![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №26, 11.04.08-ж. |
Меймансап Форум Тагдырдын тайгүлүк ташы Аракечтик аң-сезимди да жеңди "Меникине окшогон тагдырлардын бирнечесине болсо да сабак болор" деп, 44 жаштагы мырза редакцияга башбакты. Ушул жашын 17 жылы аракка уурдалганын, эми гана үйбүлөсүнүн очогун кайрадан жандырганын, аракечтикте өткөн жылдар көөдөнүндө көк таштай турганын жашырбады. Убагында мен да окуу жайын бүтүрүп, үйлөнүп, Бишкектин Көлмө айылына там салып, бала-чакалуу болуп эле жашадым. Чоң күч менен арак заводуна орношуп алгам. Үйүм үстүмдө, казаным астымда, эмне керек башка. Алгач акырындан ууртап-татып жүрүп, аракка кантип берилип кеткенимди билбейм. Жети бала теңтуш элек, үчөө арактын айынан тиги дүйнөгө аттанышты. Калганыбыз культурный алкашка айландык. Карыган ата-энем, биртуугандарым, келинчегим 2004-жылы кызматыман бошотуп алышты. Аларга өчөшүп, башка жактан арак табылбайт бекен деп күчөп, күркүрөтө иче баштадым. Кулак-мээмди жеген үйбүлөмдү үйдөн кууп чыктым. Жакшы да айтып, жаман да айтып тажаган эне-атам "иши кылса аман болсун, жер караганча жол карайлы" деп түңүлүп калышты. Көзүмө арактан башка эчнерсе көрүнбөй, көңүлүмө арактан башка эчнерсе жакпай калды. Жалгыз ээн үйдө өзүм хан, өзүм бий, кудай бетин салбасын, дос деген неме жайнайт. Арак заводдон калган заначкалар менен бир топко чейин бардым. Алар түгөнгөндө кошуна комокторго жазыла баштадым. Алар карызга да бере беришиптир, кошуп да жаза беришиптир. Карыз дептерин ачып карасам, "Арак, аксуу, курут - 1 ай - 1700 сом - Алмаз", кайра "арак, аксуу, семичке - 3 ай - 2500 сом - Алмаз" башка эчнерсе жок. Кээбир жерлерде гана лепешка, консерва деп жазылып турат, аны да уяттуу алкаштар келгенде сыйлаганым деп алган окшойм. Кыскасы, арак ичип жүрүп, баягы куттуу таптаза үйүм атканага айланды. Бара-бара комоктор да карызга бербей калышты. Өзүм башым ооруп араң турганда биринен сала бири карызын доолап келишет. Анан эмне кыласың, үйдү сатканга камына баштадым. Жашоодон аша кечип деле калат экенсиң. Таштап эле койбойбу деп ичпегендер жактырбайт. Анте албайсың. Бул арак шүмшүктү алдаш керек экен. Дароо токтоткондо киши өлүп же майып болуп калат. Жүз кишиден он киши аман калышы мүмкүн. Биринчиден, эрк керек экен. Кандай балакеттүү орго түшүп кеткениңди акылың менен түшүнүшүң керек тура. Мурунку ичпей жүргөн кезимди эстеп, арактан ирип-чирип бүткөн өпкө-боорумду элестетип, ушунчалык жийиркенүү менен ичип жүрдүм. Колго стакан тийгенде "жок" демей жок, бирок "ушундан кудай кутказса экен" деп тилей берчүмүн. Өзүмдү жек көрүп, арактын алдында алсыздыгыма, жеңүүгө күчүм жетпегенине ызам келип ыйлаган күндөрүм да болду. Аябай кыйналдым. Акыркы эки жылдын ичинде организм өзү ошол балакетти сурагандан айныды. Эч кандай врач, дарылануусуз арактан айыгууга күчүм жетти. Эми кудайга шүгүр, баягы сатып жиберем деген тамдын жанына дагы бир там салып, келинчегим менен жараштым. Ансыз аракеч атың өчкүдөй эмес. Арак ичип жүргөн кезимди эстесем, ошондо канча ажалдан калдым экен деп жүрөгүм "селт" этет. Бирок канткен менен ички дүйнөнү оңдош кыйын экен. Арактан өзүң эле эмес, аң-сезимиң кошо бузулат турбайбы. Бөлөк дүйнөдөн келгенсип, же ичкен кишилерге кошулалбай, же ичпеген кишилер менен болалбай, үйрүнөн адашкан карышкырдай болуп ээн жерге барып улуп-уңшуп алгың келет, чиркин. Эң коркунучтуу дарт ушул турбайбы. Рак экенсиң дешсе, кой кокуй, дарыланайын деп жанталашасың. Алкашсың десе жаман арыңда арданып, такыр моюнга алгың келбейт да. Азыр тамекиден кутулуунун амалындамын. Бу дагы эркти талап кылат экен. Кадимкидей жытын, түтүнүн сагынып, эңсейт экенсиң, кургурдуку. Бирок мен өзүмдү биринчи сыноодон өттүм деп эсептейм. Демек, бул илдеттен да кутулууга эрким, күчүм жетет… Даярдаган Канышай Бешбаева Жолтикен Зордукчу бокмурундар Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Бишкек шаарынын Ленин РИИБүнө 16 жаштагы Самудин кызы Гулиза менен Болотбек кызы Азиза деген кыздарыбыз жоголду деген ата-энелерден арыз түшкөн. Алардын айтуусу боюнча өткөн жылы Ош областынан көчүп келишип, кыздарын мектепке жайгаштырууга мүмкүнчүлүктөрү жок, окубай калышкан. Кыздар ата-энелерине базарда соода-сатык иштерине жардамдашчу экен. Ошол күнү эки кыз ээрчишип, көчөгө эс алууга кетишип, кайрылып үйлөрүнө келишкен эмес. Милиция бөлүмү эки кыздын кайда жүргөндүгүнө издөө сала баштаганда 16-февраль күнү үйлөрүнө келип калышат. Алардан кайда жүргөндүгүн сураштырышканда Талас шаарынан келишкен Нуруслан, Ильяс, Женя-Хамзат деген үч жигит алакачып кетишкендигин айтышты. Бойго жетелек кыздарды Таласка алып барышып, Нуруслан Гулизаны аялдыкка алып, ал эми Ильяс менен Азиза үйлөнмөкчү болушкан. Бирок, 25-январда алып кетишкен кыздарды 16-февраль күнү кайра Бишкекке жеткирип коюшуп, күйөө болчу жигиттер өздөрү из жашырып кетишкен. Кыздарынын аман-эсен келиши ата-энесин кубантканы менен алар дароо милицияга кабар беришип, алиги үч эргулдун үстүнөн кайрадан арыз жазышты. Тергөөчүлөрдүн суроосуна эки кыз төмөндөгүчө жооп беришти: "Биз ал жигиттерди мурда таанычу эмеспиз. Алар менен капысынан эле көчөдөн таанышып калган элек. Бизди конокко алып барабыз деп машинага салып кетишкен. Бишкектин ичине эле конокко барабыз го деп ойлогондуктан алардын айткандарына макул болгонбуз. Биз түшкөн машина шаардан чыкканда эч нерсени түшүнө албай, кайда баратабыз деп сурадык. Силерди алакачып баратабыз, эгерде чыр салып, отурбай кое турган болсоңор, экинчи Бишкекти көрөбүз деп ойлобогула деп коркутушту. Кыргыздын салты боюнча бизди келин келет деп үйүндөгүлөр күтүп атышат го деп ойлогон элек. Бирок, алар Таласка барганда бизди ээн үйгө камашып, каалагандарын жасап кордошту. Сыртыбыздан бекитип, камап коюшуп, өзүлөрү кечинде келишчү. Бизге тамак жасатып, кир жуудуруп, кечкисин кумар кандырышчу. Бир күнү биз жашап жаткан квартиранын ээси, апабыздай эле болгон аял капысынан келип калды. Ошондон пайдаланып, ага жалдырап, эптеп ушул жерден алып кетүүнү өтүндүк. Ал иштин чоо-жайын билди да, кыздарды Бишкекке аман-эсен жеткирбесеңер, милицияга кабар берем деди. Ошол күнү кечке маал бизди көчөгө алып чыгышып, Таластан такси жалдап, Бишкекке алып келишти. Бишкектин автобекетин көргөндө гана үйүбүздү көргөндөй сүйүндүк. Алар бизди таштап, кетип баратышканда милицияга кабар берсеңер соо калабыз дебегиле деп коркутушту. Анан үйүбүзгө эптеп жетип алдык". Жашы жетелек кыздарды кордогон Нуруслан, Ильяс, Женя-Хамзат азыр милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө. Алардын кайда жашаары, эмне иш менен алектенээри азырынча белгисиз. Назира КУЛМАТОВА Сандан санга: сериал Назгүл Калмамбетова Бейтаалай Күйөөсүнүн көңүлүн алуу үчүн Замира анын тияк-биягына чыгып, жагалданып, эркелетип, өзү да эркелеп атты. Бирок, аялынын кечээки кылыгына кыжыры келген Алмаз ага көңүл бурбай, сүйлөбөй койду. Аңгыча ары жакта ыйлап аткан баланын жанына келип: - Какылдабай, тигил жакта ыйлап аткан баланы карасаң боло. Жадагалса бала бакканды да билбейсиң. Көчө таптап, көңүл ачканды гана жакшы көрөсүң. Кечээки кызды карачы, баланы ыйлатпай кандай жакшы бакты... Таптакыр чоочун эле кыз, өзүнүн баласындай мээримин төгүп карайт. Сени оозуңду, көзүңдү боегондон башка эч нерсе кызыктырбайт. Эр сыйлаган аялдардын катарына кирбейсиң. Баланын баркын билбейсиң... - деп урушуп, жемелеп кирди. Анын сөзүн аягына чейин уккан Замира: - Жаным, эгерде жанагы кыз баланы жакшы караса, жардамчы кылып, акчаны жакшы төлөп жалдап албайлыбы. Сенин айтканың туура, мен бала бакканды билбейм. Ал мага үйрөтөт, - деди жалдырай. - Ал кыз биринчиден окуйт, сенин балаңды бакканга убактысы жок. Экинчиден, эгерде ал кыз баланы караганга макул болуп келип калса, сен ага таштап коюп көңүл ачып, артыңды карабай кетесиң да, бизге таптырбай. Мен анча-мынча убакытка эле жок болсом, түнү менен жоголдуң. Таң атканча сенин кимдер менен эмне кылып жүргөнүңдү каяктан билем! - Мен сенин, анан өз абийиримдин астында тазамын. Ошентсе да экинчи мындай иш кайталанбайт… Кечирип койчу… Суранам… Кечээки кыз сага жакса, ал мага да жаккан. Мен өзүм сүйлөшүп, бала бакканга жардам бер деп көндүрөм, сен макулсуңбу?..- деп Замира шыпылдай эрин макулдатууга аракет кылды. Алтынайды бала бакканга жалдаса, үйдөгү баардык маселелер тез эле чечилип калчудай туюлду. Бирок, бала бакканга жалданып келген Алтынайдын азабынан баркын баалабай жүргөн үйбүлөлүк бактысы бузулаарын кайдан билсин. l Алтынай сабакка анча көңүлү чаппай, эси-дартынын баары таштап кеткен баласында болуп атты. Канча убакыт өтсө да уулун унута албай, жүрөгү зыркырап, өңүнөн асып кетти. Бир күнү сабакта отурса Замира кол телефонуна чалып калды. Анын үнүн уккан Алтынай өзүнөн-өзү сүйүнө бир заматта сабактан суранып чыгып, сырттан сүйлөштү. Замира ага баласын бакканга жардам бербейсиңби деген сунушту айтты эле, ушуну эле күтүп жүргөнсүп, Алтынай эч ойлонбостон дароо макул болду. Сабактан чыгып жатаканасына келсе, бөлмөдө Гүлнара отурган экен. Ага Замиранын кичинекей баласын бакканга жардам бер деп суранганын айтып, сүйүнчүлөдү. - Замира жеңем мага да айткан. Бирок, мен сабактан жетише албайм деп макул болгон эмесмин. Сени сураганда да баарыбир көнбөйт деп койгом. Көрсө, жеңем сага өзү чалган турбайбы. А окууңду кантесиң? Эмнеге макул болуп койдуң, жеңем өзү баксын. Ансыз деле аны туугандар жаман көрүп атышат. Сага баланы бактырып коюп, өзү эмне кылат экен?- деп бир топ сөздөрдү айтып, Гүлнара Замираны бир сыйра жамандап өттү. Анан - өзүң бил, сабактан кыйналбайм десең бар. Бирок, ал жеңем сени сызга отургузуп кетпесе болду. Акчаңды да төлөбөй коюшу мүмкүн. Жакшылап ойлон, - деди. - Мен жакшылап ойлондум. Мейли, сабактан кыйналсам деле барып жардам берип турам. Эгерде таптакыр эле болбой баратса, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетем, - деген Алтынайдын сөзүн уккан Гүлнара ага таң калып, бир чети эч нерсени түшүнбөй туруп калды. Алтынай бир сыйра кийимдерин алып, Замиранын үйүн көздөй шаша жөнөдү. l Алмаз керээлди-кечке иштери менен жүрүп, үйдө Замира кичинекей баланы кантип багып атканына көңүл бөлалбай калды. Мурда бир маал үйүнө келип, эмне кылып атышат деп текшерип кетчү. Бир күнү түштө капысынан үйүнө келип, Замира кичинекей баланы сабап атканын көрүп, экөө дагы катуу урушуп кетишкен. Ошондо Замира Алтынайды бала бакканга жардам бер деп чакырталы, жүдөп атам деген кыязда ыйлактаган. Алтынайды бир көрүп эле Алмаз ичинен тымызын жактырып калгандыктан, мейли деп аялынын айтканына бул жолу макул болду. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|