Коомдук-саясый гезит
№25, 08.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Сен жөнүндө сегиз сап

Ийкемдүү саясатчы, бирок...
Бул жолу сегиз саптын сынында - ЖК вице-спикери, "акжолчу" Кубанычбек ИСАБЕКОВ
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" кыймылынын жетекчиси:
- Исабековду жакындан билбейм. Көлдүктөрдүн "Акыл ордо" уюмуна бардык аттуу-баштуулары чогулуп, Каркыраны, төрт пансионатты казактарга бербейбиз деген бүтүм кабыл алышкан. Исабеков болсо бийликтин позициясын жактап атат. Ушундан эле анын кандай экенин билүүгө болот.
Акылбек УСУПБАЕВ, "Манас ордо" коомунун төрагасы:
- Анын Кумтөр боюнча аракети жакшы, бирок болбогон майда акчага асылып жатат. Кумтөрдү мамлекетке кайра алуу маселесин койсо жакшы болмок. Пансионаттар боюнча позициясын колдобойм.
Орозбек МОЛДАЛИЕВ, саясат таануу илиминин кандидаты, профессор:
- Ал бөтөнчө Кумтөр маселесин жакшы көтөрүп жатат. Кош жарандуулукту биринчи көтөргөн да Исабеков эле. Парламенттин мурдагы чакырылышындагы депутат кезинде менин угуучу-студентим болгон. Сабакка дайыма катышып, жумушу чыгып калса суранып кетчү. Бирок талашка түшкөн төрт пансионат боюнча позициясынын 180 градуска бурулганына таңгалып жатам. Же белгилүү болгусу келгенде эл үчүн адегенде жакшы имидж түзүп, андан кийин башка жолго түштүбү?
Кусейин ИСАЕВ, мударис:
- К.Исабековдун бүгүнкү күндө мыйзам чыгаруу тармагындагы кыргызчы, мекенчи, мамлекетчи аракети абдан жагат. Ал ЖК өткөн чакырылышында мыйзамдарды жазып, талкууларга катышып, көп нерсени түшүнүп, каныгып да калды. Эгерде ал жанагы пансионаттарды казактарга берүүгө макул болуп жатса, бул аны кооздобойт. Мунусун албаганда ал келечектүү саясатчы.
Жоомарт САПАРБАЕВ, "Атамекен" партиясынын жаштар канатынын лидери:
- Вице-спикерди тааныбайм. Дегеле "Акжол" партиясынын ишмердүүлүгү мага жакпайт. Туруктуу карманган көзкарашы жок. ЖК имаратынын алдына келип өз ойлорун айтып жаткан адамдарды сыйлабайт. Кумтөр боюнча чуркап жүрдү эле, андан деле сезилерлик майнап чыккан жок.
Аскер САКЫБАЕВА




  Жандырмак

Эмдиги революция бийликтен келип чыгат
Минтип канчалык айтпайын десең да, азыркы коомдун чын абалы, баарынан да ар кайсы тармактарды тейлеген, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтардын кишилеринин деңгээли, кылган-турганы, элге мамилеси мажбурлайт. Бирөө айткандай, чындыгына эле бүгүн "таанышың барда танкасың, таанышың жокто маңкасың". Ага кошумчаласак, арам байлыгына манчыркап, бирок, аң-сезими айбан деңгээлинде калгандар билгенин кылышууда. Адатта мындайларды бала кезинен жөндөп-тескеп туруучу илгерки пионер уюмдары, комсомол менен партия эми жок. Кыргызстанда жапайы капитализмдин арааны ачылды. Ал эми акчанын арааны жүргөн жерден чындык чыркырай качат деп Айтматовдун Танабайы эбак эле айтып коюптур. Азыр чындык гана эмес, эл кача баштады, туулуп-өскөн жеринен. Ушуну жүрөгү менен кабыл алган жан барбы?
Өлкөдөгү кооптуу абал, элдин туш тараптан чыгып жаткан нааразылыгы, бийликтин мамлекеттик кызматты чындап иштете албай жатканы акыл-эстүү жарандарды гана эмес, карапайым калкты да чочутат. Ушундан улам, айрым саясат иликтөөчүлөр ал тургай Кыргызстанда жалпы түшүнүктөгү мамлекеттүүлүктүн бар экендигинен күмөн санашууда. Мындайда эл эмне кылат? Мыйзамдар бар, тынчыраак жашап, оокат кылчу жерлерге көчө баштайт. Анткени, карапайым калктын ушундай кыйын заманда ишенгени - жалгыз мамлекет. Европа менен Батышта мыйзамдын күчүнө таянуу менен эбак канга сиңип калган өзүн сактоо аң-сезими, түшүнүүчүлүк советтик доордон кийинки жалпы мейкиндик сыяктуу эле бизде да калыптана элек. Эл баарын түшүнүп-билип эле турат, аттиң, башкаруучулар көрпенделиктен кутула алышпайт. Кутулганга дарамети, шык-жөндөмү да жок. Бийлик системасы мурда кандай калыптанып калса, ошол бойдон эле келе жатат. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй мамлекет башкарууга атайын окутуп-үйрөткөн система, учур талабын таба билген иштиктүү идеология жок. Улам бир мамкатчы чочугансып, бири илгерки таш доорундагы үрп-адаттарды, анан, асман тарыхын айтып кирсе, дагы бири "Манасты" кошуп жөө жомок, уламыштарды, үчүнчүлөрү дегеле биздин кыртышка сиңбеген дагы башка бирдемени ойлоп таап, идеология кылгылары келишет.
Совет доорунда мындайларды "эскинин калдык-саркындылары" деп туура эле айтышкандай. Себеби, кыргызды бир катуу силкинтип, байыркынын жедеп ышталып, сенек болуп катып калган туткунунан алып чыкмайынча, экономика, демек, жашоо-тиричилик оңолбойт көрүнөт. Бир нерсени жакшы жасаш, мыкты жашоо үчүн адегенде аң-сезимде бурулуш болушу керектиги жадыбалдай эле нерсе. Бирок, бурулушка бир нерсе түрткү болушу зарыл. Мындайда бийлик башынан баштап, айыл тургунуна дейре моюндары жар бербейт, жаш балача бири-бирине шылташат, сен башта, мен башта дешип. Баштап, бирдеме кылайын дегендерин ушакташып, жерге-жээгине жеткире жаманатты кылышып, бутка чаап турушат. Мунун акыры жакшылыкка алып барбасы айдан ачык. Эл, коом эртеби, кечпи, акыры жарылат. Же болбосо, мындай куураган, жарыбаган, бирин-бири жеген жерден эстүүлөр, илим-билимдүүлөр качат. Анан биздин башчылар баягы Салтыков-Щедриндин жомогундагыдай болуп, элсиз ээн калган Кыргызстанда өзүлөрү жапайы помещиктин кейпин кийип калышпаса болду. Мындай да оппозициянын деле кереги жок болуп калат.
Кадимки турмушта бул кандай көрүнүүдө? Алсак, шаарларда электр жарыгы өчүп же телефон иштебей калган учурлар көп эле болот эмеспи. Мындайда эл кайда кайрылат? Шаар бийлигине, б.а. мэрияга. Ал жерден эмне жооп алышаарын шаар тургундары жакшы билишет: "Электр тармактарына", электриктерге кайрылгыла, ошолор билет, биз билбейбиз", "саатын, убагын айта албайбыз, күн ичинде жасашат" жана д.у.с. жылмакай, каничме жоопторду алабыз. Тигилерине телефон чалсак, "күтө бергиле, жасайбыздан" башка жарытылуу жооп беришпейт. Убагын, саатын атууга кетип жатышса да айтчу түрү жок. Ушундан улам, "Бишкек мэриясы борбордо бийлик жүргүзөбү же электриктер менен телефончулардын маалымат катчысына айланып калганбы" дебеске арга жок.
Айыл-кыштактарда андан бетер мыйзамсыздык, илгерки эле феодалдык доор. Эл караңгы, гезит-китеп окубайт, окуучу балдар тамга тааныбаган, окуганын айтып бере албаган учурлардын көптүгү кабарланууда. Буга бир эле билим, илим министринин жаны ачыгандай. Тээ, жыйырманчы жылдардай балдардын сабатсыздыгын жоюу сыяктуу программаны шашылыш кабыл алыш керек деп кокуйлайт, Ишенгүл айым. Карапайым калкты кое туруп, маданият майданындагылардын өзүлөрү илгерки байдын ырчы-чоорчуларына айланып, жалаң байлардын аш-тою менен оокат кылып калганы бийликти анчейин ойлонтпогондой. Маданияты, билими жок элдин келечеги жоктугуна, акыры өзүнөн-өзү жок болооруна чындап түйшөлгөн бийлик жоктой. Билимсиз, маданият менен жаңылыктардан кабары жок калкты башкаруу ага оңой сыяктуу. Андай болбосо, эмнеге добулбас какпайт, элди ушундай абалга алып келгендерди жазалабайт, темирдей тартип орнотпойт? Аткаминерлери, мамлекеттик кызматы толук машташып бүткөн, эли башка жактарга кача баштаган өлкөгө дегеле демократиянын кереги барбы? Эмдиги революция бийликтин өзүнөн келип чыгат дегеним ушул. Азыр деле кеч эмес, тек гана реформаны ооз менен эмес, кол менен жасоо керек. Ар кимиси өз ордунда: бийлик - бийлигинде, мугалим -мектебинде, акын-жазуучу - жазганында, ашпозчу - ашканасында.

Садырбек Чериков




  Көңүл бургула: "Түз байланышта" -

Саламаттык сактоо министри МАМБЕТОВ Марат Авалович
Өлкө медицинасы кайсы чекте, кайсы нукта? Эл эмнеге бул тармакка өзгөчө нааразы? Канткенде медицина жаатында коррупция тыйылат? Бейтаптарга мамиле тийиштүү деңгээлдеби? Медициналык мекемелердеги кейиштүү абал, дарыгерлер маянасы, күндөн-күнгө күч алган дарттын түрү. Айтор, түгөнбөгөн суроолорду министр Мамбетов Марат мырзанын өзүнө түз жолдоңуз.
Окурман, балким, медициналык кызматкерлердин айынан жабыр тартып, арыз-муңга толуп жүрсөңүз, же жөн гана бул тармактын өнүгүшүнө кайдыгер болбосоңуз, а мүмкүн, сиз ушул тармакта иштеп, көйгөйлөрүн жеринен билип, бирок үнүңүз министрге жетпей жүрсө, бул мүмкүнчүлүктү көздөн жаздым калтырбаңыз. 18-апрель, жума күнү, саат 10.00дөн 12.00гө чейин 665582 номуру боюнча арбир сурооңузду министр Марат мырза өзү тыңдап, өзү жооп кылат. Эгер алдын-ала суроо таштагыңыз келсе, электрондук дарек: aika01@mail.ru, факс: 665582.




 

"Мурдагы парламенттен акылдуусунгандай элес..."
Жума күнү парламентарийлер кыргызча жооп узата албаган Улуттук банк төрагасы М.Алапаевге канчалык кыжырлары кайнаса да, өзүнүн жана орунбасарларынын маянасын көтөрүүгө жол ачкан мыйзам кабылдап берди. Баса, кабылданган мыйзамга ылайык, Улуттук банк Жогорку Кеңештин уруксатысыз эле коммерциялык багыттагы банктардын уставдык капиталын өз билгениндей өзгөртөт. Андан сырткары, депутаттар өлкө банкынын 2006-жылдагы ишмердигинин отчетун канааттандырарлык деп табышты. Ушул эле күнү парламентке отчет жайган Эсеп палатасы узаган жылда кыргыз мамлекети 4,5 млрд. сомго зыян тартканын маалым кылды. Ал эми авиация жаатында Италия тараптын кыргыз өкмөтүнө койгон дооматтары боюнча Транспорт жана коммуникация министри Н.Сулаймановдун докладынан соң, ага тийиштүү мыйзамдолбоорун четке кагып, эл өкүлдөрү коррупцияга малынган бул ишти ийне-жибине чейин изилдөө максатында атайын депутаттык комиссия түздү.
Ал эми кечээ Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын 100 күндүк иши спикер А.Мадумаров пресс-конференция чакырып жыйынтыкталды. ...Айрым учкул ойлорун келтирсек:
"Биз дайым саясат таануучулардын пикирлерин тыңдап келебиз. Алардын айтымында, Кыргызстанда оппозиция жок".
***
"Энергетиканы менчиктеш-тирүү мыйзамдолбоору өкмөт тарабынан киргизилгени - парламент аны кабыл ала салат дегендик эмес. Өкмөттүн айтканы менен иш алпарчу парламент эмеспиз".
***
"Бирдей аянттагы, бирдей жасалгадагы көп кабаттуу кызмат үйү курулат. Депутат чемоданы менен кирип, беш жылдан соң чемоданын көтөрүп чыгып кетиши керек".
100 күн аралыгында бул чакырылыш баш-аягы 272 мыйзамдолбоорун карап, анын 78ин кабылдаган. Жамандыр-жакшыдыр, бул парламент да аракет жасап, парламентаризм салтын улап келет. Негедир, үч айлык ишине саресеп салып олтуруп, "Акжолчу" Нарынбек Молдобаевдин ЖК жыйындарынын бириндеги сөзү эске түштү: "Мурдагы парламенттин ишин оңдоп-түзөгөндөй эле болуп атабыз, алардан биз акылдуусунгандай элес калтырат экен…"
Айнагүл САПАРБЕК кызы













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan