Коомдук-саясый гезит
№23, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Майкечен маек

"Биздин кинонун айынан аял-эркек үйлөнбөй калыптыр"
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эгемберди БЕКБОЛИЕВ менен маек
- Эгемберди мырза, сиздин чыгармачылык жолуңуз кандай башталды эле?
- 1972-жылы мен мектепти аяктаганда Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында театралдык студия жаңы ачылган. Ошол студияга биринчилерден болуп киргенбиз. Аны аяктагандан кийин кичине иштедим да, Ташкенттеги театралдык институтка тапшырып, ал жакта эки жыл окудум. Анан биздеги Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда уланттым. Менин эмгек китепчемде "Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына 1976-жылы актер болуп кабыл алынды" деген бир эле жазуум бар. Эми ошол жазуум өзгөрбөйт го деген үмүттөмүн.
- Эң алгач кайсы фильмде тартылдыңыз ?
- Мосфильмде "Великий самоед" тасмасында Хасибо деген каармандын ролун ойногом. Ал кезде 26 жашта болчумун. Театрдан болсо Тамара Габбенин "Альманзордун сыйкырдуу шакектери" деген спектаклинде Ханзаада Шалдырактын ролун ойнодум.
- Сизди теледен же спектаклден көрүп, кыздар жактырып, артыңыздан чуркаган убактар болду беле?
- Артыман кыздар чуркаган деп алардын баасын төмөндөткүм келбейт. Себеби, аны убакыт-саатында кыздар жашырат, айтпайт. А өзүмдүн кыздарга жабышып-жармашмай адатым жок. Бирок, биртоп мезгил өткөндөн кийин гана "ошол спектаклде көрүп, жактырып, жакшы көрүп калдык эле, топтошуп, сизди көрүү үчүн барчубуз" деп биздин муундагы кыздар айтып калышат. Анан жолдошторум "сен ошондо каякта жүрдүң эле, эмне үчүн буларды караган эмессиң" деп тамашалап калышчу. Кат жазып, "ушул ролдо" жагасыз деген кыздар болгон.
- А сүйүү каттар арасында бар беле?
- Жок, эми ишараттар болгон. Мисалы, "сизге окшогон жигиттер жагат, менин сүйгөнүм сиздей болсо экен" деген сыяктуу каттар келчү. Бирок сүйөм деп ачык жазышкан эмес. Кыргыздын кыздарынын жакшы жагы: өздөрү антип айтышпайт, жабышпайт. Анүстүнө ал кезде тарбия-таалим, менталитет башкача эмес беле. Эгерде азыркылар болсо ачык айтып, жазышы мүмкүн.
- Канча жашыңызда үйлөндүңүз?
23 жашымда үйлөнгөм. Келинчегим Айсалкын Осмонова экөөбүз үйлөнүп, анан институтка чогуу тапшырганбыз. Азыр бир уул, бир кыз, эки неберебиз бар.
- "Апамдын махабаты" аттуу фильмде башкы каармандын ролун ойнодуңуз. Эгерде ошондой тагдыр башыңызга келип калса, кандай болот эле?
Кудай сактасын. Жаңы фильмге тартылууда, же спектаклде ролду ойногондо ошол каармандын тагдыры кайталанбасын, андай болбосун деп ойлойм. Чыгармачыл адамдар ырымчыл келишет эмеспи. Ал жердеги менин персонажым Аскардын ролу, анын позициясы, мамилеси мага жагат. Себеби, канча мезгил өтсө дагы тунуктук, тазалык сезимди сактап калган. Кийин экөө кайра жолукканда тагдыр экөөнү тең ажыратып койду. Андан кийин кайрадан алардын биригүүгө адам катары алганда акылары бар болчу. Кинодон балдары каршы чыгып атат. Алардыкы да туура. Ким эле өз энесин башка бирөөгө берип койгусу келсин. Бир жолу Жалалабатка барып калдым. Мени көрүп эле ошол жердегилер бир окуяны айтып калышты. Сиздин кинодогудай окуя бизде да болгон деп. Көрсө, ошол жердеги бирөөнүн таанышынын аялы каза болуп калыптыр. Кинодогу Аскардын тагдырына окшош экен. Анан күйөөсү каза болуп калган, балдары бар аял экөө бири-бирин жактырып, көңүлдөрү жакын болуп калышат. Атүгүл баш кошсок деген ойлору да бар экен. Бирок, ошол кинодон кийин үйлөнөм деп жүргөн киши "менин балдарым кыйналат турбайбы, алган жубайым да кыйналат" деп андан баш тартыптыр. Кинонун таасиринен…
- Анда кино аларга тескери таасир калтырган турбайбы…
- Бирок, алар кинодогудай бирин-бири мурда сүйүшкөн эмес да. Анткен менен балдарын, ала турган жубайын аяп койду. Ал кишинин мага жакканы, башкалар үчүн өзүн-өзү курмандыкка чалган. Өзүнүн бактысынан башкалардын бактысын жогору койду.
- Көңүлүңүзгө жаккан айымдан тескери жооп алып көрдүңүз беле?
- Андай нерсе болгон деп айта албайм. Бирок, ошончолук мени түртүп салган нерсеге жеткизбегенге аракет кылам. Адамдын мүнөзүнөн, мамилесинен байкалат. Жакпаган нерсе болбойт. Сөзсүз түрдө аялга эркек, эркекке аял жагат.
- Сизди жакшы бийлейт дешет?
- Туура, андай убактар болгон. Болгондо да классикалык испан бийин бийлегем. Испандардын орто кылымдагы улуу драматургу Лопе де Веганын "Бий мугалими" деген атактуу комедиясы бар. Андагы башкы каарман - Альдемаро бийчи жигит болот. Ал сүйгөнүнө жетиштин амалын кылып, өзүн бий мугалими катары көрсөтөт. Бий мугалими болгон соң сөзсүз бийлеш керек да. Болгондо да классикалык испан бийин.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай


Убакыт билинбей зымырап өтө берди. Бир күнү окуудан бөлмөсүнө келсе, курбусу Гүлнара:
- Алтынай, сени качан келет деп күтүп атпадым беле. Сага бир өтүнүчүм бар. Аткарасыңбы, мен үчүн аткарып койчу, суранам, - деп жалдырады.
- Эмне болду, колуман келсе аткарайын, - деди Алтынай.
- Өткөндө таякемдин үйүнө барбадык беле. Замира тажеңем мага телефон чалып, бүгүн баламды карап берчи деп менден суранып атат. Эртең менен таякем алыска командировкага кетиптир. Тажеңем тааныштарынын туулган күнүнө бармакмын дейт. Баланы алып барсам, отургузбай убара кылат деп наалып атат. А мен барайын десем, жигитим менен жолукмакмын. Эмне кылаарымды билбей, айлам кетип, тажеңеме Алтынай барса болобу десем, макул болду, - деди Гүлнара.
Алтынай курбусунун сөзүн укканда сүйүнгөнүнөн күлүп жиберди.
- Тажеңеңе айта бер. Баласын оюндагыдай карап берем. Камсанабасын, кичинекей баланы жакшы көрөм, жакшы да карайм, - деди шыпылдай. Гүлнара дароо эле кол телефонун алып, тажеңесине чалып, Алтынай бара турганын айтты. Алтынай сабактан ачка келген. Азыр кичинекей баланы багарын укканда кардынын ачканын да сезген жок. Шашып кийинип, дароо эшикке чыгып кетти.

х х х
Кичинекей наристени аябай көргүсү келген Алтынай тез эле жетип барды. Барса, Замира ойсоктоп, кычырап кийинип, анын келишин чыдамсыздык менен күтүп турган экен. Ал эми кичинекей бала адаттагыдай эле уктоочу бөлмөдө ыйлап отуруптур. Алтынайды көргөн Замира баланы алып келип колуна карматты. Кетип баратып балага кандай тамак бериш керектигин айтып, түшүндүрүп, "кечирээк келип калышым мүмкүн, жакшы карап тур" деп эскертти.
- Бөбөктөрүмдү мен эле баккам. Баланы жакшы карайм, сарсанаа болбой, шашпай эс алып келиңиз, - деп узатып калды Алтынай.
Замира кетээри менен кичинекей наристени өпкүлөп, аны ушунчалык жакшы көрүп, эркелетип, ойнотуп, курсагын тойгузуп, көтөрүп жүрдү. Наристе да Алтынайдан чочуркабай, аны менен кыткылыктап күлүп, ойноп отурду. Курсагын тойгузгандан кийин наристени уктатып, үйлөрдү жыйнап чыкты. Анан наристенин жанына келип үстүн кымтылап жаап атканда, эшиктин коңгуроосу кагылып калды. Коңгуроонун үнүнөн ойгонгон наристени көтөрүп, Замира келип калды го деген ниетте эшикти шарт эле ачып жиберди. Маңдайында турган Алмазды көрүп Алтынай ууру кылган адамдай коркуп кетти. Алмаз да Алтынайды карап "бул эмне жүрөт" дегендей таңгала тиктеди. Экөө баш ийкешип учурашкандан кийин эле Алтынай актангандай:
- Замира эже туулган күнгө кетип, баланы карашып, жардам берчи деп суранганынан келгем… - деди.
- Кимдин туулган күнүнө кетиптир?! Эртең менен мен кетип атканда эч жакка барбайм деп атпады беле?!. - деп аялынын кылыгына кыжыры келген Алмаз өзүнчө бурк этип алды.
- Билбейм… Гүлнара мени жардам берип койчу деп суранганынан эле келгем… - деди мукактанган Алтынай. Алмаз жаш аялына жиндене кол телефонун алып чыгып, чала баштады. Телефонду биртоптон кийин алды Замира.
- Бала кандай, жакшы элеби? Эмне кылып атасыңар? - деди билмексен болгон Алмаз аялын эмне дээр экен деген кыязда.
- Жаным, баары жайында. Актанчик экөөбүз сени сагына баштадык. Ал уктап атат. Мен үйдө тамак жасап атам, бизге камсанабай эле кой, - деди Замира шыпылдап. Аялынын калп сүйлөп атканына Алмаздын канчалык кыжыры келсе да, дагы канча калп айтаар экен деп сынап унчукпай, билмексен боло телефонду өчүрүп койду. Ары жакта өзүн коерго жер таппай ыңгайсызданып, баланы көтөрүп жүргөн Алтынайдын жанына келип:
- Замиранын кеткенине канча болду? - деди.
- Үч-төрт саат болуп калды. Кабатырланбай эле коюңуз, азыр келип калат… - деди Алтынай эмне айтарын билбей.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan