Коомдук-саясый гезит
№24, 04.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Тамырыңды тап, баатыр

Илимдер академиясын сотко берем
Редакцияга Тайтөрө аксакал келиптир. Оңдобой, кыскартпай жарыялагыла дейт. Макул дедик. Көтөргөн маселе маанилүү экендигин эске алдык. Бирок компьютер мүмкүнчүлүгү убакытты көп талап кылганына байланыштуу аксакал айткан эки түпчүл тамганы макаланын башынан аягына чейин сактоого мүмкүн болбоду.
Тайтөрө аксакал кыргыз маданиятына кыйла иш жасаган адам. Башкасын айтпаганда да четөлкөдө жашаган кыргыздарды түп мекенине кайтарууга, жайгаштырууга көп эмгек сиңирди. Баса айтабыз, кыргыз бийлигинен кызмат, каржы сурабай, өз мээнетин жумшап, өз чөнтөгүн кагып.
Кыргыз Республикасынын
президенти Бакиевге
Кыргыз Улуттук илимдер
академиясынын президенти Жоробековага
Урматтуу республика президенти! Кыргыздар сиздин атаңыздын атын кыргызча айтышы керек! Буга закон да милдеттендирет. Бирок азырынча Бакиев деп орусча акцент менен бузуп айтып, ката жазып жүрүшөт! Севеви, сиздин атаңыздын атын кыргызча айтып, жазышка азыркы кыргыз катында керектүү тамга жок! Ал тамга жөнүндө сизге билдиришбейт. Аны академиянын президенти баш болуп 68 жылдан бери ар ыкмаларды колдонуп жашырып жүрүшөт!
1940-жылы кыргыз латын тамгасынан азыркы кириллица тамгасына өткөндө, ", " (к,г) эки түпчүл тамганы азыркы катка кошбой өчүрүп таштаган. Ошол өчүрүлгөн эки тамганын бири (к) сиздин атаңыздын атынын үчүнчү тамгасы жана өзүңүздүн атыңыздын баштамгасы.
1940-жылы же андан мурда кыргыз катынан ал эки түпчүл тамга өчүрүлсүн деген токтом чыгарылган эмес! Жана андай токтомдун болушу да мүмкүн эмес! Севеви, кайсы улуттун катынан болбосун бир гана тамгасы кыскартылса, ал тил акырындап бузулат. Кыргыз тили азыр дал ошондой кырсыка учурады!
Азыркы күндөрдө 70 жашка чейинки кыргыздардын көпчүлүгү ошо өчүрүлгөн тамгалардын ордуна "к,г" тамгалар болот, аткарат деп жазгандыктан кыргыз өзү сөздөрүн өзүдөрү акцент менен бузуп окушат жана бузуп сүйлөшөт!
Президенттеривиз кыргыз тили өнүксүн деп тил майрамын уюштурушту. Мамлекеттик тил комиссиясын түздү. Бирок кыргыз тилин кыйратып бузуваткан севепке көңүл бөлүшпөдү! Опол тоодой оркойгон севепти окумуштуу филологдор көмүскөгө көөмп койушту. Ошондуктан тил майрамдары ар күнү майрамдалса да, кооз медалды тонналап чачса да тилдин бузулушуна кыпындай да пайдасы жок. Кыргыз тилинин бузулушу күчөй берет.
Канткенде кыргыз тилинин кыйрашын токтотсо болот. Ал үчүн 1940-жылы өчүрүлгөн ошол эки түпчүл тамганы кыргыз катына кайра киргизиш керек. Кыргыз катынан жараксыз болуп жатып калган "щ, ц, х" тамгаларды чыгарыш керек. Эки түпчүл тамганы кыргыз катына кошуу оңой. Мисалы, "к" тамгага казактар сыяктуу куйрук улап койсо эле "кы" болуп окулат. Эми Бакыев деп кыргызча жазса сонун болот!
Ал эми "г" тамганы ортосунан минтип "?" сызып койсо, бул тамга "?u" болуп окулат. Эки түпчүл тамга экөөвү бирдей өзүвүздүн кыргыз деген аталышына да шарт түзөт. Эки түпчүлдүн жоктугунан аталышывызды да бузуп айтып жүрөвүз. Мен бул эки маселени эки ирет саясый бюрого жаздым. 1968-жылы "Надо переименовать г. Фрунзе" деп тема койуп жаздым. Кыргыз тилинде "ф" тамга жок! Ошондуктан кыргыздар Фрунзе деп айталышбайт. "Пурунза", "Пронзо", "Брунзе" деп бузуп айтышат. Шаарга кыргыздардын тили келе турган атты койуш керек деп жаздым. Менин катымды илимдер академиясына жөнөткөм, жооп бербеди. Эркиндик болор замат Фрунзе шаары Бишкек болуп аталды.
1975-жылы саясый бюрого экинчи катымды жаздым. Биз, кыргыздар паспортторувузга "киргиз" деп жазбай, кыргыз деп жазылышын каалайбыз, кыргыз катында жанагы эки түпчүлдүн жоктугунан тилдин бузула баштаганын айттым. Менин экинчи катым да илимдер академиясына жөнөтүлүптүр. Катыма жоопту филология илиминин доктору А.Садыков берди. (А.Сыдыковдун катын тиркедим). Андан бери 33 жыл өттү. Эки түпчүл тамганын тагдыры дагы эле чечиле элек, талкуу, талкуу, бүтпөс талкууда!
Кыргыз улуттук илимдер академиясы, анын карамагындагы тил жана адабият институту деги өзүнүн милдетин качан аткарат? Бул уюмда иштеген окумуштууларда бир нерсени изилдеп билиш, билгенин чечкиндүү аткарыш деген болову?! Көз деген нерсе барбы?! Илимий даража болсо, көздөрү көрсө "щ", "ц" тамгалары кыргыз тамгасына керектиги жоктугун эмдигиче эмне көрбөйт?
Урматтуу президент Бакыев, мен кыргыз улуттук илимдер академиясын, тил жана адабият институтун сотко берем! Сиздин фамилияңызды кыргызча жазыш үчүн сотко берем! Сиздин атаңыздын аты араб сөзү Баакий: түвөлүктүү, бузулбас деген сыяктуу маанилери бар. Арабдар Абдулбаакий деп ат койушат. Тажик-ирандыктар Боку, Бааки деп ат берет. Бул ат Баакы болуп кыргызга өткөн. Бул сөз айтылышында эки "аа" менен угулат. Жазылышы негедир бир "а" жазып койгон. Бакыт, Бактывек, Бактыгүл, Бакывай деген сыяктуу аттардын баары ушул Бакыдан жаралат! Бардыгында "к" тамгасынын куйругу бар.

Тайтөрө БАТЫРКУЛОВ, Бишкек шаары



  Санарип заманы

Көгүлтүр экрандын сапаты, саны көкөлөйт, бирок карапайым калкка жетеби?
Медиа тармагында телеберүүлөрдү жаңы технологияга - санарип ыкмасына ("цифровое вещание") өткөрүү демилгеси кызуу талкууга алына баштады. Санариптик телеберүүгө өтүү - телетармагына жаңы доордун эшигин ачары талашсыз. Бирок, биз мындай кадам жасоого даярбызбы? Дегеле ал кантип иш жүзүнө ашат. Мына ушундай суроолордун тегерегинде "5-каналдын" башкы продюсери Алмас ТУРДУМАМАТОВ "Агымга" маек курду.

- Санарип ыкмасына өтүү менен теле тармагына кандай жаңы саамалыкты киргизе алабыз?
- Санарип системасынын артыкчылыгы - телеканалдардын саны көбөйүп, үнү менен сүрөтүнүн сапаты аябагандай өсөт. Аны менен катар рекламасыз телеканал, заказ менен кино көрүү, жаккан гана берүүлөрдү каалаган убакта көрүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөр ачылмакчы. Санарип аркылуу интернетке чыкса да болот. Жыштыктардын жетишсиздик маселеси чечилмекчи. Азыр Кыргызстанда онго жакын телеканалдын берүүлөрүн көрөбүз. Санарипке өтсөк, алардын саны 40-60ка жетиши мүмкүн.
- Сигналды кабыл алыш үчүн санариптик телевизорлор керек. Бирок, алар кымбат. Сатып алганга көпчүлүктүн чама-чаркы чак келбеши турган иш. Мындай шартта кандай айла кылабыз?
- Андан чыгуунун бир гана жолу бар. Колдонуп аткан телевизорго атайын жабдык кошуу зарыл. Учурда Казакстанда телевизорлорго санарипке которо турган жабдыктарды (приставка-преобразователь) Кытайдан заказ менен даярдатып, сыноодон өткөрүшүүдө. Алардын эсептөөлөрү боюнча бир приставканын наркы 30-40 доллардын тегерегинде болот экен. Бизде болжол менен бир миллионго жакын телевизор бар десек, калкты санарипке которуучу жабдыктар менен толук камсыздоо үчүн 50 миллион доллар керектелет.
- Керектүү жабдыктын наркы эле бирнече миллиондун башын жейт экен. Ал эми кыргыз телеканалдарын санарипке өткөрүү үчүн көп акча кетет го. Ансыз деле өнүгө албай аткан экономикабызга терс таасирин тийгизбейби?
- Бүгүнкү күндө Европанын үч өлкөсү толук санарип берүүсүнө өткөн. Калкы 8,7 миллион кишини түзгөн Швецияда санарипке өткөрүү эки жылга созулуп, ал үчүн мамлекет 160 миллион доллардан ашык каражат чегерди. Азыр иштеп жаткан кыргыз телеканалдарын андай технологияга өткөрүү үчүн кеминде 100 миллион доллар керек болот. Албетте, бул чоң сумма. Бирок, ага өтүүдөн башка жол жок.
- Эмне үчүн? Буга чейин деле жашап келбедикпи, санариби жок эле…
- Андале техникалык прогресстен артта калганыбыз ошол. Башкалар "мерс" минсе, биз "запордо" жүргөнсүп. Санарипке өтүп кеткен чет элдик телепрограммаларды көрө албай калабыз. Экинчи жагынан, кошуналарыбыз "цифрага" өтсө, биз да андай кадам жасоого аргасыз болобуз. Себеби, чегара аймактарында санариптик сигналдар менен аналогдук сигналдар бири-бирине тоскоолдук жаратып, телевизор көргөнгө такыр болбой калат.
- Жана сиз айткан 100 миллион долларды тапсак жаңы технология заманына кирип кетебизби?
- Алгач санарипке өтүү жөнүндө мамлекеттик программа кабыл алынышы зарыл. Анан мыйзамдык, укуктук базасы иштелип чыгып, кандай стандарттагы санарип телесистемасына өтөрүбүздү такташыбыз керек. Не дегенде, дүйнөдө санарип телеканалынын үч стандарты ( Европаныкы - DVB, Американыкы - ATSC, Японияныкы - ISDB) бар. Ага жараша телекомпаниялар сигналды жайылтуучу жабдыктарды (передатчиктерди) сатып алышат. Учурда алардын баалары кыргыз телекомпаниялары үчүн өтө оор. Мамлекеттик телекөрсөтүүлөрдү (КТР, ЭлТР) элге жеткирген Телеком (РПО МТР) да передатчиктерин санарипке алмаштырышы талапка ылайык. Бул багыттагы иштер мамлекеттик жардамга муктаж жана кыргыз өкмөтү көмөк көрсөтүшү абзел. Ал эми менчик каналдар санарипке өтүү үчүн каражат дараметине жараша өтүшү мүмкүн. Мамлекеттин аларга колдоо көрсөтөрү күмөн.
- Сиздин оюңузча, биздин мамлекет канча жылдан кийин мындай системага өтүшү мүмкүн? 2012-жылдан тартып Кыргызстан өтүүгө даяр болуп калат дегендер да жок эмес.
- 2006-жылы Электр байланышы боюнча эларалык союздун мүчөсү катары Кыргызстан дагы келишимге кол коюп, милдеттеме алган. Анын негизинде 2015-жылдын 15-июнунан баштап биз толук бойдон "цифрага" өтүшүбүз керек. Айрым адистердин төрт жылдан кийин өтөбүз дегени туура эмес. Азырынча ага даярдыгыбыз жок.
- Жанатан бери санарипке өтсөк эле жыргап кетебиз деп атасыз. Анын дагы терс жактары бардыр?
- Азыркы мамлекеттик тил мыйзамына ылайык телекөрсөтүүлөрдүн 50 %ы кыргыз тилинде болсун деген талабын аткаруу оорлойт. Себеби, эне тилибиздеги контент (телепродукт) аз чыгарылары жалпыбызга маалым. Эң башкысы, санарип ыкмасына өтүү менен акы төлөп көрүүчү телеканал заманы келет.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan