Коомдук-саясый гезит
№23, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 

Нарындан жазган салам кат
Бусаам театр эмес, мончо ачып жатабыз деп келди. Гезиттин 18-мартындагы "Бомбейкатка" Гүлжан Асаналиеванын "Эски дагырадан эптеп кутултсаңар" аттуу облгубернаторго кайрылуусу жарыяланган. Атактуу Каттаниге жетиптир. Губернатордун басмасөз катчысы жооп берди. Мурдагы Калинин кыштагы кийин Ташбашат жана Кайыңды делинип экиге бөлүнүп кетиптир. 1986-жылы курулган авария абалында мончо Мамбетов Темиркулга сатылыптыр. Анын ордуна 270 миң сомдук мончо Кыргыз-Швейцария каражатына курулуп, ушул жылдын биринчи жарымында пайдаланууга берилет дейт. Ушул эле долбоор менен Ташбашат айылында 2008-жыл ичинде мончо курулмакчы.

Мамлекет башчысы тууралуу жалган маалыматты ким таратты?
Атактуу "үч тамгабы"?
Президент Бакиев москвалык "Времени новостей" басылма баяндамачысы Аркадий Дубновго өз кабинетинен интервью берди. Аны АКИpress агенттиги таратты. Президент катуу оору деген ушак-айыңды Германиядан эле угуптур, бирок "көз жумду" деген кабар тараганын Бишкектен айтышыптыр. Баяндамачынын билдиргенине караганда, Президент куландан соо, кулундан ойноок. Болгону бут тамырлары ооруп, ошону дарылатыптыр.
Мындай ушактын тарашына оппозиция кызыкдар болушу ыктымал деген ойдо экен Президент. Ошондой эле совет учурунда атактуу "үч тамга" (КГБ) менен ИИМ академиясы ушундай ушак менен "эл бузганды" үйрөтчү, ошонун эски кызматкерлери менен устаттары да болушу ыктымал деген божомол айтат президент.

Эски чекист антип ойлоого эч негиз жок деди
Ошолеле күнү КР коопсуздук кеңешинин мурдагы секретары, чынжырлуу "үч тамгачы", генерал-майор Мирослав Ниязов АКИpress суроолоруна Мамлекет башчысынын бул билдирүүсү олуттуу эмес деп жооп берди. Өлкө президенти желек, гимн сыяктуу эле мамлекет символдорунун бири, андыктан аны шайлаган эл кылт эткен кыймылынан, анын ичинен денсоолугу тууралуу да кабардар болуп туруш керек. Жалган маалымат тараткан оппозиция же жашыруун кызмат кылыгын айтуу үчүн ага кимдин, кандай кызыкчылыгы бар экендигин далилдеш керек. Ал эми андай далил табууга мүмкүн эмес деген пикирде экс-секретарь.

Топчукенин тотукканда кербези
"Эркиндиктин" жетекчисин түшүнүп бовойт, эй! Акаевдин тушунда, Бакиев заманында да депутат болсом деген максатына жетпей койду. Андай бакыт маңдайга жазылбаса ушул экен да. Кезинде оппозиция уюштурган митингдерде бийликти колдоп, антимитингдердин көч башында жүрдү эле. Азыр болсо ошол "душмандарынын" коюн-колтугунда. Мышык майга жетпей сасык дегендей, азыркы парламентке илинбей калып, "чөнтөк парламент" деген статус ыйгарды. Балким, "Эркиндикке" парламенттен орун бергенде, минтип чыкпас беле?

Отургула, сот кетти!
Ошондуктанбы, Феликс Кулов ойгонду. Өткөн апрель алабармандыгынан соң коңулда жаткан. Митингчилерди ээрчиген эрендердин эки-үчөө кесилип кетти. Үзөңгүлөш оппозициячыларынын алды атактуу "үч тамгага" түшүп, артынын үрөйү учуп качты. Феликс Шаршенбаевич Базбөлтөктүн аржагынан баш багар замат азыркы бийликке акыл айтты. Апрелде, - дейт, биз бийликке конституциялык жол менен коомго зарыл чечим кабыл алдырдык. Ал чечими кайсы? Конституция реформасы. Эми электрди сатпагыла, мамлекеттик акционер коомуна айланткыла, ошондо коммунизм... тфү!, капитализм бейишине туш келесиңер. Андай сунуш эмне үчүн премьер-министр болуп турганда оозуна илинбегени кызык.
Анткен менен Феликс Шаршенбаевич чоң ачылыш жасады: расмий эмес маалыматтарга караганда, Кыргызстандан Тажикстанга наркозат ташып АН-2 самолету бирнече жолу каттаган. Алардын "крышасы" албетте, бийликтин бийик бутагында. Бирок адаттагыдай эле кимдер экендигин ачык айткан жок.

"Агым-пресс"




 

Акыйкатчы институтун реформалоо боюнча маселе козголду. Дегеле бизге мындай институттун кереги барбы?
Амангелди МУРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Сөзсүз аны реформалоо зарыл. Эң биринчи кезекте ага укук берилиши керек. Президенттен же болбосо башка бийлик структурасынан көзкаранды болбошу зарыл. Өзүңөр жакшы билесиңер, Акыйкатчы институтунун ачылганына көп жыл болду. Тилекке каршы, элге алгылыктуу иш жасап, өзүн көргөзө алган жок.

Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:
- Цивилдүү өлкөлөрдө мындай көзкарандысыз институттар бар. Бүгүнкүдөй өткөөл мезгилде жашап аткандан кийин, жаманбы-жакшыбы Акыйкатчы институту керек. Бирок, ал эчкимге баш ийбей, эркин болушу керек. Президент Акыйкатчы Турсунбек Акун болсун деп эле шайлатып койбодубу. Бул өзү туура эмес. Акыйкатчы элдин таламын талашып, укугун коргоп аткандан кийин, аны коомчулук шайлашы керек деп ойлойм.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, "Эркиндик" партиясынын лидери:
- Мамлекет менен коомдун ортосундагы уюм да бул. Ушу кезге чейин Акыйкатчы институтунун коомго тийгизген пайдасын көрөлекмин. Бүгүнкүдөй бийлик, Турсунбек Акундай жетекчи турганда институттун иши арбыбайт жана натыйжалуу жыйынтык бербейт.

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
- Ал институттун кереги жок бизге. Прокурор, сот, адвокат дегендер эмне иш кылат? Анда буларды таратыш керек, жалгыз Турсунбекти калтырып…

Гүлжигит НАРТАЙ уулу, Бишкек шаарынын тургуну:
- Бийлик, күч органдары аткаралбаган жумушту Акыйкатчы институту аткаралбайт деп ойлойм. Андыктан, анын бизге кылдай да пайдасы жок. Болгону анда иштегендер айлык алып, жан багып атышат. Бир сөз менен айтканда, мамлекеттин чөнтөгүнө эле зыян.

Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти:
- Демократиялык өлкөлөрдүн катарына кошулуп, демократиялык коом курабыз десек, Акыйкатчы институту абдан керек. Турсунбай Бакир уулу эчкимге көзкаранды болбой эле иштеп аткандай болгон. Жаңы келген жетекчи өзүн көргөзүш үчүн убакыт бар. Шайланганына аз эле болбодубу. Андыктан анын ишмердүүлүгүнө сын айтыш али эрте.

Илим КАРЫПБЕКОВ,
"Медиа өкүлчүлүк" институтунун директору:
- Албетте, керек. Менин пикиримде, Турсунбай мырза башкарып турган маалда, Акыйкатчы институту өз максатына жете алган жок. Натыйжада көпчүлүктүн ага болгон ишеними өчтү. Шарт боюнча Акыйкатчы институту мыйзамдардын сакталышына чоң өбөлгө болот эмеспи. Биз азырынча андай деңгээлге жетелекпиз.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan