![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 08.04.08-ж. |
Меймансап Форум Тагдырдын тайгүлүк ташы Неберелерим да мен сыяктуу кайыр сурап жан багышат Бишкек шаарын-дагы борбордук мечиттин жанында улгайыңкы кыргыз карыя-лардын кайыр сурап отурганын көрүп, алардын тагдыры тууралуу тааны-шууну чечип, маекке тарттым. - Төрт балам бар эле, - деп сөзүн баштады жашы алтымыштардан ашып калган, астына картон кагазды коюп, кайыр сурап отурган апа.- Эки уулумдун өлүү-тирүүсү белгисиз, дайынсыз жоголушту. Акыркы күндөрү аракка берилип кетишкен. Колумда жыйырма жаштагы уулум бар. Жалгыз кызымдын эри кайтыш болуп, жети баласы менен жесир калды. Балдары жаш, жардам берген адам жок, мектепте да окушпайт. Ал да мен сыяктуу бала-бакырасы менен кайыр сурап, нан таап жешет. Өзүм 22 жыл Таласта саанчы болуп иштегем. Пенсияга чыгайын десем, документтерим туура болбой, аны чогултуп өткөргөнгө каражатым жок. Таластан жашообуз өтпөй, кыйналганда үйүмдү сатып, Чүйдөгү Ивановка айылына көчүп келгенбиз. Дагы жакшы, үйлөр арзаныраак кезинде кепедей болсо да там сатып алганбыз. Ушул жерге келип, кайыр сураш үчүн таңкы саат төрттө туруп, Ивановка айылынан Бишкекке кетчү поездди күтөм. Себеби, поезд менен келүү арзаныраак. Кечинде бул жерден тапкан анча-мынча тыйынымды чогултуп, кайра поезд менен кетем. Быйыл суук катуу болбодубу, таң атпай туруп, муздак жерде отурганга бир топ денсоолугуман ажырап калдым. Колумдагы уулума жумуш жок. Былтыр Казакстанга барып, казактарга жай бүткөнчө малай болуп иштеп, акча таап келди. Өткөндө айылыбыздагы дунгандарга жалданып, талаада керээлди-кечке иштеп тапкан акчасы - 50 сом. Бул акча эмнеге жетет? Дунгандарга жалданган уулум сыяктуу жигиттер көп экен. Ошолорго акча бөлүндү болуп кетти деп кейип келди, уулум. Абышкам балдарым кичинекей кезинде эле каза болуп калган. Мүмкүн анын көзү тирүү болгондо балдарым атанын тарбиясын көрүп, башкача болот беле… Бул жерде кайыр сурап отурганыма эки жылдан ашты. Пенсия албагандан кийин ушул жерден тапкан акчама жашайбыз. Жума күндөрү намазга келген мусулмандар акчаны көбүрөөк беришет. Ошол күнү бизге окшогон кайырчылар да көбөйүп, бала көтөргөндөр, сокур-мунжуларынан бери келишет. Тээтиги жерде отурган кыргыз карыя Нарындан келиптир. Он эки балам бар дейт. Балдары кайрымсыз чыгып, атасына каралашпай, айла жок, өлбөстүн күнүн көрүп ушул жерден нанга тыйын-тыпыр табат… Эки жылдан бери ушул жерден кайыр сурап, нан таап жеген апа жума намазга келген адамдардын сыртынан таанып калганын айтты. Кээ бири кайыр-садаганы жакшы көрүп берсе, кээси жаман көрүп берет дейт кейип. Анын оор тагдырын уккандан кийин гезиттин кабарчысы экенимди айтып, сүрөткө тартып алайын десем, ордунан тура качты. Айылдаштарым, тааныштарым көрсө мени туура түшүнүшпөйт, жаман көрүшөт дейт. Арыраак отурган 12 баласы бар деген абышканын жанына барып, кулагына бир нерсени шыбырады эле, ал да ордунан туруп, ары басып кетти. Аңгыча алиги апанын жанында "Аллах ыраазы болсун!" деп ары-бери өткөндөргө батасын берип, кайыр сурап отурган жашы элүүлөргө чукулдап калган Анвар : "Мени сүрөткө тартып алсаң болот, мүмкүн жардам берчүлөр чыгып калаар. Кичинекей кезимде мышыктан коркуп, оорулуу болуп калгам. Азыр эжем, жездемдер менен турам. Жок дегенде күнүмдүк нанымды табайын деп кайыр сурайм. Өзүм Казань шаарында төрөлгөм. Ал жактан көчүп келгенибизге жыйырма жылдан ашты. Мага караганда жанымдагы жанагы апага ары-бери өткөндөр көбүрөөк акча беришет" деди. Анвардын өтүнүчү менен аны сүрөткө тартып алдым. Назира Кулматова Сүрөттө: Кайырчы Анвар Сандан санга: сериал Назгүл Калмамбетова Бейтаалай Конок тосчу бөлмөдөгү диванда Алтынай биртопко чейин уктай албай жатты. Ар кайсыны ойлоп, Алмаздын аялы Замиранын бактысына суктанды. "Бала төрөбөсө да түшүнүктүү, жакшы адамга туш болуп, башка жактан багып алышты. А менчи, төрөгөн баламды багалбай, көчөгө таштап кеттим. Таштаган балам ушундай мээримдүү атага, жетиштүү үйбүлөгө туш болсо го, анда жакшы. Мүмкүн баланын баркын билбеген, ичкен адамдардын колуна туш болуп калса, анын тагдыры кандай болот. Эки көзүн жалдыратып, эч нерсе менен иши жок калып калбады беле" деп ичинен сыза, көзүнөн аккан жашты улам-улам аарчып атты. Аңгыча уктоочу бөлмөдөн кичинекей баланын ыйлаганы угулду. Алтынай ордунан атып туруп, баланын үнү чыккан бөлмөнүн эшигинин астына барып тык токтоду. Алмаздын баланы соорото албай, кыңылдап ырдап аткан үнүн укту. Анүстүнө кирип баргандан тартынып, бир паска турду да, эшикти тыкылдатты. Бөлмөдөн Алмаз ыйлап аткан баланы көтөрүп чыкты. - Бала ыйлап атабы?.. Берсеңиз, мен көтөрүп көрөйүнчү, мүмкүн басылып калаар, - деди Алтынай. - Минтип ыйлачу деле эмес. Кээде эле ушинтип калмайы бар. Карды ачты окшойт, сүт жылытып бериш керек го, - деп Алмаз баланы Алтынайга берип, өзү ашканага кирип, бөтөлкөгө сүт даярдап келе калды. Алтынай ыйлап аткан наристени силкилдетип, көтөрүп, ары-бери басты. Бала мурдагыдай аңылдабай, Алтынайдын колунда кайрадан көшүлүп уктап кетти. Сүт даярдап келген Алмаз Алтынайга таңгала карап, уктатып койдуңбу дегендей жылмайып койду. Баланы бир аз колуна көтөрүп уктаткандан кийин Алтынай аны керебетине жаткырды. Таң атканча Алмаз менен Алтынай ашканада чай ичип, ар кайсыларды сүйлөшүп, укташкан жок. Эртең мененки саат жетиден өтүп калган кезде эшик тыкылдап калды. Алмаз ордунан туруп, Замиранын келгенин сезе, эшикти ачты. Замира күйөөсүнүн келип калганын билбегендиктен, уйпаланган чачын тарап, кебетесин караган деле эмес. Чарчагандыктан үйгө келип эле төшөккө жатып, уктайм, эс алам деп келген. Эшикти ачкан күйөөсүн көрүп, коркконунан жүрөгү оозуна тыгыла түштү. - Ой, сен качан келдиң? - деди үнүн акырын чыгарып. - Эмне болду?! - деп кекете сурады Алмаз. - Эч нерсе болгон жок, сени келет деп ойлогон эмесмин. Баягы Бурул деген классташым бар эмес беле, ошонун туулган күнү болуп… - Болду, жетишет! Алдагы кебетең кантет?! Кир үйгө, анан сүйлөшөбүз! - деп буюра сүйлөдү Алмаз. Замира унчукпай үйгө кирди. Ашканадан чыга калган Алтынайды көрүп, көзүн кысып, ары жакка чакырып кетти да андан эринин качан келгенин сурап билди. - Эже, мен кетейин. Эгерде баланы караганга керек болуп калсам, чакыртыңыз. Келип, жардам берип кетем, - деди Алтынай. Сумкасын алып Замира менен коштошуп чыгып баратканда, ары жактан Алмаз чыгып: - Ыракмат Алтынай, үйгө келип тур, - деп анын колуна миң сомдук бүкүлү акчаны албайм дегенине болбой карматты. Алтынай бул жерге акча табайын деп эмес, кичинекей баланы көрүү үчүн келгендиктен өзүн ыңгайсыз сезди. *** Алтынай кетери менен Алмаз Замирага барып: - Кийимдериңди ал да, үйдөн чыгып кет! Башка сөз жок, - деп уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Анын артынан кирген Замира: - Жаным, мени түшүнчү, мен да адаммын го. Чарчадым, же сен мени эч жакка чыгарбайсың. Жок дегенде анда-санда эс алдырып турсаң, минтип эч жакка кетпейт болчумун. Азыр туулган күнгө барып, кыздар менен кармалып калдым. Кечирип кой, экинчи кайталанбайт, күнөө менде. Сага айтып, суранып кетейин дегем. Бирок, сен баарыбир мени жибербейт болчусуң, - деп ыйлап, чөгөлөп кечирим сурап, жалдырап ийди. Анын минтип кечирим сураганы Алмаздын кыжырын ого бетер келтирди. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|