Коомдук-саясый гезит
№23, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 

Тайбокс
Муай-тай жана вале тудо версиялары боюнча рейтингдик таймаш борбор калаабызда болуп өттү. Негизинен турнир курч маанайда өтүп, спортчулар өздөрүн мыкты даярдыкта экендигин көрсөтө алышты. Жыйынтыгында 11 жеңүүчүнүн аты аталды: Мирлан Жакыпов, Садырбек Оморалы уулу, Төлөгөн Сарыков, Рахманжан Муратов, Шумкар Мурзалиев, Бакыт Бекбоев, Турсунбек Асылгазиев, Талгат Арзыбаев, Алмаз Нурмамбетов жана Нурлан Тиленчиев. Алардын арасында 85 кг салмактык категорияда Кыргызстандын 2006-жылы тайбокс жана кикбокс боюнча 2007-жылдын чемпиону - Сергей Смирнов бар.

Бута атуу
Кытайдын Нанжинге шаарында өтүүчү чемпионатта өлкөбүздүн жаштар курама командасынын үч спортчусу күч сынашат. Мындай маалыматты Дене тарбия, спорт жана жаштар иши боюнча мамагенттигинин маалымат кызматы жарыя кылды. Жалпысынан бул турнирге кетүүчү 309 миң сом каражатты аталган агенттик өз мойнуна алган. Эскерте кетсек, турнир 2-апрелде башталып, космонавттар күнүндө жыйынтыкталат. Ал эми чоңдор арасында өтүүчү таймашта биздин өлкөбүздүн намысын коргой турган жалгыз Т.Исмаилов бар. Ал Пекинде өтүүчү Дүйнө кубогуна да катышаары маалым. Дене тарбия, спорт жана жаштар иши боюнча мамагенттиги спортчунун жолкиресине кетчү 318,8 миң сом чыгымды да өз мойнуна алды.

Кулатуу
Свердлов районундагы жаштардын адистешкен спорт мектебинде шаардык ачык чемпионат болуп өттү. Бул мелдешке жаштар, ошондойле чоңдор катышышканын баса белгилеп өтсөк. Ошентип, жеңишти Сокулук районунан келген спортчулар, кулатуу боюнча Борборазия федерациясынын өкүлдөрү камсыз кылышты. Алардын аттарын атай кетсек: Бакыт Сейталиев (30 кг салмакка чейин), Шабданбай уулу Иктияр (34 кг салмакка чейин), Рахат уулу Алихан (42 кг салмакка чейин), Болотбек уулу Талант (46 кг салмакка чейин), Замирбек уулу Азамат (50 кг салмакка чейин), Абдулатим уулу Абдубахап (54 кг салмакка чейин), Адилет Адамалиев (58 кг салмакка чейин), Тилек Абдыжапаров (62 кг салмакка чейин) менен Султан Маматкожоев (62 кг салмактан жогору). Ал эми чоңдор арасында алтын медаль тагынган 6 спортчуну да атай кетпесек болбос: Сулайманкул уулу Турат (50 кг салмакка чейин), Сыргак уулу Адилет (55 кг салмакка чейин), Талгат Сейталиев (60 кг салмакка чейин), Жылдызбек Балиев (65 кг салмакка чейин), Эрмек Ашыров (70 кг салмакка чейин) жана Марлис Ашералиев (75 кг салмакка чейин).

Шахмат
Жекшемби күнү спорттун ушул түрү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Бул мелдешке өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан келген 100гө чукул жаш шахматчылар катышкан. Бир гана Жалалабат облусунан спортчулар келген жок. Эми жеңишке жетишкен өспүрүмдөр Азия чемпионатына, ошондойле Индияда өтүүчү Дүйнө чемпионатына катыша алышат. Бүгүн - күлкү күнүндө чоңдор арасында өтүүчү финалдык оюндар старт алаарын эскерте кетели. Жыйынтыгында 5 жеңүүчү тандалып, апрель айынын аягында боло турган республикалык чемпионатка жолдомо алышат.

Бокс
IBF версиясы боюнча орто салмактагы дүйнө чемпиону Артур Абрахам титулун жетинчи жолу коргой алды. Анын атаандашы болуп Элвин Аяло табылган эле. 12 раундга созулган таймаш Артур мырзанын үстөмдүгү астында өткөнүн айта кетели. Буга чейин ал 25 жолу рингге чыгып, бир дагы жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес. Анын ичинен 21 атаандашын эси-көөнүнөн кеткис кылып жаткыра койгон. Ал эми Элвин 18 мелдешти башынан өткөрүп, үч жолу жеңилип, бир жолу тең чыкканга жетишкен.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan