Коомдук-саясый гезит
№26, 11.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 "Атабейиттеги" антташуу

Оппозициянын арасат биримдиги
10-апрелде оппозициянын бүт курамы Чоңташтагы "Атабейит" мемориалдык комплексинде чогулуп арбактарга куран окуп, кара койду курмандыкка чалышты.

Оппозиция бул жерге чогулганынын себеби, куран окуп, гүл коюп, арбактарды эскерүү гана эмес, өздөрү байкатпаганы менен алдыда дагы башка иш-чараларга даярдык көрүп жатышкандай. Жанагы "антташуу" деген сөз тегин жерден чыккан жок да. Андыктан, эртең боло турган курултайда кийинки аракеттердин дайыны ачыкка чыкмакчы. "Атабейиттеги" жыйналышка Ө.Абдрахманов, А.Эркебаев, А.Жекшенкулов, Т.Сариев, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ч.Жакупова, А.Бекназаров, Э.Алиев, Э.Каптагаев ж.б. саясатчылар катышты. Бир гана булар менен башынан чогуу жүргөн М.Ниязов менен Э.Бөлөкбаев келген жок.

Элден мурда барган А.Бекназаров, Э.Алиев, Б.Мамырова алдыдагы иш-чаралар жөнүндө өз ара сүйлөшүп турушту. Азимбек мырзанын айтуусунда, оппозиция азыр деле бир муштум болуп биригелек. Башкасын кой, мына чүйлүк мырзалар Кулов, Атамбаев, Сариев, Абдылдаев ар кимиси өзүнчө аракеттенип атат. Эми Алик Орозов деген чыгып, ал да өз алдынча аракеттенип атат. Ушундай болгон соң иште натыйжа болобу деп Азимбек мырза биртоп наалып алды.
Алдынала маалымдагандай, бул күнү оппозиция өкүлдөрү "Бир бололу, ынтымакта бололу" деп антташмак. Бирок "Атабейитте" андай болбоду. Саат 11ден бираз өткөндөн кийин баары чогулуп гүл коюшкандан соң арбактарга багышталган куранды Кимсанбай ажы окуп, куран окуунун эрежесине жаңылык кийирди. Анын пикиринде, куранды сөзсүз түрдө олтуруп окуунун зарылчылыгы жок экен. Тик туруп окуганга деле шарыятта жол бар имиш. Ошондуктан ал куранды тикесинен-тик туруп окуп, бир да пенде чөгөлөп алакан жайбады.
"Атабейиттеги" өткөн иш-чаранын максатын Эмил Каптагаев төмөнкүдөй түшүндүрдү:
- Бул жердеги жазалоонун курмандыгы болгон улуу инсандар "өз алдыбызча мамлекет бололу, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө кызмат кылалы" деген асыл максатынан улам шейит болуп кетишкен. Бүгүнкү күндө да биз ошол эле максат, ошол эле ой менен ушул жерде чогулуп олтурабыз. Эртеңки курултайда деле ушул маселелер талкууланат. Андыктан, арбактарга келип куран окуп коюу - биздин парз.
Ал эми Асия Сасыкбаева бул ойду андан ары улап:
- Бүгүнкү күндө авторитаризм күчөп баратат. Биз 2005-жылы март айында так ушул авторитардык системаны жоготолу деп чыкканбыз. Бирок азыр ал кайрадан күчөп алды. Бул жерге келгенибиздин себеби - 37-жылды азыркы бийликке дагы бир жолу эстетүү. Биздин жалгыз урааныбыз - "Ак ийилет, бирок сынбайт". Муну биз курултайда сөзсүз пайдаланабыз. Бийликке ким келсе да бул сөздү ар дайым эске алып турушу керек. - деди
Иш-чара аяктап калганда Бөдөш Мамырова антташууну унутуп коюшканын айтты:
- Мына, - деди ал, - антташабыз деп дагы антташпадыңар. Мен ушундай болорун билип унчуккан эмесмин. Жанагы Азамат Калман "Абийир" кодексин алып келип, баарына кол койдуруп чыгышы керек болчу.
- Ушул жерге келгенибиздин өзү эле биздин антташканыбыздын белгиси. Көрдүңбү, баары келди, демек, антташтык деп билсе болот, - деген Эмил Алиев Бөдөш айымдын көңүлүн жайгарды.




  Мухиттин аркы жагынан...

Эки дөөнүн ортосунда Кыргызстан кыйналып атабы?
Борбор Азия боюнча британ эксперти - Роджер МакДермотт
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Эгерде базаны Ошко которуу идеясы ишке ашса, кичине болсо да Ооганстан аймагына жакын жайгашат эле. Мындан сырткары, экологиялык көйгөйлөр да азаймак. Бирок, мындай кадамга баруу үчүн Кыргызстандын коопсуздук кызматынын жардамы керек. Теориялык жактан ал ишке ашышы мүмкүн. Ошону менен эле бирге Кыргызстан өз кызыкчылыгын көздөп, Вашингтон жана Москва менен кызматташтыгын күчтөндүрүшү абзел. Ошто жайгаша турган база АКШ, НАТО күчтөрү, ОДКБ жана Россиянын структураларын колдонушу мүмкүн. Бирок, учурда андай кырдаалдын түзүлүшү алыстай туюлат.
Кыргызстандын борбор калаасында эки аскер базанын бири-бири менен байланышы жок жайгашышын "саясый катачылык" сыпатында бааласак болчудай. Бул АКШ, Россия тарабынан кетирген кемчилик. Вашингтон-Москва ортосундагы чыңалган мамилени мындай кырдаал жөнгө салышы керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Базалардын минтип жакын жайгашып калышына экс-президент Аскар Акаевдин кызыкчылыгы болгон. Америка тарап оор жүктүү аскердик-техникалык самолеттордун конуусуна ылайыктуу болгон "Манас" аэропортундагы тилкелерге маани беришти. Бир жагынан караганда, эки улуу держава чечим чыгарардын алдында базаларын Фергана өрөөнүнө жайгаштыруудан качышкан өңдүү. Менимче, америкалыктар "Гансини" Ошко көчүрүү демилгесине каршы чыгат. Буга техникалык гана эмес, саясый да себептер бар. Мындай кадам абалды турукташтырабы же тескерисинче, террористтердин чабуулун чакырабы? Ошондой эле ал Иранга кандай "белги" берерине көңүл буруш керек. Эгерде Америка аскер базасы Ошко көчүрүлсө - күчкө салгандык болуп калышы ыктымал.
Ал эми Россиянын аскер базасын Ошко жайгаштырууга мүмкүнчүлүгү бар. Себеби, алар оор жүктүү аскердик-техникалык самолетторду колдонбойт. Демек, техникалык маселелердин чыгышына негиз жок. Бирок, Россия үчүн деле базаны өлкөнүн түштүгүнө жайгаштыруу жогоруда айтып өткөн саясый себептерге байланыштуу.
Кандай гана мамлекет болбосун, аскердик абалы чабал болсо, терроризм коркунучтарынан коргоно албайт. Ал үчүн абалды жөнгө салып, террористтердин кадамдарынын алдын алып турган коопсуздук, чалгын кызматтары менен тыгыз байланышта болушу абзел. Кандайдыр бир деңгээлде ал ШОС, ОДКБ жана эки жактуу мамилелердин аркасында ишке ашмакчы.
Кыргызстан үч улуу держава: Россия, Кытай, АКШ менен болгон мамиледе кылдат саясат жүргүзүп келет. Биз сөз кылып аткан эки база буга далил. Орто Азия регионунда Америка менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын илгерилешин камсыз кылган борбор катары Бишкек таанылса болот. Эгерде саясый эркти талап кылган кадамга бара алса. Кыргызстан абалды өзгөртүүчү борборго айланышы үчүн чалгын кызматы керек. Ал үчүн өлкөнүн башкалаасында реформалардын жүрүшү абзел. Терроризм менен күрөшүү, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу коргоо күчтөрүнө эмес, чалгын кызматына байланыштуу экендигине маани берүү талапка ылайык.
Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр коргоо жана коопсуздук тармагындагы коррупциянын өнүгүшүнө туш болууда. Ага каршы күрөшүү үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жардамын колдонуу зарыл. Алар менен алака түзүү үчүн англис тилин өздөштүрүү керек. Бул багытта Кыргызстан Казакстандын Коргоо министрлигинин алдында түзүлгөн чет тилдер институтунан жардам алса болот. Анүстүнө Казакстан мындай мүмкүнчүлүктөрдү аймактык деңгээлге жайылтууга убада берген.
Сөзүмдүн аягында окурман журтчулугуна, Кыргызстандын жашоочуларына ыраазычылык билдирип, экономикалык, саясый реформалардын ишке ашышына ийгиликтерди каалап кетмекчимин.
Которгон
Нурканбек КЕРИМБАЕВ

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan