Коомдук-саясый гезит
№23, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жолтикен

Кан узатпайт
Өткөн жылдын 13-октябрында Бишкек шаарынын Акөргөө жаңы конушунда жайгашкан арак-шарап сатчу дүкөнчөнүн жанынан азият улутундагы, 22-25 жаштар чамасындагы белгисиз жигиттин өлүгү табылган. Окуя болгон жерге келишкен изкубарлар маркумдун бети-башы таанылгыс болуп жанчылганынан улам, анын киши колдуу болгонун аныкташкан. Соттук-медициналык экспертиза өлгөн жигиттин башынан алган жаракаттан улам көз жумгандыгын далилдеген эле. Арадан көп өтпөй, ушул кылмыш ишине тиешеси бар деген Азамат, Омор аттуу шектүү эки жигит кармалды. Алар адегенде тергөөчүлөр берген суроого жооп беришпей, күнөөнү моюндарына алгылары келишкен эмес. Бирок, сүйлөгөн сөздөрүнөн, берген көрсөтмөлөрүнөн жаңылып отурушуп, акыры күнөөлөрүн моюндарына алууга туура келди.

Азамат менен Омордун айтуусунда, ошол күнү кечинде экөө Акөргөө жаңы конушунан жолугушушат. Кичинекей дүкөнчөдөн арак сатып алып, ошол жерден эле ичишет. Бирин-бири сыйлашып, улам бир бөтөлкөнүн моюнун сындырышат. Ошентип отурушуп, бир топ кызып калышат. Аңгыча алардын жанындагы дүкөнчөгө эки-үч бейтааныш жигит киришип, ичиндеги сатуучу кыз менен уруша кетишет. Мурда-кийин ал кызды Азамат менен Омор тааныгандыктан, ага болушуп, берки жигиттер менен мушташа кетишет. Арактан катуу бастырып алышкан экөө берки жигиттерге алдары келбей, бир топ муш жеп калышат. Алардын ызы-чуу, мушташын дүкөнчөдөгү кыз тыйып, арачалап, тынчтандырган. Жигиттер өз ара кыжылдашышып, акыры үйлөрүнө тарап кетишет. Арадан жарым саат убакыт өткөндө Омор көчөгө чыкса досу Азамат бейтааныш жигит менен мушташып аткан экен. Досу мушташып аткан жигитти Омор экөөлөп сабай башташат. Эңгезердей эки жигиттин соккусуна туруштук бере албай жыгылып калган жигитти Азамат жерден таш ала коюп, бир нече жолу чабат. Ал эми Омор бери жак та досунун кылыгына маашырлана карап турат. Андан кийин эч нерсе болбогондой үйлөрүнө кетип, эс алып жатып алышат. Эртеси күнү Омор досу Азаматка келип, түндөгү мушташкан баланын көз жумганын, кошуналары милицияларга күбө катары көргөзмө бергенин айтат. Экөө жасаган кылмышыбызды моюнубузга албайбыз деп сүйлөшүп алганы менен, тергөөчүлөрдүн сурагынан качып кутула алышкан жок. "Биз ал жигитти атайы, карасанатайлык менен өлтүргөн жокпуз. Баардыгы ичкиликтин айынан жана байкоосуздуктан болду" деп айтышты.
Ал эми өлгөн жигиттин аты-жөнү ким, кайдан экенин ошол жердегилерден эч кимиси тааныбай чыкты. Тилекке каршы, анын жанында бир да документи жок эле. Ленин РИИБнүн кызматкерлери анын сүрөтүн телевидениеге, гезиттерге берип, мүмкүн тууган-туушкандары, тааныштары таанып, алып кетишээр деген үмүт менен үч ай күтүштү. Анын кийген кийимдери, кебете-кешпири көчөдө жүргөн селсаяк, аракечтерге окшобогондуктан, ал да бирөөнүн баласы деп жакындарын издөө салышты. Бирок, аны эч ким издеп келбеди. Убакыт өтүп, аны эч ким издөө салбагандыгына байланыштуу аты-жөнү такталбаган, белгисиз адамдардын өлүгү менен чогуу көмүлүп кетет.
Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында гана анын ата-энеси, биртуугандары, биздин уулубузга окшош экен деп издеп келишкен. Көрсө, ал 1982-жылы Талас шаарында төрөлүптүр. Бишкектеги биртууган агасынын үйүнө анда-санда гана келбесе, батирде жолдоштору менен жашачу. Бирде агасынын үйүндө, бирде жолдоштору менен жашагандыктан, анын кайда жүргөнүнө эч ким деле маани берип, издеген эмес.
Бир күнү айылдагы ата-энеси капысынан эски гезиттердин арасынан баласына окшош өлгөн жигиттин сүрөтүн көрүп калышат. Уулуна окшоштурушуп, мүмкүн башкадыр деп ойлошкону менен жүрөктөрү түпөйүл тартып, санааркап калышат. Анан шаардагы уулуна телефон чалып, гезиттен көргөн сүрөт тууралуу айтып, тактап сурашса, ал да инисин көптөн бери көрө электигин айтат. Ошентип, сүрөт аркылуу Ленин РИИБне келишсе, ал эчак эле жер алдына көмүлгөндүгү тууралуу кабарды угушат. Милиция бөлүмүндөгү сүрөттөрдү көрүшүп, анын көптөн бери эч ким менен кабарлашпай кеткен уулу экендигин жазбай таанышат. Жалпы көмүлгөн көрүстөндү кайрадан каздырышып, уулунун таанылгыс болуп чирип бараткан өлүгүн араң табышат да, айылына алып кетишет.
Бирөөнүн өлүмүнө бөөдө себепкер болгон Азамат менен Омор соттун чечимин күтүүдө.

Назира КУЛМАТОВА




  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Энеме жүк, ааламга ашык адам болдум
Атам мен кичине кезде эле каза болуп калды. Аны жоктотпой, апам экөөбүздү жалгызсыратпай, ини-карындаштары үйгө тез-тез каттап турушчу. Жайдын бир күнүндө чогулуп, тоого чыкмай болушту. Турамбы, мен да барат болчумун деп алаңгазардай чыр салып атып, акыры алар менен жөнөдүм. Ойноп жүрүп убакыттын кандай өткөнүн билбейм, күн батып калыптыр. Эки жагымды карасам, эч жан жок. Коркконуман эмне кылаарымды, кайда чуркаарымды билбей бакырып-өкүрүп ыйлап ийиптирмин…
Азыр жашым жыйырмада. Мына ошондон бери талмам кармап ооруганыма 16 жылдын жүзү болду. Тамаша-чынга аралаш оюндун кесепети ушуга апкелди. Апамдын мени көрсөтпөгөн доктуру, бүбү-бакшысы калган жок. Томография да, компьютердик диагностика да таза деп чыгарган. Алгач жыл сайын тынбай доктурга алпарып, керектүү дарыларды алперип апам жакшы карады. Кийин турмушка чыгып түйшүгү көбөйдүбү же кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө кирип кеттиби, мени көңүл сыртында калтырып бараткандай. Бир жолу үйгө кирип келатып абысынынын апама кеп курганын угуп калдым. Оорум эч качан айыкпасын, мага куру убара болуп, бек ер акча коротуп атканын, турмушка чыксам эле бардыгы жакшы болуп кетеримди апама саймедиреп атыптыр. Көңүлүм чөгө түшсө да ал сөзгө көп маани берген эмесмин. Кийинчерээк ушул эле сөздү кайниси да айтты. "Кызыңыздын сөзүн эки кылбай, ою менен болот экенсиз. Эмне мынча убара болуп атасыз, баарыбир айыкпайт да…"
Ошентип ар кимдин сөзүн уга берип апам мени дарылатканга көңүлү келбей калды. Ойлосом, өгөй атам деле 7-8 жылдан бери эмне болуп атасың, дарыларыңды кантип атасың деп бирооз сурап койбоптур. 2005-жылдан бери доктурга көрүнө элекмин. Мурун бир айда бир кармап, кармабаса жок болуп калган оорум күчөй баштады. Качан эсиңди жоготуп, жыгыларыңды да билбейсиң, күтпөгөн жерден талмам кармап канча жолу бети-башым көгөрдү. Убакыт өткөн сайын апам экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп баратат. Бир нерсе десем, "бир тажаткыр экенсиң го, сенден кутулбай койдум, Чымкоргонго жеткирип салам" дейт. Эсебинде турам, майып катары пенсия алам. Доктурга көрүнүп, майыптыгым алынса мен деле элдин катарына кошулгум келет. Антейин десем, өзү айткан жиндиканага алпарып салабы деп корком. Менин сөзүмдү ким укмак эле, соо турган апамдын сөзүнө ишенишет да. Каражаты жетишсиз болсо мейли эле. Өгөй атамдын баласын, кайынсиңди, кайнилерин жылына 15-20 миң сомго доктурга көрсөтүп турат. Канча жолу карызга деп акча алышып, ошол боюнча сен көр, мен көр жоготушту. Эптеп пенсиямды чогултуп, доктурга барайын деген оюм бар эле. Тигиге-буга берип тур, анан берем деп атып, акчамдын деле аягына чыкканы калды. Өткөндө сурасам, "жетишип калдыңбы, анда ошол акчаңды алып, көзүмө көрүнбөй жогол" деп урушту. Турмушка чыксаң эле жакшы болуп кетесиң дешет, бул дартым менен мени ким алмак эле?
Дарттын азабынан өз энеме жүк болуп, жек көрүнүп бүттүм. Жадагалса эшикке чыгалбайм. Жыгылып бир нерсе болсом, артыман келип өлүгүмдү издечү киши жоктой. Атаганат, соо болсом мен да эл кийгенди кийип, эл баскан жакка басып, курбуларым менен тең жүрөт элем. Эмне болгон айыкпас дартка чалдыкканымды билбейм, ойлоно берип, оюмдун учуна да жеталбадым. Бу дүйнөдө мындай дартка чалдыккан жалгыз мен эместирмин. Талмадан айыгып, жашоосуна жаңылык киргендер да бардыр деп үмүт үзбөй, гезит аркылуу жарык издеп олтурам. Кайдыгер эмес адамдар кайрылып кеңешин айтаар…

Нургүл,
Бишкек шаары












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan