![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 08.04.08-ж. |
Меймансап Форум ИМ-ИЖ (дер) Раев ырайымдуу "Агым" гезитинин өткөн сандарында Жалил Сыдыков интервью куруп, "Маданият министрлигин реформалоо зарыл" деген оюн айткан эле. Ошол макаланын айынан маданиятка эмгек сиңирген ишмерди министр Султан мырза куугунтуктап, коркутуп-үркүтө баштады деп уктук. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билип берсеңиздер. Чындап эле ушундай нерсе маданият тармагын жетектеген министрдин кыла турган ишиби? Аман Кудайбердиев, Бишкек шаары" Султан РАЕВ, маданият жана маалымат министри: - Койгулачы ушун-уңарды. Мен эчкимди куугунтуктаган жокмун. Андай нерсе оюма да келген эмес. Тескерисинче, ал киши менен эки-үч ирет жолугуп, сүйлөшүү өткөргөм. Эчкандай пикир келишпестик, уруш-талаш болгон жок. Жадагалса бир тармакты жетектеп бериңиз деп ага кызмат сунуш кылдым. Мындай айың кептердин чыгышына чынын айтайын, түшүнбөйм. Бийлик сунуш кылган жок "Туран" партиясынын лидери Тайырбек Сарпашевдин парламенттик шайлоодон кийин кабары чыкпай кетти. Депутат кезинде шайлоочулары менен байма-бай жолугуп турчу эле… Эми Тайырбек мырзага бийлик тараптан кызмат сунушталыптыр деп уктук. Энергетика тармагына барат шекилдүү. Мунун чын-төгүнүн өз оозунан уксак дедик эле. Ырысбек Дүйшөнбеков, Токтогул району" Тайырбек САРПАШЕВ, "Туран" партиясынын лидери: - Андай сунуштар болгон жок. Катары менен эки жолку чакырылышта депутат болдум. Шайлоочуларыма аздыр-көптүр иш кылдым. Жашоомдо бийлик, мансапты жогору койбойм. Жакшы билесиңер, депутаттыкка чейин бизнесте жүргөм. Азыр ошол ишимди улантуудамын. Ал эми депутат кезинде Токтогулга каттачу эле, эми бизге келбей калды деп тынчсызданган иниме буларды айтар элем. Депутат эмес, карапайым адам болсом да өз эл-жерим үчүн колумдан келген иштерди жасоого аракетим бар. Буюрса, баары алдыда. Гендеректирликти бербесе, Россияда ырдайт "Кечээ жакында саякбашы атка конгон Нурлан Мотуев Россияга ырчы болуп кетем деп теледен чыкты. Башында Америкада үйбүлөсү, эки баласы бар экенин айтып жүрчү эле. Алар менен азыр байланышат болду бекен? Эми Москвага барып, орустарга күйөө бала болобу? Каракечедеги жаңы түзүлүп аткан мамлекеттик ишкананын башдиректорлугун сурап атат деп укканыбыз да бар? Эгемберди Жапаров, Токмок шаары" Нурлан МОТУЕВ, Көмүр "королу": - Америкада аялы, бала-чакасы бар деген - болбогон сөз. Ал ушакчылардын эле чыгарганы. Эгерде, бийлик мага кызмат бербесе, кетейин деген оюм бар. Ырчы боломбу же чоорчу боломбу, өзүм билем. Бирок, орус кызына өмүрүмдө үйлөнбөйм. Мен революциянын башында турган адамдардын биримин. Андыктан, Каракечедеги жаңы түзүлүп аткан мамлекеттик ишкананын гендиректорлугу мага берилиши керек. Акаев доорундагы акимдер азыр деле орундарында. Ошолорго кирип, 5 сотых жер алалбай жүрөм. Же мага бир акимчиликти ыраа көрүшпөдү… Сүйлөйт десе эле Байбосуновду сүйрөйбү? "С. А.Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору Табылды Белекович Байбосунов экөөбүздүн көзкарашыбыз туура келбейт. Себеби, мен аталган окуу жайдын жатаканасынын тарбиячысы болгондуктан, студенттердин таламын көп талашам. Менин мындай мамилем ал кишиге жакпайт өңдөнөт. Ал гана эмес окуу жайдын короосуна эки кабат үй салып алыптыр. Бул мыйзамга каршы келген иш эмеспи? Асан Турсункулов, сүрөтчү, Бишкек шаары" Табылды БАЙБОСУНОВ, С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын директору: - Жалгыз эле тарбиячы студенттердин таламын талашып, калгандары оозун ачып отурат деген туура эмес. Ушул окуу жайда эмгектенип аткандан кийин баарыбыз тең бирдей мамиле кылабыз. Дегеле мен Асан мырзага түшүнө албай койдум. Жылына жаз айларында ушундай "оюн" баштайт. Менимче, анысы өнөкөт "ооруга" айланып бараткандай. Эки кабаттуу үй боюнча былтыр эле козгогон. Биринчиден, үй окуу жайдын аймагына салынган эмес. Экинчиден, кайсы жерден ушундай көрүнүшкө күбө болдуңар эле? Айтат деселе сүйлөй берген туура эмес. Анын да чеги болушу керек да. Редакциядан: Асан Турсункулов бизге үч бетке толгон кайрылуу жазып келиптир, териштирип бергиле деп. Журналистикалык этиканы сактап, эки жактын тең оюн берүүгө аракет кылабыз. Бул маселенин тегерегинде гезитибиздин кийинки сандарында кеп болмокчу. Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ Депутаттар деп утабы? Бейшебек АКУНОВ: "Коммунисттер каршыбыз" - Көлдөгү пансионаттарды казактарга берүү боюнча сиздердин фракция каршыбыз деп билдирүү жасады. Буга акырына чейин турасыздарбы? - Бул боюнча азыр тактоо иштери жүрүп атат. Бирок коммунисттердин пикири өзгөрбөйт. Биз Көлдөгү пансионаттардын берилишине каршыбыз. Иса ӨМҮРКУЛОВ: "Пансионаттарды берсек, Көлдө казак анклавы пайда болот" - Казактарга ижарага берилип жаткан пансионаттарга сиздердин фракциянын депутаттары кандай карайт? - Казакстанга берип жаткан төрт пансионат тең биздики. Эгер биз бүгүн төрт пансионатты казактарга берсек, эртең Өзбекстан бизге да бергиле деп чыгат. Анткени алардын деле пансионаттары бар. Мындан тышкары, Түштүктө Сох, Ворух, Шахимардан деген анклавдар орун алган. Эгер биз пансионаттарды берсек, ошолордой эле анклав Көлдө да пайда болот. - Алар имараттарды эмес, турган ордун да сурап атышабы? - Пансионатты да, жерди да сурап жатышат. 49 жылга арендага деген сөз биротоло бердик дегенге жатат. Ал Казакстандын аймагына айланат. Алардын аймагы болгон соң биздин бир да мыйзам иштебейт. Эч бир тиешебиз жок болот. Эми биз мындайды кайталабашыбыз керек. Мурункулары болору болду. Муну токтотпосок болбойт. - Эгер бербей койсок, казак-кыргыз алакасына доо кетпейби? - Эгер доо кетет десек, бүгүн төрт пансионатты берели, эртең Өзбекстан менен мамилебизге доо кетет деп аларга да берели. Ошондо биздин эмнебиз калат. Мындай болбойт. Эртең эгемендүүлүктү сактап калабыз десек, намысыбыз болсо, өзүбүздү патриот деп эсептесек, бербешибиз керек. Эгер ушунун айынан мамилебизге доо кетсе, эл муну туура түшүнөт. - Абалдан чыгуунун кандай жолу бар? - Төрт пансионатты түз эле өзүбүздүн менчикке алып коюшубуз керек. Бул маселеде эки пикир болбош керек. Союз бузулгандан кийин бир республиканын мүлкү экинчи республиканын менчигин келишим, демек, мыйзам жүзүндө айланган. Байкоңур космодрому казактарга калып кетпедиби. "Акжолчу" депутаттар ушул жагын, аркы-беркини жакшы ойлонушу керек. Азыркы президент мурунку президенттин катачылыктарын кайталабаганы жакшы. Баарына күнөөлүү бул жерде А.Акаев, тил эмизип олтуруп баарын созуп келди. Башында эле Кыргызстандын менчигине алып койсо, мынчалык болбойт эле. Кубанычбек ИСАБЕКОВ: "Резиденция казак кыздын калыңына төлөнгөн" - Сиз казактарга Ысыккөлдөгү төрт пансионатты берели деп жатыпсыз, себеби эмнеде? - Эми болор иш болду. Муну ошол эле легендарлуу парламент, биринчи президент Кыргызстандын менчигине өткөрүп койсо болмок. Биздин Майлысуудагы лампа заводунун кампалары Анжыянда болчу. Ал эми Кадамжай сурьма комбинатынын кампасы, базалары Ферганада эле. Ошолорду өзбектер бир заматта эле өзүнүн менчигине алып, бизге олчойгон ижара акыны төлөп пайдалангыла деди го. Ошентип биз өз менчигибизге өзүбүз аренда төлөп калдык. Ал эми Казакстандын пансионаттары биздин Адилет министрлигинен каттоодон өткөн. Өздөрүнүн мөөрлөрү бар. 10 жылдан бери пайдаланып, бизге болор-болбос салык төлөшөт. Эми биз азыр соттошо турган болсок, коңшу мамлекет менен соттошобуз. Мунун өзү аброй алып келбейт. Коңшуларыбыздын ичинен эң жакыны Казакстан экенин да эске алышыбыз керек. - "Алматы" мейманканасы жана казак президентинин Көлдөгү резиденциясы казактардын менчигинде экендиги ыраспы? - Чындыгында буларды А.Акаев итбекерге берип койгон. Атургай кайыгын кошо берген. Менимче, баласын үйлөнтүп жатканда кыргыз элинин эсебинен калыңына берсе керек. Алар азыр жолдун боюнан бери имерип алышты. Ушундай болгон соң жөн эле кыйкыра бербей, алды-артыбызды ойлошубуз керек. Казакстан менен көп жагынан алакабыз жакшы. Биздин 150 миңден ашуун жарандарыбыз Казакстанда иштейт. Азыр казактар сураган пансионаттар эскирди. Ошондуктан аларга катуу талапты коелу. Эки жылда төрт жылдыздуу отелди курушсун. Ал жерде 80 пайыз биздин жарандар иштешсин жана анда кыргыздар да эс алсын деген келишимди түзгөнүбүз оң болот. Эгер көрсөтүлгөн келишимди бузсаңар, бир заматта Кыргызстандын менчигине алып коебуз деген шарт менен арендага бергенибиз биз үчүн пайдалуу. Келдибек Назиров |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|