Экс-министр эмне дейт?
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын координатору:
"Америкалыктарга чалгынчы катары иштегендер
"Ак жолдун" арасында жүрөт"
- Аликбек мырза, сиз Тышкы иштер министри болуп турганда өлкөдөн эки америкалык дипломатты чыгардыңыз эле. Тыңчылык кылды, бейөкмөт уюмдарга жардам берип атат деген кине менен. Азыркы кезде ошол өзүңүз күнөөлөп келген жарандык коомдор менен тыгыз байланышта иштешип атасыз. Сиздин мындай позицияңызды кандай түшүнсөк болот?
- Сизге туура эмес маалымат жетиптир. Австрияда ОБСЕде элчи болуп жүргөнүмдө граждандык коомдор жалпы саясый абалдын өнүгүшүнө чоң таасир этерин билгем. Министр кезимде дагы НПОлорду колдош керек деп келгем. Азыр деле ошол позициядамын. Ал эми америкалык эки дипломатты чыгаруу чечими боюнча өзүңөр жакшы түшүнөсүңөр да. Биздин мамлекетте Тышкы иштер министри мындай маселеге жалгыз өзү кирише да, чече да албайт. Ал жерде жалпы НПО деп айтылган эмес болчу. Бир-эки киши болгон жарандык коомдун арасында. Ошолор америкалыктарга чалгынчы катары иштеп, маалымат берип турган. Тилекке каршы, азыр алар "Ак жолдун" арасында жүрөт.
- Алардын ким экенин ачык айта аласызбы?
- Аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбай эле койойун. Себеби, бул мамлекеттик сыр. Эң жогорку тепкичтеги бийлик адамдарынын бул боюнча маалыматы бар. Ошого карабай унчукпай аткандарына таңгалам.
Ачыгын айтканда, мен ошол эки америкалыктын окуясы боюнча кайгырдым. Тилекке каршы, аягы ушундай болуп калды. Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн ачыгын билдирип койойун. Ошол окуядан кийин Кыргызстан менен Американын ортосундагы мамиле бузулбашы үчүн АКШ мамдепартаментинин жетекчисинин бири Ричерд Баучер мырза менен атайын жолугушуу өткөргөм. Жыйынтыгында мындай инцидент эки тараптуу мамилеге терс таасирин тийгизбесин деген бүтүмгө келгенбиз. Ал сүйлөшүүнүн натыйжасында биздин өлкө "Миң жылдыктын чакырыгы" деген атайын программага кирди. Америкалык дипломатия бул программага эки тараптуу жакшы мамиледеги мамлекеттерди гана киргизет. Дегеле айтып койойун, ички саясат оңолмоюнча, ички саясый чечимдерди кабыл алуу механизмдери жакшы иштемейинче, тышкы саясат оңолбойт.
- 29-мартта Элдик курултай болбой калды. Бийлик тарабынан кысым болуп, өткөргөнгө имарат берилген жок деп атасыздар. Ал эми коомчулукта ушул маселенин тегерегинде кайчы пикирлер да бар. Уюштуруу иштеринен аксап калышты, бири-бири менен тил табыша албай атат деген сыяктуу…
- Акүйгө иштеген политтехнологдор ушундай ушактарды эл арасына таратууда. "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылына кирген 15 партия, 20дан ашык коомдук уюмдар, көптөгөн коомдук ишмерлер бар. Андыктан түрдүү пикирлердин жаралары мыйзамченемдүү көрүнүш. Бизде чечим кабыл алууда дискуссия, аркандай көзкараштар айтылат. Чечим кабыл алгандан кийин бир позициядабыз. Элдик курултайдын өтпөй калышына эки себеп болду. Биринчиден, президенттин тегерегиндеги кишилерге ишенбестик пайда болду... Себеби, алар кечээ бирди айтса, бүгүн башканы айтып атышпадыбы. Президент өзү келсе, курултайга катышса жакшы болмок деп ойлогонбуз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМ, УКК кызматкерлери түздөн түз Башмыйзамдын 23-беренесин бузганын баса белгилеп өтөйүн. Ал жерде: "Кыргызстандын граждандары курултай чакырууга жана жогорку бийликтегилерге сын-пикирин айтканга укуктуу" деп жазылып турат. Учурунда президент Курманбек Бакиев оппозицияда жүргөндө дагы ушундай шылтоодогу кысым болгон. Биз таңгалып атабыз, ошол кайра кайталанганына.
Президентке кат жөнөтөбүз. Келип катышып, биздин ойду да уксун. Сөзсүз эле көчөгө чыгып, митинг өткөрүш максатпы. Цивилдешкен коомдо жашап аткандан кийин, бир имаратка чогулуп сүйлөшөлүк. Биздин максат - тынчтык жол менен гана өзүбүздүн саясатты калың элге жеткирүү.
- Чет жактан бул коомдук кыймылды каржылаган уюмдар бар. Ошолордон акча келбей калып, өтпөй калды деген кептер да жок эмес.
- Бул дагы Акүй политтехнологдорунун жүргүзгөн саясаты. Элге бизди жек көргөзүү максатында. Ачык айтканда, чет өлкөлүк уюмдар деле келесоо эмес да, жөн эле акча бере койгондой. Коомдук кыймылга кирген партиялар, ишмерлер, коомдук уюмдар акча чогултуп атышат. Ошол чогулган акча каражатына курултай өткөрөбүз. Ал үчүн көп деле акча кетпейт. Имараттын ижара акысына, анан кагазга эле коробосо.
- Президент келбей койсо, дегеле бийлик тарабынан эчкандай реакция болбосо, кандай кадамдарга барасыздар?
- Бул суроого өзүм жалгыз жооп бергеним туура болбой калат. Андай болсо кеңешебиз да. Президент өзү келип катышпаса дагы, имарат бериши керек. Эгерде мындай кадамга барбаса, аягы жакшылыкка алып барбайт. Бийликке болгон элдин ишенбөөчүлүгү огобетер күчөп, радикалдуу күчтөр пайда болушу мүмкүн. Мамлекеттик маселелер боюнча альтернативдүү пикир, аркандай сунуштар болсо, Кыргызстандын прогрессивдүү өнүгүшүнө алып келет.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ