Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Демиккен аз, демиңди бас!
Президент Бакиев мамлекеттик тилдеги окуу китептерин чыгаруу үчүн 100 млн.сом бөлүүнү кыргыз өкмөтүнө тапшырды. Ошону менен окуу китептерине аренда акы алынбасын деди. Ал эми тезарада латын алфавитине өтүү зарылдыгын айтып, өкүрүп аткандарга азырынча каражат жоктугуна Билим министри Ишенгүл Болжурова президентти ынандырганын "24.кg" агенттиги билдирди. Ага бери эле калганда 5 млрд.сом керек экен.

Ашыкпа, дагы кымбаттайт!
Жер-жемиш ишканалар ассоциациясынын аткаруу деректири Диляра Алимжанова электр энергиясынын 20-25% кымбатташына байланыштуу жер-жемиш, бакча-мөмө продукциялар баасы да асмандарын айтып чыкты. Анткени аларды иштетүү үчүн электр энергиясы эң көп пайдаланылат. Өткөн жылы ал продукция 40% кымбаттаган. Андыктан алар жардам сурап бийликтин бардык бутактарына кайрылууда. Ал эми парламент депутаты Роза Абдраимова быйылкы жылы канттын баасы да калктын канын сорорун эскертти. Анткени кант заводдору кызылчаны өз баасында албагандыктан, Чүй өрөөнү кызылча айдоону кыскартты.

Кош Каркыра, жериң кетет Казакстанга!
Коопсуздук кеңеш катчысы Токон Мамытов Каркырадан Казакстанга алмашып жаткан 620 гектир жерге караганда, алар Сынташ айыл өкмөтүнө берген 1200 гектир жер бейиштин төрү экендигин "Кабар" агенттигинен айтып чыкты. Так-что, "Каркыра" деп какшанганды кой, кыргыз.

Жаңы Акыйкатчы өлкө президентин сакалдан тартып тамашалады
"24.кg." агенттигинин билдиргенине караганда, жаңы Акыйкатчы Турсунбек Акун биздин офиске президент Бакиев келип, ал-жайыбызды сурап, акча бөлүп берет маанисинде маалымат тараткан. Эртеси ал 1-апрелдеги азил болчу деп, жана бир жаңылык жиберген. Коомчулук Акундун алп жүрөктүгүнө тан берип, дагы бир жолу аргасыз алакан жайды.

Эски Акыйкатчы ага жаңы кызмат керектигин эскертти
Мурдагы креслодон али жыты кетелек экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу пресс-конференция өткөрүп, мыйзам боюнча кызматтан кеткени мамлекет ага жаңы кызмат берүүгө милдеткерлигин, бирок алиге чейин бир дагы сунуш түшпөгөндүгүн эскертти. Ал ошондой маанидеги ачык катты ММКга таратмак экен, бирок сыркоодон жаңы айыккан президентти аяптыр. Аяганы го, жакшы, а эмнеге пресс-конференция уюштуруп айгай салып атканы түшүнүксүз.

Данияр Үсөнов базарларды бабына келтирет
Ага бүт шаар бийлик тармактары тартылат. Ош базарынын айланасы оңолгон соң, Баткен базары "багынтылат". Бишкек мэри "Дордой", "Аламүдүн" базарларын заманбап тартипке келтирүүнү Свердлов райакими, Ортосайды Өктөбүр райакимине катуу тапшырды. Чүй, Киев, Москва, Байтик баатыр көчөлөрүн бойлогон майда комоктор, ашкана-маскана, айрым шылуундар өзалдынча ээлеп алган машине токтотуучу жайлар тап душмандай тазаланат деди. Алы жетеби, жетпейби - белгисиз, анткени анын арбиринин артында республиканын күрсүйгөн күркүлдөрү турат.




Крим-аалы
Жол жээгиндеги өлүк
Карабалта шаарындагы чоң жолдун жээгинен бети-башы таанылгыс тепки жеген 46 жаштагы Р.Турсуновдун өлүгү табылган. Иликтөө иштеринен улам кылмышка күнөөлүү деп аталган шаардын тургуну, 36 жаштагы В.Скорый колго түштү. Ал Турсунов менен уруша кетип, таш менен башка чаап өлтүргөнүн мойнуна алды.

Машине - ээсине. Ууру...
Сокулук районунан "Мазда-626" автомашинасын белгисиз бирөө айдап качкан. Кылмыштын изи суубай 19 жаштагы П.Берников кармалып, машине ээсине кайтарылып берилди.

Ашынган мал ууру
Акыркы кезде айыл жеринде мал уурулардын саны өсүүдө. Жакында эле Ош облусунун Карасуу районунун тургуну, 35 жаштагы А.Алиеванын короосунан букасын уурдап кетишкен. Тез эле 27 жаштагы М.Камбаров колго түштү. Бул боюнча тергөө иши башталды.

Ажалдуу "Ауди"
Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнөн 25 жаштагы Ч.Якубов "Мерседес-230" автомашинасы менен келатып, Үсөнбек кызы У.-нун "Ауди-100" автомашинасы менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында "Аудинин" айдоочусу жана жүргүнчүсү ошол жерде жан беришкен. Азыр тактоо иштери жүрүп жатат.

Өспүрүм кылмышкерлер
Кечээ Ново-Покровка айылынын тургундары: 14 жаштагы Таалайбек уулу А. менен Аббат уулу С. кармалышты. Экөө айылдашы, 30 жаштагы М.Айдарованын "Ауди-100" автомашинасын уурдап айдап кетишкен. Учурда жеткинчек кылмышкерлер тергөөдө олтурушат.

Жан кыйгандар көбөйдү
Жашоонун жазганын көтөралбай өз жанын өзү кыйгандардын саны өсүүдө. Акыркы аптанын ичинде эле жети адам өмүрү менен кош айтышкан.




И- тагдаалы
Ышкыбоздор ышкысы канат
УТРК августта Пекинде ачыла турган Олимпиада оюндарын түз көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргызстандыктар буюрса, 8-августта олимпиада ачылышын УТРКдан түз көрөбүз. Мындан башка Европада өтүүчү футбол чемпионатын түз көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды. Футбол үчүн алакан ысыта турган күн да алыс эмес. Дүйнөлүк оюндардан түз алып көрсөтүү канча турарын УТРК башдиректору Мелис Эшимканов "коммерциялык сыр" деди.

Ысыккөлгө 30 млн. доллар ыргытылат
Эсалуу сезону жакындап калды. Ушуга байланыштуу Ысыккөлдүн инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча атайын жыйын өткөрүлдү. Жыйында 2009-жылдан тарта Ысыккөл үчүн Азия өнүктүрүү банкы 30 млн.доллар берери айтылганын "акжолчу" депутат Аскар Салымбеков билдирди.

Ушу менен бүттүбү?
"Агым" өткөн жумадагы санына франциялык "Мари Клэр" журналы айрым фактылар менен бүтүндөй улутту кемсинтип, көө жапкандыгын жазган. ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабеков, "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, "Кыргыз аты" коомунун жетекчиси, француз айымы Жаклин Рипар пресс-конференция өткөрүп, журналдын жазгандарына нааразы экенин билдиришти. Исабеков бул материалды жокко чыгаруу үчүн парламенттер аралык байланыштар аркылуу аракет жасай турганын айтты. Жаклин Рипар Кыргызстанда жашаган бардык чет элдиктер да бул ушак үчүн уялып жатканын билдирди.

Кадыркуловдун алдында Каттани алсыз
Нарындык К.Кадыркулов деген "азамат" жөнүндө "Агым" жазган. ПЛУАД-3 мекемесин жетектеп туруп, кылмыш жолу менен бирөөлөрдүн алты жылкысын менчиктеп алганы, өз кызматын жакшы аткара албаганы үчүн обладминистрациянын этика боюнча комиссиясы 5-мартта аны кызматтан четтетүүнү сунуштаган. Обладминистрация бул сунуш менен Коммуникация жана транспорт министрлигине кайрылса, министрлик Кадыркуловду ПЛУАД-3төн бошотуп, "Бишкек-Нарын-Торугарт" автожол башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары кылып жиберип, губернаторго жаба "түкүрдү". Кадыркуловдун мурдун балта кеспей кайкалап жүрөт.

Өкмөт эмнеге отурат?
Өкмөт менен Улуттук банк 2008-жылы ички дүң продукциянын өсүшүн 8%, инфляцияны 10-15 пайызда кармап турабыз деп чогуу "сүйлөштү". Колунан эчтеке келбеген, каршылык кылууга иммунитети жок өкмөт 8% өсүштү эмненин эсебинен камсыз кылган жатат, белгисиз. Кымбаттоолорду дүйнөлүк тенденцияга шылтап, жадагалса Ооганстандын өкмөтүндөй иштей албаган чиновниктерди эл эмне үчүн багып жатат, ыя?

"Чыңгыз да өтөр дүйнөдөн"
Октябрь айында Чыңгыз Айтматовго арналган "Айтматов жана азыркы учур" деген эларалык форум өтөт. Жазуучунун 80 жылдык юбилейине "Арт Ордо" театралдык фестивалы да арналат.




  Жума каарманы

Ата, губер-наторго така как!
Ысыккөл облгубернатору Кыдыкбек Исаев көлдүктөрдүн "Акыл ордо" коомдук уюмунун жыйынына катышып, "Казакстанга 4 пансионатты, Каркырадан 620 гектир жер бергенден көрө өлбөгөн жерде калабыз" маанисинде "газабат" жарыялаганын ММК кабарлаган. 2-апрелде президенттин кабыл алуусунда болуп, айткан-дегенинен атчабым алыс танып, Казакстанга 4 пансионат берүү зарылчылыгын "илимий" далилдеп чыкты.