![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 08.04.08-ж. |
Меймансап Форум Саясый санат Жеңишбек Назаралиев эл, бийлик жана оппозиция жөнүндө (Уландысы. Башы №24 санда) - Сиз жаңы түзүлгөн "Акыйкаттык үчүн" кыймылына жана коомдук парламентке кандай карайсыз - расмий Жогорку Кеңештин альтернативи катарыбы? - Мен буга реалдуу көзкарашта жана жакшы маанайдамын, анткени ушундай болууга тийиш. Бийликке карата альтернативдүү институт болуусу керек. Мунсуз демократия жок, оппозициясыз Кыргызстандын бийлиги батыштагы өнөктөштөрүнүн алдында өз саясый ишенимин жоготуп коюусу ыктымал. Башка кеп, оппозицияга өтүп жаткан окуяларга тике, реалдуу карап, өздөрүнөн сурашы керек: бүгүн кайсы партия коомдо кадыр-барктуу жана ким бириккен оппозициянын башында нукура, биримдикти кармай алган лидер катары тура алат? А бизде кандай болуп жатат: ар ким эле "улут атасы" болгусу келет. Мен алардын бетине айттым: "Силер жалган лидерсиңер! Лидер болуш үчүн такыр башка сапаттарга ээ болуш керек. Биринчиден, өз элиңдин алдында дилиң таза болсун, экинчиден, эр жүрөк бол, үчүнчүдөн, өзүңдөн өзүң, жеке керт башыңдын кызыкчылыгынан, өзүмчүлдүктөн бийик тур!" деп. Эгерде гипотетикалык жактан карасак, мисалы, оппозициянын лидерлеринин кайсы бири президент болуп калса, алар Акаевден да, президенттин саясатчыларын кошуп туруп, баарысынан "коркунучтуу" болушмак. Бул жөнүндө айтып аткан себебим, Жогорку Кеңештин шайлоосуна аралашып калып, баарын ичинен көрүп, байкап-билгенимде. Аларда деле ушул максат - БИЙЛИК жана башка пенделик кемчиликтер - ачкөздүк, сараңдык жана көралбастыктар бар. Мени өтө өкүнткөн нерсе, буга дагы бир жолу ынандым, бүгүн оппозиция тарапта бүтүн жоопкерчиликти эл алдында өзүнө алууга кудуреттүү нукура лидер, нукура инсандын пайда боло электиги. Орустарда кеп бар, "из двух зол выбираем наименьшее" деген, андыктан азыр эл үчүн ушу турган бийлик эле оңтойлуу. Революция, эволюция жана бийликтин одоночулуктары жөнүндө - Сиз "жоогазын революциясынын" авторлорунун бирисиз. Бирок ушу тапта көп адамдар ийин куушуруп, таңгалышууда: азыркыга караганда мурдагы бийлик түзүлүшүндө демократиянын желаргысы көбүрөөк жүрүп турчу дешет... - Мен буга макул эмесмин. 2005-жылдагы март революциясынын терең тарыхый мааниси бар, ал кыргыз коомчулугун түп тамырынан бери өзгөрттү. Биринчиден, эл чындыкты ачык айтканга, бийлик тарабынан таңууланган түзүлүшкө макул эместигин билдиргенге үйрөндү. Экинчиден, кайсы бийликке болбосун, мунун ичинде дал элдин күчү менен мамлекет башчылыкка жетишкен учурку президентке да бул чоң сабак. Өз мамлекетин уурдап-тоногон жана алдаган жакшылыкка алып келбейт, анын аягы эртеби-кечпи Аскар Акаевдикиндей кейиштүү бүтөт. Үчүнчүдөн, борборазиялык башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан өтө саясатташып, өтө демократташып кетти, бул он-жыйырма жылда сөзсүз өз таасирин тийгизбей койбойт. Бүгүн президенттик бийликте түштүктөн Курманбек Бакиевдин турушу - бу да жакшы көрүнүш. Эмне үчүн? Анткени ондогон жылдар бою башкаруу түндүктүктөрдүн колунда болуп келди, ал эми 2005-жылдын мартынан кийин эгер макул десеңиз, тарыхый акыйкаттуулук доорон сүрдү. Бирок, маселенин өзөгү мында эмес. Кыргызстандын социалдык-саясый жана экономикалык өнүгүүсү үчүн аныктоочу ролду түштүктүктөрдүн Бишкекке жана өлкөнүн түндүктөгү облустарына активдүү миграцияланышы ойнойт деп айтмакчымын. Мен азыр борбор калаабыздын айланасындагы жаңы конуштардан, көчөлөрдөгү "бейтааныштардан" жана башкалардан ыңгайсыздыктарды сезип жаткан бишкектиктер үчүн анча жагымсыз жана "кооптуу" нерсени айтып жатканымды түшүнүп турам. Анүстүнө бизде турмуш-тиричиликке аралашкан "түндүк", "түштүк" деген жасалма тукуруулар дайыма болуп келет. Бирок, кайталап коеюн, социалдык-тарыхый келечектен алып караганда, түштүктүктөрдүн түндүккө миграциясы өлкө үчүн, коомубуз үчүн өтө баалуу процесс. Жакынкы жыйырма жылдан кийин табигый ассимиляция жүрүп, жердешчиликтин укуругун көтөрүү акырындап жоюлат да, улут биригет. Ооба, биздин катабыз - объек-тивдүү себептерден улам, март революциясынан кийин биринчи планга саясый процесстер чыгып, экономика артка ташталып кеткендигинде. Андыктан, эгерде биз бүгүн экономикалык жаңылануу жолуна түшсөк, ички саясый келишпестиктер тез эле жоюлмакчы. - Бирок, мамлекет башчысы Курманбек Бакиев өзүнүн жакындагы кайрылуусунда экономикалык артыкчылыктарга басым жасабадыбы. Балким, өлкөнүн социалдык-саясый өнүгүүсү, бийлик менен оппозициянын өзара мамилелери боюнча кайым айтышуунун зарылчылыгы жоктур? - Албетте, эң оболу элди тоюндуруш керек. Дал ошол максатта прогрессивдүү мамлекеттик экономикалык программа зарыл: мегадолбоорлорду өнүктүрүү, жеке бизнеске жол ачуу, аларга салыктан жеңилдиктерди берүү керек. Оппозиция тууралуу... Ал саясый турмушта жашоого тийиш. Ансыз Кыргызстан демократиялык өлкө катары өз жүзүн жоготот, ансыз кандай гана бийлик болбосун өз өнүгүүсүнө керек ички стимулду жоготуп алат. У.Черчилль айткандай, "Эгерде оппозиция жок болсо, аны ойлоп табуу керек". Мен атургай минтип айтар элем, кыргыз оппозициясы жакында туңгуюкка кептелген болсо, бийлик өзү анын жоюлуп кетпөөсү үчүн кам көргөнү туура. А оппозиция деген бул - конкуренция, б.а., бүтүндөй кыргыз коомун, ошондой эле ар бир инсанды өркүндөтүү үчүн кызыкдар күчтүү зарылчылык... - Бир катар бийлик оппоненттеринин жаздын келиши менен өлкөдө жаңы революция күтүлүүдө деген божомолдоруна кандай пикирдесиз? Сиздин "Асаба" партиясындагы жакындагы эле санаалашыңыз, анын жетекчиси Азимбек Бекназаров "Революциялык комитет" түзүү тууралуу кеп салды, жалпы элдик курултай өткөрүү чакырыгы чыгууда. Мунун жыйынтыгында, президент Курманбек Бакиевде мурдагы президенттин тагдыры кайталанып калуусу ыктымал.. - Алар революцияны же башка нерсени болжоп атканы - бул алардын жандүйнөсүнүн абалы, умтулуусу, алардын каалоосу... Ким бирөөлөр буга күлүшү, а ким бирөөлөр айыпташы мүмкүн... Бирок, аксөөктөр менен коомдун бир бөлүгү өлкө келечеги менен өз келечегин, акыйкаттуулукка болгон ишеничин дал ушул ыңгайдан көрүп турса, мында адаттан тыш эч нерсе жок. Мен бүгүн ар кандай революциялар менен жакшылыкка жетишүү мүмкүн эместигине ишенем: президентти кулат-кулатпа. Эволюциялык жол гана өлкө үчүн прогресске жол ачат. Анан, келгиле өзүбүзгө суроо берип көрөлү, а ким бүгүн өлкөнүн реалдуу президенти боло алат? Бузган оңой, курган кыйын! - Оппозиционерлер, НПОлор, укук коргоочулар арызданып атышат: бийлик өз оппоненттерин басып, кысып, бизнесин тартып алып атат. Мына жакында К.Байболов саясаттан кеткенин билдирди. А сиз ушундай кысымды сезип жатасызбы? - Жок, мындай нерсе болгон жок. Менин бизнесим менсиз баары бир иштебейт да. Башкача айтканда, докторсуз баңгилер менен аракечтерди айыктыруу, Назаралиевдин Медициналык борборун өнүктүрүү мүмкүн эмес. Буга кошумча - мен түзгөн, анын ардактуу мүчөлөрү БУУнун экс-генсеги Кофи Аннан, улуу урматтуу Далай Лама, саясат, бизнес, искусство жана спорт жаатындагы көптөгөн дүйнөлүк лидерлер ардактуу мүчөсү болуп саналган "Баңгизатсыз акыл-эс" Дүйнөлүк лига бар. Назаралиевдин методуна, дарылоосуна, рухий жана физикалык калыптануусуна болгон талап казактарда, орустарда, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн жашоочуларында өтө чоң. Клиникага ар кандай өлкөлөрдүн акүйлөрүнүн байланыштары, чоң бизнес чөйрөлөрү тараптан да келип түшөт. Андыктан, Назаралиевдин атын, жүзүн жана кадыр-баркын пайдалануу расмий Бишкек үчүн да, бүтүндөй өлкө үчүн да пайдалуу. Мен муну А.Акаевдин учурунда эле айтчумун. Өлкөдө Назаралиевдин өзүнүн эле бардыгы - бул чоң инвестиция, эгер кааласаңыз, бийлик туура саясат жүргүзсө, Кыргызстанга зор саясый жана экономикалык пайда алып келе турган моралдык инвестиция. Жарып чыгуу үчүн ар бир кыргызстандык жаратмак болуусу зарыл - Өлкөнүн жакынкы келечегине карата божомолуңуз кандай? - Ал орточо: анча жакшы да, анча жаман да эмес. Эгерде чынында биздин жетекчилик сөз бергендей, экономикага, бизнеске жана ишмер адамдарды колдоого басым жасалса, эгерде ири энергетикалык объектилер акыйкат менчиктештирилсе, жумушчу орундар пайда болсо - өнүгүү болушу мүмкүн. Кыргызстанга ири инвестициялар келип, эл чөгөлөбөй, эс ала түшөт. Бирок, бир эле өкмөттүн аракети аздык кылат. Баары кыргыз-индивидине жараша: ал канчалык сапаттуу иштей алат, өзүндөгү кайсы "прогресстин гендерин" ойгото алат. Азырынча болсо "сапаттуу кыргыз тууган" - өз ишинин адиси чет мамлекеттерде гана керектелүүдө, коңшу өлкөлөр - Россияда, Казакстанда иштеп, жан баккандан башка арга жок... Кыргызстандын экономикасын ар бир адам, ар бир кыргызстандык жасоого тийиш. Ал демилгелүү, жакшылыкка баш койгон, жаратмак, түзүүчү болсун. Жашоо деңгээли негизинен коомдун ичинде, ар кимибиздин ички дүйнөбүздө курулуусу керек. Коңшу бизнесменди же өзүбүзгө караганда ийгиликке жетишип аткан адамды көралбастык менен сындаган жарабайт. Мен азыр ар бир кыргызстандыкты эң оболу өзүнө-өзү кароого чакырам: "Мен киммин жана менде эмне бар?". Мен көчөгө дүкөн, күркө же соода түйүнүн ачкандан, бир-эки жылкы, кой кармагандан, же 100 сомго митингге чыгып бергенден башка эмне кыла алам? ...Көралбастыкты токтотуңуз, жалкоолукту таштаңыз. Бизде ар бир молекула, ар бир атом аракетке келип, кыргызстандыктын ар бир электрону жана позитрону кыймылга келе баштаганда, Кыргызстанда өзүбүздүн "атомдук бомба" - сапаттуу, эгер кааласаңыз, "конвертирленген", "тирукмуш товар" жасай алган, аларды биз өнүккөн дүйнөгө сунуштап, сата алчу кыргызстандык түрүндө болот. А азырынча биз желкозу менен жашап атабыз. - Көптөгөн саясатчылар өз үмүт-келечегин президенттик шайлоо өтүүчү 2010-жыл менен байланыштырууда. Доктор Назаралиевдин бул багытта максаттары жана ой-пикирлери барбы? - Бул баарыбыз үчүн өтө олуттуу баскыч болмокчу. Бул багытта Кыргызстан үчүн, ошондой эле азыркы президент үчүн да кайталангыс, а мүмкүн 2005-жылдын мартынан кийинкидей, акыркы мүмкүнчүлүк берилмекчи. Эгерде калган эки жылдын ичинде өлкө экономикасы катуу өнүгүп, жашоо деңгээли көтөрүлүп кетсе жана ар бир кыргызстандык биразга болсо да өз турмушунун оңолгондугун сезсе, эл Курманбек Бакиевди колдойт. Кыргызстан артта калган жана келечексиз мамлекет деген жаманаттыдан арылып, өйдө көтөрүлөт, ал эми кыргызстандыктар өз өлкөсү менен сыймыктана баштайт. Эгерде өлкөнү башкарып калчу ишмерлер тууралуу кеп кылсак, ачык эле айтып коелу, кыргыздардын бөлүнүп-жарылуусу жана маргиналдуулугу (туруксуздугу), убакыттын жоктугу - жаңы лидерди тезинен жаратууга мүмкүнчүлүк бербейт. Учурда мыйзамдуу президентибиз оңтойлуу абалда турат. Жана анын улутту бириктирип, бекемдеп калууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Бүгүн күчтүү саясый атаандаштарды жок кылуунун кереги жок, социалдык процесстер табигый жол менен өнүккөнү жакшы. Кыргызстанды өнүктүрүп-өстүрүү менен алектенүүгө мезгил жетти. Президент үчүн да, өлкө үчүн да мындан башка жол жок. Ибрагим РУСТАМБЕК |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|