Коомдук-саясый гезит
№23, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Күлкү келатыр…

Жазмаанай
Экономикабыз эмнеге өнүкпөйт?!
Ит эле болубатабыз, карачы! Өлкөнү эмнеге айлантып жибердик. Көчөгө чыгып карасаң эмнени гана көрбөйсүң, чиркин! Өлкөнүн жармысынан көбү аял болуп кетти! Болгондо да жөн болбой, уят-сыйытты жыйыштырып коюп көчөдө басып жүрүшөт. Жок, басып жүрөберишсин, каршылыгым жок. Бирок аларың денесинин 90 брасент жерин ачып коюп жүрүп атышпайбы. Аржактагы 10 брасентин айтпай тим коелу, береги 90ду көргөндөле эркектин башы иштебей калат. Делдиреп, шал болуп калат. Бүт жумуштун бары токтойт. Анан кантип экономикабыз өнүксүн. Токтотуш керек мындайды! Өзгөчө жаз чыкканы жумуш иштеш таза мүмкүн болбой калды. Бүт дүйнөдөгү адамдар ушул аялдарга иштеп калды. Эгер Кыргызстан калкы жалаң эркектер болгондо, бут кийимди 90 брасентке кыскартмакпыз. Ал эле эмес, жанагы калгатки, духи, парик сыяктуу аркандай эркектердин оюна да келбеген туш-сыялар канча. Көрдүңүзбү, каражаттын баары кайда кетип атканын.
Эртең менен маршруткада баратып кичине китеп окуй калайын же гезит алып жаңылыктарды биле калайын дейсиң да. Кайдан! Жок дегенде эки кызды көрөсүң. Бирөөсүн тандап аласың. Баштайсың анан кыялданып. Сен үчүн жасанып алгандай көрүп. Чачтарын, каштарын, көздөрүн боеп, мурдун кестирип же коштуруп, арыктайм деп ачка отурушуп... А мага, кыздар, мунун барысы кереги жок да. Мага болгону бирөөң менин кандай акылдуу, таланттуу экенимди бир күндө үч жолу кайталап турсаң эле... таңгөрү! Ошол эле жетмек. Экономика таарынбайт. Туура түшүнөт деп ойлойм. Биринчи аялдарыбызды көтөрүп алалы. Же алар бизди көтөрүп алабы?
Чынында бизге караганда аялдар көп жумуш бүтүрөт, эй. Кир жууп, кийим үтүктөп, тамак жасап, балдарды карап, биз менен кошо жарышып иштеп, анан дагы дайыма өң-келбетин карап турганга жетишкенин айт! Биз эртең менен жумушка сакал-мурутту кырып коюп эле дароо жөнөйбүз. А аялың өзүн жасалгалаш үчүн сенден бир саат эрте турат, бирок кеч чыгат...




  Эх-хе-хе!

Кыргыз менен англичандын, аял менен алфавиттин айырмасы
- Светофордун жашылы күйгөндө, жолдун жарымына чейин шашпа-ай басып барсаң болот…
l
Балыкчы-Каракече поюзунун рейси убактылуу кармалууда. Темир жолдун жоктугуна байланыштуу.
l
Аялдар алфавиттеги тамгалардай болот экен: үндүү жана үнсүз аялдар. Бирок, үнсүздөр өтөле аз, эй!
l
Бутуңду суу кылып алсаң - тамагың ооруп, үнүң чыкпай калат. Тамагыңды "суулап" койсоң - үнүң чыгат, бирок бутуң шилтенбей калат.
l
Жарым жылдын ичинде машине алып, заңгыраган үй салып, ичин толтуруп алган кишиге дагы эмне керек?
- Актануу дөкүмөнттөр керек.
l
Мейманкананын админиcтpа-тоpу кардарга:
- Эгер бу киши сиздин аялыңыз экенин мага далилдеп бералбасаңыз, мен силерге чогуу бир бөлмө бералбайм.
Анда кардар:
- А эгер сиз бу киши менин аялым эмес экенин далилдеп берсеңиз, мен сизге өмүр бою ыраазы болом…
l
- Англичандан кыргыз эмнеси менен айырмаланат?
- Англичандар коштошпой кетип калат экен, кыргызың болсо коштошуп алып "аттанар аяк" деп айланчыктап жүрө берет.
l
Бир ири ишкананын деректири орунбасарына:
- Куттуктайм, сиз чоң жетишкендиктерди жасап атасыз. Жарымжыл мурда эле бизге катардагы инженер болуп келдиңиз эле, бир ай өтпөй цехтин начальнигинин орунбасары болдуңуз, андан эки айга жетпей цехтин начальнигине көтөрүлдүңүз, эми мына, менин орунбасарым болуп калдыңыз. Буга не дейсиз, өзү?
- Ыракмат, атаке!
l
Жаш бала көчөдө бир келиндин артынан калбай кубалап баратат дейт. Келин подъездге кире качып, эң акыркы этажга барып такалып калат. Артынан жетип барган жигит капчыгын жулуп алып:
- Эмесе, сен мага жетип ал! - деп качып жөнөгөн экен.
l
- Сизди тоноп кетти дегендери чынбы?
- Ооба. Акчамды алып, саатымды чечип кетишти.
- Сиздин жаныңызда дайыма пистолет жүрчү эле го.
- Жүрчү, бирок, кудай жалгап таппай калышты.




Сөзтүрмөк
Жаз көргөзөт, канчалык поктоп атканыбызды!
Бирөөнүн көчүгүнө суу куйгандан башка да эрмек бар.
Сулуулук дүйнөнү сактап калганчале, акмактар аны "жайлап" бүтмөй болду!
Арак менен дос болсоң алигиңдин азабын тартпайсың.
Жумурткаңды "Блендамед" менен корго!
Жаратылышты сакта, энеңди!
Тормусуң менен аялыңа ишенбе.
Атым калсын десең, карыздарыңды бербей кет.
Өлгөн киши бактылуу, тирүүлөр кийин бактылуу болот.




Пайдасыз кеңештер
Шифанериңди ачардан мурун, такылдатып көргөнүң оң.
Галстугуңа маңкаңды арчыба. Андан гөрө байкатпай парданы пайдаланып кой.
Эгер колуң дайыма тердеп турса, саламдашардан мурун жылмайып келип кучактап, далыга таптап, анан колуңду сун.
Эгер конокто үстөлдө отурганда жел чыгаргың келип атса, кожоюндун баласын жаныңа чакырып ал, болбосо ит же мышык деле жарай берет.
"Келиңиздер, эми сиздерге үйбүлөлүк альбомду көрсөтөйүн" же "карагылачы баламдын күндөлүгүн, кандай окуйт" деген сөздөр биртоп тамакты үнөмдөйт.

Күлкү чакырган Күлтүк













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan