Коомдук-саясый гезит
№24, 04.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Калкына жараша...

"Жакшы деген эмне, жаман деген эмне?"
Экономика доктору, профессор Айылчы САРЫБАЕВ кабарчыбыздын суроолоруна жооп берет
- Айылчы Сарыбаевич, мен суроомду революциянын улуу акынынын балдарга арналган ырынын аты менен баштагым келип турат. Эсеби маселең, республика экономикасы былтыр 8% өстү деп төш кактык. Атүгүл министр Акылбек Жапаров мындай өсүш менен жакында Кытайды кууп жетип, мыш кылабыз маанисинде азыркы бийлик саясатына мактал айтты. Антейин десең, эл турмушунда экономикалык жетишкендикке байланыштуу эчнерсе байкалган жок. Анча-мынча айлык көтөрдү эле, аны инфляция 2-3 эселеп жеп кетти. Ушундай "эки турмуштун" эмнесине ишенебиз?
- Бул суроого жооп берерден мурда өзүм сыйлаган агайымдын айтканы эсиме түшүп жатат. Ал киши айтат: "Сенин айткандарың туура эле. Бирок мактай турган, мактана турган эчнерсебиз жокпу? Бийликтин жалаң эле караңгы жагын көрөсүң". Ага кошумча бийлик билермандарынын "сындамак оңой" сындуу контраргументи бар. А чынында биз мамлекеттик статистика жарыялаган цифраларга анча-мынча эле комментарий берип жатабыз. Мактай турган эчнерсебиз жок болсо, эмнени айтабыз. Же мен мактагыч кызматында иштебесем.
Экономикада өсүү жана өнүгүү деген эки түшүнүк бар. Завод, фабрикалар күркүрөп иштеп, алардын дарбазасына жумушчулар чубап кирип, чубап чыгып турса, алган айлыктарынан мамлекетке да күркүрөтүп салык төлөсө, жумушсуздар топ-тобу менен мекенинен эшелондоп кетпей, тескерисинче башка өлкөлөрдүн арзан күчү агып турса, ошону өнүгүү дейт. Андай мамлекет импорт ийнеси менен жашабайт, экономика өсүшүн экспорту менен өлчөйт.
Бизде экономикалык өсүш байкалгансыганы эмнеден? Инфляциялык баалардын кескин көтөрүлүшүнөн. Ага акыл-эси ордунда, дени-карды сак адам эчкачан көкүрөк какпайт. А чындыгында бизде өнүгүү жок, инфляциялык өсүү бар десек болот. Аларды да негизинен менчик үйлөрдүн, кафе, ресторандар курулушунун кескин көбөйүп жатышы шарттоодо. Алыс барбай эле кечээ жакында Кыргызстан кыйырынын оозун аңырдай ачырган Ататүрк паркына аткаминерлер заңгыраган аксарайларды куруп алганын айталы. Өнүгүүбү? Бирок эмненин эсебинен өнүгүп жатат?
Четөлкөдөн келе турган инвестицияларга бийлик башындагылар ар кандай суммадагы "шапке" сурап демин суутуда. Бир күндө чечиле турган маселе Чубактын кунундай жылдап чубалса, кайсы инвестор келет да, кайсыл өнүгүү болот? Анүстүнө аркандай эларалык мафиоздук топторго өзүбүздүн майлуу-сүттүү мамлекеттик менчигибизди бекер бергенге аракет кылып жатпайбызбы. Анткени андан өз чөнтөгүнө арбын дүйнө өөнөп калат. Мындай мисалдар гезит бетине жайнап чыгууда, бирок жыйынтык жок.
- Анткен менен бюджеттин киреше бөлүгү 1 млрд. доллардан ашты деп атабыз. Бул чын эле биртоп чоң көрсөткүч го?
- Бюджеттин киреше бөлүгү реалдуу сектордун эсебинен же коррупцияны жоюп, көмүскө экономиканы легалдаштырууга байланыштуу өскөн жок. Жөнөкөй мисал. Баалар канчалык көтөрүлсө, салыктар суммасы да ошончо көбөйөт, туурабы? Ал эми баанын кутургандай өскөнүн жана өсүп атканын бийлик өзү да моюндоодо. Бул бир. Экинчиден, бажы төлөмдөрү өстү. Бирок андан да жымырып калуунун жаңы ыкмалары табылыптыр. Мурда ал тармакта иштегендер айрым адамдар бажы төлөмдөрүн дагы эки эсеге көбөйтсө болот дешет. Ишенбей коюуга мүмкүн эмес. Салыктардын суммасынын кескин көбөйүшүнүн дагы бир себеби, кээбир ишканалар ири суммадагы салыктарды келерки кварталдардын же жылдардын эсебинен которуп атат. Анткени, салык органдары же кайтарып берет, же келерки жылдарга чегерип коет. Бир караганда баары жайында сыяктуу. Бирок бул жерде чоң мыйзам бузуулар, жалган маалыматтар бар.
- Эми бул деле коррупциянын бир түрү да. Дегеле коррупция менен кантип күрөшөбүз, кантип минималдуу деңгээлге түшүрөбүз?
- Азыркы өкмөт курамынын коррупцияны жойоюн деген ою да жок. Себеби, өздөрү коррупцияланган системаны түзгөндөр. "Эшегине жараша тушагы" деген ошол. Жаңы бийлик ишмердигин түз эле мамлекеттин калган-каткан мүлкүн менчиктештирүүдөн баштады. Атүгүл өкмөт башы Чудинов "чу" дегенде эле мен бийликке менчиктештирүүнү бүтүргөнү, б.а., өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу үчүн эмес, кызылкулактык кылганы келдим дебедиби. Кечээ Алматыдан караңгыда келдик. Курдай постуна чейин Казакстан күндүзгүдөй күйүп турат. Биздин посттун балдары фонарик менен паспорт текшерип жүрөт. Бишкекке чейин согуш маалында маскировка жасагансып, көрдөй караңгы. Ушул кудай ченебей берген электр жарыгынан куру калтырган өкмөт башчыларына айлаң кеткенде наалат эле эмес, каргыш айткың келет.
Анан калса биз түшкөн машине деле биртоп "крутой" болчу. Бизди андан да "крутой" машине кууп өттү. Көрсө, ал Казакстандагы биздин консулдуку экен. Кайсы арына, кайсы акчасына мынчалык "крутой" машине минет, белгисиз. Четөлкөдөгү биздин консулдар каттоодон өткөрүү үчүн Кыргызстандан келгендерден пара алышат экен. Алардын ортосунда далдалчылар арбын болот дегенди жакында угуп, аябай таңгалдым. Өмүрүмдө Тышкы иштер министрлигинин кызматчылары пара алат деген оюма келген эмес. Анан каяктагы коррупцияга каршы күрөштү айтасың.
Же муну алалы. 2005-жылдагы март окуясына 100% салым кошкон кыргыз журналисттери, кыргыз гезиттери, кыргыз жигиттери куугунтукка алынып, алардын ордуна орус тилдүү, орустардын гана кызыкчылыгын коргогон Р.Приживойттун Европа өлкөлөрүнө Кыргызстандын элчиси болуп кетиши, четөлкөлүк жаранга күйөөгө тийсе да, дагы эле баягы ордунда Кыргызстандын атынан отурганы бизде тышкы саясат эле эмес, мамлекеттик кызыкчылык да жоктугун айгинелеп турбайбы. Анан кантип коррупция жоюлат? Бул жөн эле жөөжомок да.
- Өзүңүз билесиз, парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өттү. Эми өкмөт да, парламент да жалгыз президентке баш ийет. Бул экономиканын өр алышына, коррупциянын жоюлушуна өбөлгө түзөбү?
- Өлкөнүн дамамат кризистик абалда турушуна мурунку жана кийинки парламент күнөөлүү. Канткен менен ушундай баш катырган маселени чечсин деп президент менен депутаттарды эл шайлаган да. Соттор жөнүндө сөз жок. Алар шайланбай эле бекитилип келет. Демек, бизде өз алдынча сот бийлиги жок. Бул үч башкаруу системасынын укугу менен жоопкерчилиги эл алдында бирдей болушу керек эле. Идея жүзүндө.
Тилекке каршы, мурдагы парламент өз укугун алдырып жиберип, орусча айтканда "болтология", кыргызча айтканда, куру кыйкырык менен алектенип калган. Президенттик башкаруу болобу, парламенттик башкаруу болобу, баарыбир депутаттар эл бийлигинин негизин түзүшү керек. Ошондо гана башкаруу бийлиги эл көзөмөлүндө болуп, так иштейт. Бул принципти азыркы парламентке шайлангандар түшүнүү үчүн биртоп жыл керек болуп калды окшойт. Алардын кат-сабатын жоюу азыр араң жүрүп жатканын көрүп-сезип турабыз. Парламент негизги милдеттерин түшүнбөгөндүктөн, 2008-жылдын бюджети эчкандай талкуусу жок эле бекитилди. Так иштеп, өлкөнү кризистен чыгарабыз деген күчтүү партиялар көчөдө калды.
- Коррупцияга каршы күрөштө коомдук уюмдардын да ролу чоң. Айрыкча өнүккөн өлкөлөрдө профсоюз деген зор күч. Мамлекет саясатына катуу таасир берет. Профсоюз деген бизде барбы? Бар болсо, эмне кылып жүрүшөт. Ушуга да токтоло кетсек.
- Профсоюз азыр деле СССР убагында партиянын программасына кызмат кылган деңгээлден ашалек. Мисалы, жакында КУУда профсоюздук шайлоо болуп, мурунку жетекчиси алмашты. Шайлоо процесси совет учурундагыдан эч айырмаланган жок. Интеллигенция каймагы деген Улуттук университеттин мугалимдеринин профсоюз жөнүндөгү түшүнүгү ошол болсо, калганынан эмне үмтөтөсүң?
Мен билгенден профсоюздун элге билим берүү тармагынын борбордук комитети аракет кылгансып жаткансыйт. Президентке, өкмөткө, парламентке аркандай каттарды жазып, агартуу тармагынын кызматчыларынын айлыгын көтөрүүгө аракет кылып дегендей. Бирок бюджетте акча жок шылтоосу менен өкмөт аларды капарына деле алган жок. Эгерде профсоюздар күчтүү болсо, ошол тармактын кызматчыларын уюштуруп, өз укугун коргоо үчүн ар кандай саясый акцияларды уюштурса, Польшадагыдай эле бийликке келиши да мүмкүн болчу. Алар коррупцияга да каршы эффективдүү күрөшмөк. Азыр жалпы профсоюздар уюмунун борбордук комитетинин жетекчилиги да коррупцияланып кетиптир деген кеп бар. Ал жерде да кландык, жердешчилик оорусу күч болсо керек. Эми мамлекеттик тармактар түгүл, коомдук уюмдар коррупцияланып бараткандан кийин жаныңдан түңүлөсүң да. Ушунун бардыгы кыргыз элин тентитип, өлкөнү экономикалык кризистен чыгарбай атканынын бирден-бир себеби да.
Профсоюздук уюмдар өзгөчө инфляцияга, баанын көтөрүлүшүнө, айлык акылардын төмөндүгүнө каршы көп иштерди аткарып, чоң таасир тийгизмек. Тилекке каршы, алар коомдо өз ордун табалек. Анүстүнө профсоюздар демилгесин анын мүчөлөрүнүн өздөрү активдүү колдобой жатпайбы. Баары эле "алма быш, оозума түш" принцибинде жашап келет.
Өлкөдөгү социалдык-экономи-калык кризистен чыгуунун бирден-бир жолу - принципиалдуу жана компетенттүү парламент шайлоо, демек, күчтүү партияларды колдоо экендигин коом, эл түшүнө турган убакыт жетти. Тилекке каршы, ханыбыз да, өкмөтүбүз да, парламентибиз да калкыбызга жараша болуп атыр.
Алым ТОКТОМУШЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan