![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №24, 04.04.08-ж. |
Меймансап Форум Жылдыздар турмушунан Султандын бир күнү Бул ирет сахна "эркеси" болгон Султан САДЫРАЛИЕВди бир күн жандадык. "Эрке" деген себебибиз, элдин сүймөнчүк ырчыларынын бири. Эки-үч жылдан бери кайсы иш-чара болбосун, кайсы ырын ырдабасын, эл катуу сүрөөн менен кабыл алып келет. Султан менен бир күн дегенибиз менен, ал таттуу уйкусунан ойгонуп, өзүнө келгенче түшкө чейин күттүк. Чын-тамашага салып айтканына караганда, уйку менен кыздарды абдан жактырат. Ал эми арбир күнү уюлдук телефон шыңгыры менен башталат. Көпчүлүк учурда достору же продюсери Динара Эсенгулова расписаниесин эске салуу ниетинде телефон чалышы мүмкүн. Султан биз жандап жүргөн күндү кандай өткөргөнүн сүрөттөр баяндап берсин. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|