Коомдук-саясый гезит
№26, 11.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Чектеш-мейин бекши-меймиз
ЖоКенин эларалык иштер жана парламенттик кызматташуу комитети Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда мамлекеттик чектер тууралуу 2001-жылдын 15-октябрында Астанада кол коюлган Келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун эки талаш жерден башкасын жактырды. Талашканыбыз эле Карабуурадагы Көксай деген жер жана Ысыкатадагы Дружба айылынын тушунда казактар 800 метр кирип алган эки май куйгуч жайы жайгашкан бир бучкак экен.

Америка - жогол, Орусия - ообабы?
Кыргызстанда орус таасирин жүргүзүп жаткан Леонид Бондарец деген коопсуздук боюнча адис "Манас" аба майданындагы америкалык аскер базасынан Европага самолет менен тонналаган баңгизат ташыларын айтып чыкты. Ушунун өзү эле америкалыктарды бизден кууп чыкканга өбөлгө дейт, ал. Ал эми Орусиянын Канттагы аба базасын апакай дептир.

Салыкчыларга "салык" жок
Мамсалык комитетинин анабашы Темирбек Курманбеков президентке кирип, олчойгон отчет берип, быйыл былтыркыдан 17 миллиард сом ашык салык чогултабыз деген убада менен ажонун ажатын ачып койгондой. Ал ортодо өзүнө бут тоскондор тууралуу арызданып да алган экен. Ачууланган ажо мындан ары салыкчылардын ишине бир да жан кийлигишпесин деп буйрук кылды.

Кыкеңдин башын кыкең мүлжүйт
Мигранттардын "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун башчысы Абдыганы Шакировдун айтымында, Орусияга барган кыргыз мигранттарын ошол жерде орун-очок алып калган кыргыз ортомчулары алдап, сызга отургузуп кетишет экен. Мисалы, миграциялык документтерден баштап, кыргыз консулдугунун баш мөөрүнө чейин жасап алышкан алдаркөсөлөр жайнайт дейт Абдыганы мырза. Шумпайлар ал тургай Кыргызстандагы бардык райондордун ички иштер бөлүмдөрүнүн мөөрлөрүнөн өйдө жасап алышыптыр. Документтерин текшере келгенде калпы чыккан кыргыздар каныбыздан эле чыккан алдаркөсө-куйручуктарга алдатканы аз келгенсип, орус милициясынын азабын көрүшөт.

Же коррупция "кокосун" көрсөтсөчү?
Быйылкы үч айдын ичинде Коррупция менен күрөш мамагенттигине болгону 37 арыз түшүптүр. Анан да алкы бузуктар тууралуу 12 ирет тилипондон шыбырашса, анын экөө кыпкызыл тоголок. Тоюс, аты-жөнү жок кабар экен. Мамагенттегилер булардын баарын таап, аныктап койдук, бира-ак, кармаганга укугубуз жок деп кол жайышат. Атын атап, урушуп-тилдегенден башкага шайы келбеген андай мекеменин кереги барбы деги?

"Сахар" деген Кантың бар, ыстыканда турмук жок
Айрым таза кыргыз аталыштагы калк конуштарынын аталышын орусча коштоо тууралуу сунуштар парламентте чоң талашка айланды. Буга Чүйдөгү "Достук" айылчарба кооперативин "Дружба" деп орусча кошо атоо сунушу себеп болгон. Анда Кантты - сахар, ал эми Бишкекти - Мутовка дейбизби дегендер чыкты.




Крим-аалы
Кулакдар боло жүргүлө
Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында болжол менен 17.40та Бишкектин П.Лумумба көчөсүндө белгисиз машине айдаган айдоочу түндүк тарапка баратып, №22 үйдүн маңдайынан Динара Иманбаева аттуу аялды койдуруп кеткен. Ал алган жаратынан улам ооруканадан көз жумган. Бул окуяны көргөндөр болсо, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн ОГАИ кызматынын 408-кабинетине, тергөөчү К.Сапарбаевге кайрылышсын. Телефон: 53-01-84 же күзөт бөлүмүнүкү: 53-01-96; 53-01-81.

Билсеңер, чалып койгула
7-апрелде саат 22лерде Бишкектин Баку көчөсү менен белгисиз машине айдаган айдоочу түштүк багытта баратып, №243 үйдүн маңдайынан азиат улутундагы адамды койдуруп, качып кеткен. Андан кийин "Опель-Вектра" (мамномери В 4386 Q) автомашинасынын айдоочусу К.Молдобаев, "Мерседес-Бенц" (мамномери В 8423 L) автомашинасынын айдоочусу М.Үркүнчиев, "БМВ-520" (мамномери S 0238 L) автомашинанын айдоочусу Ч.Борубаев тиги машине уруп кеткен адамды тебелетип кетишкен. Натыйжада ал бечара жан берген. Буга күбөлөр болсо, Бишкек ИИМ бөлүмүнүн ОГАИ кызматынын 408-кабинетине, тергөөчү К.Сапарбаевге кайрылышсын же 53-01-84; 53-01-96; 53-01-81 телефондоруна чалышсын.

Кан узатпайт
9-апрелде Түп районунун "Тасма-Бел" кыштоосунда жашаган Д.Абдрахманова аттуу келин көкүрөккө бычак жеп көз жумду. Түп РИИБ изилдей келгенде аны Х.Аппаев деген сайганы анык болду. Экөө уруша кетип, уруштун аягы минтип өлүм менен аяктады. Тергөө башталды.

Зөөкүр аял
8-апрелде Жалалабаттын Манас көчөсүндө жашаган 62 жаштагы И.Акаева аттуу аялдын өлүгү табылган. Адегенде сыртынан эчнерсе билинген эмес, бирок тергөөчүлөр изилдей келгенде анын өлүмүнө сынган кабыргалар, кандын көп кетиши жана башка жараттар себеп болгон. Буга күнөөлүү деп ошол эле көчөдө жашаган С.Белая кармалды.

Эт жегиси келген эргул
31-мартта Кочкор районунун Каратоо айылынын жашоочусу М.Абдрахманованын сарайынан эки уй уурдалган. Кочкорлук изкубарлар уйлардын изине бат эле түшүп, ошол айылда жашаган Э.Медербековду таап чыгышты. Медербеков эми кантип эт жегиси келгенин тергөөчүлөргө айтып берүүдө.




  Көңүл бургула:
"Түз байланышта" -

Саламаттыкты сактоо министри МАМБЕТОВ Марат Авалович.
Өлкө медицинасы кайсы чекте, кайсы нукта? Эл эмнеге бул тармакка өзгөчө нааразы? Канткенде медицина жаатында коррупция тыйылат? Бейтаптарга мамиле тийиштүү деңгээлдеби? Медициналык мекемелердеги кейиштүү абал, дарыгерлер маянасы, күндөн-күнгө күч алган дарттын түрү… Айтор, түгөнбөгөн суроолорду министр Мамбетов Марат мырзанын өзүнө түз жолдоңуз.
Окурман, балким, медициналык кызматкерлердин айынан жабыр тартып, айтар арыз-муңга толуп жүрсөңүз, же жөн гана бул тармактын өнүгүшүнө кайдыгер болбосоңуз, мүмкүн, сиз ушул тармакта иштеп, көйгөйлөрүн жеринен билип, бирок, үнүңүз министрге жетпей жүрсө, бул мүмкүнчүлүктү көздөн жаздым калтырбаңыз. 18-апрель, жума күнү, саат 10.00дөн 12.00гө чейин 665582 номуру боюнча арбир сурооңузду министр Марат мырза өзү тыңдап, өзү жооп кылат. Эгер алдын-ала суроо таштагыңыз келсе, электрондук дарек: aika01@mail.ru , факс: 665582.

И- тагдаалы
"Айтыш" адеп баштайт
"Айтыш" фонду бир топтон бери "Адеп мектептен башталат" долбоорун жогорку окуу жайлар арасында өткөрүп келет. Бүгүн борбордогу №1 гимназияда бул долбоор боюнча "Калемгер" клубунун мүчөлөрү балдарга ыр окуп, мультфильм көрсөтүшүп, төкмө акындар айтышат.
Айтмакчы, "Айтыш" таптаган төкмө акын Амантай Кутманалиев Алматыда "Терме ырлар" конкурсуна катышып, өпкөсүн колтуктаган далай казактарды артка таштап, биринчи орунду алып кайтты.

Атбашылыктар эми таанышат
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевди атбашылыктардан башкалардын бардыгы жакшы тааныйт, чыгармаларын китеп кылып чыгарып беришет, сыйлык ыйгарышат. Жердештери атактуу акынга, айтылуу журналистке эми көңүл бурушуп, "Атбашынын ардактуу атуулу" наамын берели деп жатышат. Бул иш бүгүн Атбашы райондук кеңешинде каралмакчы. Наамдын артында дагы эмне бар экенин акын алгандан кийин кабарлайбыз.

Чегарада атылган ок
Кыргыз-өзбек чегарасында курал колдонулган эки окуя болуп өттү. 9-апрелде "Карасуу" заставасынын "Акташ" пунктунда кыргыз чегарачысы биздин аймакты видеого тартып жаткан адамды байкап, кармап алат. Ошо тушта өзбек тараптан ага ок атылып, машиненин терезеси сынат. Ушу учурда кармалган адам качып кетет.
Ушул эле күнү Жалалабат чегара отрядынын Момбеков заставасынын жанындагы Чек айылында камуфляж формачан өзбектер тобу "Деу-Тико" автомашинасын кармап алышат. Кыргыз застава начальниги келип, бул жерден эч кимди таппай кеткен.

Качан ойгонобуз?
Кечээ кыргыз жерлерин башка өлкөлөргө берүүгө каршы "Атамекен" партиясынын жаштар канаты жетектеген акция башталды. Жаштар лидери Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, акция тынч мүнөздө, мөөнөтсүз болот.
Түштөн кийин акция катышуучуларын Биринчимай райондук милийсалар кармап кетишти. Баш көтөргөн жаштарды милийсага кармата салып берип, тура бересиңби, кыргыз?!

Олжолуу кел, Рыспек
Кулатуу федерациясынын президенти Темир Турусбековдун айтымында, өлкөнүн кулатуу боюнча көп жолку чемпиону Рыспек Төрөгелдиев чыгыш күрөшүнүн түрлөрү боюнча дүйнөлүк оюндарга катышат. Бул оюн 12-апрелде Бангкокто башталат. Рыспек Таиландда кыргыздар иштеп чыккан, байыркы традициясы бар жаңы методдорду көрсөтөт.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan