![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 28.03.08-ж. |
Меймансап Форум Айымай Сулуулукка жуурулушсун улуулук Ажайып айым болуунун 10 эрежеси Cуктандырган сулуулар көппү же өзүнө өзү ишенген, иштеген ишинин көзүн билген, чырайын да кошо карай жүргөн айымдар көппү? Деги эле ажайып айым болуу үчүн эмне керек? 1 Мода. Узун этек көйнөктөр модага келсе тегиз баары узун кийген, же кыска этек модага келсе баары кыскага өтүп, моданы жапырт кууган мезгил эмес азыр. Арким өзүнө жарашыктуу кийимин кийет, чачын каалагандай жасалгалайт, каалагандай боейт. "Бул мода эмес, уят го" демей жок азыр. Эң негизгиси, өз имиджиңди тап! Спорт стилинде, иш стилинде, элеганттуу айым стилиндеби, же кыркка келип калсаңыз да "чоң кыз" стилинде кийинесизби - ал сиздин ишиңиз. Негизгиси -жарашык. 2 Кийим. Кийим текчеңизди карап көрүңүз. Арасында сизге жакпаган, "анча жарашпайт" деп коюп кийип жүрө берген кийимдер табылат. Дал ошолордон тез арылып, көзүңүз көрбөгөн жакка жөнөтүңүз. Ошондой эле кийимдин түсү да, фасону да келбетиңиздин көрүнүшүнө чоң роль ойнорун эстен чыгарбай жүрүңүз. Кийим сатып алууда күзгүгө каранып, же бирөө менен кеңешип, түстү да, фасонду да тандоодо жаңылыштык кетирбеңиз. 3 Чырай. Эгерде жүзүңүздө мүчүлүштүктөр бар болсо, аны өмүр бою жаап-жашырып жүрө албайсыз. Мисалы, орсок тишиңизди жашырыш үчүн эрдиңизди чоюп жаап сүйлөсөңүз, күлсөңүз - бул ого бетер сизди күлкүлүү жана жагымсыз көрсөтөт. Эчкачан уялбай, кемчиликти да өзгөчөлүк катары кабыл алып, жасалма болбоңуз! 4 Келбет. Маникюр, педикюр, чач жасалгасы, жеңил макияж - мунсуз айымдар ишке, мейманга, жолугушууга, көчөгө албетте чыкпайт. Бирок, жөн күндөрү "жөнеле" жүрө берип, анан эле майрам күнү болгон эмгегин жумшап жасанып-түсөнүп, таанылгыстай пайда боло калган айымдар бар. Колдон келсе антпеңиз. Эгерде сиз күнүгө өзүңүзгө көңүл бөлүп, ардайым кам көрүлгөн жүзүңүз менен, салкын жел уруп тургандай илебиңиз менен, маралдай басканыңыз менен жүрсөңүз - сизди байкабай, баалабай коюшпайт. 5 Дене. Дене-мүчөңүздөгү өксүккө кейип-кепчип жүрө бербей, жакшыртууга аракет кылыңыз. Азыр, болтурбаганды болтурган заман. Андыктан керектүү маалымат чогултуп, жолун табыңыз. Спортзалга, шейпингге, бийге ж.б. жазылыңыз, же психологдун кеңештеринен пайдаланыңыз. Кыскасы, көйгөйдү чечүүгө ар дайым жол табылат. 6 Маалыматтан артта калба. Аялдар журнал-гезит окуйбу, сыналгы көрөбү, радио угабы - майда кеңештерге көңүл бөлбөй койбойт. Бирок, укканын унутуп калып, "ка-ап, кандай эле" деп өкүнө баштайт. Ошондуктан дайыма жаныңызда калем-кагаз ала жүрүп, курбу-курдаштар менен да маектешип жаңылык алмашып турсаңыз - маалыматка, тажрыйбага бай болосуз. Кыскасы, "майда болсо да, маанилүү" дегендей. 7 Негизги маселеңди чеч. Турмушта сизге анык эмне керектигин билиңиз. Ой-максат, пландарыңызды тактаңыз. Бираз толуш керекпи, же арыктоого өтөсүзбү, чачты өстүрүш керекпи, же кыскасы жакшыбы, гардеробду өзгөртүү зарылбы, зарыл эмеспи - бул маселелердин башын чечип албасаңыз, өзүңүзгө нааразылык, наалыма өнөкөтү менен ооруй баштайсыз. Өзүңүздү өзүңүз жей берген сизге керекпи? 8 Өзүңдү тескей жүр. Канчалык убакыт тардык кылып шашсаңыз да, кебете-кешпириңизди, чачыңызды, бетиңизди күзгүгө карай жүрүңүз. Ошондой эле денеңизди түз кармап, далыңызды бүкүрөйтпөй, жүзүңүздү "ачкылдантпай", сүйлөө манераңызда бетти бырыштырбай, өзүңүздү ар убак теске салып жүрүңүз. 9 Сулуулук менен улуулук. Айрым эркектерге толуктар жагат, айрымдарына - арыкчырайлар, бири Чыгыш сулууларын жактырат, бири Батыш сулууларын ж.б. Баарына тегиз жага албайсың, жагынып да кереги жок. Сизди баалаган, сүйгөн, кандай болсоңуз ошондой кабыл алган, сизге татыктуу болгон эркектин көз алдында сүйүктүү болсоңуз, ошол жетиштүү. Эркектер эчкачан чылкый эле сулуулукка канааттанып жашай бербейт. Алар аялзаттагы ажарды, пейилди, туруктуулукту, мээримди баалашат. 10 Ажайып айым. Өзүнүн чырайына гана көңүл бөлүп, чырайын гана ойлоно берген, эртеден кечке тырмак-башын боеп, упа сүйкөнө берген айым - кооздукка коюлган гүлдөй. Сулуулук - ички дүйнө менен айкалышып туруу керек. Эгер сиз өз ишиңизди билген мыкты адис болсоңуз, же үйгө кут берген кожейке, же кызыктуу маектеш, пайдалуу кызыкчылык менен алектенген айым болсоңуз, ошол эле маалда сулуулукту кошо ала жүрсөңүз - анда сиз "Чыныгы Ажайып Айым" титулуна татыктуусуз. Дене да жазды сагынат... Тери да сууктан, шамалдан, кыш мезгилинен чарчайт. Камкордукту самайт. Жаз көңүлүңүзгө жакшы маанай тартуулап, аны менен бирге келбетиңизге да маанилүү жардам бергиңиз келсе, анда бизге кулак төшөңүз. Тери да сууктан, шамалдан, кыш мезгилинен чарчайт. Камкордукту самайт. Жаз көңүлүңүзгө жакшы маанай тартуулап, аны менен бирге келбетиңизге да маанилүү жардам бергиңиз келсе, анда бизге кулак төшөңүз. Биринчи кадам. Тамак-ашыңызга көңүл бөлүңүз. Оор, сиңимдүүлүгү кыйын тамактан качыңыз. Балык, жаңгак, цитрус азыктарын, С жана А поливитаминдерин көбөйтүңүз. Экинчи кадам. Күнүнө 1,5-2 литрден суу ичиңиз. Жетиштүү суюктуктун жоктугунан тери кургап, тез карыйт. Үчүнчү кадам. Косметика колдонууда өтө кылдат болуңуз. Өзүңүздүн териңизге гана ылайыктуу крем колдонбосоңуз, бетиңиз аркандай жол менен бузула баштайт. Төртүнчү кадам. Мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо сулуулук салонуна барып, косметикалык массаж алыңыз. Мындан тышкары, ал жердеги адистер сизге керектүү процедуралардын жолун айтып беришет. Массаж алып туруу шлактардан, токсиндерден арылууга жардам берип, кандын жүгүрүшүн жакшыртат, бырыштарды жоготот. Бешинчи кадам. Көңүлдү сергитүүчү, нерв системасына жакшы таасир берүүчү өсүмдүктөрдү дарыканадан сатып алып, кайнатмасын же өзүн ваннага кошуп, сергиңиз. Мисалы: бергамот, мелисса, базилик, лаванда. Бетти даярдаган Салтанат КЫДЫРМАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|