башкырт. Киносценарист. Жакында "Кемедеги бийчи кыз" деген ат менен турмуштук жомокторду камтыган орусча китеби чыкты. Ал - мультфильмдердин китеби. Көрсөңөр сатып алгыла. Көрбөсөңөр "Агымды" окуп, карап тургула! Роза Хуснутдинова Кемеден жоголгон капитан Бир кеменин капитаны жоголуп кетет. Мындай окуяга кеменин көңүлү абдан чөгөт. Анткени ага капитан керек эле. Биринчиден, кай жакты көздөй сүзүштү капитан гана билчү. Экинчиден, капитан ардайым кеменин башында туруп, ага көрк берип турчу. Үчүнчүдөн, ал толкундарды дирижердой башкарганда толкундар симфония оркестриндей бирдей ойноп, кемеге табияттын күчү коркунучсуз болчу. Төртүнчүдөн, капитан менен жашоонун өзү да шаттык берип, аны көргөндө эле башкалар обон созуп ырдап киришчү: "Капитан, капитан, күлүп койчу!" Каршы сүзүп өткөн кемелер ырдачу, кеме артынан сүзүп жөнөгөн балыктар ырдачу, башка кемелердин матростору ырдачу. Анан, бир күнү эле капитан капилеттен жоголуп кетти. Издеп-издеп эч жактан таппай коюшту. Кайран кеме тайыз жерге отуруп калды. Эчким, эчнерсе аны ордунан козгой албады: кемени деңизди көздөй сүйрөгөн матростор да, шамал да, башка кемелер да. Бактыга жараша, капитан жоголбоптур, алыс эмес жерде экен. Көрсө, ал жөн эле суу астына чөмкүп кирип, терең ойго батып кетиптир - сууга терең чөмкүгөндө кээде ушинтип ой баскан учурлар болот. Бирок, капитан терең ойунан ойгонуп, кемесин эстеди да, тез сүзүп чыкты. Капитандык ордуна келип, штурвалды колуна алды. Кеме дароо ордунан козголуп, ачык деңизди көздөй сүзүп жөнөдү. Көрдүңүзбү, кеменин анык капитаны бар болсо, баары жайында болот. Кез-кез жоголуп кетсе да. Жанмаанай Kanac Нооруз күнүнүн эртеси тогуз жашар уулум таңатпай ыйлап ойготту... Мындан жарым жыл мурда туулган күнүнө тотукуш сурап, Ош базарындагы орус жигиттен "кош жылдыз" сатып алганбыз. Дегеним, эки тотукуш сурасак, "вот вам влюбленные попугаи, но они дороже" деп, сүйүүсү кымбат турган экөөнү кооз капасы менен кошо сунуштады. Ошондон бери эрмегибиз ошолор эле: суусу жаңырдыбы, жеми түгөндүбү, кечки тамагына алмасы, жумурткасы, сабизи барбы... Эки күндүн биринде бөлмө ичинде учушуп, люстрада кошоктошуп отурушчу. Сүрөткө да тартчубуз. Өң-түстөрү көргөн кишинин ичин элжиретип, экөөнүн бири-бирине эркелеп, өбүшүп, куушуп оюн курганычы. ...Кайран эркеги ургаачысын чокуп өлтүрүп салыптыр. Тигил тотукуш болсо кооз оюнчуктай катып жатат. Дүйнөгө баео караган балдардын алдындагы бул зөөкүрчүлүк мен үчүн таңгалычтуу, күтүүсүз, жагымсыз көрүнүш болду. Эмне үчүн өлтүрдү, эмне талашы бар, өлтүрүп коюп эмне ойдо олтурат деп ойлонуп, макулукту тилдеп да алдым. "Алдуу да жашайт экен, алсызды таяктаган - дүнүйө жарылып кет, жарылып кет!" деген саптар адам жашоосунан улам эсиме кайталанат. Бүт дүнүйө дал азыркы ушул капас, ушул эки тотукуштун көрүнүшү менен алдымда тургансыды. ...Кичинекей тотукуш чоң кылмышкерге айланып, күн өткөн сайын сайраганы абалкыдай жагымдуу угулбай, курсагынын ач-тогу кабатыр кылбай, эмнегедир аны менен бир үйдө батышпай бараткансыйм. Ачылалек сандыкта… Будда Сиддхарта Гаутама Будда буддизмдин негиздөөчүсү (б.э.ч. 556-476ж.ж.). Непалдын аймагындагы анча чоң эмес мамлекетти башкарган хандын уулу болгон. Баладан көзү каткан энеси ал төрөлгөндөн кийин уулуна жомоктогудай шартты түзүп, каалаган нерсесинен кем кылбай, ага сырт дүйнөнү көрсөтпөй, көз тайгылткан байлыктын ордосунда багат. 29 жашына чейин ал жыргал менен кубанычты гана билип жашады. Бирок, бир күнү анын дүйнөсү аңтарылды: Сиддхарта кокустан эле хандык дарбазадан сыртка чыгып, жөнөкөй элди, алардын кембагал жашоосун, кир, оор турмушун көрдү. Жалпы элдин жашоосун көргөндө жүрөгү ооруду. Ушундан кийин ал джунглиге качып, денесин жапкан кийиминен башка эчнерсеси жок жер кезип кетет... "Өзүнүн макоолугун билген макоо, ошонусу менен акылман. Ал эми өзүн акылдуу сезген макоо - чыныгы макоо". "Ой-мүдөөңдү өзгөрт, аны жакшырт, ошондо бул дүйнөдө эчнерседен коркпойсуң". "Жек көрүүнү жек көрүү менен жеңе албайсың: жек көрүүнү сүйүү гана жеңе алат. Бул - түбөлүктүү мыйзам". "Каарыңды мээрим менен жең. Караниеттикти акниеттиктин, кедейликти берешендиктин, жалганды акыйкаттыктын жардамы менен жең". "Эчким жаман дос күтпөсүн, эчким пас адамдар менен мамиледе болбосун. Жакшы досторго жанашып, пейили кең адамдар менен байланыш". "Күчтүү асканы бороон-чапкын ордунан козгой албагандай эле, даанышман адамды да мактоо менен кошоматчылык "былк" эттире албайт". Лао Цзы Лао Цзы жөнүндө Конфуций төмөнкүчө айткан: "Куштар уча аларын билем, балыктар сүзө аларын билем, айбанаттар чуркаарын билем. Чуркагандарды тосуп калса болот, сүзгөндөрдү кармаса болот, учкандарды жебе менен атып түшүрсө болот. Бирок, ажыдаар кантип кармалат, билбейм. Бүгүн Лао Цзыныкында болдум, ал - ажыдаар сыяктанат". "Түшүнүксүз нерсени түшүнүүгө аракет кылуу - кир суунун түбүн көрүүгө аракеттенгендей эле нерсе. Ашыкпа. Суу тунсун, кири түбүнө түшсүн. Аракет кылуунун учуру келгиче эчкачан ашыкпай жүр". "Кыйынчылыктар менен бетме-бет тушукпа, алардын жанынан каршы өт. Ийгилик үчүн жанталашып күрөшпөй, сааты келчү маалын күт". "Жеке өзүңдү ойлоп көкүрөк какканды токтот. Баардык тирүүлүктү өзүм деп кабыл ал. Ошондо мындай адамга бүт ааламды кам көрүүсүнө ишенип, табыштаса болот". "Досуна же касына жолугабы, жокчулук же барчылык менен кезигеби, атак же уят мененби - акылман адам дайыма бир калыпта калат. Дал ушул нерсе аны башкалардан өзгөчөлөнтүп турат". "Дүйнөдө суудан алсыз, суудан назик нерсе жок болсо да, ал эң күчтүү, эң катуу нерсени урата алат". Бетти даярдаган Салтанат КЫДЫРМАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|