![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №26, 11.04.08-ж. |
Меймансап Форум Кылмышка кылтак "Эсквайр" детектив агенттиги, депутаттын аялы жана шайкелең кыз Бул агенттиктин ачылып иштей баштаганына аз гана убакыт болду. Мыйзам боюнча детектив агенттигин милиция кызматында он беш жылдан кем эмес иштегендер гана ачууга тийиш экен. "Учурда биздин коллективде иштегендер -мурдагы милиционерлер. Буга чейин бир фирмада коопсуздук кызматында иштечүбүз. Өзүбүзчө детектив агенттигин ачуу тууралуу идеяны ойлодук" дейт "Эсквайр" детектив агенттигинин кызматкери Мелис уулу Медет. Азыр бул менчик детектив агенттиги каттоодон өтүп, иштеп аткан учуру. Агенттикке жардам сурап кайрылган адамдардын саны көбөйүүдө. Биз Медет мырза менен алардын кызматы, ачкан кызыктуу, жашыруун иштери боюнча аңгемелешип, окурмандарга сунуш кылабыз. - Медет мырза, агенттик кандай кызматтарды аткарат? - Бизге негизинен укук коргоо органдарына кабар бергилери келбей, коомчулукка билинүүдөн уялгандар иштерди жашыруун түрдө, эч ким билбесин деп ич ара келишим түзүп чара колдонгулары келген адамдар, жеке ишканалар жардам сурап келишет. Алардын аты-жөнү сыр боюнча сакталып калат. Клиенттердин секретин эч кимге билгизбейбиз жана ачып бербейбиз. А эгерде кылмыш иштери бар болсо, анда укук коргоо бөлүмдөрүнө жиберебиз. Бул жерде биз укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, бири-бирибизге жардам берип турабыз. Коллективде алты киши. Бирок жумуштун көлөмүнө жараша башка жерде иштеген адистерди да ишке тартууга укугубуз бар экендиги уставда жазылган. Соттук-медициналык экспертиза, ИИМдин кызматкерлери менен байланышып, зарылчылык болсо, бир-эки күндүк жардамга чакырабыз. - Клиенттер менен болгон келишим түрлөрү кандай? - Мисалы, өздөрүнүн кызматкерлерине ишенич кылбаган кичи ишканалардын жетекчилери кайрылган. Алардын арызы боюнча чоң суммадагы акчаларын алып, качып кеткендерди таап берүү керек эле. Бул маселеде эки сунуш турат: ууруну таап келүүбү же акчаны кайтарып берүүбү? Себеби, экөөнүн аткаруу кызматынын акысы эки бөлөк. Ошондо кээ бири качып кеткен адамды тапсаңар эле болду, акчаны өзүбүз өндүрүп алабыз дейт. Же тескерисинче, акчаны кайрып берсеңер гана болот дешет. - Аткарган ишиңерден факт келтирип кетпейсизби?... Чиновниктин ууру келини Жакында Кыргызстанга белгилүү, мамлекеттик кызматта иштеген бир чиновниктин үйүндөгү сейфтен ири суммадагы акча жоголуп кеткен. Сырттан эшик-терезелерди талкалап ууру кирбегендиктен, ал киши үйүндөгүлөрдөн эле шектенип, биздин агенттикке "акчаны ким уурдагандыгын билип бергиле" деп кайрылган. Үйүндө бала-бакырасынан башка эки балдызы, келини бар экен. Бала-бакырасынан баштап, келинине чейин тыңдап, билгизбей изилдедик. Алардын каякка барары, эмне иш кыларынан бери аңдыдык. Акыры баарынын жүрүм-туруму таза болуп чыгып, келинине келип токтолдук. Келининин көп акчаларды уучтап, шаардагы туугандарына жардам берип, көңүлдөшү менен ээрчишип жүргөнүн сүрөткө тартып бердик. Көрсө, келини сейфтин ачкычын көңүлдөшүнө уурдап берип, экөө акчаны алганын мойнуна алды. Ал киши милицияга кабар бергенден уялды окшойт, үйбүлөсү менен эле чечишип алды. Ойноок аял... Азыркы парламенттеги белгилүү бир депутат жаш аялына ишенбей, анын башка көңүлдөшү бар болуш керек деп шектенип, артынан карап бергиле деп бизге келген. Аялын сыртынан көргөзүп, бизге тааныштыргандан кийин, анын артынан жүрүп, күйөөсүнүн көзүн ачып бердик. Күйөөсү шектенгендей эле жаш аялы башка жигит менен анда-санда көңүл ачып жүргөнү анык болду. Бул ишти изилдөөдө жашыруун камера, фотоаппараттарды пайдаландык. ...Шайкелең кыз Сахнадан түшпөй, шоу-дүйнөсүнө аралашып жүргөн бир ырчы айым да кызынын дайынсыз жоголуп кеткенин айтып, акчасын жакшылап төлөп берейин, таап бергиле деп кайрылган. Кызы кичинесинен чоң апасынын колунда өсүптүр. Кичине бой жете баштаганда чоң апасы аны башкара албай калса керек. Анан айласы кетип, өзүнүн энесине бериптир. Биз ал кыз кимдер менен жүргөнүн, эмне иш кыларын, каякка көп барарын сураштырып билип, акыры аны да таап чыктык. Көрсө, ал кыз шаардын көпкөн балдарына кошулуп, алар менен жүргөн экен. Ал кызды таап, энесинин колуна аман-эсен тапшырып бердик. Кызы эркеби, же тарбиясы начарбы, айтор, шайкелең, жеңил ойлуу экен. Анын жанында улуу киши болуп турсак да, бизди "сен" деп, көз кысканга аракет жасады. "Жучок" Бизге бизнесмендер, мамлекеттик кызматта иштегендер кабинеттерибизди текшерип бергиле деп да көп кайрылышат. Алардын бизнеси көп болгону үчүнбү, бири-бирине "жучок" коюшуп, аңдыгандар да болот экен. Өткөндө бир бизнесмендин кабинетинен өзү шектенген "жучокту" таап чыгып бердик. "Жучокторду" текшере турган атайын аппараттар бар, ошонун негизинде табабыз. (Уландысы кийинки санда) Назгүл КАЛМАМБЕТОВА Кайрылуу менен кайрылып Кыргыздын көзү желкесинде же Асан "А" десе, Байбосунов "Б" дейт Гезитибиздин өткөн санында С.А.Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайында тарбиячы болуп эмгектенген Асан Турсункуловдон кайрылуу келип түшкөн. Ал кайрылууда аталган окуу жайдын директору мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап аткандыгы жазылган. Окуянын чоо-жайын териштирүү максатында көркөм-сүрөт окуу жайынын директору Табылды БАЙБОСУНОВго кайрылдык. - Окуу жайдын имаратына тиешелүү аймакка эки кабат үй салып алыптырсыз. Болбосо, ал жерге спорт аянтчасы жайгаштырылышы керек экен. Сиздин мындай иш-аракетиңиз мыйзам бузуу болуп эсептелбейби? - Кудайга шүгүр, өзүбүздүн спорт залыбыз бар. Башка окуу жайлардыкына салыштырмалуу акыбалы жакшы. КГУСТАнын студенттери жумасына эки жолу келип волейбол, баскетбол ойноп кетишет. Өзүбүздүн студенттер дагы спорттун түрү менен машыгышат. Сиз айткан эки кабат үйдүн жайы мындай. Мурда ал жер бош болчу. Көбүнчө селсаяктар байырлаган жайга айланган. 2002-жылы өнөркана ачуу үчүн мэрияга кайрылгам. Жалпы аянты төрт сотых, 49 жылга ижарага алдым. Алты жылдан бери ижара акысын төлөп келем. Убагында Гапар Айтиев сыяктуу залкар сүрөтчүлөргө өнөркана салынып, кийин музей болуп калган. Бул окуу жайда директор болуп эмгектенип атканыма 33 жыл болду. Менин карыганда ошол өнөрканадан жаш сүрөтчүлөргө, студенттерге сабак өтсөм деген максатым бар эле. - Окуу жайга тиешелүү жатакана боюнча кеп козгосок. Бизге жеткен маалыматка караганда, жатакананын көпчүлүк бөлүгү ижарага берилет экен. Бирок түшкөн акча каякка кеткенин билбейбиз дегендер да бар. Балким, сиз акчаларды сол чөнтөккө кымырып алып аткандырсыз? - Асандын мени каралоого болгон аракети деп баалайм. Бирөөгө жаман сөз айтардан мурда арты эмне болот деп ойлонушу керек да. Азыр минтип пайгамбар жашына жетип калган кишимин. Бир адамга жамандык кылып же бирөөдөн жаман сөз угайын деген ниетим жок. Жатакана 1970-жылы курулган. 1998-жылы президенттин указы менен КГУСТАнын курамына киргенбиз. Жатакананын бир бөлүгүн аталган окуу жай ижарага алган, келишимдик негизде. Ал келишим жыл сайын жаңыланып турат. Ай сайын 58 миң сом төлөшөт. Жатакананын ижарага алган бөлүгүн ремонттон өткөрүп алышты. Түшкөн акчаны "жеп" жибербейсизби деп атпайсызбы. Кандай гана мекеме болбосун бухгалтерия деген бар. Акча каражаттары бухгалтериянын көзөмөлүндө болору жалпыбызга маалым. Андыктан, түшкөн акчаны директор чөнтөгүнө салбайт, анткенге акысы да жок. Окуу жылынын башында студенттер жатаканага чыгуу үчүн арыз жазышат. Алардан арткан бөлмөлөрдү коммерциялык багытта колдонобуз. Ошол коммерциялык бөлмөлөрдөн түшкөн акчаны комендант чогултуп, бухгалтерияга өткөрүп берет. Анан кантип акчаларды өз чөнтөгүмө кымырып алмак элем? Ошол эле учурда Асан эки чоң бөлмөнү, агасы бир бөлмөнү ээлеп жатат. Ошону деле жашырбай, ачыгын айтса болмок. Канча жылдан бери бекер жашап атканына ыраазы болсун. - Жатакананы оңдоп-түзөө иштерине эмнеге көңүл бурбайсыз? - Өткөн жылы окуу жайыбызды жакшы ремонттон өткөрүп алдык. Буюрса, быйыл жатакананы оңдоп-түзөйлү деп атабыз. Кээде терезе сынып, же болбосо суу түтүктөрү иштебей калса оңдолот. Жуунуучу жайыбыз иштебей калган экен, 80 миң сомго жасаттык. - Жатаканада студенттер үчүн шарттар түзүлгөнбү? - Биринчи кезекте студенттерди ойлойбуз. Керектүү стол, стул, керебеттери бар. Салынып жатчу төшөк-шейшептери да бизден. - Айтмакчы, жатаканада сиздин иниңиз жашайт экен. Өткөн жылдын 21-декабрынан 22сине караган түнү студент кыздар менен урушуп, айрымдарына колу да тийиптир... - Сурооңузга түшүндүм. Жашоо-шартка байланыштуу жатаканада үйбүлөсү менен жашап атканы чын. Бирок, башкалардай эле ижара акысын төлөп турат. Жатаканада жашаган кыздар менен коммерциялык бөлмөлөрдүн жашоочуларынын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп кетиптир. Жаш немелер курчтук кылып, "нецензурный" сөздөр менен сөгүшкөн экен. Анан иним бирөөсүн жаакка чаап ийген окшойт. Мен муну билген эмесмин. Кийин кыздардын ата-энелери менен жолугуп, сүйлөшүү жолу менен иш бүткөн. Коммерциялык бөлмөнүн тургундары кыздардан кечирим сурап, чыр-чатакка чекит койгонбуз. - Былтыр март айында "Бишкек таймс" гезитине сиз жөнүндө сын макала жарыяланыптыр. Андан кийин УТРКнын "Мыйзам жана коом" берүүсүнөн жатаканадагы абал, сиздин эки кабат үйүңүз боюнча маалымат кеткен экен. Ошондон кийин Асан Турсункуловду неге куугунтуктай баштадыңыз? - Аны куугунтукка алган эмесмин. Антейин деген оюмда да жок. - "Даңк" медалы менен сыйланды, андай сыйга татыксыз деп атпайбы? - Өзү кызык... "Даңк" медалын жөн эле бере бербейт да. Өтөгөн эмгегиңе жараша бааланасың. 33 жылдан бери директорлук кызматты аркалап келем. Канчалаган кадрларды даярдап чыгардым. Көрүнгөнгө эле сыйлык бериле берсе, элдин баары тең "Даңк" медалын тагынып албайт беле... Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|