![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 08.04.08-ж. |
Меймансап Форум Бомбейкат Сууга акты Акчабызды АРИС "ап" эттиби, аким "ап" эттиби? Сокулук районунун Гавриловка айылында таза суу жоктугуна бир жылдын жүзү болду. Эки жыл мурда таза суу менен камсыз кылабыз, АРИС программасына өтөбүз деп айыл өкмөтү элден акча чогулткан. Бирок ошол бойдон суу түгүл чогулган акчанын дайны жок. Элдин көпчүлүгү сууну арыктан ичет. Ал эми кээ бир колунда барлар короосунан кудук казып алышкан. Бирок ал суу деле ичүүгө жарактуубу, же жарактуу эмеспи, билип болбойт. Азим Жамалов, Сокулук району Эң оболу ооздун жели болгонбу? Караңгыда калк кабатыр КР президенти К.С.Бакиевге Премьер-министр В.И.Чудиновго Чүй обладминистрация башчысы К.С.Сыйдановго Бишкек шаар башчысы Д.Т.Үсөновго Аламүдүн районунун Маевка айыл өкмөтүнө караштуу "Теңдик" жаңы конушунда 400 түтүн эл бар. Жашаганыбызга 7 жыл болду. Маевка айыл өкмөт кеңеши 01.04.05-ж. № 08/25/24 токтому менен бизди Бишкек шаарынын Свердлов районуна өткөрүү боюнча чечим кабыл алган. Анын негизинде бизге 2005-жылы ОГУКС тарабынан электр линиялары тартылып, суу түтүктөрү коюла баштаган. 4 жыл жарыксыз жашап, 2006-жылы март айында 160 кВА бир трансформатор коюлган 350 үйгө. Ал бизди камсыз кылалбагандыктан өз күчүбүз менен 250 кВА трансформаторго алмаштырганбыз. Быйыл кыш катуу болгондуктан, трансформаторубуз 2 жолу күйүп кетти. Жылдан жылга жашоочулар көбөйүүдө, ошондуктан 250 кВА трансформаторунун да күчү жетпей калды. Ушул тапта 3-марттан бери светсиз отурабыз. Аламүдүн РЭСине кайрылсак, бизге ОГУКС баланска өткөргөн жок деп оңдобой жатышат. ОГУКСка кайрылсак, силер шаарга өтмөйүнчө эчнерсе жасабайбыз деп алакан жайышат. Маевка айыл өкмөтүнө да кайрылдык, эч майнап чыккан жок. Сиздер чара көрүп жардам кылбасаңыздар, башкалар биз менен иштери жок экен. 2000дей жашоочунун тагдырын ойлонуп да коюшпайт. Сиздерден суранарыбыз: Жакынкы арада конушту Бишкек шаарына өткөрүп берүүңүздөрдү; Жарым-жартылай бүтпөй калган суу түтүктөрүн, жолду, эң негизгиси, трансформатор маселесин чечип берүүңүздөрдү суранабыз жана үмүттөнөбүз, ишенебиз. Квартал башчысы Болот Жолчубеков, т:, (0517) 234011 Катка 60 киши кол койгон "Агымдын" баш редакторуна Кат жиберип, биз калдык Керим, баш редактор болушуң менен куттуктайбыз. Чындыктан, калыстыктан тайбай иште. Бизди сурасаң, жердешиң - каракулжалыктарбыз. Көроокаттын айынан Астанада тентип жүрөбүз. Эки кулагыбыз элибиз, жерибизде. Жакшылыгына кубанып, жамандыгына күйүнөбүз, намыстанабыз. Мурда-кийин гезиттерге бир нерсе жазган жан эмеспиз. Бир жылда 3-4 жолу товар алганы "Дордойго" келебиз. Силер көрбөгөн нерсени көрүп, ичибиз ачышат. Ошол байкаганыбызды айтып берели. Ыңгайы келсе чыгарып кой. Казакстанда кимдер тентип жүрөт? 40%ы мугалимдер. Асты мектеп деректири, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп жүргөндөр. Бул жакта балдар-кыздарыбыз казак мектептеринен окуп, бүткөнү калышты. Ошолордун келечегинен кооптонобуз. Казактан аял алып, казакка турмушка чыкса, калат да казак жараны болуп. Эртерек мугалимдердин айлык маселесин чечишсе, жөнөйт элек эл-жерге. Жогорку окуу жайлар менен мектеп маселесине Ибрагим Жунусов менен Адахан Мадумаров кийлигишимиш болуп атканы бизди андан үмүт үздүрөт. Бакыт Бешимов, Роза Отунбаева, Исхак Масалиев, Зайнидин Курманов киришсе жакшы болор эле. Алар агартуу системасынын ийне-жибине чейин билет. И.Жунусовду жакшы билебиз го, болгону музыка мугалим да. "Нарын" эмне үчүн көрдөй? Кудай электр энергиясынан кур койсо, кыргыздын көргөн күнү эмне болот эле-жүрөк түшөт. Ошол энергия кайдан пайда болот? Нарын дайрасынан. Анын атын жамынган Бишкектеги "Нарын" ресторанын көрүп, уялгандан жерге киргиң келет. Ушунчалык зор, кооз имаратты келгиндерге талатып, айланасын ичтимкана-чычтымканага айланганын көрбөгөн шаар чоңдорунун көзү көрбү? Же түндөсү кыдырышабы? Анткени түндөсү ал имараттын айланасы көрдөй караңгы, чырак кармап араң табасың. Бишкек кыштакпы, шаарбы? Астанада көрнөктөр биринчи казакча жазылат бадырайып. Анан бөтөн тилде. Бизде тескерисинче. Орусча, кытайча, англисче килтейтип жазып, анан кыргызча итирейтип илип коет. Ошондо да илсе... Арак, тамекинин рекламалары жайнайт. Анан жаштар арак ичип, тамеки тартпаганда эмне кылат? Шаар жолдорунун чолоосу калбай талкаланган. Албетте ажо каттаган жолду эсепке албаганда. Машина батпайт. Карапайым калк байкуш түрмөнүн машинелерине окшогон эски маршурткаларга таңгак жүктөй жыйылган. Шаар мэри телевизор менен гезит бетинен түшпөй төш кагат. Кана, коомдук транспорт? Кана, канча жүздөп жыйып салдык деген автобус? "Ош" базарынан "Дордойго" 2 саатта араң жеттик. Минтип отурса, 1-2 жылда элибиз жер менен эмес, тамдардын үстү менен басары анык. Ичибиз ачышып, көңүлүбүз чөгүп, "Дордойдон" жүк артынып, Астананы бет алдык. Жүзүм, Шералы, Чолпон, Жума, Ыдырыс, Сагын Таманы тайгалак, төбөсү сыйгалак Кочкордон нары узаганда корсуң Мен өзү жайдыр-кыштыр жолдо жүргөн адаммын. Кээ бир жолдордо жасалып жаткан жакшы аракеттерди көрүп ичиң жылыйт, ал эми айрымдарын, айрымдарын эле эмес, республика жолдорунун 90%ына ичиңен кан өтөт, "атаң көрү-ү, союз болсо, ушул акыбалга жетмек белек" деп ойлойсуң. Бир-эки мисал. Бишкек-Торугарт жолунда абал жаман эмес. Же кытай машинелери өтөт деппи? Айрыкча кыштын кыраан чилдесинде күн болобу, түн болобу, колуна күрөк көтөргөн адамдар ашуу жолдоруна кум сээп жүрөт. Жол тазалап, таш терип, жээктеги столбиктерди оңдоп жүргөндөрдү жылдын кай мезгилинде болсун жолуктурууга болот. Ал эми Кочкордон нары Жумгалды беттеп узачы. Жолдун жамандыгынан өпкө-бооруң аралашып, араң жаның калат. Бир дагы жол жумушчусун жолуктурбайсың. Кыязы Жумгал районунун жол кызматы тап душманындай жоюлса керек. Болбосо жыл бою кантип 200 литр солярка табылбасын, жок дегенде бир ирет Кызарттын белине чейин жолду грейдер менен сүздүрүп, тазалап коюуга болот эле го. Ошонүчүн Каракечеден көмүр тарткан КрАЗ, МАЗдар тартып келаткан көмүрүн чакалап төгүп, өлдүм-талдым дегенде бел ашканын көп көрдүм. Ушул жылдын март айында Жумгалдан келатсак, капчыгайда узун жарым прицеп дөңгөлөгү көктү карап жатат. Канча миңдеген тонна картөшкө кар алдында чачылган. Анан азык-түлүк жетишпейт, жер-жемиш кымбат дейбиз. Жол азабынан көр азабы арзан болгондуктан, Кочкор-Жумгалдын ортосуна коомдук транспорт оозуңан отуз эки айланасын, менчик такси каттабайт. Облуска өз машинең менен барбасаң, Кочкорго бир түнөмөйүн Жумгалга жетмей жок. Жок дегенде мейманкана болсочу... Бишкектин же Нарындын чоңдору Жумгалга каттайбы? Каттаса кайсы унаа менен? Жумгал акими өз үйү менен иштеген жериндеги жолду оңдотуп коюуну ойлойбу, жок дегенде? Өзүнөн артпаган жакшылык элге артмак беле? Пенсионер Н.Бектуров, Атбашы кыштагы, Таш Рабат көчөсү, 70-9 Бактысынанбы, баксынанбы? Жерди бурдабай эле жеп атышат КР президенти К.С.Бакиевге Өкмөт башы И.В.Чудиновго Чүй облгубернатору К.С.Сыйдановго Аламүдүн райакими С.К.Керимкуловго "Агым" гезитине Чүй облусунун Аламүдүн районунан 470 гектир сугат жери баскынчыларга үй салууга берилди. Мисалы, Каражыгач айыл өкмөтүнөн 75,4 гектир, Лебединовкадан 130, 5 гектир, Өктөбүр айыл өкмөтүнөн 145 гектир, Темиржол тилкесинен 29 гектир ж.б. Бөлүнгөн жерден Аламүдүн районунун тургундарына томуктай үлүш тийбеди. Жалаң сырттан келген шылуундар алып, күнү бүгүн жер сатып байып жатышат. Мындай саясат элди жарылууга, бөлүнүүгө, жердешчиликке алып келет. Каражыгач айыл өкмөтү үлүшкө берген 74,7 гектир жер 7 жылдан бери келишим максатына ылайык иштетилген эмес. Демек 3 жылдан кийин кайра өкмөткө алынууга тийши эле. Жер салыгы да эчкачан төлөнбөгөн. Аны айыл өкмөтүнүн сотко кайрылган документтери ырастайт. Ал жер тескерисинче эми баскынчылардын колуна өтүп, кызылкулактардын кызуу базарына айланууда. Мисалы, 1 гектирин 2,5 миң АКШ долларына баалатып Жумалиев Кубанычбек Мурзабекович 17 гектир жерди агасы Медеттин кыздарына каттатып алган (Якубова Х.Р. - 13,5 га, Мырзабекова М.М. - 3,5га). Аскар Салымбеков 10 гектир жерди Маймылов Маратка (2га), Маймылов Рыскулга (4га), А.Усубалиевге (2га), Токсобаева Канипага (2га) каттатып сатып алды. Т.Юсупов 5,15 га, Н.Балтабаев 8, 10 га жерди ар гектирин миң доллардан баалап сатып жиберди. Марат Султанов алды деген кеп бар. Албетте арким өз менчигин сатабы, сатпайбы, өзү билет. Бирок үлүштү колдонуу тартиби жер мыйзамына ылайык сакталбай, салык төлөнбөй, өз максатына иштетилбей, К.Жумалиев, А.Салымбеков, М.Султанов өңдөнгөн элдин эсебинен байыган көпөстөрдүн көңүлүнө ылайык трансформацияланып атат. Биз алардын курулушуна жол бербейбиз. Элдин нааразылык толкунун эптеп сабырдуулукка чакырып турабыз. Сиздерден көптөн-көп суранарыбыз, ушул 74,7 гектир жерди эл кызыкчылыгына чечип бериңиздер. Кошумча, түшүндүрмө, далил документтер тиркелди. Көпчүлүктүн өтүнүчү боюнча 99 адам кол койгон (түпнуска редакцияда) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|