![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №26, 11.04.08-ж. |
Меймансап Форум Күлазык Чийгенташ Боорунда ташбакада жумурткалайт Кыргыздын бактысына жараткан тарабынан табышмак сырды каткан, тоо боору чиймеленген жайлар энчиленген. Саймалууташ сымал саймаланган дагы бир сырдуу жайды ачтык. Эл берген аталышы - Чийгенташ. Ал туурасында элге кабарлоо ниетинде сүрөтчү Кожон ДАРБАНОВ андагы чиймелерди живописке салып, андан таасир алган скульптор Равшанбек МАМАТКУЛОВ эмгектерин жайып, бишкектиктерди көргөзмөгө чакырып турган кези. Чийгенташ Жалалабат облусунда Сузак районунун Багыш айылында жайгашкан. Чийгенташты көтөрүп чыккан сүрөтчү Кожон Дарбановдун айтымында, мындай чыгармачылыкта кызык нерсе катылган. Адамды өзүнө тартып турат. СССР маалында Ленинграддан келген археологдор бизге чейинки 4-кылымга таандык деп баалашкан. Саймалууташтан да байыркы эстелик дешкен. Мындай эстелик Энесайда, Акталаада жана Тибетте гана бар экен. Тоодон Жалалабатка келерде сүрөтчү Чийгенташтан адам байкабай турган жерге чийилген кадимки картаны да байкаган. Аталган тоо борборунда көбүнчө көчмөн турмушу чагылдырылган. Жергиликтүү эл арасындагы уламыштарда Барсбек кагандын тушунда, кыргындан качырылып, Энесайдан ооп, из жашырып ошол Багыш уруусу Сарөзөнгө келет, андан Таласка, Таластан Чаткалга өтүп, акыры Сузактын Багыш айылын ээлеп калышкан экен. Азыр деле ошол уруу бар. К.Дарбанов Чийгенташтын жанында жайгашкан Текеташ, Эмчекташты да өзгөчө сүрөттөйт. Эмчекташта тоо боорунан эчки, уй, бээ, төөнүн желиндерин элестеткен зоока бөлүнүп, арбиринен тамчы таамп турат. Ошол жерге айылдыктар кан чыгарып, жакшылык тилеп, ыйык санашат. Ай жаңырганда Чийгенташ кадимкидей жаңырып калат, айдын аягында жакшы билбеген адам байкабайт дагы. Ылдыйтан карасаң беш кабат имараттай бийик тоо. Ошол бийиктикте ташбакалар жумурткалайт. Эртең менен карасаң, тоо бооруна чыгып баратат. Таштары кертилген, анда чиймеленген сүрөттөр реализмге жакын. Суу тийбеген жерге аябай кылдат оюлуп тартылган. Сүрөттөгү тоо эчкилери да башкача, атургай кериктерди да көрүүгө болот. Сюжеттүү да чиймелер бар. Айланасында жоогазындар укмуш жыш өсөт. Дарбановду кейиткени - азыр ошол жердин мал жайытка берилгени… Кожон Дарбанов Чуйков окуу жайын аяктагандан кийин Эстонияга окууга жолдомо алып, бирок, атасынын өтүнүчү менен чарбада иштеп калат. Дал ушул Чийгенташта 19 жыл мал багып жүргөн. Ушунчалык буулукканбы, эки жылдын ичинде май боек менен 70тен ашуун сүрөттөрүн тартып чыккан. Учурда Жалалабат облустук сүрөтчүлөр союзунда эмгектенет. "Бото". "Алгач көргөн адам боздогон ботонун энесин карышкыр жарып кеткен го дешет. Карышкырга төө алдырбайт. Бул - адамдын жасаганы. Мыкаачылык адамдын гана колунан келет. Акырындап, эненин сөөгүн караңгылык тартып баратат" "Бийлик талаш" - мында автор бийлик талашкан эки тараптын ыркырашканын түшүргөн. Ата-бабалар колдорун жүрөккө туштап, адамдарга кейиштүү карап турушат. "Аларды да жөн жаткырбадык" дейт К.Дарбанов. Ушул эле көргөзмөдө Равшанбек Маматкулов да өз эмгектерин элге тааныштырмакчы. Сүрөтчү Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясын аяктаган. Облустук, республикалык, эларалык деңгээлдеги көргөзмөлөрдө өз эмгектерин тартуулап келатат. Кыргыз сүрөтчүлөр союзуна да мүчө. Ири скульпторлор менен аралашып өсүп, алардан сабак алган. Ал эми Кожон Дарбанов менен Жалалабатта таанышып, анын Чийгенташ туурасында айткандарына таасирленип калган. Экөө биргелешип, Чийгенташты даңазалайлы деген максатты коюшкан. 24-март революциясына карата 2005-жылы апрелде Түштүк жергесинде өткөрүлгөн сынакта башбайгени жеңип алган. Бийиктиги - 19 метр. Жезден жасалган. Аялдын элеси менен берилиши - дүйнөдө эркиндик дайым аялзаты менен чагылдырылат. Анын жалбырак көтөрүп турушу - жаз, жаңылануу - жаңы жашоо деген идеяны бергим келген. Башынан да бийик көтөрүп, саат жебеси менен тең айлангандай тегеректи элестетет. Бул - түбөлүктүүлүктүн символу. Түбүндө төрт жагынан калкан менен калкаланганы - эгемендикке жеткен бир бөлөк, аны коргоп калуу кыйын экендигин эскертип тургусу келген автор. Чийгенташ сериясындагы "Эне" скульптурасы. Аллюминийден жасалган. "Уламыштардан улам Бугу эне бизге ыйык эсептелет эмеспи, ушундай эле багыттагы эле идеяны мен Чийгенташтагы чиймелерден да таптым" дейт скульптор. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|