![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 28.03.08-ж. |
Меймансап Форум Эгемендик эсеси Бүгүнкүсү бүдөмүк, эртеңкиси эмне? (Уландысы. Башы өткөн санда) ЖК талкуусунда Маммүлк төрагасы Турсун Турдумамбетов Казакстанга курорттук-рекреациялык маанидеги объектилер гана берилет, ал эми анын айланасындагы 40 гектирден ашуун жер болгон-бүткөн байлыгы менен бармак басым да чети оюлбай Кыргызстанда калат деди. Кантип каларына баам салган адам анда калыстыкка караганда калп көп экенин оңой эле байкайт. Аны мындан эки жыл мурда "Алас" гезитине жазганбыз. Документтер негизинде. Баса, Россиянын Кыргызстанда жайгашкан "ичип-чычар" аскерий базалары, асыресе, Караколдогу торпедо сынаган базасы тууралуу да ошолеле мезгилде, дагы эле "Аласта" маселе көтөрүлгөн. Россия ал боюнча Кыргызстан менен түзгөн келишимин аткармак түгүл, облус элине түкүрүп да койбогонун Көлдүн кулундары биринчи козгогон. Андан бери, эсеби маселең, мен дагы бир катар макалаларымда эскертип келдим. Эшиткен эчким болгон жок. Коомчулук каракурсак камынан ашалбады. Каракурсак камын, б.а. экономиканы эсептешип атат десең, Каракол, Спартак, Чалдыбар, Майлысууда жайгашкан 4 аскерий объектиси, Канттагы бир авиация базасы үчүн Россия бар болгону 4,5 млн. доллар төлөөрү коомчулуктан жашыруун-жабык келип, кечээ шардана болду. Ошондо да аскерий техника түрүндө. Демек, Россия аскерине жараксыз, пайдалануудан чыккан техникасын берет. Ал аскерий базалардын коммуналдык кызматы, электр энергиясы, суу менен жабдууларга кеткен чыгым эле 4,5 млн. доллардан ашып түшөрү эсеп билген кишиге дайын. Эмне десе КМШ өлкөлөрүнүн коллективдүү коопсуздук уюмуна (ОКДБ) мүчөбүз дейт. Эми ага ШОС кошулду. Көп жаздык, дагы кайталайбыз: коопсуздук бир гана Кыргызстанга зарыл эмес, ал уюмдардын арбиринин өз бюджети бар, ага Кыргызстан да аздыр-көптүр мүчөлүк акы төлөйт. Жок, бардыгына ошол чен-өлчөм менен мамиле жасалса, анда Казакстан Байкоңур үчүн жүз миллиондогон доллар аренда акы алмак эмес. "Ганси" авиабазасы үчүн аренда акысын ашыра төлөп, анын үстүнө жүздөгөн миллион доллар жардам берип, бергенде да көпчүлүгүн бекер берген АКШны он чакты орус "кет эле кет" деп күнүгө демонстрация жасайт. Кыргыз бийлиги өз позициясын ачык айтуудан Россиядан айбыгып култуюп отуру. Кыргызстандын Россияга болгон мынчалык "берешендиги", "марттыгы" эмнени далилдейт? Кыргыз бийлиги кудум Павловдун ити сыяктуу "старший брат" инстинктинен арылалектигин, арылмак түгүл ал инстинкт өтө өөрчүп бараткандыгын. Кайсы мамлекет болбосун өнүккөн сайын өз кызыкчылыгын көздөөрүн Россия тажрыйбасы тастыктайт. Эсеби маселең, Кыргызстанга мынча көп аскерий объект жайгаштыруу КМШ, Борбор Азия өлкөлөр коопсуздугунан мурда Россиянын өзүнө кызмат кыларын көкүрөгү, көзү ачык адам билет. Канткен менен бул жерде үч үлкөн держава - Россия, Кытай, АКШ таасир талашып атат. Сөздү маселе нугуна бурсак, Казакстан менен талаш пансионаттарга байланыштуу мындай "пейзажга" кабылабыз. Бостеридеги "Самал" эсалуу үйү Ысыккөл администрациясынан 2003-жылдын 14-ноябрында каттоодон өтүп, 6 гектир пляж зонасы, пансионат айланасындагы 3,2 гектир жер 49 жылга арендага берилген. Корумдудагы "Автомобилист Казакстана" эсалуу үйү "Олимп" спорт менен денсоолук чыңдоо борбору аталып, ошолеле район администрациясы 1998-жылы 18-августта 14,7 гектир жер бекитип берген. Казакстан андан бери аренда төлөгөн эмес. Биз маселе козгогон учурда облустун район аралык сотунун чечими менен салык инспекциясы жерди сатыкка койду деген маалымат түшкөн. Кимге, же кайсы мамлекетке, канчага экендиги, албетте, белгисиз. Дегеле көлдө жер кирсамындын алкындысындай сатылып атканы тууралуу көлдүк экс-депутат Султан Урманаев күйүп-бышып жазып чыккан. Көлгө көз арткандар негизинен Казакстан, анан Россия, акыры Кытай кошулгандыгы маалым. Эң кызыгы, көлдөгү жерлерди интернет аркылуу соодалаган далдал Бишкектеги ОАО ОКБ "Аалам" экендиги басма сөзгө жарыяланган. Ошентип Бостеридеги "Университет" спорт менен денсоолук чыңдоо лагери да ошолеле райадминистрациясынан 2005-жылдын 25-февралында каттоодон өтүп, 15, 26 гектир жер 49 жылга арендага берилген. Бирок бир да тыйын аренда акы алыналек. Себеби, ал Казакстан мамлекеттик университетине таандык экен. Ысыккөл администрациясы ал университеттен жылына 6 бала окутабыз шылтоосу менен 1998-жылдын 12-августунда 15, 26 гектир жерди 2045-жылга чейин (!) бекер берүү келишимин түзүптүр. Ал окуу жайдан ушу кезге чейин канча бала жана кимдердин балдары окуганы белгисиз. Мүмкүн, Казакстан таламын жата калып, тура калып талашып аткан вице-спикер Кубанычбек Исабековдун баласыдыр? Чолпонатанын чок борборундагы "Казакстан" санаторийи да раймамадминистрациядан 2002-жылдын 28-мартында каттоодон өтүп, 17,3 гектир жерди ээлеп жатат. Дагы бир ирет белгилеп коелу, Кыргызстан мыйзамдары боюнча менчик түрү аныкталмайынча жергиликтүү бийлик жерди арендага берүүгө акысы жок! (Уландысы 6-бетте) Үч кошкон собол 1 млрд. доллар, шайлоо, теле-каналдар 1. Бийлик "биздин мигранттар өлкөгө 1 млрд. доллар тегерегинде киреше киргизип жатат" дейт. Сиз ишенесизби? 2. Күзүндө Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Мында да Жогорку Кеңештин шайлоосундай көрүнүш кайталанышы мүмкүнбү? 3. Кайсы телеканалдарды көбүрөөк көрөсүз? Абдыганы Эркебаев, коомдук парламенттин спикери: 1. Негизи ишенем. Себеби, каражат ар кандай жол менен келип атпайбы. Мындан үч-төрт жыл мурда 150 млн.доллар деп айтылчу. Мен россиялык маалыматтар менен биздикин да салыштырам. Так болбосо да болжол менен ушундай суммага жакын каражат келет. 2. Менимче, өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунда добуштарын уурдаткан партиялар бул жолу мындай көрүнүшкө жол бербейт. 3. Кыргызстандагы беш телеканалды тең көрүп, анализдеп, салыштырам. Анан Россия каналдарын, бир маал сөзсүз "Евроньюс" көрөм. Айылчы Сарыбаев, экономика илиминин доктору, профессор: 1. Ишенбейм. Буга кубанбаш керек. Тышта тентип жүргөн ишке жарамдуу жарандарыбыз башка өлкөлөрдүн экономикасы үчүн иштеп, андан тапканын биякка жөнөтүп жатканы накта трагедия. 2. Сөзсүз. Себеби өткөн Жогорку Кеңешке шайлоо жөн эле репетиция болгон. Шаар кеңешине шайлоо да ошол шайлоо сценарийи менен өтөт. Ал гана эмес, президентти да ушундай жол менен шайлоого аракеттенишет. 3. Россия каналдарын көп көрөм, алардан жаңылык алууга болот. Биздин телеканалдарды карасаң, кан басымың көтөрүлүп, кабагың бүркөлөт. Себеби биздеги беш канал бири-биринен өтө деле айырмаланбайт. Жумакадыр Акенеев, экономика илиминин доктору, профессор: 1. Ушулардын тегерегинде бар. Себеби, бул каражаттар аркандай жол менен кирүүдө. 600 миң адам тышта жүрөт десек, алардын ар бири орто эсеп менен айына 200 доллардан жөнөтсө эле айына 120 млн.доллар болуп атпайбы. 2. Мүмкүн. Себеби шайлоону башкаруу рычагдары бийликтин колунда. Бирок шайлоого катыша турган партиялардын бардыгы биригип, Бишкектеги шайлоо участокторуна 12 саат бою видеокамераларды орнотуп байкоо салса, Жогорку Кеңештикине караганда тазарак өтөт деп ишенүүгө болот. 3. Колдон келишинче бардык телеканалдарды көрүүгө аракет кылам. Жаңылыктарды салыштырам. Себеби, кесибиме керек. Албетте, өз каалоом боюнча болсо, такыр башка нерселерди көрмөкмүн. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|